Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Текебаев: "Ата Мекен" оппозициялык милдетти натыйжалуу аткарат


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, "Ата Мекенсиз" түзүлө турган жаңы коалицияга кайсы фракциялар кирери азырынча белгисиз. Ошол эле маалда Текебаев парламентте оппозициялык блок түзүү боюнча “Өнүгүү-Прогресс” менен сүйлөшүүлөр болушу мүмкүндүгүн айтты:

- Фракция оппозицияда өз милдетин натыйжалуу аткара берет. Ар кандай варианттар болушу мүмкүн деп эсептейбиз.

Коомчулукта парламентте коалицияга кошулбайт деген фракциялар оппозициялык чоң күчкө айланышы ыктымал экендиги айтылууда. Кечээ президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция түзүү милдетин Социал-демократтар фракциясына тапшырды. Эреже боюнча 17-ноябрга чейин коалиция түзүлүп, андан кийин премьер-министрлик кызматка талапкер көрсөтүлшү керек. 24-октябрда “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары менен пикир келишпестиктерден улам КСДП фракциясы коалициядан чыгып, башкаруучу биримдик ыдыраган. Эми анын курамына КСДП, “Республика - Ата Журт”, “Кыргызстан” фракциялары кирери болжолдонууда. (NT)

XS
SM
MD
LG