Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:32

Өзбекстанда Маданият министрлигинин 30 кызматкерин эл алдында уяткарышты


Өзбекстандын Маданият жана спорт иштери боюнча министрлигинин 22-октябрдагы жыйынында мекеменин 30 кызматкери эл көзүнчө тил укту. Аларды «башкаруунун эски ыкмаларынан баш тарта албагандыгы» үчүн жыйынга катышкан 500гө чукул адамдын алдында уяткарышты.

- Аларды министр жемеледи. 30 адам баштарын жерге салып турушту. Абдан аянычтуу көрүнүш болду. Алар эс алуу үчүн 894 орундун ордуна болгону 189ду түзгөн деп айыпталышты, - деди аталган мекеменин кызматкери.

Жыйындын башка катышуучусунун айтышынча, министрликтин өкүлдөрү премьер-министрдин электрондук кабылдамасына келген даттануулар жана Эсептөө палатасы аныктаган кемчиликтер үчүн жазаланышкан.

Министрдин маданият маселелери боюнча орун басары Фотих Жалолов 30 кызматкерге «башкаруунун эски ыкмаларынан баш тарта албагандыгы» үчүн жазалоо чарасы колдонулганын билдирди.

XS
SM
MD
LG