Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Бишкекте Түркмөнстандын Дашогуз шаары даңазаланат


Форум катышуучулары.
Форум катышуучулары.

Бишкектеги эл аралык жыйында быйыл Түркмөнстандын “Маданий борбор” макамына ээ болгон Дашогуз шаарынын бетачары өтөт. Бүгүн башталган Хl КМШ мамлекеттеринин чыгармачылык жана илимий интеллигенция форумунун катышуучуларына калаа тууралуу маалыматтар берилет.

Мамлекеттик резиденцияда өтүп жаткан иш-чарага Кыргызстан, Армения, Азербайжан, Беларус, Казакстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Орусиядан 200дөн ашуун өкүлдөр келишти.

Форумдун темасы "Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине 25 жыл. Гуманитардык кызматташуунун өнүгүүлөрү" деп аталат. Делегаттар КМШда 2016-жылы жарыяланган “Үй-бүлө жылына” биргелешкен даярдыктарды талкууга алышат. Ошондой эле "Дебюттардын шериктештиги" Эл аралык жаштар сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанаты өтөт.

Аягында форум эстафетасы Азербайжандын Гиянжа шаарына берилет. Мындай иш-чара 2006-жылдан бери ар кайсы мамлекеттерде кезеги менен уюштурулууда. Бишкектеги жыйын 27-28-октябрга белгиленген. (SE\ZA)

XS
SM
MD
LG