Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Табып Ашым Зайналиевдин үстүнөн дагы арыз түштү


Ашым Зайналиев
Ашым Зайналиев

Бишкектин Көк-Жар жаңы конушунда уруксатсыз жеке клиника иштетип жаткан табып Ашым Зайналиевдин үстүнөн Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук кабылдамасына дагы бир жаран арыз менен кайрылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Коомдук кабылдаманын жетекчиси Фатима Турусбекова билдирди. Буга чейин Зайналиевге укук коргоо органдары Кылмыш кодексинин 122-беренеси (мыйзамсыз дарылоо) боюнча кылмыш иш ачкан эле.

Маалымат каражаттарында өтүшүп кеткен көкүрөк рагы менен ооруган 56 жаштагы аял менчик медициналык борбордо көз жумгандан кийин анын кызы дарылоо жүргүзгөн адамды айыптап чыккан.

Зайналиев бейтаптарды дарылоого лицензиясы жана медициналык билими жоктугун мойнуна алган. (SE\BCh)

XS
SM
MD
LG