Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:25

АКШда бир катар журналисттер Ак үйгө киргизилген жок


АКШда бир нече ири маалымат каражаттарынын журналисттери Ак үй тараптан уюштурулган бейрасмий маалымат жыйынга киргизилген жок. Президенттик администрация баш тарткан журналисттердин арасында CNN телеканалы, The New York Times, Los Angeles Times, Politico, BuzzFeed жана The Daily Mail гезитинин кабарчылары бар.

CNN кабарлагандай маалымат жыйынга консервативдүү көз караштагы Breitbart News, The Washington Times жана One America News Network басылмаларынын журналисттерине гана кирүүгө уруксат берилген. Ал эми Associated Press жана The Time журналынын кабарчылары тилектештик ниетинде маалымат жыйынга кирүүдөн баш тартышты.

Азырынча АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы бул боюнча комментарий бере элек.

Өткөн жумада Трамп бир катар телеканал жана гезиттерди жалган маалымат таратып жатат деп айыптап, аларды АКШнын душмандары деп атаган. Жума күнкү маалымат жыйында ал таза журналистиканы колдой турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG