Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:37

Коопсуздук кеңеш катчысы өлүм жазасын колдонуу сунушун ачыкка чыгарганча Кыргызстан коммунисттери аны мыйзамдаштыруу аракетине өтүшкөн.

Кыргызстанда өлүм жазасы алынып салынышы өлкөнүн өз алдынча өнүгүү жолуна кедерги болорун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Мурат Суталинов 23-сентябрдагы коопсуздук кеңеш катчылыгынын кезектеги жыйынында билдирген.

- Менимче, биз Батышты, Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмун, башкаларды карап отурбашыбыз керек. Бул өлкөдө өзүбүз жашайбыз.

М.Суталинов козгоп жаткан маселени А.Мадумаров буга чейин жашырбай эле айтып келатканын билдирип, коом бүгүн болбосо эртең өлүм жазасын колдонууну туура деп эсептээрин эскерте кетти.

Коопсуздук кеңеш катчылыгында козголгон демилге быйыл жаздан бери эле парламенттеги Кыргызстан коммунисттери фракциясы тарабынан колго алынып, мыйзамдаштыруу аракети жасала баштаган. Фракция мүчөсү, депутат Анаш Сейитказиевдин маалымдашынча, Кылмыш-жаза кодексине өлүм жазасын киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору ушу тапта даярдалууда.

- Өлүм жазасына Кыргызстанда тыюу салууну жокко чыгарыш үчүн эки мыйзамга жана Конституцияга өзгөртүү киргизишибиз керек экен.

Анаш Сейитказиев президент К.Бакиевдин 1-сентябрда парламентке келип, Конституцияга өзгөртүүлөр киргизүү зарылдыгын билдиргенден бери коммунисттер демилгеси кыйла жандана баштагандыгын маалымдады. Анткен менен, коммунисттер парламенттеги көпчүлүк кесиптештери кезектеги демилгени колдоп ийишерине да ишеним арта албай турушат.

Коопсуздук кеңеш катчылыгы тарабынан көтөрүлгөн маселе ириде Кыргызстандын эларалык кадыр-баркын кетиргенден башкага жарабастыгын парламенттеги “Акжол” фракциясынын өкүлү Гүлнара Дербишева билдирди. Анын айтуусунда, өлүм жазасын орнотуу кылмыштуулуктун азайышына алып келбейт.

- Мен өлүм жазасын кайтарып алып келгенге таптакыр каршымын. Анан да көпчүлүктүн алдында өлүм жазасын аткаруу дегеле жарабаган жосун. Дагы айтайын, өлүм жазасын алып келүү менен кылмыштуулук азайбайт.

Кыргызстан ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматовдун ырасташынча, шарияттын эреже-талаптарын сактаган өлкөлөрдө кокустуктан бирөөлөрдүн канына забын болгон адам анын кунун төлөп кутулат. Ал эми атайылап кастык менен кишинин өмүрүн кыйганга шарият боюнча өлүм жазасы чегерилет.

- Курани Каримда “Ва лакүл фил хасаат, хайатуу йа улил ал-бааб” деген аят бар. Эң кыска, терең маанилү аят. “Силерге өч алууда жашоо бар, эй, акыл ээлери!” дейт. “Өч алууда жашоо бар”, дегендин мааниси эмне? Эгер мен бирөөнү өлтүрсөм өзүм да өлүшүмдү билсем, баарыбызга жашоо болот да. Шарияттын көрсөтмөсү ошол. Анын көрсөтмөсү, жол-жобосу турганда менин жеке пикирим эч деле роль ойнобойт.

Эмнеликтен 2007-жылы кабыл алынган Конституцияга башкаруу реформасына байланышкан өзгөрүүлөр киргизилчү чакта өлүм жазасын колдонуу сунушу чыгып калышын “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова алдын-ала ойлонулган иш катары сыпаттайт.

- Диний фанатизмди шылтоолоп, же болбосо террорчулукту шылтоолоп өлүм жазасын кайтарып алуу деген бул Кыргызстан үчүн шермендечилик деген нерсе болот.

Коопсуздук кеңеш катчылыгында өлүм жазасын киргизүү маселесинин укуктук жагын аңдаштыруу, азырынча оозеки чечим кабыл алуу сунушу айтылган. Демилгени такай айтып келаткан Коопсуздук кеңеш катчысы А.Мадумаров өлүм жазасынын ордуна айыпкерди өлөр-өлгүчө түрмөдө багууга мамлекеттин кыйла каражаты жумшалат деп эсептейт. Бирок бул айтылган сөз анын жеке пикири экенин ошол эле күнү Коопсуздук кеңешинин аппараты билдирүү таратты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG