Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:20

Өтүп бараткан аптада Кыргызстан дүйнөнүн башка мамлекеттеринин катарында Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 60 жылдыгын белгиледи. Бул күнгө Кыргызстан эмне менен келди?

Кыргыз бийлиги адам укуктарын бекем сактоону өлкөнүн артыкчылыктуу багыты деп санарын, ага жараша эл аралык милдеттенмелерди так аткаруудан тайбай тургандыгын байма-бай айтып келатат. Бул тууралуу 10-декабрь Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 60 жылдыгына карата уюштурулган Бишкек жыйында мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу, өкмөт башчы Игорь Чудинов да белгилешти:

- Кыргызстандын негизги мыйзамында ар бир адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери кепилденген. Бул кыргыз эли тандап алган жол мамлекеттүүлүктү сактаганга, мамлекеттик жеке институттарды түзүүгө жана бекемдөөгө, демократия негиздерин түптөөгө, адам укуктарынын жана жарандык эркиндиктердин бийик баалуулуктарын сактаганга мүмкүнчүлүк берет. Адам укуктарын сактоо мамлекеттин артыкчылыктуу милдети болот, - деди жыйында сүйлөгөн сөзүндө мамлекеттик катчы.

Өкмөт башчы Игорь Чудиновдун айтымында Кыргызстан бардык учурда эл аралык нормалардын эрежелерин аткарууга умтулат. Маселен, жаңы кабыл алынган Конституцияда өлүм жазасы алынып салынды. Адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо милдетин алган акыйкатчы институту 2002-жылдан бери иштеп жатат. Быйыл эле “Мин жылдыктын чакырыктары” эл аралык долбооруна кошулду, августта президенттин жардыгы менен жаза өтөп жаткан аялдарга жана өспүрүмдөргө мунапыс жарыяланып, анын негизинде 380 киши эркиндикке чыгууга мүмкүндүк алды. Быйыл президенттин менчикке укукту бекемдөө, Коомдук Ордо Кеңешти түзүү жөнүндөгү чыгарган жардыктарын өкмөт башчы адам укуктарын сактоого багытталган кадамдар катары баалады:

- Өлкөдө демократиянын жана жарандык коомдун негизги институттары түзүлгөн. Көз карандысыз маалымат каражаттарынын иштешине саясий, экономикалык, укуктук шарттар түзүлгөн.

Премьер-министр Чудиновдун ишендиргенине караганда азыркы бийлик коомчулук менен бирге Кыргызстанды мактанчылык үчүн эмес, иш жүзүндө укуктук мамлекетке айландыруунун аргасын издеп, ошого умтулуп жатат.

Анткен менен жарандык коомдор менен укук коргоочуларды Кыргызстанда эл аралык эрежелер толук иштеп жатат деген баа ынандырган жери жок. Акыркы жылдары тескерисинче Кыргызстан “демократия аралчасы” деген атка татыксыз болуп баратат. Биринчи кезекте эле Кыргызстанда Адам укуктарынын жалпы декларациясынын сөз, ой, мамлекетттик башкарууга катышуу өңдүү эркиндиктерди кепилдеген 20, 21-беренелер иштебей калды деген дооматтар коюлууда.

Укук коргоочулардын баамында 2006-жылкы парламенттик, быйылкы жергиликтүү кеңештерге шайлоо жараяндары өңчөй бийликтин каалоосуна ылайыкталып, Борбордук шайлоо комиссиясынын, байкоочулар чөйрөсүнүн эркиндиги камсыздалган жок. Мындай нааразылыктарын билдиргендер өз ойлорун эркин көчөгө чыгып айтууга тыюу салынып калды дешет. Маселен, парламенттик шайлоодон кийин чыккан “Мен ишенбейм!” акциясынын белгилүү укук коргоочу Төлөкан Исмаилова баштаган катышуучулары кармалып, администрациялык жазага тартылышты. Тартип коргоо кызматтары менен соттор мындай чечимдерди шаар бийлигинин токтомуна таянып чыгарып, кийинчерээк бул токтомго үндөш “Жарандардын куралсыз, тынч жыйындарга чогулуу эркиндиктери жөнүндөгү” мыйзамды Жогорку Кеңеш кабыл алып, президент кол койду.

Бул маселени Декларациянын 60 жылдыгына арналган жыйында “Кылым шамы” укук борборунуну башчысы Азиза Абдырасулова да козгоду:

- Парламент тарабынан кабыл алынып, президент кол койгондон кийин Кыргызстандагы абал Борбор Азия боюнча эң артта калды. Мына Өзбекстанда 10-15 адам бир саат, бир жарым саатка пикетке чыгууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Кыргызстанда ар апта сайын Максим Кулешов чыгат, аны да кармап кетип, салынган айыппулу 30 миң сомго жетип калды. Бул дагы - Кыргызстандагы адам укуктарынын эң артка кеткендиги. Кыргызстан бүгүн эркин жыйындар боюнча дүйнөгө шерменде болдук. Акаевдин убагында мындай болгон эмес. Азыр бийликке келгендердин ар бири миндеген кишилерди ээрчитип чыга алышчу. Эч ким эч нерсе дечу эмес.

Азиза Абдырасуованын белгилегенине караганда, азыр Кыргызстанда ой, сөз эркиндигин чектөөлөр жарандарды башка өлкөлөргө баш калка сурап кетүүгө аргасыз кылып жатат:

- Жалын Маматказиев, Эдил Байсалов, Улукбек Осмонов сыяктуу адамдарыбыздын орду жетишпейт бизде. Андай жүздөгөн адамдар четте качып жүрүшөт. Баарынын артында кылмыш жоопкечилиги турат. Ушуларды кайра карап чыгыш керек. Мекендештерибиз келсин, алар кылмышкерлер эмес.

Укук коргоочулардын эсебинде эки жылдын ичинде куугунтукка кабылып чет өлкөлөргө 10 жаран чыгып кеткен. Алардын көпчүлүгү - журналисттер. Сөз эркиндигине чектөөлөрдүн кесепети ушуга алып барып жаткандыгын белгилеген журналист Бакыт Орунбеков, эгер, бийлик адам укуктарына мамилесин өзгөртпөсө өз мекенинен качууга аргасыз болгондордун саны мындан да көбөйүп кетиши толук ыктымал:

- Кыргызстандагы саясий система, жүргүзүлүп жаткан саясат ошого түртүп атат. Мына гезиттердин жабылышы, журналисттердин соттолушу, ур-токмокко алынышы башка журналисттерди чочулатып, ачык-айкын жазуудан кооптондуруп атат. Эгер мындай саясат жүргүзүлө берсе Кыргызстандан качып кеткен же башпаанек сураган атуулдар, журналисттер көбөйүшү мүмкүн.

Быйыл Кыргызстанда көз карандысыз “Де-факто”, “Алиби” гезиттерине каршы кылмыш иштери козголуп, жабылып калды. Коомчулукту акыркы мезгилдери эл аралык “Азаттык” жана “Би-Би-Си” радиоберүүлөрүнүн УТРКнын толкундарынан чыкпай калышы айрыкча тынчсыздандырууда. Бул көрүнүш коомчулукта ар түрдүү жоромолдонуп, оппозициялык күчтөр жергиликтүү коз карандысыз маалымат каражаттарынын үшүн алып бүтүп, эми эл аралык маалымат каражаттарына чабуул башталды деп болжоп жатышат.

Ошол эле мезгилде Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун муну мамлекеттик саясат деп эсептебейт. Акыйкатчынын ишениминде элге терең сиңип кеткен бул эки маалымат каражаттарынын токтотулуп жатышы “бөрк ал десе баш алгандарга” көз каранды:

- Мына бүгүнкү айтылган сындар боюнча мен дагы кирип, болуп аткан иштер, адам укугу тебеленип аткан фактылар боюнча Президентке айтабыз. Мелис Асаналиевич (Эшимканов, ТРКнын директору – авт.) дагы тиешелүү чечимин чыгарат. “Азаттык” менен “Би-Би-Си” бизде иштеш керек.

Укук коргоочулар Кыргызстандын расмий бийлигин ошондой эле кыйноолорго каршы күрөшкө маани бербей жатат деп сындап жатышат:

- Азыр эми милициянын ичинде деле өлүп атат, убактылуу кармоочу жайларда деле өлүп атат адамдар, анын бардыгы мамлекеттик орган кызматкерлеринин күч колдонуусунан болуп атат. Бул боюнча жоопко тартылган адам жок, - дейт Аксы окуясында жапаа чеккендердин адвокаты Сарбай Жайчибеков.

Адвокат Аксы окуясына баа берилбей келаткандыгын бийликтин адам укуктарына көз жуумп коюп жаткандыгынын айкын далили катары карайт.

Акыйкатчы институту тараткан акыркы маалымат боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комитети 2002-жылдын 18-мартында Аксы районунун борбору Кербенде милициянын огунан мерт болгон Элдияр Үмөталиевдин өлүмү үчүн Кыргыз өкмөтүн айыптады. Мындай арыз менен БУУ комитетине маркумдун ата-энеси кайрылышкан. Комитет бул факт боюнча Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктар боюнча Эл аралык мыйзам нааменин 6-беренесин бузду деген бүтүм чыгарган. Адвокат Сартбай Жайчибековдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда 2002-жылдын 17-18-мартында милициянын огунан өлгөндө жана жапа чеккендер боюнча БУУнун адам укуктары боюнча комитетине дагы 16 арыз жиберилди.

Укук коргоочу Азиза Абдырасулова буга чейин дагы БУУ 2005-жылы Өзбекстанга төрт качкынды өткөрүп берип, Кыргызстан эл аралык мыйзамды бузду деген күнөө таккан дейт. Укук коргоочунун баамында Кыргызстан Адам укуктары боюнча келишимдерге кол койгондон кийин БУУ баштаган эл аралык уюмдардын дооматтарын угуп, аны оңдоого милдеттүү. Эл аралык нормаларга баш ийбеген шартта БУУ өз тарабынан чара колдонуу укугуна ээ дейт Азиза Абдырасулова:

- БУУ демократиялык жолдо бараткан өлкөлөргө кайрылуу аркылуу экономикалык санкцияларды колдонгонго укугу бар, эгер аткарбай таптакыр эле туруп алышса. БУУ айтып коюп эле унчукпай кала берет деген ойдон алысмын. БУУ кандайдыр бир механизмдерин, санкцияларын пайдаланат.

Укук коргоочулар Кыргызстанда кооптондурган жагдайлардын бири катары диний кырдаалды аташууда. Нарындагы мусулман айылында башка диндеги адамдын сөөгүн жашыруу боюнча чыккан чатак, Ноокатта Орозо айтта болгон башаламандык өңдүү көрүнүштөрдү күчөтпөш үчүн бийлик күч колдонбой, ырааттуу саясат жүргүзүшү керек экендигин укук коргоочулар бийликке эскертип жатышат.

Ошол эле мезгилде Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун Кыргызстанда демократия солгундады деген көз карашыт колдобойт:

- Кыргызстан – демократиялык жолдо баратат. Бизди кошунага салыштырбайлы. “Кыргызстан - демократиянын аралчасы” деген атыбыздан кете элекпиз, - деп билдирген акыйкатчы буга мисал катары оппозициянын аракеттерин, көз караштардын ар түрдүүлүгүн келтирди.

Ошол эле мезгилде Кыргызстанда бир нече топко биригип, саясий ишмердүүлүк менен алектенип аткан оппозициялык күчтөр азыркы мамлекеттик жетекчилерди адам укуктарын сактоонун ордуна өз бийлигин бекемдөөгө артыкчылык берип, тоталитардык жолду тандап алды деп сындашууда.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG