Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:46

Шыкмаматов УКМКда сурак берүүдө


Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

Бул тууралуу парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев "Азаттык" радиосуна билдирди.

Башкы прокуратура "атамекенчи" депутат Алмамбет Шыкмаматовго 2011-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда кызматтык автоунаа сатып алуу үчүн "жасалма тендер өткөрүүгө аралашкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген негизде 17-февралда кылмыш ишин козгогон. Ишти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тергеп жатат.

Шыкмаматов 22-февралга суракка чакырылып, бирок адвокаты бош эместигине байланыштуу бүгүнкүгө которулган.

Анын суракка чакырылышына байланыштуу жарандык активисттер бүгүн саат 13.00дө УКМК алдына митингге чыгышмакчы. Анда мамлекеттик маалымат каржаттары аркылуу оппозицияны бир беткей каралоону, саясий оппоненттерди куугунтуктоону жана сөз эркиндигин кысууну токтотуу талабы коюлат. "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары УКМК сурактан кийин Шыкмаматовду камап коюшу ыктымал деп кооптонууда. (NT)

XS
SM
MD
LG