Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:17

Наар таттырбас нааразылык токтолот - токтолбойт


 “Абийир туткундары” гильдиясынын башчысы Топчубек Тургуналиев
“Абийир туткундары” гильдиясынын башчысы Топчубек Тургуналиев

Кыргызстанда саясий куугунтуктоолорду токтотууну талап кылып ачкалык жарыялагандар 10-февралдан тарта нааразылык иш-чараларын убактылуу токтотууну чечишти. Мындай аракетти алар И.Исаковдун аппеляциялык арызын кароочу аскер сотуна саясий кысым көрсөтпөөгө байланыштырууда.

Энелер эмнеге нааразы?

Өткөн жылы Балыкчы окуяларына тиешеси бар делинген 18 адамга жаза чектелсе, быйыл 11-январда мурунку Коргоо министри Исамил Исаков Бишкек гарнизондук аскер соту тарабынан 8 жылга эркинен ажыратылды. Антип азыркы бийликтин атаандаштарына карата катуу кол саясатына нааразы болгондор 13-январдан тарта саясий ачкалык жарыялашып, алардын катары Алайда 20, Бишкектин өзүндө эле 80 адамга жеткенин “Абийир туткундары” гильдиясынын башчысы Топчубек Тургуналиев маалымдады. Бийликке карата нааразылыктын аргасыз амалы – саясий ачкалык жарыялагандардын катарында И.Исаковдун 85 жаштагы энеси Анипа Маматисаева апа да олтурат.

Бишкекте саясий ачкалык жарыялагандар арасындагы Петровкадагы жаңжалга тиешеси бар делинип айыпталынып жаткан Сапар Аргымбаевдин апасы Уулболсун эне сот бир жактуу өтүп жатканына нааразы экенин жашырган жок.

- Балама айтарым, кабыргаңы кайыштырба, балам!
Балама айтарым, кабыргаңы кайыштырба, балам!
Жүрөгүңдү сайыштырба! Бул коогалаңдан да алтын башың аман болсо чыгарсың! Эли-жериң жакшы ниет менен сага тилектеш болуп отурушат.

Исмаил Исаковдун бир тууган карындашы Элмира Исакова саясий куугунтукка кабылгандардын артында эли турганын эскертип, адилеттиктин жоктугуна нааразы болгон ак жоолукчандар деле укугун коргоп чыгууга даяр экенин ырастады.

- Эгерде саясий куугунтукта жүргөн агаларыбызды эртерээк боштондукка чыгарышпаса, эркиндикке - биздин маңдайыбызга алып чыкпаса, биз бардык жолго барабыз! Мен дайыма айтып келатам. Ушул сөзүмдөн эч качан танган жокмун!

Кендирди кескен жокчулук

И. Исаковго боштондук талап кылып Алай районунда дагы бир топ адам ачкачылык акциясында отурат
Саясий ачкалык жарыялагандардын дагы бири Нурбүбү Кененбаева көпчүлүк арасында Балыкчы менен Бишкек гарнизондук аскер сотунун өкүмдөрү нааразылык жаратканын белгилеп, ансыз да чындык чыркырап күйүп жатса, калп каткырып жатканын айтты.

- Баягы эле айылдагы жокчулук. Биз бул жакта ачкачылык жарыяласак, айылдагылар ачкачылык жарыялабай эле өздөрү ачка отурушат. Ал жерге мындай аракеттин деле кереги жок. Өздөрү ачка олтурушат.


Биз бул жакта ачкачылык жарыяласак, айылдагылар ачкачылык жарыялабай эле өздөрү ачка отурушат.
10-февраль күнү Бишкек аскердик сотунун имаратынын алдында, Алайдын Гүлчө менен Сопу-Коргон айылдарында эл катышкан жыйындар өтөрүн И.Исаковду коргоо коомдук комитетинин Бишкектеги тескөөчүсү Рысбек Камилов ырастады. Бириккен элдик кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров 2005-жылкы төңкөрүш учурунда генерал И.Исаков менен бирге жүргөн коомдук-саясий ишмерлердин бирт тобу Конституциянын гаранты катары президент К.Бакиев менен жолугушарын маалымдады.

Парламент депутаты, “Акжол” фракциясынын мүчөсү Ажыбай Калмаматов 10-февралда өтүүчү аскер сот чечимин сабыр кылып күтүш керек деген пикирде.

- Эми жердештеримин жөндөн-жөн көчөгө чыгып алып куру кыйкырыгы менен эч нерсе чечилбейт. Андан көрөк сүйлөшүү үстөлү деген бар. Соттун чечими чыккандан кийин кандай чечим болот, ошого жараша өкүлдөрдү шайлаш керек. Аттуу-баштуу бир-эки өкүл келип түшүндүрүп айтып кетсе болот. Тапырап көчөгө чыгып, баягы мурдагы эле 2005-2006-жылкы методдорго салган менен
Тапырап көчөгө чыгып, баягы мурдагы эле 2005-2006-жылкы методдорго салган менен эч нерсе чечилбейт.
эч нерсе чечилбейт.

Текейден арзан энергетикалык компания

Мындан беш жыл илгерки бийлик алмашуусунда ушу тапта экинчи мөөнөтүн өтөп жаткан президент К.Бакиев үй-бүлөлүк башкарууну жоюп, демократиялык жаңыланууларга кенен жол ачууга колдон келген аракетин жасай турганын кылкылдаган көпчүлүк адында жарыя кылган.

Анын бийлигинин бешинчи жылы башкаруу реформасы менен коштолуп, натыйжасы кенже уулу М.Бакиевдин Өнүктүрүү борбордук агенттигининин жетекчилигине дайындалышына, кирешелүү ири энергетикалык компаниялардын жарыбаган баага сатылып кетишине алып келди.

Бириккен элдик кыймыл мурда 137 миллион долларга бааланган “Түндүкэлектр” акционердик коомунун мамлекет ээлигиндеги акциялары 3 миллион долларга сатылып кеткенине нааразылык билдирип, аны арзыбаган баага сатып алган “Чакан ГЭС” компаниясы кайсы бир офшордук аймакта катталганын кабарлады.


Ачкачылык акциясы токтогон жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:52 0:00

XS
SM
MD
LG