Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:34

1-декабрда Бишкекте «Жыйындар тууралуу» жаңы мыйзам долбоорунун талкуусу өттү. Баш мыйзамда жергиликтүү бийликти кабардар кылып тынч жыйын өткөрүү укугу берилгени менен, аны ишке ашырууга толгон-токой тоскоолдук бар.


Кыргызстан Конституциясында бекемделген тынч жыйын өткөрүү укугу жергиликтүү бийлик жетекчилери менен жарандар ортосундагы итжыгылыш күрөшкө айланып кетти. Бишкек шаар кеңешинин Башмыйзамга кайчы келген токтомунун конституциялык соттон жокко чыгарылышы көнүмүшкө айланып баратат. Бирок да 2008-жылдын 5-августунда кол коюлган мыйзамда куралсыз тынч жыйын өткөрүүчүлөр эки жума илгери жергиликтүү бийликтен уруксат алуусу көрсөтүлгөн. Укук коргоочулардын чоң сынына аскердик милдет жөнүндөгү мыйзамдын куралдуу күчтөрдү ички саясий маселелерди чечүүгө пайдалануу жөнүндөгү беренеси да кабылууда. Парламент депутаты, социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Иса Өмүркуловдун ырасташынча, Бишкек шаар кеңеши тынч жыйындарды чектөө боюнча эки ирет токтом кабыл алды.

- Жыйындарды өткөрүүгө болбогон бир жерлерди беришке макул. Дурус дагы Атмайдандын жанын көрсөтүшүптүр. Башка убакта малбазарга деле жөнөтүшү мүмкүн. Анан шаардан чыгарып Сокулукка же Тоолуу Маевкага барып өткөргүлө деши ыктымал.

Бишкек шаар башчысынын биринчи орунбасары Мурат Исмаилов кийинки эки жылда 56 ирет жыйын өткөнүн, анын жыйырмасы бейуруксат чогулуштар болгонун маалымдап, жаңы мыйзам долбоору тууралуу пикирин мындайча билдирди.

- Принцибинде дурус эле мыйзам, мен эксперттик талкууларга көп катыштым. Албетте, анда принципиалдык жана редакциялык мүнөздөгү оңдоло турган жерлери бар.

2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин тынч жыйындардын чаң-тополоңун чыгарып, чуу баштаган ак жоолукчандар тобу - көпчүлүк арасында өзгөчө милдеттеги аялдар отряды (ОБОН) пайда болду. Мыйзам сактоочулар чатак салчуларды кармабай, аларды тынчытмакчы болгондордун колун кайрып алып кетүүнү адатка айлантышканы мыйзам долбоорунун талкуусунда көп айтылды.

- Кайсы бир шумпайлар даярдаган топ эркектер менен аялдар келип тынч өтүп жаткан жыйынды тополоңго салып, ишти үзгүлтүккө учуратат. Бардык жерде ушундай кылышат,- деп билдирди парламент депутаты Ирина Карамушкина.

Жаңы мыйзам долбоорунда тынч жыйынга каршы жыйын, атайын даярдалган кутумчуларды айдактоого жол бербөө жагы көрсөтүлгөн. Парламент депутаты, “Акжол” фракциясынын өкүлү Алишер Сабировдун белгилөөсүндө, мыйзам долбоору кызыгууну жаратат.

- Аны бекемдеш үчүн эларалык эксперттердин пикирлери келтирилген. Бирок да эларалык эксперттер өздөрүнүн үйүнүн үстүнө чыгып алып көргөнүн ортого салышат. Биз болсо ар бир мыйзам долбоорун Башмыйзамга, коомдук турмушубуздун ушул тармагына тиешеси бар башка мыйзамдарга кайчы келер-келбесине жараша карайбыз.

Жыйындар тууралуу жаңы мыйзам долбоорун даярдоочу жумушчу топтун жетекчиси, Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун жаңы документке Венеция комиссиясынын корутундусу алынганын ырастады.

-1993-жылкы 5-майда кабыл алынган Конституция гана ала алган. Андан кийинки Конституциялардын бирөөндө да Венеция комиссиясынын корутундусу жок. Ал эми мобул мыйзамга - И.Масалиевдин иштеп аткан мыйзамына андай корутунду берилген эмес.

Мыйзам авторлорунун бири Алмаз Эсенгелдиевдин айтуусунда, аракеттин баары тынч жыйын өткөрүү укугун калыбына келтирүүгө багытталган.

- Эл менен милициянын жөндөн-жөн каршылыгын чыгарбоо, өлкөдө көпчүлүк катышкан иш чараларды цивилизациялуу жол менен чечүүгө жетишүү. Жөн-жай кишилердин өлүмүнө алып келчү тирешти токтотуп, мамлекетти жок болуп кетүү коркунучунан сактоо.

Т.Акун жыйындар тууралуу жаңы мыйзам долбоору талкуулардан соң дагы иштелип, жакын арада парламент кароосуна берилиши мүмкүн экендигин ырастады.
XS
SM
MD
LG