Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Боордун мите курттарын аныктаган жабдуулар алынды


Кыргызстанда акыркы мезгилде эл арасында көбөйгөн эхинококкоз жана альвеококкоз дарттарын алдын алуу үчүн мите курттарын аныктаган жабдуулар алынды. Саламаттык сактоо министрлигинин демилгеси жана Швейцариянын Цюрих университетинин каржылык колдоосу менен үч ультра үндүк аппарат келгенин аталган министрлик кабарлады.

Жалпы суммасы 30 миң доллардык жабдуулар Улуттук хирургия борборуна, Ош облусунун Алай менен Нарындын Кочкор райондук ооруканаларына берилет. Ушул тоолуу эки аймакта боордун айыккыс мите курт оорулары көп катталып жатат.(BCh)

XS
SM
MD
LG