Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:50

Эл аралык мунапыс уюму жылдык докладын жарыялап, жыл өткөн сайын өлүм жазасына тартылгандардын саны өсүп жаткандыгын билдирди. Кыргызстанда өлүм жазасы алынып салынган менен адамдар абактагы оор шарттан көз жумууда. Бул маселе жөнүндө “Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова “Азаттыкта” ой-пикир бөлүштү.

-Эл аралык мунапыс уюмунун баяндамасында айтылгандай, өткөн жылы дүйнөдөгү 52 өлкөдө өлүм жазасына тартылгандардын саны мурдагы жылга караганда эки эседен да көптүк кылат. Өлүм жазасы мыйзамдардан алынып салынган же ага мораторий киргизилген өлкөлөрдүн саны алда канча көп. Минтип өлүм жазасына тартылгандардын саны арбышына эмне себеп болушу мүмкүн?

- Адамдын өмүрү абсолюттук укук, Конституцияда жазылган жана муну эл аралык деңгээлде Амнисти интернешнл жана башка уюмдар дагы айтып келатат. Эң бир репрессивдүү режимдер орногон Иран, Ирак, Кытай жана постсоветтик Беларус сыякту мамлекеттерде адамга каршы өлүм жазасы бүгүнкү чейин практикаланууда. Кыргызстанда өлүм жазасы алынган. Бирок алынгандан кийин эмне болду деген суроо бар да. Тилекке каршы, түрмөлөрдө эч кандай өзгөрүүлөр болгон жок жана түрмөдө адамдар өлүп атат. Медициналык жактан өкмөт жардам берген жок.

Түрмөнүн акыбалын билесиздер, биз бир нече жолу өзүбуздун отчетторубузду элге жарыялап көрсөттүк жана баарын тең бийлик бутактарына айтып келатабыз. Өлүм жазасы алынганы жакшы нерсе, бирок адамдын өмүрү кандай абактарда өтүп атат деген суроо абдан кейиштүү маселе. Ал жакта абал такыр өзгөрүлгөн жок.

-Кыргызстанда да өлүм жазасына мораторий киргизилгенине он жылдан ашып калды. Укук коргоочулар бул аралыкта айрым туура эмес соттолуп калгандарды кайра соттоо мүмкүнчүлүгү болгондугун да белгилеп келишет. Чынында эле бул жагдайда Кыргызстанда абал кандай?

-Эң туура, анткени бүгүнкү күндө өлүм жазасы жок, бирок өмүр бою абакта отуруш керек деген чечимди Жогорку Сот чыгарып койгон. Ошондой тагдырга кабылгандардын саны бүгүнкү күндө официалдуу түрдө 186. Соттор бүгүн дагы эң бир жаман статья менен адамдарды соттоп атат.

Биз сотторго да айтып келатабыз, Адилет министрлигине дагы. Бүгүн дагы ошондой репрессивдүү маанай парламентте бар. Масалиев мырза бейөкмөт уюмдарга эле каршы чыкпай, өлүм жазасын кайра алып келгенге аябай аракет жасап жатат.

Бүгүнкү күндө кыргыз коомчулугу чоң дилемманын алдында калды. Түрмөдөгү кишилердин ахыбалы оор. БУУда алардын жекече арыздары катталган. Анткени терроризм боюнча көп күнөөсүз адамдар соттолгон. Кылмыш статистикасы бүгүнкү күндө аябай чаташкан. Мисалы, жылдын аягында Адилет министрлиги же прокуратуранын, ИИМдин маалыматтары ар башка чыгат. Ошон үчүн бүгүнкү күндө эгемендүү Кыргызстан болгону менен эгемендүү милиция жана эгемендүү сот жок. Алардын иштерин эч ким караган жок.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG