Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Абактагы укук коргоочулардын өмүрү коркунучта


"Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Булекбаев
"Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Булекбаев

Укук коргоочулар убактылуу тергөө жайда жаткан Сапар Аргынбаев, Уран Рыскулов жана Эркин Бөлөкбаевге өмүрүнө коркунуч туулуп атат деген билдирүү менен чыгышты.

Бул билдирүүнүн чоо жайы боюнча "Кылым шамы" уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова "Азаттыкка" түшүндүрмө берди.

-Азиза айым эмненин негизинде ушундай билдирүү менен чыктыңыздар?


- Бул билдирүү боюнча биринчи бизге расмий эмес маалымат түштү. Бир нече укук коргоочулар атайын барып бүгүн биринчи СИЗОдо кармалып тургандардын бир-экөөсү менен жолугуп келишти. Жолугушуудан кийин бул маалыматтын чындык экени тастыкталганда күн кеч болуп саат бештен өтүп кетти, биз өзүбүз шашып калдык.

Себеби биз атайын бир эксперттерди, мурун атайын спец службада, жогорку мамлектеттик деңгээлдеги кызматтарды ээлеп, Улуттук коопсуздук кызматында бир аз болсо да иштеген адамдарды чакырып, ошолордун пикирин сурадык, эмне менен бүтүшү мүмкүн деп. Ушундай Уран Рыскуловго 25$ төлөйсүң деп, берки экөөнө болсо Сапар менен Эркин Бөлөкбаевге 50 000 доллардан салыптыр, бул чындык болуп атат.

-Аларга ошол абакта отургандар салык салып ата да?

- Кылмышкерлер дүйнөсү тарабынан болуп аткан иш болуп атат да. 25 миң анан 50 миңден экөөнө деп үч күнгө мөөнөт беришиптир. Ошол мөөнөт бейшемби күнү кечинде башталган болсо, кечээ биз бул маалыматты тастыктаган убакта бир сутка өтүп кетип, эки эле сутка калып атат да. Ортодон базар күнгө туура келип атат дагы.

Атайын ошондой болгонбу, иши кылып биз бул маалыматты дүйшөмбү күнгө калтырып, эч жакка чыга албасак, анда чындыгында эле акыркы окуяларга салыштырмалуу өмүрүнө өтө чоң коркунуч бар деп эксперттер да айтышты, алар айтканын жасашат деп. Биз экинчи жагын дагы изилдедик.

Биринчиден бул үчөө тең Биринчи май райондук соттун чечими менен Улуттук Коопсуздук кызматынын СИЗОсунда кармалып турганга чечим чыккан экен. Анан эмне себептен, кайсыл негизде булар биринчи СИЗОго которулганы белгисиз. Ушул СИЗОго которулгандан кийин башталып атат бул окуялар.

Ошондуктан менин жеке пикирим, бул Улуттук Коопсуздук кызматы тарабынан буларга ушундай басым жасоонун психологиялык, моралдык ыкмасы. Атайын алдын-ала соттун чечимин, мыйзамды бузуп туруп буларды биринчи СИЗОго которуп, андан кийин ошол эле кылмышкерлер дүйнөсүнүн адамдарынын колу менен булардан акча талап кылып, буларды сындырууга болгон аракет.

Укук коргоочулар, жарандык коомдун өкүлдөрү 2006-2007-жылдары өтө чоң тынчсызданууларды билдирген болчубуз, биздин бийлик менен кылмышкерлер бири-бири менен аралашып кетти деп. Бийликке кылмышкерлер келип, кылмышкерлерди бийлик бүгүнкү күндө коргоп калды. Эми ошонун бир чети ушундай өтө бир коркунучтуу жол болуп калып атат да.

Биз буга чейин Исмаил Кучкаровдун жана башкалардын фактыларын да көрдүк, түрмөдө адамды өлтүрүп коюп эч ким жооп бербей же болбосо ошол эле түрмөдө отурган бир байкуштарды гана жоопко тартып коюу менен чектелип калат. А, чыныгы буйурган, чыныгы уюштурган адамдар башка болот деген менде жеке пикир.

-Азиза айым сиздер ушул иш боюнча башкы прокуратурага Юстиция министрлигине, коопсуздук комитетинин жетекчисине кайрылган экенсиздер, алардан кандай жооп болду?

-Азырынча эч ким жооп берген жок, бирок кечээ убакыттын аздыгына байланыштуу саат беш жарым менен алтынын ортосунда жүгүрүп ГУИНге бардык. Биз барган кезде ГУИНдин начальниги Айбек Турганбаевич өзүндө экен. Мен ошол келген себебибизди түшүндүрүп кабыл алуусун өтүнгөндүн ортосунда секретар кызы кетип калды деп айтты.

Андан кийин ал жерде Алибай Нышанбаевич деген анын орун басары бар экен, ошол жигит бизди кабыл алды. Ага биз ошол жерден жазып бердик, андан кийин кайра жазуу жүзүндө дагы жеткирдик. Юстиция министрлигинде иштеген Марат Жанкулов менен өзүм оозмо ооз сүйлөштүм, бир нече депутаттарга чыктык. Президенттик администрациянын секретариатында иштеген Айбек Жунушалиев деген жигитке түз телефон менен чыктык.

Биз мүмкүн болушунча ушул маалыматты кененирээк таркатып атабыз. Тиги үч адам ал жерде курортто отурган жок, мамлекет өзүнүн жоопкерчилигин астында кармап турат. Биз ушул мамлекеттик кызматкерлердин, бийликтин жоопкерчилигин сездиртишибиз керек. Кандайдыр бир жамандык болуп кетсе, алардын укуктары бузулса мамлекет түздөн түз жоопкер. Ошол эле убакта биз бүт дүйнөлүк, эл аралык укук коргоо уюмдарына кайрылууларды жөнөттүк.

-Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG