Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:49

Равшан Гапиров хизбутчу-лидерби же укук коргоочубу?


Равшан Гапиров март айынан бери камакта жатат.

Равшан Гапиров март айынан бери камакта жатат.

Ош шаардык соту Интернет аркылуу диний экстремисттик маанайдагы баракчаларды тараткан деп айыптап, 53 жаштагы укук коргоочу Равшан Гапировду бир жылга эркинен ажыратканын мурда кабарлаганбыз. Р. Гапиров жана анын таламын талашкандар өз кезегинде сот өкүмүн саясий буюртма катары айыпташууда.

2008-жылдын 8-январында Интернет сайттардын бирине оштук Рыскул Мондошевдин «Кыргыз симбиозу. Эгерде бийлик криминалга жакындашса, а бейөкмөт уюмдар диний-экстремисттик уюмдарга ыкташууда» аттуу макаласы орусча жарыяланып, анда автор «… укук коргоочулар М. Балтабаев жана Р. Гапиров өздөрү «Хизбут-тахрир» партиясынын активдүү мүчөлөрү болуп саналышат, идеялык жетекчилеринин көрсөтмөсү боюнча уюмдун ишин пропагандалоо максатында өнөктүктү күчөтүштү» деп жазган эле.

Буга териккен Оштогу «Акыйкат сот - чындык» укук коргоо борборунун директору Равшан Гапиров Рыскул Мондошевдин электрондук дарегине орус тилинде төгүндөө жөнөтүп, каршылашын массалык маалымат каражаттары аркылуу да эрөөлгө чакырган. Эч кандай жооп болбогондо, каяшасын Интернет аркылуу түштүктөгү бардык бейөкмөт уюмдарга да тараткан.

«Мындай маанайдагы макалалар Кыргызстандагы ар бир басылмада, анын ичинде республикалык «Агым» гезитинде такай басылат. Эмне үчүн алардын авторлорун жоопкерчиликке тартышпайт дагы, мага асылышат?» - дейт укук коргоочу Равшан Гапиров сотто сүйлөгөн акыркы сөзүндө.

Андан мурдараак Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков диний кырдаалга арналган жыйында шаарда Хизб-ут-тахрир экстремисттик партиясынын 182 мүчөсү эсепте тураарын, бул уюмдун 4 лидери кармалып, үстүнөн иш козголуп, сотко ашырылгандыгын кабарлаган эле.

Кийин такташтырсак, ысымын атоону каалабаган шаардык милициянын өкүлү Равшан Гапиров ошол Хизб-ут-тахрир диний экстремисттик партиясынын соттолуп жаткан төрт лидеринин бири экендигин бышыктаган.

«Элим үчүн, элим менен!» коомдук фондунун төрагасы Аманбай Сатибаев вахабисттердин, хизб-ут-тахрирчилердин жарандык таламын талашкандыгы үчүн укук коргоочуну бир жылга эркинен ажыраткан өкүмдү коркутуп-үркүтүү, чагым катары баалады. Анын байкоосунда, мамлекетти туташ кризиске батырган бийлик оппоненттеринин оозун ушинтип жабуу аракетинде.

Ошентсе да, Аманбай Сатибаевдин туюмунда, март айынан бери абакта жаткан Гапиров бир күнүн эки күнгө эсептегенде, түрмөдө бир жыл сегиз ай олтуруп койду. Ошондуктан сот залынан дароо бошотулушу керек эле, судья бийликтин тилинен чыккан жок.

Мамлекеттик айыптоочу Нематжан Гудуков Гапиров адилет соттолду, аны саясатташыруунун кажети жок деген пикирде.

Канеткен күндө да, оштук бейөкмөт уюмдарынын арасында сот кылмыш ишин шашылыш карап, бийлик каалагандай өкүм чыгарды деген пикир күч. Ал эми Равшан Гапировдун өзү менен байланышсак, өкүмдү буздурбай тургандыгын, эгерде прокурор облустук сотко даттанбаса, декабрдын этегинде эркиндикке чыгып, жубайы жана эки уул, эки кызы менен жаңы жылды чогуу тосушаарын билдирди.
XS
SM
MD
LG