Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:02

БУУ Кыргызстандын укук коргоочуларга мамилесин талдайт


Бийликтин кысымына каршы бейөкмөт уюмдардын нааразылык акциясы, 2009-жыл, 6-март
Бийликтин кысымына каршы бейөкмөт уюмдардын нааразылык акциясы, 2009-жыл, 6-март

БУУнун адам укуктары боюнча Женевадагы кеңеши ушул жумада Кыргызстандын укук коргоочулардын маселеси боюнча докладын талкуулаган жатат. Анын негизги өзөгүн БУУнун укук коргоочулар маселеси боюнча атайын докладчысы Маргарет Секкагиянын расмий жети катын кыргыз бийлиги жоопсуз калтырган фактысы түзөт

БУУнун укук коргоочулар маселеси боюнча атайын докладчысы Маргарет Секкагия 2008-2009-жылдардагы абалга арналган докладында Кыргызстан эл аралык уюмдар алдында алган милдетин аткарууга көңүл бурбай жатат деп жазган. Ага адам укуктары боюнча Хельсинки комитетинин Бишкектеги өкүлчүлүгү жана анын регионалдык өкүлү Ивар Дали менен долбоорлордун координатору Лена Мамадназаровага байланыштуу кыргыз бийлигине жиберген жети катына жооп албаганын далилге тарткан.

Ал каттарында Хельсинки комитетинин өкүлчүгүн Адилет министрлигинин каттабай койгондугунун, өткөн жылы өкүлчүлүктүн кеңсесин тинтүүгө уруксаат кагазын көрсөтпөй туруп ички иштер министринин кызматкерибиз деген бейтааныш эки адам аңтарып, бир нече жолу суракка чакыргандыгынын себебин түшүндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Андан тышкары Ивар Далинин өткөн жылдын ноябрынын аягына чейин берилген визасынын мөөнөтү эмне себептен кыскартылып, 12-октябрда Кыргызстанга киргизилбей койгондугуна, ага чейин “мыйзамсыз иш жүргүзгөн” деген кине менен Бишкектин Свердлов райондук сотуна арыз берилгендигине жана Кыргызстанга кирүүгө 10 жылга тыюу салынгандыгына тынчсызданып, негизин билүүгө кызыккан. Аталган каттарынын бирине да жооп албаган атайын докладчы мындай көрүнүштү Кыргызстанда адам укуктар жаатында иш жүргүзгөн уюмдар менен алардын өкүлдөрүнүн аракетин кысымга алуу өнөкөтүнүн башталышы деп баалаган.

Кыргызстандык укук коргоочулар болсо мындай көрүнүштөр кысымга алуу тенденциясынын башталышы гана эмес, авторитардык режимдин тамырлаганын далилдейт деп добулбас кагып жатышат. Ал тууралуу “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова мындай дейт:

-Кыргыз бийлиги акча үчүн коррупцияга малынып, авторитардык, диктатордук система орнотуп жатат. Ошон үчүн биз авторитардык режим биротоло орноду деп айтып жатабыз.

Төлөкан Исмаилованын оюнча, адам укуктар жаатында Кыргызстандын ички жана тышкы саясатынын акыркы кезде кескин өзгөрүшүнүн бир себеби, Шанхай Кызматташтык Уюму жана Жамааттык коопсуздук келишим уюму Кыргызстанды кысымга алгандыктан улуттук эгемен саясатын четке какты: "Президент Бакиев мырза кредитке багынып, Америка жана террористтик уюмдарга каршы күрөшкөн башка мамлекеттер менен түздөн-түз байланыша албай калды. Бул абдан өкүнүчтүү."

Президентчил “Ак жол” партиясынын депутаты Ажыбай Калмаматов кыргыз бийлиги аталган каттарга жооп берүүгө негиз жок болгон үчүн жоопсуз калтырган деген ойдо:

-Негиз болбогондон кийин өкмөт жооп бербесе керек. Ага эч кандай негиз жок болсо керек. Себеби укук коргоочуларга басым жасалган жери жок, алардын укугун чектөө жок. Сөз эркиндиги бар үчүн “5-каналда” болобу же башка маалымат каражатында болобу, өздөрүнүн ойлорун ачык айтып жатышат. Эркин гезиттердин баарында ар кандай шарждарды басып жатышат. Интернетке да жазып жатышат. Демек укук коргоочуларга эч кандай саясий куугунтук жок.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев депутаттын мындай оюна макул эмес. Себеби Кыргызстан эгемен мамлекет катары БУУ баштаган эл аралык уюмдарга мүчө болуп, алардын талаптарын аткарууга милдеттенме алгандан кийин бардык билдирүү же каттарга жооп берип, себебин түшүндүрүүгө милдеттүү:

-Биз эл аралык уюмдарга мүчө болгондон кийин алардын талаптарын аткарышыбыз керек. Эгерде эл аралык уюмдар жиберип жаткан өкүлдөрдү өлкөгө киргизбөөгө негиз болчу кандайдыр бир себептер болуп калса, анда башка өкүлдү жибергиле дегендей билдирүү жибериш керек. Кеңсесин ачпайбыз, кызматташпайбыз деген чечим болсо да сөзсүз түрдө дипломатиялык жолдор аркылуу жооп бериш керек. Андай каттар менен билдирүүлөргө жооп бербей коюу, тоотпой коюу деген жарабайт. Бүдөмүк калтыруу эл аралык талаптарга туура келбейт. Муну биз туура түшүнүшүбүз зарыл. Керек болсо СССР да өз кезегинде адам укуктары басмырланып жатат деген маселелер боюнча өз позициясын түшүндүрүп берүүгө аракет кылчу.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев Кыргызстан эл аралык милдетин аткарууну көзгө илбей турган болсо дүйнө коомчулук алдында аброю төмөндөп, Өзбекстан менен Беларус сыяктуу ар кандай тыюу салууларга дуушар болушу ажеп эмес деп кабатырланды:

-Гуманитардык жардам же башка маселе каралган учурда адамдардын укугу тепселбейби, коррупция жокпу, сөз эркиндиги барбы деген жагдайлар биринчи даражада турат. Ошого жараша мамиле болот. Биз инвестициялар келбейт деп таң калып калабыз. Мына ушул жагдайлар инвестиция маселесине түздөн-түз чоң таасир берет. Ошон үчүн мындай маселелерге түшүнүү менен мамиле жасашыбыз керек. Болбосо эл аралык уюмдардын мүчөлүгүнөн чыгып кетүү керек.

Кыргыз укук коргоочулары президенттин алдындагы катчылыктын өкүлдөрү менен өткөн жумада жолугушуп, бийлик эмне үчүн тынч жүрүш, митингдерди өткөрүү боюнча Конституциялык Сот 2004-жылы чыгарган чечимди аткарбай, тескерисинче ага чек салган мыйзам кабыл алгандыгын, журналисттер менен саясатчыларга кол салган адамдар эмне үчүн табылбай жаткандыгын, бейөкмөт уюмдардын ишмердигин чектөөгө аракет эмне үчүн күч алгандыгын, саясий куугунтуктоо эмне үчүн күчөгөндүгүн билүүгө кызыгышып, суроолорду президентке жеткирүүнү өтүнүштү.

XS
SM
MD
LG