Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:54

Акыйкатчы Турсунбек Акун Президент администрациясынын мурдагы жетекчиси Садыркулов баш болгон үч адамдын каза болушуна алып келген кайгылуу жол кырсыгына күнөөлүү катары кармалган “Ауди” унаасынын айдоочусу Өмүрбек Осмоновго жолугуп сүйлөшүп чыкты. Акыйкатчынын айтымында, айдоочунун бети-башында кырсыктын изи байкалбайт, кан болгон же айрылган жерлери жок экен.

- Турсунбек мырза, президенттин администрациясынын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловго байланыштырылып жаткан жол кырсыкка тиешеси бар “Ауди” автоунаасынын айдоочусу Өмүрбек Осмонов деген жигит менен маектешкен экенсиз. Ошол жолугушуунун ток этер жерине токтоло кетсеңиз?

- 13-мартта Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунда турганыбызда Медет Садыркуловдун эң жакын адамдары келип суранышты, “Сиздин убактылуу кармоочу жайга киргенде укугуңуз, мүмкүнчүлүгүңүз бар. Ошол жакка барып жанагы автокырсыкка тиешеси бар делген айдоочу менен жолугушуп сүйлөшсөңүз деп".

Мен барып ал жигит менен жолугуштум. Ал айтты “менин атым Өмүрбек, фамилиям Осмонов” деп. 1985-жылы туулган экен. “Байке Ноокаттан 6-мартта келгем. Бишкекте эжем, жездем бар. Жездемдин аты Улан, эжемдин аты-жөнү Рахат Осмонова. Алар бир машина сатып беребиз. Быякка кел деп айтышкан”,-дейт. Мен “Алардын машина алып бергенге акчалары жететет бекен?”,-деп сурасам, “жок Москвада дагы бир эжем бар, ал акча салып жиберип, анан үчөө биригип мага “Ауди” деген машине сатып берди”,-дейт.

Анан, “ Ошол машинени күбөлүгү жок айдап алып, болжол менен эртең менен саат төрттөрдө Ош базарынын жанынан чыккам”,-дейт. “Ош базарында эмне кылып жүрдүң? Эмне батирде турасыңбы?”-десем, жакшы жооп бере алган жок. Анан кийин, “Бир кыз менен таанышкам. Үч-төрт күндөн бери чөнтөк телефону менен эч кандай жооп бере алган эмес, анан чөнтөк телефону менен чалып калды “12 камин” жакка келе кал деп. Ошол жакка барсам ал кызым жок экен. Кайра келатып жанагы кырсык болгон жерге келгенде уктап кетиптирмин”,-дейт.

“Сен кандайча уруп алдың? Ал машине жылып баратканда уруп алдыңбы же токтоп турганда урдурдуңбу? Машине чоң беле же кичине бекен?”-деп сурадым. “Эсимде жок. Мен уктап кетиптирмин. Уруп алганда ойгоно калып, машинеден чыга калып качтым. Машиненин капоту түтөй баштаптыр”,-деди. Анан кырсык болгон жерге жакын жердеги “Дордойдогу” куруучу балдарга барып “Машинени койдруп алдым”,-деп айтыптыр. Куруучулар жүрү өчүрөлү дегенде “Жок барбагыла, жарылып кетет деп айттым”,-дейт.

- Анын бети башында, денесинде жаракат алгандай белгилер жок бекен

-Жок эч кандай андай белгилер билинген жок. Өңүндө кан болгон же айрылган жерлери жок экен.

- Аны убактылуу кармоочу жайда милиция кызматкерлери ур-токмокко албаптырбы? Коркутуп кысым кылышпаптырбы?

- Мен аны дагы сурадым. “Эмне кысым кылышып атабы? Кыйнап атабы? Атайын ушундай айт деп айттырып жатабы?”-десем. “Жок байке, андай болгон жок”, дейт. “Адвокат керекби?”-десем, “Адвокаттын кереги жок. Эки адвокат беришти”,-дейт. Тергөөчү Мурат деген бала тамак бергиле деди. Болгону колунда кишен салыныптыр. Анан башынын айрылган жеринде кичине кан бар дейт. Анысын көрсөткөн жок. Баш кийим кийип алыптыр.

Тергөөчүлөрдөн “Анализге кан алдыңарбы?”,-десем, “Алган атабыз”,-деди. Мен кайра экспертизага келип сурасам биздин лаборатория жакшы иликтейт дешти. Мен тергөөчүгө телефон чалып тезинен Осмоновдун канын алып, лабораторияга алып келгиле деп айттым. Анан канын алдырыптыр.

-Бул жол кырсык боюнча түзүлгөн комиссияга көз карандысыз эксперттер, Акыйкатчы институтунан, жарандык коомдун өкүлдөрүнөн дагы кириши керек беле же бул комиссия укук коргоо органдарынан эле куралышы керек беле?

-Азыр комиссия ведомстволор аралык түзүлөт деп жатышат. Эгерде ушул укук коргоо органдарына коомчулуктун, жалпы элдин, бийликтин ишеними болгондо, президент айткандай ведомостволор аралык жана курамына адистер киргизилип, түзүлүш керек болчу. Эгерде коомчулуктун, элдин ишеними болбосо коомчулуктан өкүлдөр дагы киргизилиши керек. Негизинен адистер болушу керек.

-Турсунбек мырза, экс-министр Аликбек Жекшенкуловду улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагынан, Бишкек убактылуу кармоочу жайына которбоо боюнча анын жактоочусу Нина Зотова сизге кайрылыптыр. Анын чоо-жайына токтоло кетсеңиз?

-Мага Аликбек Жекшенкуловдун жактоочусу Нина Зотова кайрылды. Бул боюнча, Биринчи май райондук соту Сулайманов деген судьянын чечими бар. Ал чечимдин негизинде Жекшенкулов Улуттук коопсуздук комитетинин кармоо жайында кармалышы керек. Анан мындай маселеде соттун чечимин кайра которгон маселе дагы болбоптур.

Эми бул маселени мен катуу көзөмөл кылам деп айттым. Анткени коомчулук кандай суранса, биз ошондой кылышыбыз керек. Кылмыш кылды делген адамдын сот жагынан болбосо дагы укугун коргоодо жана жашоо шарттарына байланыштуу талапты аткарышыбыз керек.

-Маегиңизге рахмат

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG