Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:37

Июнь айындагы этностор аралык кагылышууну иликтөө боюнча улуттук комиссия өз ишмердүүлүгүнүн экинчи этабын аяктады. Үчүнчүсү бийлик өкүлдөрүнүн жана айрым саясатчылардын көрсөтмөлөрү менен жыйынтыкталат.

Июнь окуяларын иликтөө боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин айтымында, өткөн үч ай аралыгында кандуу кагылыштын жүздөгөн жабырлануучулары жана күбөлөрү менен жеринен жолугушуп, алардын көрсөтмөлөрүн жазып алышкан. Ошондой эле күч түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн баяндамалары топтолгон. Учурда окуя болгон чөлкөмдөрдөн алынган күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, аудио жана видео тасмалар текшерилип жатканы айтылды.

Кезек бийлик билермандарына жетти

Абдыганы Эркебаев
иликтөөнүн мындан аркы жыйынтыктоочу бөлүгүндө окуяны болтурбай койуудагы борбордук бийликтин аракеттери талдоого алынарын белгиледи:
Абдыганы Эркебаев

- Иликтөө иштеринин акыркы этабы калды. Ачык эле айтсам, бул борбордук бийликтеги жетекчилердин, күч түзүмдөрүнүн башчыларынын жана Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн ошол окуялардагы ролуна баа берүүдөн турат. Ошондой эле азыр Жогорку Кеңешке депутат болуп келген ошол учурдагы бир катар саясатчылардын аракеттерин да иликтейбиз.

Этностор аралык кагылышууга алып келген чагымчылдыктын себептери, анын курчушу жана өнүгүшү окуялардын тизмеги боюнча иликтенген.

Тышкы күчтөрдүн тымызын издери

Улуттук комиссиянын мүчөлөрүнүн колуна этникалык араздашууну уюштурууга шарт түзгөн ички жана тышкы таасирлердин болгондугун далилдеген материалдар түшкөн. Бирок комиссия расмий тыянак чыгарганга чейин андай жагдайларды жашыруун кармоону туура көргөн.

Анткен менен иликтөө комиссиясынын төрагасы Абдыганы Эркебаев кандуу окуянын күн мурунтан, тымызын даярдалгандыгын далилдеген учурлар бар экендигин кошумчалады:

- Мен толук жоопкерчилик менен айтууга толгон негиздер бар. Бул кандуу окуя бир канча убакыт бою ар кайсы тараптарда жана аныкталган багыттар боюнча тымызын иштер болгон. Канчалык түбүнө жетүүгө мүмкүн болбогудай кылып куулук менен уюштурушпасын, ички жана тышкы күчтөрдүн ииздери чыгып калды. Биз ал фактыларды эл аралык иликтөө комиссиясына да беребиз. Тыянак чыгарууда расмий түрдө ачык-айкын элге да жарыялайбыз.

Күмөн санагандар жана жооп издегендер

Ошол эле учурда июнь окуяларын иликтөө боюнча улуттук комиссиянын калыстыгынан жана анын акыйкат тыянак чыгарарынан күмөн санагандар да аз эмес. Жакында аталган комиссиянын мүчөсү, укук коргоочу Азиза Абдрасулова анын курамынан чыгып кетти. Муну укук коргоочу иликтөө комиссиясынын иш тартибинин чар-жайыттыгы менен байланыштырды.
Жогорку Кеңешке депутат болуп келген ошол учурдагы бир катар саясатчылардын аракеттерин да иликтейбиз.

Ошондой эле Азиза Абдрасулова айрым олуттуу маселелерге карата комиссия мүчөлөрү кайдыгер мамиледе болгонуна токтолду:

- Курал-жарактардын элдин колуна кантип түшүп калгандыгы боюнча канча кылмыш иши козголду? Кайсы адамдын колуна түштү, тартылып алынган БТР, БМПлар кайра канча күндөн кийин кайтарылды? Ошол жарак-бадыктар кайсыл жерде колдонулду деген суроолорду аскер прокурорлоруна, командирлерге жана башка окуяга катышкан аскер жетекчилерине берели десек, айрым биздин кесиптештердин бул суроолорду берүүгө акыбыз жок, курал маселесине биз такыр кайрылбашыбыз керек, ал комиссиянын милдетине кирбейт деген учурлары да болду. Демек көпчүлүк комиссия мүчөлөрү ушул жагдайды иликтеп, баяндамага киргизгилери келбей жатат окшойт деп ойлойм.

Жашырылган тизме, жалган ушактар

Мындан сырткары укук коргоочу кандуу окуядан улам, жабыркагандардын, каза тапкандардын жана аргасыз качкын абалында жүргөндөрдүн ынанымдуу так саны аныкталбай жаткандыгын белгиледи.
Азиза Абдрасулова

Азиза Абдрасулова мына ушундай так эместиктерден улам эл ичинде ушак-айыңдар көп экендигин айтты:

- Бүгүнкү күнгө чейин каза болгондордун аты-жөнү, тизмеси ачык даана жарыялана элек. Эмне үчүн аны жарыялабай турушат? 7-апрелдеги окуядан кийин да миң адам окко учуптур, беш жүз экен деген сыяктуу сөздөр көп болгон. Жарыялап 87 адам экендигин тактап койушту эле андай ушактар токтоду. Азыр болсо июндагы окуяларда бирөөлөр он миң адам десе, бирөөлөрү үч миң деп элди козутуп жатышат. Тизмелерди ачык жарыялап коюшса андай болмок эмес.

Расмий маалымат боюнча июндагы кагылышууда 429 адам каза болуп, жүздөгөн киши жараат алышкан. Ошондой эле 2000ге жакын турак-жай өрттөлүп, алты жүздөн ашуун жеке менчик ээликтер, мамлекеттик жана коомдук имараттар талкаланган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG