Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:47

Кыйноолорду кыскартуу камылгасы кандай?


Адам укугун коргоочулар Кыргызстанда жабык мекемелердеги кыйноолор күчөп бара жаткандыгын байма-бай айтып келатышат.
Адам укугун коргоочулар Кыргызстанда жабык мекемелердеги кыйноолор күчөп бара жаткандыгын байма-бай айтып келатышат.

Кыйноолорго каршы конвенцияга өткөн жылы кошулган Кыргызстан “кыйноолорго каршы улуттук превентивдүү механизмдерди” кабыл алууга тийиш.

Буга байланыштуу мыйзам долбоору бүгүн эл аралык, бейөкмөт уюмдардын, күч структураларынын жана өкмөттүн өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууга алынды.

"Кыргызстан – адам укугунун өлкөсү” деген ураан мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунда эле киргизилип, бирок иш жүзүндө өзүн актай албаганы айтылып келет. Адам укугун коргоочулар Кыргызстанда жабык мекемелердеги кыйноолор күчөп бара жаткандыгын айтып, доолбас какканы күчөдү. Былтыр 21-февралда Жогорку Кеңеш “Кыйноолорго каршы эл аралык конвенцияны” кабыл алган мыйзамды жактырган.

Конвенцияны кабыл алган соң, анын милдеттерин да аткаруу зарыл, дейт Акыйкатчы Турсунбек Акун:

-Жаза аткаруучу жабык мекемелерде кыйноолор түнкүсүн, дем алыш күндөрү болот. Бул мыйзам кабыл алынса, мындай кыйноолор токтотулбаса да, азаят эле.

Акыйкатчы Турсунбек Акундун билдиргени боюнча мыйзамга ылайык жабык мекемелердеги кыйноолордун бар-жоктугун текшерген атайын координациялык топ түзүлүп, иш алып барат.

Аталган жумушчу топко парламент депутаттары, күч структурасынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү мүчө болуп киришет да, топтун иши мамлекеттик бюджет тарабынан каржыланат. Мыйзам долбоорунда бул топтун мүчөлөрү жабык мекемелерге күнү-түнү, каалаган убагында кире алат деп жазылган. Муну айрым эл аралык эксперттер да кубаттоого алышууда.

Ал эми ЖК депутаты, “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Алишер Мамасалиев буга каршы:

-Текшерүү боло турганы тууралуу жок дегенде эки күн мурун тиешелүү жерлерге кабарлаш керек. Бул эң биринчи иретте бул координациялык топ мүчөлөрүнүн коопсуздугу үчүн зарыл. Ошондуктан мыйзам долбоорун парламентте талкуулаган учурда биз мына ушул күн-түнү, каалаган убакта эскерүүсүз кирип бара берет деген пунктту алып салганбыз.

Депутат Алишер Мамасалиевдин билдирүүсү боюнча “Кыйноолорго каршы улуттук превентивдүү механизм тууралуу" мыйзам долбоору кийинки жылдын апрель-май айларында парламентте каралат.

Укук коргоочулардын белгилегени боюнча кыйноолор жабык мекемелерде, кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрү тарабынан гана эмес, милиция жана жазык аткаруучу жайлардын кызматкерлери тарабынан да жасалып жүрөт.

Милициянын убактылуу камоочу жайларынан тартып, жаза аткаруучу мекемелерге чейин кирип, анда кармалып тургандардын абалы менен таанышып жүргөн укук коргоочу “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова Кыргызстанда кыйноолордун 92 пайызы ички иштер структурасында жасалат деп билдирди:

-Биз бардык райондордогу убактылуу жайларга, айрым түрмөлөргө кирип, өзүбүздүн иликтөөлөрүбүздү жүргүздүк. Мындан тышкары кармалып тургандардын туугандары кат аркылуу кайрылган. Мына ушулардын негизинде биз чыгарган жыйынтык – кыйноолордун 92 % алгачкы шектүү деп кармалган 48 сааттын ичинде тергөөгө жетпей, ошондой эле сотко, абакка чейин эле болгонун көрсөттү.

Укук коргоочунун сөзүн ИИМдин өкүлү Шамшыбек Мамыров кескин четке какты. Анын айтуусунда милициянын катарында кылмыш ишин мойнуна алдыруу максатында кыйноолор болгон учурлар жок:

-“Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деген жакшы сөз бар кыргызда. Кылмыш кылып, кармалгандар деле адвокаттарынан же башка юристтерден кеңеш алып, анан “мени кыйнаган, сабаган, уруп мойнума алдырган” деп айта беришет да. Ошондуктан, мен Абдурасулованын милицияны айыптаганына кошула албайм.

Милициянын жообуна карата укук коргоочулар бир катар далилдерин келтиришти. Азиза Абдурасулованын санап бергени боюнча милициянын жана улуттук коопсуздук кызматынын жабык мекемелеринде да кыйноолордун түрлөрү жасалып жүргөнү тууралуу маалыматтар бар.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG