Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:14

Бүгүн Аксыда жана Бишкекте коомчулуктун өкүлдөрү Аксы окуясынын жети жылдыгын эскерип жатышат. Өкмөт үйүнүн алдында Аксы окуясын эскерген реквием пикет түрүндө өттү. Президент Курманбек Бакиев Аксы каргашасынын курмандыктарын эскерген сөзүн жарыя кылып, эркиндик жана адилеттик үчүн жалтанбай чыгып, жан таслим болгон эр көкүрөк жигиттерди мамлекет эч качан унутпайт деп билдирди.

Мамлекет башчы Курманбек Бакиевдин Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү сөзүн бүгүн президенттик маалымат кызматы таратты. Эскерүү сөзүндө президент Курманбек Бакиев 2002-жылдагы Аксы каргашасы Кыргызстандын жаңы тарыхында өтө кайгылуу барактардан болуп калгандыгын белгилеп, "бул окуя азыркыга чейин бүт баарыбыздын кабыргабызды кайыштырып келет" деп билдирген.

Ошондой эле анда "эркиндик, инсандын укугу жана адилеттиги үчүн жалтанбай чыгып, жантаслим тапкан эр көкүрөк жигиттерибизди кыргыз эли жана мамлекети эч качан унутта калтырбайт", деп жазылып, бул каргашадан жабыр тарткандарга мамлекет ар тараптан колдоо көрсөтүлүп келе жаткандыгы жана бул аракет мындан ары да улана берери айтылган.

Мамлекет башчы элдин эркин күч менен майтарууга болбой турганын Аксы каргашасы күбөлөгөн жана ачуу сабак катары тарыхта калууга акылуу деп эсептейт.

Мындан тышкары президент К. Бакиев жалпы элге кайрылып: “Кылымдан бери кыргыз эли кандай гана жамандык башына түшпөсүн жеңе билген жана ынтымагы ого бетер арткан, Аксы каргашасында каза тапкандарды чогуу эскерип, айылыбыз аман, журтубуз бүтүн болсун, мындай каргаша эч качан кайталанбасын деп тилейли,” - деген оюн билдирген.

Өкмөт үйүнүн алдында Аксы окуясын эскерген реквием пикет түрүндө өттү. Ага “Аксы окуясы унутулбайт!”, “Элге атылган ок эне сүтүн сатканга барабар!” деген ураандар жазылган плакаттарды кармаган 100 гө чукул киши катышты. Негизинен оппозициялык БЭКтин мүчөлөрү, жарандык коомдун өкүлдөрү бийлик баары бир 2002-жылы 17-18-мартта элге карата ок аткандыгы үчүн жооп берет деп белгилешти.

Мындан жети жыл мурда Аксы районунда болгон каргашалуу окуяда өз укугу үчүн тынч демонстрацияга чыккан жарандар менен милиция күчтөрү кагылышып, алты бейкүнөө адам окко учкан. Аксы каргашасы боюнча Акаевдин тушунда да, Бакиевдин тушунда да кылмыш иши козголуп, ондогон адамдар суракка алынып, көп жолу сот жыйындары өттү. Бирок бул окуядан жабыркагандар Аксыдагы төгүлгөн кан үчүн чыныгы күнөөкөр адамдар чындап жазасын ала элек деп нааразы болуп, кыргыз бийлигине ишенбей, БУУга чейин кайрылышкан.

Аксы окуясынын жабырлануучуларынын арыз катын карап чыгып БУУнун адам укуктары боюнча комитети өткөн жылдын күзүндө кыргыз мамлекет башчыларына “чындык калыбына келтирилиш керек” деген мазмундагы кат жолдогон. "Азаттыкка" окуянын жабырлануучуларынын жети жылдан бери таламын талашып келаткан адвокат Сартбай Жайчыбеков мамлекет коомчулукка жана БУУга кандайдыр бир жооп же реакция кылбаганын айтат:

- БУУнун Кыргызстанга “Аксы окуясы” боюнча жолдогон катында “Чындык калыбына келтирилиш керек” деп жазылат. Анан этек жагына жазып да коюуптур “180 күндүн ичинде жооп берүү керек” деп. Жок, ушу күнгө чейин мамлекеттен эч кандай аракет же түшүндүрмө берүү, жок дегенде ошол ишти туура же туура эмес экендиги боюнча да баа берүү болбой келет.

Ошол эле учурда Башкы прокуратурасынан алынган маалымат боюнча, Аксы окуясы боюнча тиешелүү тергөөлөр жүргүзүлүп, чекит коюлган. Мурдагы ички иштер башкармалыгынын башчысы, облпрокурор, ошол кездеги ички иштер министринин орун басары жоопко тартылган.

Бүгүн Аксыда окко учкандарды эскерүү митингисин Бишкекте уюштуруп жаткандардын бири, укук коргоочу Азиза Абдурасулованын пикиринде, жазалардын эң катаал дегени үч жылга эркинен ажыратуу болгон. Негизгиси ошол окуя толук, дыкат текшерилбегенинде. Себеби мамлекеттик териштирүүдө 2002-жылдын 18-мартындагы жабыр алгандар тууралуу бир да сөз болгон эмес:

- Аксы окуясы боюнча териштирүүнүн натыйжасында эң эле оор жаза алды дегени болгону үч жылга шарттуу түрдө жаза алды. Күнөлүүлөр баары эле учурда жыргап жашап жатышат. Мисалы, ошол кезде команда берип, колун шилтеп атууга уруксат берген Ракишев деген мырза учурда милиция тармагында аябай эле чоң кызматта отурат. Анан да 17-март күнү боюнча териштирүү жүргөнү менен 18-март күнү жабыр алгандар, укук бузулуулар боюнча эч жерде сөз болбой калаган.

Ал эми ЖКнын “Ак жол” фракциясынан депутат, аксылык Бегалы Наргозуев өз сөзүндө кандай гана мамлекеттик режим болбосун Аксы окуясынан саясий өңүт издебей, бул күндү мамлекеттик деңгээлде эскерүү күнү деп жарыялоо зарыл деп айтты:

- Эскерүү ар жылы өткөрүлүп туруусу керек. Эстен чыкпай турган окуя болгон. Бирок муну ар бир бийлик режиминин тушунда коньюктурага жараша саясатка айландырбай, бүткүл улуттук эскерүү датасына айландырыш керек деп ойлойм.


пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG