Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

Оштуктар азык-түлүккө муктаж


Азык-түлүккө муктаж элге гуманитардык жардам таратылууда. Ош, 14-июнь.
Азык-түлүккө муктаж элге гуманитардык жардам таратылууда. Ош, 14-июнь.

Оштогу тополоң учурунда базарлар, ири соода түйүндөрү жана майда дүкөндөр өрттөлүп кеткендиктен шаарда калктын азык-түлүккө муктаждыгы күчөдү. Бийлик өкүлдөрү болсо маселе акырындап чечилип жатканын ырастоодо.

Кагылышуу учурунда Ош шаарындагы бардык базарлар, ири соода түйүндөрү жана майда дүкөндөрдүн дээрлик бардыгы өрттөлгөн. Ошол себептүү өзгөчө кырдаал киргизилген аймактагы жарым миллионго чукул калактын азык-түлүккө муктаждыгы күчөдү.
Азык-түлүккө муктаж элге гуманитардык жардам таратылууда. Ош, 14-июнь.

- Чай бар, башка эч нерсе жок. Аскерлерди көбүрөөк койсо, дүкөндөрдү иштетсе болот эле. Элдер эч нерседен зар болобосо, азыр баарыбыз азык-түлүктөн кыйналып жатабыз. Мен да балдарыма нан жеткире албай жатам, акчам бар, азык жок. Дүкөндөр эми талкаланганы талкаланды, талкаланбай калгандары ачпай жатат,
- деди бүтүн калган азык-түлүк дүкөнүн бүгүн ачкан сатуучу Зиягүл.

Ош шаарынын вице-мэри Алымжан Байгазаков билдиришинче, кечээ Бишкек жана Кызыл-Кыя шаарларынан, ошондой эле Ноокат районунан гуманитардык жардамдар түштү. Ун, нан жана картошкалар адегенде ооруканаларга, балдар жана кары-картаңдар үйлөрүнө бөлүштүрүлдү. Бүгүн Орусиядан ун жана башка азыктар келээри күтүлүүдө.

Бирок Ош шаарынын тургуну Нарынгүл анын жердештери үч күндөн бери азык-түлүк блокадасына кабылгандыгын жашырган жок:

- Биз гумжардам көргөн жокпуз...

Ушул маалда Наталья аттуу кемпир кепке кошулду:
Азык-түлүккө муктаж элге гуманитардык жардам таратылууда. Ош, 14-июнь.

- Тынбай аткалып жатышат. Бийликтегилер баары жакшы деп олтурушат. Мына качантан бери шаар өрттөнүп жатат, а алар бардыгы көзөмөлдө деп атышат...

Ал эми Галина атуу келин буларды кошумчалады:

- Кудай сактады. Биз өзүбүздүн айылдаш өзбектерди жашырып олтурабыз. Ошол эле учурда кыргыздар өзбектерди, же өзбектер кыргыздарды үйлөрүндө калкалап жаткан учурлар бар. Качанга дейре ушунтип жашайбыз? Убактылуу бийлик ушинтип элди кыйнабастан, бекем тартипти орнотпойбу? Армияны жакшылап куралдандырып, андан көрө милицияны оңдосун. Болбосо кырдаал оңолчудай түрү жок...

Мындан тышкары көчөдө ыйлап жүргөн Химияхан аттуу аялга микрофон сунганыбызда, ал Ош тополоңун уюштургандарды жана ага катышкандарды жазаламайынча, элдин көкшүнү суубай турганын билдирди.

Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча өкүлү Исмаил Исаков “Азаттыкка” курган маегинде Орусия аскер күчтөрү жагынан жардамдашса кырдаал тезирээк жөндөлөөрүн ачыктады.
Азык-түлүккө муктаж элге гуманитардык жардам таратылууда. Ош, 14-июнь.

Генерал Исаков мындан сырткары чукул кырдаал жарыяланган аймактарга мындан ары өлкөнүн ичинен жана чет мамлекеттерден гуманитардык жардамдар байма-бай келээрин жана алар биринчи кезекте зарыккандарга таратылаарын маалымдап, ошол эле учурда гуманитардык жардамды күтүп олтурбастан бардык ооруканаларды оокат-аш менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселесин губернатор жана мэр өз убагында чечүүгө милдеттендирилгендигин билдирди.

Автордон: Материлды топтоо жана даярдоо убагында биздин коопсуздугубузду камсыз кылган ички аскерлердин № 703 бригадасынын командирине жана өзгөчө багыттагы “Шер” отрядынын күжүрмөнү Кубаныч Исмаиловго терең ыраазычылык билдирмекчибиз.

XS
SM
MD
LG