Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

Парламент «Камбарата – 2» ГЭСин жеке колго өткөрүү мүмкүн экендигин ырастады.

Ошентип, Нарын дарыясындагы эң ири ГЭСтердин бирөөн толук менчиктештирүүгө жол ачылды. «Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусу өкмөттүн мына ушул аракетинин социалдык салакаларына арналмакчы. Талкууга иш сапарында жүргөн саясат таанучу Карыбек Байбосунов телефон аркылуу, студияда саясат таануучу Табылды Акеров катышмакчы.

- Карыбек мырза, мурунку парламент «Камбарата» ГЭСтерин Токтогул катарынан чыгарып, бирок аны жеке колго берүүгө мүмкүн эместигин ырастап келсе, бул парламент ал мыйзамды жокко чыгарып берди. Мунун артында кандай саясий кызыкчылыктар башбактап турат?

Карыбек Байбосунов: - Мамлекеттик кызыкчылыктар башбагып турат. Адамдар коркпой-үркпөй эле мындай ГЭСтерди жеке колго алып иштетиши керек. Өнүккөн мамлекеттерде деле корпоративдик ээликтер бар. Ошолор энергетикалык булактарга ээлик кылып башкарышат. Анан жаңкы тариф жагынан чочулоолор болушу мүмкүн. Аны кетирилип жаткан чыгымдарга жараша, анан өзүнүн ала турган пайдасына жараша балансты кармап, кандайдыр бир тарифти орнотсо болот. Бул жерде эч кандай зыян болбойт. Жеке колго өткөрүү керек.

- Табылды мырза, стратегиялык объекттердин жеке колго өтүшүнөн камтама болушка негиз жокпу?

Табылды Акеров:
- Бул артынан социалдык маселелерди көтөрүшү мүмкүн. Геосаясий кызыкчылыктарды да козгоодо. АКШ Ооганстанда көпкө кармалып, Кыргызстандагы авиабазасын туруктуу кармоого кызыкдар. Орусия болсо жаңы базасын жайгаштырууну көздөөдө. Ошондон Орусия бул жерде ГЭСтерди алып, аны басым рычагы катары колдонушу мүмкүн. Кыргызстандын да кызыкчылыгы бар. Ал 6-7 жылдан бери энергетиканы жеке менчикке өткөрүүнү көздөп келатат. Бирок аны ишке ашыруу кыйынга турууда. Эл каршы. Азыр Кыргызстанда энергетика тармагын жеке колго өткөрүү аракети болууда. Эгер андай болуп кетсе кыйын. Казакстан Алматы ТЭЦин сатып ийип, кайра өзү сатып алышка мажбур болгон. Анан акционерлештирилсе ишкана жетекчилери акциянын баарын өз колунда сактап калганга аракет кылышууда. Энергетика комплекси татаал иш. Андай болсо аны колдон чыгарып ийүү коркунучу да бар.

- Карыбек мырза, энергетикалык системага азыркы бийликтеги кайсы бир таасирдүү күчтөрү кызыкдар экендиги айтылууда. Анан ошондой объекттин башка бир өлкөнүн ишкерлерине өтүп кетиши Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугуна таасирин тийгизбейби?

Карыбек Байбосунов: - Эгер энергетикага көңүл бурбай таштап койсок, албетте, андан кол жууйбуз. Анан өз акчасы менен келген корпоративдерге эмне үчүн берүүгө болбосун? Табылды мырза айтып жаткан эки базанын бул ГЭСтерге эч кандай тиешеси жок. АКШ менен Орусиянын базасы бул геосаясат. Буларды эки башка коюш керек. Алма деген алма, эт деген эт. Бул жерде экономикалык түйүн бар. Акционерлер ишкананын жакшы иштешине кызыкдар. Анте албаса өкмөт алардын жоопкерчилигин алып коюуну ойлонушу керек.

- Табылды мырза, бул жерде экономикалык кызыкчылык жөнүндө кеп болду. Бирок анын артында саясий кызыкчылык деле бар. Мисалы, ГЭС курулушуна Өзбекстан каршы болууда.

Табылды Акеров: - Бул геосаясий кызыкчылыкка да байланыштуу. Биздин ГЭСтер Орусия ишкерлерине сатылат. Орусия Борбор Азияны өз кызыкычылыгына баш ийдирип сактап калыш үчүн аракет кылууда. Бул жерде АКШ кызыкчылыгы да бар. Эки мамлекеттин талашы болуп жатат. Өзбекстан болсо Кыргызстан ГЭСтеринин Орусияга өтүшүн каалабайт. Орусия болсо өз кызыкчылыгын Борбор Азия, Молдова мамлекеттеринде жүргүзүүгө кызыкдар.

- Кыргызстан менен Тажикстандын суу ресурстары Борбор Азиядагы негизги маселелердин бири. АКШ менен Орусия, бул жакта Өзбекстан, Казакстандын кызыкчылыктары башбактап турат. Карыбек мырза, экономикалык кызыкчылык артынан саясий кызыкчылык алып келген жокпу?

Карыбек Байбосунов: - Кыргызстандын ички экономикалык маселелерине кийлигишке эч кимдин акысы жок. Өзбекстандын бул жагынан жасап жаткан аракеттери туура эмес. Анын аймакты ээлеп алуу ниети бар экендиги Орусия өз базасын түштүктө жайгаштырууну көздөгөндө байкалып калды. Кыргызстан өз саясатын өзү жүргүзгөнгө кудурети жетет. Ошон үчүн Өзбекстандын суу саясатына кийлигишке кандай акысы бар? Анан жеке колго өткөрүүдөн эч кандай чочулабаш керек.

- Табылды мырза, энергетикалык объекттердин жеке колго өтүшүндө эл кызыкчылыгы кайда калат?

Табылды Акеров: - Биринчиден, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна коркунуч туулушу мүмүкн. Ал орусиялык ишкерлердин колуна өтүшү мүмкүн. Орусиялыктар суу бөлүштүрүүгө таасирин тийгизип, аларга басым көрсөтүшкө мүмкүнчүлүк алышат. Кыргызстан өз алдынча саясат жүргүзө албай калышы мүмкүн. Экинчиден, ал ГЭС кандай сатылат? Мына, Саян-Шушен ГЭСиндеги кырсык көрсөткөндөй, объект аркыл тармактарга бөлүнүп кетиши ыктымал. Алардын өз кызыкчылыктары бар. Анан бул объекттен кийин Кыргызстандагы башка ГЭСтер да жеке колго өтүш коркунучу бар. Бизде коррупция күчтүү. Ошондон аткаминерлер чет элдик ишкерлерге “шапкесин” алып сатышка аракет кылышат. Энергетика комплексин сатуу менен энергетикалык өз алдынчалыгыбызды жоготуп алышыбыз мүмкүн.

- Карыбек мырза, сиз кандай ойдосуз?

Карыбек Байбосунов: - Мен Табылды баатырды абдан сыйлайм. Бирок ГЭСтерди жеке колго өткөрүү – мезгил талабы. Ансыз биздин экономика алдыга жылбайт.

- Анда эмесе кебибизди жыйынтыктасак. Мырзалар ырхамат!

"Азаттыктын" архивинен: Камбар-Ата - Кыргызстандын үмүтү

Тасмада: Кыргызстан 2009-жылы декабрда Камбар-Ата -2 ГЭСинин биринчи агрегатын ишке киргизүүнү максат кылууда. Биринчи агрегатты ишке киргизүү өлкөгө жылына кошумча 400 млн. кВт. саат электр кубатын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. BD.

XS
SM
MD
LG