Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:53

“Азаттыктын” «Ыңгайсыз суроолор» сыналгы берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы курултайларга жана өлкөдөгү акыркы кырдаалга арналды.

Талкууга катышкандар:



Президенттик катчылыктын өз ара аракеттенүү кызматынын жетекчиси Илим Карыпбеков





БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү Эмил Каптагаев







“Азаттык”: 17-мартта оппозициялык уюмдар уюштуруп жаткан Элдик курултай, 23-24-мартта президент К.Бакиевдин демилгеси менен Ынтымак курултайы өтөт. Илим мырза, Ынтымак курултайында карала турган маселелер аныкталдыбы, күн тартибинде эмнелер бар?

Илим Карыпбеков: Буга чейин президент өз сөзүндө да негизги багыттарын, кандай суроолор каралып, кандай сөз болоорун айтып кеткен болчу. Негизинен мамлекеттин бүтүндүгү, өнүгүү багыты, дегеле өлкөбүздө көйгөйлүү болуп турган маселелер каралмакчы. Анын ичинде көптөгөн суроолор бар.

Азыр, мисалы, ошол эле оппозициямын деген кыймылдардын өкүлдөрү тариф эмне үчүн каралбайт деп айтып атышпайбы. Менимче, Ынтымак курултайында бир гана тариф менен чек койбостон, анда азыркы учурда ар бир аймакта болуп аткан маселелер көтөрүлмөкчү.

“Азаттык”: Менин түшүнгөнүмө караганда, тарифтердин кымбатташы боюнча сунуш келип түшсө керек. Андан башка да кандай сунуштар түшүп атат? Ошол сунуштар негизинде күн тартиби топтолобу?

Илим Карыпбеков: Эң туура айтасыз. Азыртадан эле сунуштар түшүп жатат. Мисалы, тарифтер, аймактык бүтүндүк, мамлекеттин өнүгүүсү, суу маселелери, диний жана экстремисттик коопсуздук, дегеле мамлекетибиздин аймактык коопсуздугу жөнүндө маселелер түшүп жатат.

Андан тышкары башка маселелер да бар. Мисалы, бүгүн эле Муратаалы ажы Жуманов мусулманчылыктын жакшы, жаман тараптары жөнүндө сүйлөө сунушун берди. Бейөкмөт уюмдарынан Азиза Абдрасулова, Динара Ошуракунова адам укугу жөнүндө сүйлөйт элек дешти. Алар “бизге сөз берсеңер катышабыз” дешкен, укук коргоочуларга сөзсүз түрдө сөз берилет.

“Азаттык”: Эмил мырза, сиздин пикириңизде, бийлик эмне себептен курултай чакырып атат? Сиздерге бул канчалык ынанымдуу?

Эмил Каптагаев: Бул курултайдын Жобосун карап көрсө, ынана турган эч нерсе жок. Анда “коңшу мамлекеттер менен өз ара мамиле каралат” деп жүрөт. Бүгүнкү күнгө чейин кандай маселе каралары белгисиз.

Негизи курултай чакырарда алдын-ала “ушундай маселе болуп атат, элдин бир пикири керек, ушуга чогулалы” деп курултайга чогулат. Бул эзелтеден келаткан салт. Анан “алты аял базарга барса ар ким өзүнүн арманын айтат” болот. Бирок “келгиле, ушул жерден көрөбүз, сүйлөшөбүз” деген бул курултай эмес.

Бул, биринчиден, кандайдыр бир жыйын. Экинчиден, курултайда чечилчү маселенин салмагына карата, ошол маселени чечкенге тиешеси бар адамдар чогулат. Бул Президенттик курултайда мамлекеттик саясатты, мамлекеттик ички иштерди аныктаган адамдардын баары сыртта калды.

“Азаттык”: Мисалы, кимдер деп ойлойсуз?
Эгерде сиздер Гуревич мындай аферист болуптур, мындай нерселери бар экен деп турсаңыз, жок дегенде сиз менен биригип укук коргоо органдарына кайрылалы.


Эмил Каптагаев: Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттары курултайдын сыртында калаарын айтты. Бир жагынан алганда булар кандайдыр бир деңгээлде элдин ишеничинде болгон адамдар. Аларды кошпойт. Мамлекеттик кызматтагы адамдар, саясий партиялар кошулбай турганын айтты. Мына ушундай шартта чогулган адамдардын пикири бул - кеңеш берүүчү гана мааниге ээ болот.

Бул курултайга кандайдыр бир жүк артып, ушуга тилек кылган кишини мен көргөн жокмун. Баштала электе эле элдин ишеничинен кетти. Ошондон улам 17-мартта Элдик курултай өткөрүү демилгеси көтөрүлгөн. Бүгүнкү күндө бардык региондордо колдоого ээ болуп, 17-марттагы курултайга региондун бардык делегаттары келип калышты.

“Азаттык”: Эмил мырза, сиз бул жерде маселе чече турган адамдар чакырылбаганын айттыңыз. Бирок элдин үнү катары ушундай жыйын өткөрүүнүн кандай жаман жагы бар?

Эмил Каптагаев: Жаман жагы жок. Эгерде мамлекеттик саясат түз, туура баратса биз “элдин пикирин угуш керек” деп айтат элек. Бирок биз бүгүн көрүп аткан саясат бул - элди тоноого, мамлекетти бүлүнтүүгө, талоого болгон саясат болуп атат. Ошого гана сыртынан жасалма түр көрсөтүп, “мына, элдин да пикирин угуп атабыз” деген бир кадам болгон.

Ушул курултайды сунуш кылган саясий технологдор аябай чоң ката кетирип, бүгүнкү күндө президенттин да, анын үй-бүлөсүнүн да шайын кетирип атышат. Анткени бир туңгуюкка камалып, ушул курултай менен андан кантип чыгаарын билбей отурушат. Чоң сөз баштап алышты.

Сунуш болгон, бирок ал кабыл алынган эмес

“Азаттык”: Илим мырза, азыр эле “Ынтымак курултайы өтпөй жатып ага болгон ишенич кетти, бул кезектеги жасалма, “дүжүр” эле жыйындардын бири болуп калышы мүмкүн” деген пикир айтылды. Сиз муну канчалык негиздүү деп ойлойсуз?

Илим Карыпбеков: Бала төрөлө элек кезинде эле “ошол бала жаман бала болмой болду, атасы тигинтип атат, энеси мындай болуп атат” деген сыяктуу сөз. Кандайдыр бир жакшы демилге көтөрүлсө ошону кайра колдоп, “келгиле аракет кылып көрөлү, ушундан чынында эле бир натыйжа чыгаттыр” дебейт.

“Азаттык”: Оппозиция жөнүндө айтып калдыңыз. Башында мейли Жогорку Кеңеш иштеп атыптыр, өкмөт өзүнчө иштеп аткан экен. Бирок оппозиция өлкөдө болуп аткан процесстерден сыртта калгандай болду. Эмне себептен башында эле Ынтымак курултайына оппозиция чакырылган эмес?
Эптеп элди зордуктап кармап турабыз, ооз ачтырбайбыз, өлтүрөбүз, кырабыз деген эле саясат болуп атат.


Илим Карыпбеков: Өзүңүздөр билесиздер, башында эле ар бир жергиликтүү жыйындарда эл өзү аймак-аймактардан тандап алаары жарыяланган. Оппозициянын аткаминерлеринин аймак болобу, же мамлекеттин деңгээлиндеги адам биздин саясатчы деп ар бир айылдагы жыйында көтөрүп, делегат кылып шайлап алганга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Биз ошондуктан биринчи мүмкүнчүлүктү ошол жерге бердик.

Эч ким кийлигишкен жок. Кийлигишмек тургай президенттин жеке тапшырмасы менен административдик кийлигишүү болбошу керек деп атайын берилген болчу. Бирок, тилекке каршы, ошол жыйындардан оппозициянын өкүлүмүн деген адам чыкпай калды.

Президенттик квота менен 150 делегат бар болчу. “Мен оппозициямын, көз карашым таптакыр башка” деген адамдардын баарын чакыргыла деген президенттин түзмө-түз көрсөтмөсү менен уюштуруу комитети элге кайрылдык. Себеби президенттин квотасы болгондон кийин баарына кайрылып чыктык, керек болсо “келиңиздер, кириңиздер” деп чалдым.

“Азаттык”: БЭКтин өкүлдөрүнө да чалдыңызбы?

Илим Карыпбеков: Баарына кайрылдык. Биз эч кимди бөлгөн жокпуз. “Оппозициямын дегендер келип, ошол жерге катышып, делегатыңыздарды сунуштагыла, бардыгы кирет” дедик.

“Азаттык”: Бирок сунуш жокпу?

Илим Карыпбеков: Сунуш түшкөн жок. Эми караңыздар, Ынтымак курултайына катышып, ошол жерде конструктивдүү сунуш болсо, “мамлекеттин өнүгүүсүн ойлоп жатабыз, программаларыбыз бар, кризис болсо ушул кризистен чыгып кете турган биздин мындай ой-пикирибиз бар” дегендин ордуна, ар кандай жыйындарды өткөрүп, алдын-ала эле “бул жаман нерсе” деп атышат.

Эми ошол жерде карапайым эл катышып атат. Жаман жагы - эл эле катышып атат, депутаттар, мамлекеттик чиновниктер катышпайт дейт. Мамлекеттик чиновниктер, депутаттар ал жерге конок катары чакырылат. Ал жерге келип, ошол жерде элдин сөзүн президент баш болуп угат.



“Азаттык”: Эмил мырза, “биз чакырганбыз, бирок оппозиция эмнегедир өз тарабынан кишилерди сунуштаган жок” деп айтылды. Буга эмне себептер болду?

Эмил Каптагаев: Илим айткан ушул жердеги сөз - бул саясий куйтулуктун, саясий жүзү каралыктын, саясий бет тырмарлыктын эле үлгүсү. Биринчиден, жер жердеги курултайлар кандай тартипте өттү? Мына, элдин баары айтып атат, ар ким эле айылдан каалаган элет тургундарын чогултуп, жыйында курултайдын делегаттары аныкталган жок да. Ал жерде Акаевдин убагында түзүлүп калган “дүжүр структура” бар.

Экинчиден, шайланып атканда “тигини чакырбагыла, тигиге айтпагыла” деген. Мына, Динара Ошуракунова болор күнүн, болор саатын жашырып, киребиз деген кишилерди киргизбей, жабык эшиктин артында мурдатан дайындалган тизме менен курултайды дайындап чыгышканын ачык айтып чыккан. Көп жерден 100 пайыз өткөрө алды деген болбойт, кээ бир жерден балким калыс адамдар өтүп кетиши мүмкүн.

“Азаттык”: Жок дегенде ошол жерде сиздерди урматтаган, же БЭКке мүчө болгон партия, кыймылдардын мүчөлөрү барбы?

Эмил Каптагаев: Мисалы, БЭКке кирген партиялар бул курултайга барбай турганын айткан. Анткени биринчи кандай маселе каралаарын айтыш керек. Экинчиден, “оппозициялык партиялар мындай тартипте өзүңөрдүн өкүлдөрдү аныктагыла, баланча киши келип, анан ушул маселени талкуулайлы” деп айтыш керек да. Жөн эле жалпы жонунан сыналгыдан, же гезитке чыгып, “келгиле, анан көрөбүз” деген болбойт.

“Азаттык”: Белгисиз болгон үчүн барган жоксуздарбы?

Эмил Каптагаев: Тартиби белгисиз. Мисалы, мага партиянын жетекчиси катары бир да киши айткан жок. Бул саясий жүзү каралык, бет тырмарлык, куйтулук дегендин дагы бир далили. Куйту деген кандай? Бир нерсени жасалмалап, жылмалап, болгон нерсени болбогондой, болбогон нерсени болгондой айтып атканды куйту дейт.

Ошол эле курултайда “биз аттуу-баштуу кишилерди чакырып, маанилүү маселелерди талкуулайбыз, элдин үнүн чиновниктерди отургузуп алып угузабыз” деп айтып атат. Ушуга чейин чиновниктер элдин үнүн укпай атабы? Укту деген чиновниги Данияр Үсөнов кечээ чыгып, элдин бетине түкүрдү. “Эмне кылсаңар ошону кылгыла, мен 2 сом кылмакмын, 1 сом 50 тыйынга ыраазы болгула” деп атат. Ал эми эл ыраазы бололу деп тариф маселесин көтөрүп аткан жок. Алар “сен асмандын башындагы сандарды айтпа, ошол эле Казакстанда, же башка чет өлкөдөгү пенсиянын, айлык акынын көлөмүн айт, ошол жактагы жашоо деңгээлин айт, анан кийин 2 сом, 1 сомуңду айт” деп атат.

Эмне үчүн тариф көтөрүлдү? Анткени тарифти көтөрүп өздөрү сатып алган ишканаларды кайра саткан атышат. Мына бүгүн “Түндүкэлектрого”, ошол эле “Жалал-Абад электрого”, “Ошэлектрого” жанталашып кардар издеп атканын коомчулук билип турат. Мына, ушунун бардыгын куйтулук дейт.

Илим Карыпбеков: Биз азыр ачык конструктивдүү сүйлөшүп атабыз. Мен ини катары сизди абдан сыйлайм. Сизден өтүнүчүм - улуу катары мени кичине урматтасаңыз жакшы болот эле. Жүзү кара, куйту деген жаман сөздөрдөн кичине алысырак болсок.

Эмил Каптагаев: Мен саясаттагы көрүнүш катары айтып атам.

Илим Карыпбеков: “Бир гана нерсе болду, ошол жерде маселе белгисиз болгондуктан биз катышкан жокпуз” дедиңиз. Өзүңөр элестетсеңер, эгерде биз маселени даана кылып койсок анда биз аныктаган болуп калабыз да. Анда оппозиция “булар курултайда мурдатан эле эмне суроо каралаарын чечип, сценарийди жазып койгон” деп чыкмак.

Жергиликтүү шайлоолор боюнча айтайын. Буга чейин да уюштуруу комитети айттык, кемчилик болбой койгон жок, болду, аны биз моюнга алдык. Колубуздан келишинче, ошого түзмө түз административдик киришүү жасабастан таасир кылганга аракет кылдык. Бирок ошонун баарын эске алып айттык. Эми ошону туура эмес өттү десеңиздер, ошол 150нүн ичине кириңиздер, бериңиздер. Өзүңүздөр бул жерде мындай суроону талкуулаш керек деп айтыңыздар.

Эмил Каптагаев: Атамбаевге, Текебаевге, Каптагаевге, Сариевге - кимге айттыңар?

Илим Карыпбеков: Мисалы, Темир Сариевге жеке айтылган. Мен үч жолу кайрылуу жасадым, массалык маалымат каражаттары аркылуу айттым, оппозицияны чакырдым. Динара Ошуракунова, Азиза Абдрасулова, Асия Сасыкбаева менен 3-4 жолу жолуктум. Эч кимди биз бөлгөн жокпуз, эч кимди биз аныктаган жокпуз.

Көкөлөгөн баалар, нааразы калк

“Азаттык”: Оппозиция Элдик курултай өткөрүүнү пландаштырууда. “Ак жол” фракциясынын жетекчиси Улукбек Ормонов өткөндө парламентте оппозиция бир шылтоо гана издеп, эптеп элди митингге, көчөгө алып чыгуунун аргасы караты гана ушундай бир жыйын чогулутуп атат деп айтты. Негизги максаты эмнеде?

Эмил Каптагаев: Элди көчөгө оппозиция алып чыккан жок, элди ошол эле Данияр Үсөнов, ошол эле башкарып аткан үй-бүлө алып чыгып атат. Элди жонунан кайышты илип, ар бир үйдү мүңкүрөтүп, жарга такап, жардын кырына алып барып, мындан ары секирип кет дегенге алып барган үчүн эл чыккан атат. Муну биз чыгарган жокпуз.

Бүгүн, тескерисинче, эл мага, башкаларга келип, “бир жол көрсөтпөйсүңөрбү, айтпайсыңарбы, чыкпайсыңарбы, биз кырылабызбы, өлөбүзбү” деп өзү түртүп, эл өзү чыгып атат.

“Азаттык”: Илим мырза, тарифтер кымбаттагандан кийин электр кубатына, сууга, уюлдук байланыштын кызматына акылар көбөйгөндөн кийин нааразычылык күчөгөндүгү айтылып атат. Силер буга макулсуздарбы, же эл бул кезектеги көтөрүлүү катары муну туура кабыл алып атат деген пикирдесизби? Бир топ жерлерде митинг, пикеттер өттү. Мисалы, Нарында 3-4 миң киши катышкан пикет болду. Ушул боюнча президенттин катчылыгы анан өкмөттүн ортосунда ушуга байланыштуу кандайдыр бир иштер жүрүп атабы?

Илим Карыпбеков: Албетте иштер жүрүп атат. Азыр бул багытта өкмөт менен бирге президенттин институту өтө тыгыз байланышта иштешип атат. Мен баса белгилеп айтып кетишим керек, азыр дүйнө жүзүндө ушундай тенденция бар, тарифтер бардык жерде эле көбөйүп атат. Мисалы, ошол эле Орусияда, башка Европа өлкөлөрүндө көбөйүп жатат. Өнүккөн өлкөлөрдө да, бир да өлкөдө тартифтин көбөйүшүн эл жеңил кабыл алган эмес. Сөзсүз түрдө баардык жерде бул элге оор тиет.

Бул жыргаганыбыздан, же элибизди кыйнайлы, зордойлу дегенден барган жокпуз. Буга энергетика системасынын абалы, ошол энергетиканы 2-3 жылдан кийин жоготуп алуу коркунучу болгондуктан бардык.

Ал эми кымбаттатуу боюнча айтсам, канчалык деңгээлде баалар туура көтөрүлгөнүн текшерүүнү президент Өнүктүрүү агенттигине тапшырма бербедиби. Анын натыйжасы жакында чыгат.

Биз асмандын башында отуруп алып эле жыргап жүргөн жокпуз. Чындап келгенде ал тарифтер мага да оор болуп атат. Мен мамлекетимди, келчегимди ойлойм десем, азыртадан кадамдарга барышыбыз керек. Экинчиден, мен өзүм да нарындыкмын, туугандарымдын баары ошол жерде, мен аларды да жакшы түшүнүп турам, толук чаралар көрүлүп жатат.



Каймагын кимдер сузуп атат?

“Азаттык”: “Түндүкэлектро” баштапкы баасы болгону 3 млн. доллар, анын сала турган акчасы 80-84 млн. доллардын тегерегинде болчу. Өтө арзан сатылды деген пикирлер бар. Сиздер ушул боюнча иликтөө ишин жүргүздүңүздөрбү?

Илим Карыпбеков: Мен адис катары толук түрдө айта албайм. Себеби электр системасында мен адис эмесмин. Бирок премьер-министр өзү да айтты. Негизгиси баасында эмес, негизгиси системага акча, инвестиция жумшоо шарты коюлган. Ошондуктан “эгерде бир долларга алам дей турган болсо, канча жолу койдук, мына алгыла” деди.

Эмил Саламатовичке, ошол эле башка кыймылдарга айтат элем, баарыңыздар элдин байлыгын өнүктүрүп, инвестиция салам деп, ошого катышкыла. Мен дагы бир жолу айтып атам, буга жыргагандан барган жерибиз жок.

Эмил Каптагаев: Илим бул жерде энергетика тарифти көтөрүп оңдобосок, бүгүн-эртең токтоп калат деп атпайбы. Бул да жалган маалымат. Энергетика тармагы токтоп кала тургандай абалда эмес.

Мына, Токтогул ГЭСи 2002-2007-жылдары дээрлик толук ремонттон өткөн. Акыркы 15 жылда энергетика тармагына 380 млн. долларга жакын акча салынган. Бүгүнкү күнгө чейин ошол акчалар пайдаланылбай жатат, бирок кайда экени белгисиз акчалар бар. Эксперттердин да жазып чыккандары бар.

Экинчиден, Токтогул ГЭСи 30-40 жыл иштеди деп бизге жалган айтып атышат. Ошол эле энергетик адистердин айтканы боюнча, Токтогул, же башка ГЭСтерге 30-40 жыл деп эсеп болбойт, ал жерде канча саат иштегени маанилүү. Токтогул ГЭСи жылына эң көп иштегени 165 күн иштейт, калган агрегаттары кезек менен иштейт. Ошондуктан адистер 40 жыл ичинде Токтогул ГЭСинин иштеген мөөнөтү 12-15 жылдан ашпайт деп айтып атат. Бул маалыматтар бизде толук бар, ар бир ишкана боюнча качан салынган, качан оңдолгон, канча саат иштеген деген так маалыматтар бар.

“Азаттык”: Эмил мырза, Элдик курултай кабыл алган чечимдерди сиздер бийликке сунуш кыласыздар. Эгер аткарылбаса анда эмне болот?

Эмил Каптагаев: Элдик курултайда эл сунуш кылбайт, эл талап кылат. Эл ошол эле энергетика, суу, жылуулук боюнча тарифтерди, элдин байлыгы, энчиси болгон объектилерди талап-тоноп сатуу боюнча, ошондой эле азыр түбүнө чейин жетип турган саясий репрессия, террорду токтотуу, Исмаил Исаковго карата зомбулук аракеттери боюнча айтууда. Исаковду 8 жылга жөн жеринен алып барып камап аткан факты боюнча айтат. Акыйкатчы Турсунбек Акун “президентке кирип айтсам, менден кечирим сураса чечет болчумун деди” деген сөзү бар. Мунун өзү бул жерде мыйзам болбогонун, бул саясий буйрутма экенин айтып турат.
Укту деген чиновниги Данияр Үсөнов кечээ чыгып, элдин бетине түкүрдү. “Эмне кылсаңар ошону кылгыла, мен 2 сом кылмакмын, 1 сом 50 тыйынга ыраазы болгула” деп атат.


Ошондой эле азыр “Азаттыкты”, Би-Би-Сини, интернеттеги сайттарды эмне үчүн жаап атышат? Анткени бийлик чындык маалыматтын элге жетишинен коркот. Мына, Илим өзү деле “биз өнүккөн мамлекеттин катарына кирип атабыз” дейт. “MGN Group” менен Гуревичтин чатагы эмне болуп атат? Мамлекетпиз десек, биз мыйзамды сыйлайбыз десек, биз адамкерчиликтүү таза иштеп атабыз десек ошол Максими баш болуп бүт баары чыга бериш керек болчу. Коомчулук, мамлекеттик органдар биригип комиссия түзсүн, толук карап чыксын.

“Азаттык”: Өкмөт башчы Данияр Үсөнов маалымат жыйынында өкмөттүн “MGN Group” компаниясына тиешеси жок деп айтты.

Эмил Каптагаев: Ошол тиешеси жок экенин коомчулук көрүш керек да. Ал 2-3 жылдан бери башкарып атат, Гуревич кайсы гана директорлор кеңешине төрага болгон жок. Ошонун баарын карап чыгып, “мына 3 же 6 айда карап чыккыла, эгер таза болсок анда кайра келип иштейли” деп айтыш керек эле. Айтпай, көгөрүп атат.

15-мартта Жалал-Абадда Текебаевдин инисин баш кылып сабап кетишти. Мунун баары эптеп элди зордуктап кармап турабыз, ооз ачтырбайбыз, өлтүрөбүз, кырабыз деген эле саясат болуп атат.

“Азаттык”: Илим мырза, «Фридом Хаус» уюму иликтөө жүргүздү, анын натыйжасында Кыргызстанда адамдардын эркиндиги барган сайын чектелип баратат деди. Чын эле соңку убакта эркин ММКларга, сайттарга кысым күчөдү. Саясий террор жүрүп атат деп айтып атат. Кандай пикирдесиз?

Илим Карыпбеков: Талап деди, талаптардын баарын Ынтымак курултайына койсо, чыгарса болмок беле? Болмок. Жол ачык болгондон кийин президентке, жогорку бийликтин адамдарына ошол талапты койсо болмок беле? Болмок.

Эмил Саламатович Би-Би-Си, «Азаттык» чыкпай атат деп да айтып кетти. «Азаттык» боюнча мен кечээ билдирүү бердим, толук түрдө анын баарын текшерип карап чыгабыз. Жеке менчик уюмдарга өкмөттүн таасири барбы, жокпу – муну изилдеп чыгыш керек. Аны изилдей баштадык.

Би-Би-Си боюнча айтайын. Азыр Би-Би-Си жабылды деп чуу чыгарып атышат. Мен азыр документти алып келдим, бул Би-Би-Синин спутнигинин өзүнүн күнөөсүнөн чыкпай жатат. КТРдин бул жерде таптакыр тиешеси жок. Ошондуктан ушундай чакыруу, үндөө жасаганда, элге айтканда ошону иликтеп чыгып, аныгын билип туруп айтса, жакшы эле болмок.

“Азаттык”: И.Исаков, А.Жекшенкулов, Петровка, Балыкчы окуялары боюнча эмне дейсиз?

Илим Карыпбеков: Биринчиден, соттук териштирүүлөр болуп жатат. Исмаил Исаков боюнча, менин билишимче, азыр Жогорку Сотко арыз даярдалып жатат. Соттук система - өзүнчө көз карандысыз система. Юридикалык өзгөчөлүктөрдү мен билбегенден кийин адис катары айтып бере албайм.

Далил, жүйө, божомолдор

“Азаттык”: Акыркы суроолорумдун бири. Кыргызстанды бүгүн кимдер башкарып атат?

Эмил Каптагаев: Анык болуп калбадыбы, эл аралык аферисттер башкарып атат. Элдин баары тең ошолордун кызыкчылыгына, чөнтөгүнө иштеп атат.

“Азаттык”: Далил барбы?

Эмил Каптагаев: Гуревич боюнча “италиялык мафия, анын мүчөсү катары эл аралык финансылык афераларды жасаган, ошол мафиянын мүчөлөрүнө акча бөлүштүрүп отурган киши” деп айтып чыкпадыбы. Мына баарыбыз окудук. Эми ошондой эл аралык мафияга акча бөлүштүрүп отурган, эл аралык финансылык махинация жасаган киши Кыргызстанга келип сүттөй ак болуп иштеген жок да. Иштеди деп комиссия түзүп, карап чыгып, бардык коомдун катмарына киргизилсин.

“Азаттык”: Сиздерде Эсеп палатасына, Улуттук коопсуздук кызматына, же болбосо башка фискалдык органдарга ишеним жокпу?
Бала төрөлө элек кезинде эле “ошол бала жаман бала болмой болду, атасы тигинтип атат, энеси мындай болуп атат” деген сыяктуу сөз.


Эмил Каптагаев: Жок. Аксы окуясынан кийин мамлекеттик коомчулук катышкан комиссия иштеген, ошол Аксы окуясынын отчету бүгүнкүгө чейин турат. Ошол отчетко кандайдыр бар деңгээлде ишенич бар. Анткени ал жерде коомчулуктун өкүлдөрү бар. Ал эми бүгүн бизди айттырбай эле, элди чырылдатпай эле президент өзү жасаш керек болчу. Өзү бүгүнкү күнү баласын, бир туугандарынын баарын кызматтан алып, кайдагы шумпайларды алып келгенсиңер деп, элдин көзүнчө айтып, комиссия түзүп, бир жумадан бери иштеш керек эле.

Илим Карыпбеков: Кубат мырза, “ким башкарып жатат” деген сурооңузга мен кошулбайм, бул туура эмес суроо. Себеби ким башкарып жатканын эл билет. Жогорку бийлик башкарып жатат. Үч бутак бийлик, эл шайлаган президент башкарып жатат.

Эмил мырза аферисттер башкарып жатат дегениңиз да - бул жогорку бийликте отурган адамдардын аброюна шек келтирген деп баа берем. Андай деп айтпаш керек да. Туугандар, бир өлкөдө, Кыргызстанда жашап жатабыз. Эгерде кайсы бир адамды аферист деп ойлосоңуз, сиз документтер бар деп атасыз, ошол далилдериңизди бериңиз, бизге берсеңиз биз ыраазы гана болобуз. Сот чечсин. Аны алдын ала аферист деп айткандын бери жагы эле туура эмес. Андай болушу мүмкүн эмес, андай болбош керек.

Эгер сиз документтериңиздин бир көчүрмөсүн бизге берсеңиз, биз ыраазы болобуз, анын баарын карап чыгабыз. Расмий түрдө азыр өзүнүн позициясын премьер-министр да айтты, эч кандай өкмөттүк, же мамлекеттик уюмдарга ал кишинин тиешеси жок деди.

Өнүктүрүү фондунун буга чейин кандайдыр бир келишимдери болгон экен, ал келишимди биз токтоттук деди. Бирок ал киши менен мен тааныш эмесмин, буга чейин мен билген да эмесмин. Эгер бир адам “мына, бизге келиптир, ошол жөнүндө мындай иш болуп атат, баарыңар ошонун негизинде аферистсиңер” деген бул туура эмес.

“Азаттык”: “MGN Group” Кыргызстандагы бир топ ири кирешелүү ишканалардын контролдук акцияларын башкарып атканы тууралуу маалыматыңыз жокпу?

Илим Карыпбеков: Эмил мырза ошол боюнча биздин далилдерибиз бар деп айтты. Ошону бериңиз, мен өзүм укук коргоо органдарына берейин, жогорку бийликке алып келип ошону талдайлы. Ошондо конструктивдүү болот да.

Эмил Каптагаев: Илим, менден сурабай эле, мына расмий документтер турат, Гуревич өкмөттүн контролдук пакети бар кайсы компаниялардын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп отурганы турат. Тизме бар. Силер кантип тааныбайсыңар?

Илим Карыпбеков: Эгерде башкарып отурса, анын жолдору, эрежелери бар да. Эгерде сиздер Гуревич мындай аферист болуптур, мындай нерселери бар экен деп турсаңыз, жок дегенде сиз менен биригип укук коргоо органдарына кайрылалы.

Мен Гуревичти актаган жокмун, мен ал кишинин адвокаты эмесмин, ал жерде эмне болуп атканын да билбейм. Экинчиден, менин окушумча Гуревич ошондой аферисттик махинацияларга тиешеси бар деген айыпты судья чыгарды. Үчүнчүдөн, эгерде дегеле ошондой адамдын мамлекеттик органдарга тиешеси бар болсо албетте бул терс көрүнүш, ага мен да макулмун. Ошондой терс көрүнүш чынында эле далилденип чыкса, сөзсүз түрдө тиешелүү чараларды колдонуп, жооптуу адамдарды жоопкерчиликке тартышыбыз керек. Ошондуктан келиңиздер ошону менен чогуу-чара отуруп, силер сунушуңуздарды бериңиздер, чогуу текшерүү жүргүзөлү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG