Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:45

“Азаттык” үналгысынын «Ыңгайсыз суроолор» берүүсүнүн кезектеги чыгарылыш апрель ыңкылабынан кийинки конституциялык реформа жана мамлекеттик башкаруу системасына арналды.

Талкууга катышкандар:



Конституциялык реформа боюнча жумушчу топтун мүчөсү Ишенбай Кадырбеков





“Эл арманы” саясий партиясынын төрагасы Мирослав Ниязов







“Азаттык”:
Ишенбай мырза, үч айдын ичинде Конституция кабыл алынганы жатат. Ошол Конституцияда мурдагы Конституциядан айырмаланып президентке, парламентке, өкмөткө тиешелүү кандай өзгөчөлүктөр бар?

Ишенбай Кадырбеков: Эң негизги өзгөчөлүгү - бийликти бөлүштүрө турган бөлүгүнө өзгөчөлүктү киргизип атабыз. Мурдагы укугу чоң, бирок жоопкерчилиги жок президенттик системаны, биз азыр парламенттик системага өткөргөн жатабыз.

“Азаттык”: Президентке тиешелүү кандай өзгөчөлүк бар? Мисалы, Өмүрбек Текебаев президенттин кол тийбестиги алынаарын, президент өкмөттү түзө албаарын, парламент түзөөрүн айтты. Мына ушуларга кененирээк токтолсоңуз?

Ишенбай Кадырбеков: Эң негизги Конституциянын өзгөчөлүк бир нерсеси бар: бийликти бөлүштүрүп атканда укук канчалык берилсе, ошончолук жоопкерчилик да берилиш керек. Мурдагы Конституциялардын эң чоң катачылыгы ушундан болгон - укукту алып, жоопкерчиликти өзүнө алган эмес.

Эмне үчүн ыңкылапка чейин президенттин укугу укмуш чоң болчу? Себеби ошол кезде Конституцияда жоопкерчилик каралган эмес. Жоопкерчиликти өкмөт алып, беш жылдын ичинде беш өкмөт башчы алмашып, өзүнүн мүчөлөрү болсо жети жолу алмашылган. Мына ушундай система парламенттик республика болобу, парламенттик-президенттик республика болобу, негизги структурасын түзүп атканда кимге кандай укук берилсе, ошончолук жоопкерчилик болсун деген, баштапкы эң негизги идеясы ошол. Ошого жараша азыр президентке биз укук берип атсак, ошончолук жоопкерчиликтүү.

Мисалы, Конституциянын 7-беренесинде система тууралуу бар, ошондо бийлик үч бутакка бөлүнүп атпайбы: мыйзам чыгарчу бийлик, сот бийлиги, аткаруу бийлиги. Мына болгону ушул үч бийлик. Ушул үч бийликке укуктар берилип, ошончолук эле жоопкерчиликти ошолордон сурап атабыз. Президент ошолордун үстүндө тургандыктан ага үч бийликке кийлигише албай турган укукту берип атабыз.
Парламенттик бийликти көбү түшүнө албай атат. Парламент мамлекетти башкарат деген туура эмес, бул - жаңылыш идеология.


Күчү эмнеде? Өкмөттү дайындоодо эмес, өкмөт мүчөлөрүн, же сотко койгон адамдарды жумуштан ала турган укугу кең болсо, анда бийлик кайда өтүп кетет? Мына ушул жагынан тең салмактуулук бузулуп, ага каршы болгон система боюнча иштетип атабыз. Парламентте кайсы партия өкмөттү шайласа, ошончолук парламент да элдин алдына жоопкерчиликти алат. Себеби алардын адамдары коюлуп атат.

“Азаттык”: Мирослав мырза, сиз Кыргызстанга күчтүү президент керектигин айтып жүрөсүз. Демек парламенттик өлкө болууга Кыргызстан үчүн али эртеби? Эмне себептен каршы болуп жатасыз?

Мирослав Ниязов: Эгемендүүлүктү алгандан бери, адашпасам, сегизинчи Конституцияны оңдоп-түзүп, чыгарып атабыз. Биз ушул Конституцияна туура жазып коюп, мыйзамды ордуна келтирип койсо эле турмуш оңолуп кетет деп ойлойбуз. Бул өтө чоң адашуу.

Биздин абалыбызда күнөө Конституцияда эмес, мамлекеттик түзүлүшүндө эмес, ушул мамлекетти башкарып жүргөн адамдарда болуп атат. Биз бүгүнкү күнү да күнөөнүн бардыгын Конституцияга буруп атабыз. Бул түп тамырынан туура эмес кадам.

Азыркы Конституциянын долбоору кайсы кырдаалда чыгып атат, шашылуунун эмне кереги бар? Эл өлүп атса, элдин арасында чан-толоң болуп атса, бийликке ишеним болуп-болбой өтө оор акыбалда болуп турганда шашылыш түрдө дагы эле бир Конституцияны алганга кандай кажети бар?

Бул Конституция алынган күнү да, мен айтып коеюн, бул убактылуу эле Конституция. Башка бийлик келгенде муну дагы оңдойт. Биз мыйзамды, Конституцияны сактоону билбейбиз, ыңгайлуу болсун деп эле ар бир келген бийлик ошол Конституцияны өзгөтө берет.

Үлгүлүү Конституция, партиялардын калк арасындагы баркы

“Азаттык”: Мирослав мырза, бирок азыр эле Ишенбай мырза “парламенттин үстөмдүгү болот, парламентте болсо элден тандалып келген адамдар отурат” деп айтты. Бул жерде бир адамдын каалоосу менен Конституция кайра-кайра бузулбай турганын айтты. Балким азыр ушундай учурда зарыл болуп жаткандыр? Же чынында эле шашылып жатасыздарбы? Бул конституциялык реформа чынында эле азыр өлкөдө карма-каршылык күчөп турган учурда жасалып жатат.
Конституциялык Сот бүгүнкү күнгө чейин болду, пайдасын көрдүкпү? Бийликте турган бир адамдын сөзүн сүйлөп аткан.


Ишенбай Кадырбеков: Биздин мамлекетти бир адам көтөрүп кетет деген бул эң чоң жанылыштык. Эч качан бир адам көтөрүп кете албайт. Конституция - бул чоң эреженин бири, жашоонун эрежеси. Эгерде ошол адам кандай жакшы болбосун, Космостон алып келген адам болбосун, ага чоң мүмкүнчүлүк берип, жоопкерчилигин алып койсо, ал үчүнчү Бакиев болот, төртүнчү Акаев болот.

Эмне үчүн ыңкылап болуп атат? Ыңкылап болгондун эң негизги принциби - башкаруу системасы туура эмес болгондуктан, ошол туура эмес кылып аткан кишини башка жоопко тарта турган жолу жок болгондуктан эл ыңкылап жасайт. Конституцияда ошондой механизм жок болуп калган.

“Азаттык”: Демек, Мирослав мырза айткандай, кийинки бийлик келе турган болсо аны өзгөртпөйбү?

Ишенбай Кадырбеков: Өзгөртпөйт. Ошондуктан ошондой бир система кылышыбыз керек. Бир көз менен жакшы кишини элестетпей, система иштеш керек. Мына алалы, Англия болобу, Германия болобу, Батыш мамлекеттерде система иштеп келатат. Бирөө кетти, бирөө келди, мамлекет өзү туруктуу болуп атат. Ошого алып келишибиз керек.

“Азаттык”: Ишенбай мырза айткандай, бизде партиялардын кадыр-баркы, салмагы барбы? Партияларга коомдун ишеними барбы?

Мирослав Ниязов: Бүгүн партиялардын баары чийки. Бир да бышкан партия жок. Кыргызстанда 17 пайыз эл партияларды колдоп келет, ал эми калган 80 пайыз бир да партияга кирейин деген ою жок экен.
Мына, элди атайын мындай акыбалга коюп атат: “болгон партия ушул, жакшы көрөсүңбү, жаман көрөсүңбү, өзүңө жаккан партияны үчөө-төртөөнөн тандап ал” деп. Бул элди күчкө салып, элдин эркиндигин алып, мына ошол 3 партиянын арасынан тандап ал дегендик. Бизде партиялар быша элек.

Биз бүгүнкү күнгө чейин бир да профессионалдык партияны көрдүкпү? Эгемендүүлүктү алгандан бери бир да профессионалдык парламент келген жок. Парламенттик репсублика, партия менен жасалган нерсе - бул чоң адашуу, түз айтканда авантюра болуп кетет.

Ишенбай Кадырбеков: Партия азыр такшалган эмес, чийки деген сөз бул өтө ката сөз. КМШга караганда биз менен Орусия менен Украина мүмкүн атаандаша алат. Башкалар атаандашалбайт. Мүмкүн бүгүн чийкирээктир. Бирок ошол системага киргенден кийин ошондо быша баштайт да.

Партиялык тизме менен мурунку шайлоо болду эле, мына партиялар бутуна тура баштады. Үстөмдүк кылган партия болбосун, азыр Конституцияга “90 мандаты бардын арасынан ким канчалык добуш алмайын, 50 мандаттан ашпасын” деп киргизип атат. Муну эмне үчүн киргизип атабыз? Бир да партия үстөмдүк кылбасын, Конституцияны өзгөртө турган укугу жок болсун деп атабыз. Президенттин келечекте Конституциялык референдум кыла турган укугун да алып коюп атабыз.



“Азаттык”: Кыргызстанда буга чейин деле кабыл алынган мыйзамдар абдан жакшы. Бирок алар аткарылбай жатпайбы?
Демократияны ким алып келип берет бизге? Орусиябы? Мен түшүнө албай атам.


Ишенбай Кадырбеков: Бардык мыйзамдын, Конституциянын эң чоң катасы - президенттик-парламенттик эмес, кимге канчалык укук бердик, ошончолук жоопкерликти жанына коюшубуз керек эле. Укукту алаарын алып, жоопкерчилиги жок болгондо анархия болот. Кептин баары ошондо. Мыйзам чегинде жоопкерчилик болгондо ыңкылап болбойт.

“Азаттык”: Жоопкерчилкке тартуу механизмдери кандай, ким ага көзөмөл жүргүзөт?

Ишенбай Кадырбеков: Аткаруу бийлигине келгенден кийин, шайлагандан кийин ага элдин өкүлдөрү, парламент көзөмөл кылат.

“Азаттык”: Ал эми президенттин ишине ким көзөмөл жүргүзөт?

Ишенбай Кадырбеков: Өлчөмдүү укук, өлчөмдүү жоопкерчиликти гана берип атабыз. Эң негизгиси аткаруу бийлигине, сот бийлигине, Жогорку Кеңештин бийлигине кийлигишпе деп айтып атабыз. Өзүнүн укугу бар, ошол укугун чектеп берип атабыз. Конституция канчалык укук берсе, ошонун чегинде жооп бергиле деп атабыз.

Бүгүн – эрте, эртең – кеч

“Азаттык”: Ишенбай мырза, Кыргызстанды парламенттик өлкөгө айландыруу азырынча эртелик кылат деген пикир коом арасында да күч болуп жатат. Мисалы, “Азаттыктын” интернет барагына Сатыбалды Сайпидин уулу деген окурман “сиздердин оюңуздарча парламенттик бийлик биздин элдин менталитетине туура келет деп ойлойсуздарбы? Биздин эл ага-тууганчылыктан, жердешчиликтерден жана башкадан арылып, мамлекет кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынан жогору койо алаарына ишене аласыздарбы?” деп жазыптыр. Сиздин жооп?

Ишенбай Кадырбеков: Партиялык система менен шайлоонун бир өзгөчөлүгү бар. Мурда бир мандаттуу болгондо мен үч жолу шайлоого катышып келбедимби, жаман айтканда эмес, “бул сарбагыш экен, бул солто экен, бул тынымсейит экен” деп бөлүнүп кеткенбиз. Канчалык кичинекей округ болуп, канчалык бир мандаттуу чыкканда - ошондо элдин ич ара бөлүнүүсү, тууганчылык, урукчулук бөлүнүүсү болгон.
Англия болобу, Германия болобу, Батыш мамлекеттерде система иштеп келатат. Бирөө кетти, бирөө келди, мамлекет өзү туруктуу болуп атат.


Кайсы гана партияны албайлы, Мирославдын партиясын алалы - бул кишинин партиясынын структурасы бүт Кыргызстанда. Ал жакта саягыбы, сарбагышыбы, моңолдорубу - баары бир. Демек бул партиялык системада уруучулук, жердешчилик деп бөлүнө турган оюнду жоготуп атабыз. Экинчиси, анын программасы. Мирослав бир жерден туура айтат, азыр элдер программага көп карабайт, программалары окшош, ошонун лидерлери ким экен деп карайт.

“Азаттык”: Азимбек Бекназаров партиялар блок болуп катышышы мүмкүн деп айтты. Кайсы партиялар блок болушу мүмкүн? Эгерде блок боло турган болсо азыр убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү алты партиянын лидерлери деп койсок болот. Ошол алты партия өзүнчө блок түзүп алып, мурдагы “Ак жолдой” болуп көпчүлүктү түзүп кетпейби? Монополист депутаттар болуп калбайбы?

Ишенбай Кадырбеков: Мүмкүн, бул системда блок түзө турган шарт түзүлөт. Эмне үчүн, мисалы, Мирославдын партиясы шайлоого чыкканда башка бир партия менен, пикири түз, пикири айкалышкан партия менен чогуу чыга турган укугу жок? Анысы аз келгенсип бөлөк партиялар келсе, эч кимиси үстөмдүк кылалбаса, фракциялардын блогу түзүлөт. Ошол жакта көпчүлүк сан менен өкмөттү шайлайт.

“Азаттык”: Ошонун бардыгы Шайлоо кодексине киргизилип жатабы?

Ишенбай Кадырбеков: Бүт Шайлоо кодексине да, Конституцияга да киргизилип атат.

“Азаттык”: Мирослав мырза, жакында эле “Эл арманы” саясий партиясы расмий каттоодон өттү. Ушундай жаш патиялар да парламенттик шайлоого катышууга укуктуу болобу?

Ишенбай Кадырбеков: Бир норма бар, ошого тийген жокпуз: бир жыл партия катталып, структурасы бардык региондордо болсо бул партиялар катышууга укугу бар. Бул эрежени сактап калдык. Себеби бүгүн эле партия түзө коюп келсе, өзүнүн структурасы жок болсо чаң-тополоң болуп калышы мүмкүн.

“Азаттык”: Мирослав мырза, эгер чектөө коюла турган болсо, башка саясий партиялардын парламенттик шайлоого катышуусуна чек коюлуп калбайбы?

Мирослав Ниязов: Толугу менен чек коюлат. Анткени парламенттик республика деп бүгүнкү убактылуу бийлик чыгып атат. Буга чейин бул жөнүндө сөз болгон жок. Булар өзүнүн кызыкчылыгы үчүн бүгүн шарт түзүп атышат.

Биздин “Эл арманы” деген партияны тогуз айдан бери мурунку бийлик каттабай койду. Мына, жакында бир жума болду каттоодон өттү. Эми бул партияны булар катыштырбайт. Башка партиялар да “силер мындай шарт түзсөңөр, парламенттик республика болсун” деген, анда ар бир партияга бирдей шарт түзүп беришиңер керек.

Бир партия болобу эки партиялык узурпациясына киребиз. Биз президентти бүгүнкү күнгө чейин ооздуктай албай, тизгинин тарталбай жүрдүк беле. Эми 1-2 партиянын ошол парламенттин узурпацияга келтирет.

Анархия эмес, система керек


“Азаттык”: Демек азыр убактылуу өкмөттө турган адамдардын партиялары лидер болобу?

Мирослав Ниязов: Азыр өздөрү өкмөттү түзөт, премьер-министрди, министрди шайлап, анан “биз сени шайладык, эми бизге, биздин туугандарга шарт түзүп бер” дейт. Анан жүз депутаттын ондон туугандары болсо миң адамга кантип эл чыдайт? Булар Кыргызстанды тытып салышат. Бул жерде үчүнчү жолу адашканга бизде шарт, мүмкүнчүлүк жок.
Укугу чоң, бирок жоопкерчилиги жок президенттик системаны, биз азыр парламенттик системага өткөргөн жатабыз.


Мамлекет бул оюнчук эмес, бүгүн парламенттик, эртең президенттик кыла тургандай, бул оюндарды токтотуш керек. Президентти көзөмөлдөөгө алганга үйрөндүк. Президентибиз ушундай болуш керек, таза болуш керек, үй-бүлөсү кийлигишпеш керек. Мына эки чоң тажырыйба алдык, эми мындан кийин биз таза, түз жүргөн, келечегин так билген, көргөн адамды биз тандап алышыбыз керек.

Кыргызстанды мыйзам, Конституция жакырчылыктан чыгарбайт, инсан чыгарат. Профессионалдык парламентти эч түзө албайбыз, шарт жок андай. Бирок профессионал, мыкты мамлекеттик ишмер деген президентти шайлоого шартыбыз бар.

“Азаттык”: Мирослав мырза, эгер саясий партиялар катыша турган болсо, шайлоо мурдагыдай бурмаланбай, таза өтө турган болсо балким мыкты адамдар тандалып келер?

Мирослав Ниязов: Туура, тандалып келер, бирок булар партия менен кетип атат. Партия менен болгондо - бүгүнкү “Ак жол”. Партия менен болгондо анда бизге эки палата керек: Мыйзам чыгаруу палатасы жана Жогорку палата керек. Буга жергиликтүү өкүлдөр келиш керек.

Булар болсо бир палата менен болбойт, анда жергиликтүү кызыкчылыктар анда тышка кагылып кетип атат. Ошондуктан Кыргызстан эки палатаны көтөрүп ала алабызбы? Бизге бир эле палата керек, чийки палаталар бышсын, аларга элүү пайыз орун бериш керек. Ал эми элүү пайызы - жер жерлерден өкүлдөр катышсын. Ошондо бир парламент менен ушул шарттан чыгып кетишибиз мүмкүн.

Ишенбай Кадырбеков: Жакшы кишини тандашыбыз керек, президентти шайлашыбыз керек деген пикириңе макулмун. Жакшы кишини шайлоо үчүн элге мүмкүнчүлүк жана жоопкерчиликти да берип атабыз. Профессионал парламент жок, болушу мүмкүн эмес деген - бул кызык нерсе. Кыргызстанда, парламентте профессионал, өзүнүн билимин, тажрыйбасын бере турган инсандар жокпу? Парламент мыйзам жазбайт. Парламент мыйзамды, эрежени кабыл алат. Ал саясий бышык, ички дүйнөсү таза болуш керек. Үчүнчүдөн, бир адамга ишеним жакшы болсо, көп партияга ишенбейм дегени мага түшүнүксүз болуп атат.

Мирослав Ниязов: Бүгүн алдап кетиш оңой болуп калышы мүмкүн. Анткени карапайым эл парламенттик республика, президенттик дегенди толугу менен түшүнгөн жок. Ошол себеп менен парламентаризм дегенге убакыт керек.

Ишенбай Кадырбеков: Канча керек? Беш жылбы, он жылбы?
Жүз депутаттын ондон туугандары болсо миң адамга кантип эл чыдайт? Булар Кыргызстанды тытып салышат.


Мирослав Ниязов: Биринчиден, демократия бутуна туруш керек. Бизде бүгүн демократия бутуна тура элек. Бүгүн биз жашап аткан турмушта бул ахлакратия деп коет. Элдин бийлиги, тигил жакты талкалап, бул жакты күчкө салып, министрди тигини кой, акимди муну кой деп - бул ахлакратия. Демократияга биз жете элекпиз.

Базар экономикасы бутуна туруш керек. Бизде бүгүн ага да шарт түзүлө элек. Демокартия жок, базар экономикасы бутуна тура элек өлкөдө парламентаризм деген - бул авантюра.



Ишенбай Кадырбеков: Демократияны ким алып келип берет бизге? Орусиябы? Мен түшүнө албай атам. Ким түзүп берет? Система түзөбү?

Мирослав Ниязов: Система түзбөйт. Эл күрөшү ошол системага келиши керек. Бүгүн биз демократияга жете элекпиз.

Ишенбай Кадырбеков: 20 жылдан бери Кыргызстан эли демократиялык мамлекет түзөлү деп аракет кылып келатат.

Мирослав Ниязов: Мүмкүн жүз жыл керек болот...

Ишенбай Кадырбеков: Мен айткандай система каталык болгондон кийин демократиялык жолго кетип бараткан элибиз чөгүп, айла жоктон бутун тоскондорду революция менен жок кылып атпайбы. Биз болсо кайра эле демократиябыз жок, рынокко келелекпиз деп атабыз. Качан рынокко келебиз? Качан система болгондо келебиз.

Мирослав Ниязов: Анда бүгүнкү күндү алыңыз, бул демократиянын белгиси эмес, бул ахлократиянын белгиси. Бүгүн толгон-токой кемчиликтер болуп атат. Ошол кемчиликтерди да айтышыбыз керек.

Мына, “Ата мекен” дейт, башка партиялардан келип канча акимдерди отургузуп атат, эл келип сүрүп кетет, министрлердин бүгүн бирин коюп, эртеси кайра башкасын коет. Бул ошол парламентаризмдин системасын эскертет. Бул башаламандыкты токтотуш керек. Конституция эмес, тартип болбосо Кыргызстан бүдөмүк болуп атат. Эртең эмне болуп кетет? Түштүк-түндүк. Анда бул Конституциянын кереги деле жок. Эң биринчи эң негизги мамлекеттик коопсуздукту бүгүнкү бийлик бекемдеп бериш керек.

Ишенбай Кадырбеков: Жаңы Конституцияны кабыл албай эле коелу, эми эски Конституция менен иштеп президентти шайлайлыбы?

Мирослав Ниязов: Эң биринчи 1993-жылкы Конституциядан чыгып, бул легитимдүү Конституция эле, аны легитимдүү эмес деп айта албайбыз.

Ишенбай Кадырбеков: Демек ошол 1993-жылкы Конституцияны бүгүн референдумга коюшубуз керекпи, күчүнө киргизишибиз керекпи?

Мирослав Ниязов: 1993-жылкы Конституцияны рефрендум менен болобу...

Ишенбай Кадырбеков: Демек Конституция керек экен. Мага бары бир, 1993-жылкыбы, жаңы редакцияланганбы. Сиз эрте деп атасыз.

Мирослав Ниязов: Анда эмне чыгарып атасыңар, эмне кереги бар бул Конституциянын? Анда 1993-жылкы Конституцияны бүгүн элге чыгарып көрсөтүш керек.

Ишенбай Кадырбеков: Демек Конституцияны алыш керек. Буга макулсуз.

Мирослав Ниязов: Бирок мындай эмес.
Бизде бүгүн демократия бутуна тура элек. Бүгүн биз жашап аткан турмушта бул ахлакратия деп коет.


Ишенбай Кадырбеков: Башында айттыңыз, Конституцияны шашылыш алыш керек деп. Демек Конституцияны алышыбыз керек. Эми редакциясына келели. Убактылуу өзүнчө макетин азыр убактылуу өкмөт элге алып чыгып атат, конституциялык кеңеш түзүп атат. Ошол конституциялык кеңешке сиз кирип, мына мен ходатайствовать этейин, ошол жерден ошол конституциялык кеңеш чечет,к айсы конституцияны элге алып чыгалы деп. Бул убактылуу бийлик эмес конституциялык кеңеш алып чыгат.

“Үчүнчү жолу адашпайлы”

“Азаттык”: Конституциялык кеңештин мүчөлөрүн убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү тандап атат да?

Ишенбай Кадырбеков: Жок, бул жерде конституциялык кеңешке ушул убака чейин сунуш кылган жок. Эртең менен мен Өмүрбек Чиркешович менен сүйлөштүм. Партиялардан, бейөкмөт уюмдардан бир жумадан бери талапкерлериңерди бергилечи деп какшап атат, бирөө да берелек. Конституцияны биз кабыл алышыбыз керек. Бакиевдин, Акаевдин убагында болгон Конституцияны элге алып чыгуу - бул чоң кылмыш болот.

“Азаттык”: Ишенбай мырза, эл арасында 1993-жылкы Конституцияга кайтып барыш керек деген пикирлер көп болуп жатат. Мисалы “Азаттык” үналгысынын кеңсесине белгилүү ырчы Сагынбек Момбеков келип, өзүнүн пикирин айтып кетти:

Сагынбек Момбеков: Тез аранын ичинде Конституцияны кабыл алыш керек деген маселе чыгып атат. 1993-жылдагы Конституция легитимдүү, бүт дүйнө жүзүнө өткөн Конституция болчу. Ошонун негизинде айрым оңдоолор менен кайра киргизүүгө болобу деген суроону коет элек?

Ишенбай Кадырбеков: Парламенттик бийликти көбү түшүнө албай атат. Парламент мамлекетти башкарат деген туура эмес, бул - жаңылыш идеология. Парламент өзүнүн мыйзамын чыгара турган укугу менен чектелет. Анын болгону бир гана нерсеси - өкмөттүн курамын курап атканда катышып калат.

“Азаттык”: Президенттин эч кандай укугу жок болуп калса, укугу чектелип кала турган болсо президентти шайлоонун кандай зарылдыгы бар?

Ишенбай Кадырбеков: Бизде үч бутак бар, сот, аткаруу бийлиги, мыйзам чыгарчу бийликтен башка чоң укуктар бар. Ошол эле мыйзам чыкса, ошону бекитип берген күч керек. Элдин атынан бир гана президент беките алат. Мыйзам туура эмес болсо президенттин ошого вето кое турган укугу бар.

“Азаттык”: Мирослав мырза, сиз айтсаңыз чет өлкөгө чыгып кеткен кыргызстандык белгилүү ишкер Өмүрбек Абдарахманов Кыргызстанга люстрация, же кыргызча айтканда тазалануу жөнүндөгү мыйзамды кабыл алуу керек деп сунуштады. Мунун максаты - Акаевдин, Бакиевдин бийлиги учурунда парламентте отурган жана башка мамлекеттик кызматтарда иштеп өзүнүн кандайдыр бир мыйзамсыз аракеттерин көрсөтүп койгон адамдарды азыркы парламентке, азыркы бийликке келтирбөө үчүн чектөө коюш керек деп жатат. Ушундай мыйзам зарылбы?

Мирослав Ниязов: Мыйзам зарыл болушу мүмкүн. Бирок биз мыйзамды сактаган эл эмеспиз да. Башынан баштап мыйзамды эч ким сактабайт. Бүгүн элге таарына турган эч себеп жок. Анткени эл ошол бийликтен үлгүрөп калган. Отто Бисмарктын абдан жакшы сөзү бар: “жаман мыйзам, бирок жакшы чиновниктер менен мамлекетти башкарса болот. Ал эми жакшы мыйзам, бирок жаман чиновниктер менен мамлекетти башкара албайт” деп. Биздин күнөө, балекеттердин баары - чыккан мыйзамдарда эмес, адамдарда болуп атат. Ошон үчүн Абдрахмановдун айтканында негизи бар.

“Азаттык”: Ишенбай мырза, Шайлоо комиссия БШКны түзүү үчүн анын курамына 2007-жылдагы парламенттик шайлоодо көп орунду ээлеген партиялардын жети мүчөсү, бейөкмөт уюмдардан да кирет деп айтылбадыбы. Эгер андай боло турган болсо, 2007-жылдагы парламенттик шайлоону мыйзамсыз деп Жогорку Кеңеш таратылды. Анан кийин анда эң көп орунду алган “Ак жол” партиясы болгон. Демек “Ак жол” партиясынын өкүлдөрү да БШКга кирип калабы?

Ишенбай Кадырбеков: Кире берсин. Эреже түзгөндө, жети орунда партияга берип атат, 7 орунду бейөкмөт уюмдарга берип атат. Кандай тандоо болуш керек? “Ак жолдон” болобу, мейли бар бир орун, коммунисттерден болобу бир орун, кирген адам отура берсин. Бир эрежеге келтирилип атат.

“Азаттык”: Биздин маалымат боюнча долбоордон Констититуциялык Сот жоюлганы жатыптыр. Эгер Конституциялык Сот жоюла турган болсо ким башкы көзөмөл болот?

Ишенбай Кадырбеков: Бул имиш сөз. Бул маселени конституциялык кеңеш чечет.
Эки вариант Конституциялык кеңешке коюлуп атат. Ошол конституциялык кеңеште бул вариант да бар, ошону бардык келген өкүлдөр чечсин деп атат. Менин оюмча, Конституциялык Сот болуш керек.

“Азаттык”: Мирослав мырза, сиздин оюңуз кандай?

Мирослав Ниязов: Конституциялык Сот бүгүнкү күнгө чейин болду, пайдасын көрдүкпү? Бийликте турган бир адамдын сөзүн сүйлөп аткан. Мындай Конституциялык Соттун кереги жок. Бирок Кыргызстан демократиялык, укуктук мамлекет болсо эл үчүн кызмат кылып бере турган мындай мекемелер керек.

“Азаттык”: Эл үчүн кызмат кыла турган адамдарды кызмат органдарына кантип, кандай критерийлер менен тандаш керек?

Мирослав Ниязов: Ушул суроо абдан туура. Бизде критерий жок болгондуктан болгон мекемелерди, укук коргоо, сот органдарды, бүт тармактарды биз тууган, жоро-жолдош ошол жол менен, кечирип койгула, ар бир тешикке тууган, балдарын тыгып жүрүп мына бүгүнкү деңгээлге алып келдик. Профессионализм деген деңгээл жоголду. Профессионализмди кайсы жол менен чыгарышыбыз керек? Бизде, албетте, мамлекеттик ишке барганга ар бир адамдын бирдей укугу болуш керек.

Ишенбай Кадырбеков: Туптуура айтып атат, Мирослав менен 100 пайыз макулмун. Система ушундай болчу, телефон менен тууганын, жакындарын кое турган система болчу. Демек башкы нерсеге келип атабыз. Биз системаны бузушубуз керек.

Конституция ошого жол бербей тургандай кылышыбыз керек. 1993-жылкы Конституция жакшы. Бирок анын эң негизги кемчилиги - ошону оңдой турганга мүмкүнчүлүк бере турган Конституцияны колдонуп, Акаев референдум жасап туруп бузган. Ошону эле кабыл алып койсок, азыр келе турган президент бир жылдан кийин оңдоп коет.

“Азаттык”: Азыр ошондо жылчык калбайбы?

Ишенбай Кадырбеков: Азыр ошондой жылчыктын баарын жоготуп атпайбызбы. Жалгыз адам референдум кылып, Конституцияны өзгөртө турган мүмкүнчүлүгүн алып коюп атабыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG