Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:20

“Азаттык” үналгысынын «Ыңгайсыз суроолор» сыналгы берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы конституциялык реформа жана азыр талкууланып жаткан жаңы Конституциянын долбооруна арналды.

Талкууга катышкандар:




Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагасы Алмамбет Матубраимов





“Ата мекен” партиясынын төрагасынын орун басары, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Эркинбек Алымбеков






“Азаттык”:
Эркин мырза, Убактылуу өкмөткө Конституциянын 20дан ашык долбоору түштү. Азыр талкууланып жатат. Конституциялык кеңешме азыр ошол түшкөн долбоорлордун канчасын карап жатат, же Текебаев даярдаган эле долбоор каралып жатабы?

Эркинбек Алымбеков: Биринчиден, 75 мүчөдөн турган Конституциялык кеңешме активдүү иштеп атат. Убактылуу өкмөт тарабынан 6-7-апрелдеги окуялардан кийин жумушчу тобу түзүлүп, негизги жоболорун иштеп чыгып, андан кийин Конституциялык кеңешмеге берилген. Жалгыз эле Текебаевдин долбоору эмес, Убактылуу өкмөттүн көз карашы, элибиз күтүп аткан, талап кылып аткан өзгөрүштөргө багытталган Убактылуу өкмөттүн долбоору деп айтсам туура болот.

Мисалы, парламенттик багытка кетип баратканда президент келсе, экөөнү биргелештирип, айкалыштырганга мүмкүнчүлүк болбогондон кийин башка системаны сунуштагандарды Конституциялык кеңешме жыйынтыктап, добуш берүү, көпчүлүк жол менен мындан ары өкмөткө, коомчулукка сунуштайт болуш керек деп ойлойм.

“Азаттык”: Алмамбет мырза, сиз да Конституциянын долбоорун даярдап, Конституциялык кеңешмеге сунуш кылдыңыз. Ал долбоордо кандай мамлекеттик башкаруу системасын сунуш кылдыңыз жана мурдагы Конституциядан айырмаланган кандай жоболор бар?

Алмамбет Матубраимов: Мен даярдаган Конституция долбоору такыр башкача жазылган. Мурункудай, азыркыдай сунуштагандай косметикалык ремонт, жасалмалоо жок ал жерде. Бүт дүйнө жүзүндөгү практика боюнча Конституция кыска, нускалуу жазылат. Негизги гана мерчемдүү маселе коюлуш керек.

Мен бул жерде тең салмактуу үч бутактын бийлиги болуш керек деп сунуштап атам. Бири-бири менен тең болгон, бири бирине көз карандысыз, тең салмактуулук менен, керек болсо бири бирине жардам берип, жактоо менен кетиш керек. Биринчиден, бул жерде үч бутактын бийлигине бирдей мүмкүнчүлүктөр берилип атат. Экинчиден, мен сунуштаган Конституцияны да карап көрдүм, эч кандай өзгөрүү жок, бул толугу менен Франциянын системасындагы бийликтин келиши деп коелу. Ал жерден парламенттин эч кандай нерсесин көргөн жокмун, президенттиги да, өкмөттүн да, соттун жоопкерчилиги жок. Себеби сот да президент менен Жогорку Кеңешке көз каранды болуп калат экен. Ошондуктан бул жердеги көп нерселер мага жаккан жок.

“Азаттык”: Демек сиздин долбоордо президенттик эмес, аралашма системабы?

Алмамбет Матубраимов: Жок, президенттик системаны бергем. Бирок президент өкмөттүн башында, өкмөт деген жана облустук структуралар болбойт. Түздөн-түз жергиликтүү бийликтер менен иштей турган маселени коюш керек. Себеби ортодогу биздеги тепкичтердин эч кимге кереги жок. Бул бюджетти ошончолук аз кылат.
Жоопкерчилик - сен уурдап, ичип-жеп, туугандарыңды жумушка коюп отура албайсың.


Экинчиден, мен айткан көп мандаттуу шайлоо округдарын түзүш керек. Бул жерден эң чоң маселени ойлонуп жүрүп көпкө чейин чечтим эле. Кыргызстан боюнча сунуштаган 70 депутат, ошону жетиге, онго, же 14кө бөлүп көрсөк ар бир көп мандаттуу округдар 220-210 миңдей кишилер болот экен. Ал жерден алып келгенде, мен эң кызык нерсени сунуштап атам. Эзелтеден келаткан түндүк-түштүк деген маселени жок кылуу үчүн. Ошондо тең салмактуу 100 киши түштүктөн, 100 киши түндүк жактан болсун, район, регионду алып, биргелешип 5 кишини койсун, көп мандаттуу болсун.

“Азаттык”: Бирок партиялык тизме менен шайланганда деле, түндүк-түштүктү бириктире тургандай система болуп жатпайбы?

Алмамбет Матубраимов: Сиз кечирип коесуз, партиялык системада бир гана нерсени айта кетейин: бул жерде чоң катачылык бар. Кыргызстандын Конституциясында жазылып турат, жалпы коом, бардык жарандар тең укуктуу, ар бир киши шайланганга, шайлоочу болгонго акысы бар. Бул партиялык системада партияга кирбесең, шайланууга укугу жок.

Эркинбек Алымбеков: Америка 200 жыл мурда ачылган, дөңгөлөктүн баары ойлоп табылган. Ошон үчүн биз дүйнө жүзүндө өзүн өзү далилдеп, өзүн тарыхта да, мына азыркы тажрыйбанын негизинде эффективдүүлүгүн далилдеген классикалык принциптер бар, ошонун тегерегинде иш алып барсак. Анткени дөңгөлөк ойлоп таап, биз Кыргызстанды башка жакка да алып кетип калышыбыз мүмкүн.

Ошондуктан Алмамбет Матубраимовичтин президенттик системасы дегенине макул болбогонум менталитет, тарыхый шарт ошол эле таза президенттик система, АКШдан башка жерлерде классикалык президент эффективдүү иштеп кеткен жок. Ал эми Латын Америкасында жана КМШда супер президенттик система: баягы эле коррупциялык, авторитардык башкаруу системасы, бир кишинин ыйгарым укуктары, элдин чөнтөгүнө көз артып, элдин болочогуна балта чапкан саясатка айланып кеткенин биз да эске алышыбыз керек экен.

“Азаттык”: Бирок Ошто жүргөн Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков парламенттик башкаруу системасына каршымын, күчтүү президенттик башкаруу керек деп билдирди. Бул Убактылуу өкмөттүн ичиндеги башкаруу системасы боюнча пикир келишпестикти билдиреби, же президенттикке ат салышам деген атаандаштыктын, кармаштын башталышын билдиреби?
Президент шайланып келгени менен эч нерсеге жооп бербейт. Парламент бардыгын чечет деп жазылып калды.


Эркинбек Алымбеков: Бул Убактылуу өкмөттүн ичинде сүйлөшүлгөндө негизги багыт, эрежелери боюнча макулдышылган. Бирок азыр И.Исаковдун парламенттик эмес, президенттик дегени мага түшүнүксүз. Дүйнө жүзүндө саясий партия деген эл менен бийликтин ортосунда сапаттын, жоопкерчилигин эл алдына алып келген бийликти эл алдына жоопкерчиликте турган инструменттердин бири деп эсептелет.

“Азаттык”: Бирок Кыргызстандын калкынын 90 пайызын партияда жок адамдар түзөт. Алардын шайлануу укугунан, бул Конституция эгер кабыл алынып калса, ажыратып коет деген пикирлер көп болуп жатат. Бул боюнча Дастан Сарыгулов суроо берди:

Дастан Сарыгулов: Мурункуда да бар ушундай. Партияга мүчө болбогон, партияларга кирбеген кыргыз элинин 90 пайызын парламентке шайлоо укугунан эмненин негизинде ажыратып койдуңар?

Эркинбек Алымбеков: Партияга кирбеген да, бирок татыктуу адамдарды тизмесине киргизип, иштетип, ар бир татыктуу адам партияда кошо иштешип, салымын кошконго мүмкүнчүлүк бар, эшиктердин баары ачык.

Алмамбет Матубраимов: Эмне үчүн дүйнө жүзүндөгүдөй альтернативдүү укук жок? Биринчиден, элдин көпчүлүгүнө коюуга уруксат бериш керек. Экинчиден, бул киши партиялык саясат деп айтып атат. Сиз айтып коюңуз, Америкада конгресс кандай шайланат, Англияда Палата общин, Германияда бундерстаг кандай шайланат? Бардыгы мажаритардык, тең бөлүнгөн аймактан шайланат, бирок партиялык системада. Партия эмес киши да, башкасы да коюлат.

Бардык жерде 2-3 партия келгенде өзүнүн фракцияларын түзүү менен иштей баштайт. Күнүгө “Азаттыкты” угуп отурам, Текебаевдин айтканына мен таң калдым, “ушундай болот, ушундай өтөт” дейт. Бул кандай деген? Таңулоо деген болбойт. Күчкө салса эртең да күч чыгып калышы мүмкүн. Ошондуктан бизге азыр Кыргызстанды кантсе да араң турган өзүбүздүн тынчтыгыбызды, мекенибизди сүйгөн үчүн тынч өткөрөлү деген ойдобуз. Сунушталып атат, Конституциялык кеңешмени карасаңыз, баягы эле Акаев менен Бакиевдин кишилери отурат, жазган киши Нарынбаев Данияр.

Жоопкерчилик, принцип, айкындуулук

“Азаттык”: Эркин мырза, Конституциялык кеңешме жарандардан суроо, пикирлер түшсүн деп түз байланыш уюштурбадыбы. Ага көп сунуш-пикирлер түшүп жаткан экен. Бирок мурда эле берилген сунуштар каралбай жатат деп нааразы болгон адамдар да көп. Мисалы, “Азаттыкка” Канат Ашырбаев деген юрист келип, өзүнүн суроосун берип кетти:

Канат Ашырбаев: Ушул сунушталган Конституциянын долбооруна мен 6-главага өзүнчө 6чы бөлүм ачылып, 94-берене менен өзүнчө Констиуциялык орган ачууну жумушчу топко эки жолу сунуш бердим эле. Ал орган Кыргызстандын экономикалык өнүгүү боюнча улуттук кеңеши деп аталат жана бул орган эмнеге керек? Ал экономика тармагында мыйзамдардын туура алынышына жана стратегиялык ишканалардын арзан баада сатылышына бөгөт коюп бермек. Өнүккөн өлкөлөрдүн бардыгында мындай орган бар. Мен биздикине сунуш кылсам, бүгүнкү күнгө чейин ал талкууга да чыкпайт, эмне иш жүргүзүлүп атканы белгисиз болуп турат.
Президенттен баарын эле алып салсак, эл атасы болуп отурган кишиге кандайдыр бир күчтөр улам-улам чакыртып, соттон чыкпай отурса да болбойт.


Эркинбек Алымбеков: Базалык принциптерди алып келсек, Констиуциянын ичинде экономиканы, стартегиялык объектилерди көзөмөлдөй турган орган киргизүүнүн кажети жок го деп ойлойм. Анткени ачыктык, айкындуулук принциптерди киргизип, шайлоо институтун толук кандуу ордуна келтирсек ошол механизмдер аткаруу бийлигин, мыйзам чыгаруу бийлигин эл алдында жоопкерчиликтүү кылып, айкындуулук болуп турса, айкалыштырылган, тең салмактуу принциптердин негизинде ошол стратегиялык объектилерди сатмак тургай, ошого көзүңдү карашып койсоң отставкага кетип кала турган механизмдер киргизилип атат.

Ошон үчүн бул стратегиялык объект жана башка экономика боюнча өкмөттүн толук ыйгарым укуктары болуп аткандан кийин, анан дагы бир органды киргизип, бири бирин баш аламандык кылып, Конституция иштебей калса, кайра эле кризистин башы болуп кетет го деп ойлойм.



“Азаттык”: Дастан Сарыгулов элдин бийликке көзөмөлүн күчөтүү үчүн Элдик курултайды киргизиш керек деген сунушун айтууда.

Дастан Сарыгулов: Президент менен Жогорку Кеңешти эл шайлаганда чын эле аларга бийлик жүргүзүү укугун өткөрүп берет. Бирок бийликти көзөмөлдөө, тескөө укугун эл өзүндө сактап калат. Эмне үчүн ушул укуктан ажыратып, Элдик курултайды Баш мыйзамга киргизбей жатасыңар?

Эркинбек Алымбеков: Азыр Конституцияда каралып аткан парламент - бул Элдик курултай, өткөрүлө турган рефрендум да Элдик курултайдын, элдин оюн уга турган курултайдын инструменти. 23-мартта Бакиев деле чогултуп алып, Элдик курултай өткөрүп, дүркүрөгөн кол чабуулар болуп, элдин атынан тон бычкан дүжүрлөр келди. Ушундай Элдик курултай болуп башка жакка да кетип калышыбыз мүмкүн.

Алмамбет Матубраимов: Ушуга чейин айтып келгенде бардыгыбыз депутат болдук, президенттин бардык буйруктарын токтотконго Жогорку Кеңештин толук кандуу укугу бар болчу. Биринчиден, 93-жылдан баштап азыркыга чейин бүт бардык референдум менен өзгөрсө да жети жолку бардыгында жазылуу, Жогорку Кеңеш мыйзам ченемдүүлүгүн сактабаса президенттин Указын токтотууга толук кандуу акысы бар.

Экинчиден, Жогорку Кеңеш толугу менен президентке ишеним көрсөтпөй импичмент жарыялоого толук укугу бар. Аны эч ким алган жок. Үчүнчүдөн, Элдик курултай, менин оюмча, болуш керек. Себеби Элдик курултай жыл сайын келиш керек.
Дүйнө жүзүндөгү практика боюнча Конституция кыска, нускалуу жазылат. Негизги гана мерчемдүү маселе коюлуш керек.


Мына, президент кимге жооп берди? Жогорку Кеңештин депутаттары кимге жооп берди? Сот кимге жооп берди? Акыры сурай турган бирөө болуш керекпи? Айыл жеринде туугандарын шайлап көрүштү, азыр тууганын шайлабайт, татыктуу кишини коелу деп айыл өкмөткө айтып атат. Ошондуктан курултай жок дегенде бир жолу эл отчетун угуш керек.

Президенттик менен парламенттик шайлоону 10-октябрь деп койдук. Эгер 27-июлда өтпөй калса эмне кылабыз? Кыргызстанда эки жолу революция болгон жок, үч жолу болду. Бул өнөкөткө айланып баратат. Ошондуктан муну токтотуп, акылды чектеп, Конституцияны кыска жазалы: кыргыз элине эмне керек, кандай шайлоо системасы керек, кандай системада президенттикпи, парламенттикте жашайлыбы, ушуну негиздеп коелу, эл өткөрсүн, келген Жогорку Кеңеш шайлап, бардыгын жасайт.

“Азаттык”: Эмне үчүн сиз Конституциялык кеңешмеге барып, ушундай ойлоруңузду, сунуштарыңызды көзмө көз жолугушуп айтпай жатасыз?

Алмамбет Матубраимов: Конституциялык кеңешмеге кирмей тургай, азыр барсаңыз киргизбейт, сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк жок. Жетисинде мен сунуштаган кагазымды ону күнү өткөрдүк. Себебин туура түшүнгүлө, мен туура түшүнүп атам: нааразычылык көп болсо да Убактылуу өкмөттү колдош керек. Кемчилик көп, болбой койбойт.

Кеңейтилген жоопкерчилик, чектелген укук

“Азаттык”: Азыр кырдаалды жөнгө салуу үчүн сиз кимди лидер деп көрүп турасыз?

Алмамбет Матубраимов: Кыргызстандын лидерлери бар, бардыгын алып келиш керек. Көп кишилер бар, региондордон келишсин.

“Азаттык”: Мисалы?

Алмамбет Матубраимов: Эмнеге санабайбыз, чыгып атат. Мирослав Ниязовду эмне үчүн алып келсе болбойт?

“Азаттык”: Кыргызстанда мурда Бакиевдин учурунда бир адамдын үстөмдүгү күч болчу деп айтылып жатат. Азыр Конституция кабыл алына турган болсо, 2-3 партиянын үстөмдүгү күч болуп кетет деп чочулагандар көп болуп жатат. Алардын бири - саясат талдоочу Кубан Абдымен.

Кубан Абдымен: Парламенттин курамы 120 депутат болот деп айтып атасыңар, биринчиден, эмне үчүн 120 менен чектелип атасыңар? 150 депутаттан көбүрөөк болсо көбүрөөк өкүлчүлүктөр болмок жана партиялардын көбү парламентке келе тургандай мүмкүнчүлүк алмак. Ошол эле мезгилде бир партияга 50 пайыздан көбүрөөк орун беребиз деген сөз болуп атат. Эмне үчүн андан азыраак бергенге болбойт? Мунун артында эмне турушу мүмкүн?

Экинчи суроо президенттин эл менен шайланганына байланыштуу. Анын жоопкерчилиги азыркы сунуш кылынып аткан Конституцияда такыр көрсөтүлбөптүр буга чейин бийликти узурпация кылган жолдор кайрадан кайталана тургандай мүмкүнчүлүк бар. Буга кандай жооп бересиңер?
Кыргызстандын калкынын 90 пайызын партияда жок адамдар түзөт. Алардын шайлануу укугунан, бул Конституция эгер кабыл алынып калса, ажыратып коет деген пикирлер көп болуп жатат.


Эркинбек Алымбеков: Жакшы суроо. Конституциялык кеңешме 120 депутаттан турган парламенттин курамын сунуштап атат. Бул иним айтып кеткендей, ар кандай саясий катмар, коомдук катмарларды элдин мүдөөсүн көбүрөөк камтыганга мүмкүнчүлүк берет. 150 болсо деле андан ашык болбойт. Анткени бул маанилүү, көйгөйлүү нерсеге элибиздин мүмкүнчүлүгү жетет. Бирок мурда депутат округдан шайланып келип, эч кимге жоопкерчилиги жок болчу. Бир жолу шайланып алгандан кийин 5 жыл каалаган ишин кылып жүрө берчү. Партия деген ошол беш жылдын ичинде өзүнүн депутаттарын көзөмөлдөп турат.

“Азаттык”: Азыр партияларда ошондой тартип системасы күчтүү деген ойдосузбу?

Эркинбек Алымбеков: Партиялар күчтүү эмес, партиялар ат салышуунун негизинде келсе, бир президенттик басымдуулуктан, парламенттин ичинде саясий күчтүн басымдуулук болуп кетпесин деп, парламенттин курамында 55 пайыздан ашык бир партия албасын, бирок 55 пайыз менен эл ишенимин көрсөтсө, ал партия өкмөттүн курамын түзүп, экономикалык саясат жүргүзгөнгө да механизм болуш керек. Эгер 50 пайыздан ашпай калса, анда коалициялык өкмөт түзүп, бири-бири менен макулдашып иштейт.

“Азаттык”: Коалициялык өкмөт түзүүгө саясий партиялардын саясий деңгээли жетиштүү болобу?

Алмамбет Матубраимов: Жетиштүү болобу, жетиштүү болбойбу, мен ойлойм, эгерде 2-3 партия келип калса коалиция болуш керек. Бул жерден Эркинбек “55 пайыз болуш керек” деп жакшы нерсени айтып жатат. 55 пайыздан келген партия толугу менен мамлекеттин ээси болуп калат. Көпчүлүктүн добушу менен өткөндөн кийин башка партиялар менен эсептешпейт да, каалаган башкаруу системасын алып кетүүгө болот.

Эң негизгиси район деп айтып атат. Мен жазганымда облус деген болбойт, өкмөт деген болбойт. Райондук кеңеш да, райондун жетекчиси да шайланыш керек. Айыл өкмөт да, айыл өкмөт кеңеши да шайланыш керек. Ошондой шайлоо системасы болгондон кийин президенттин алууга укугу жок, коюуга да укугу жок болот. Биз элге толук бийликти берип аткандан кийин эл менен гана кеңешип, эл өзү чечкендей болуш керек.

“Азаттык”: Бул уруулук, тууганчылыкты күчөтпөйбү?

Алмамбет Матубраимов: Эч кандай уруучулук, тууганчылыкты күчөтпөйт. Мен силерге айта кетейин, бүт бардыгыбыз уруунун атын атып, Манас атабыз дейбиз, кыргыздын кырк уруусу дейбиз, анан келгенде эле чалкасынан кетебиз. Чечүүчү оор жүктү көтөрүү, кыргыз элин сактап кала турган, кыргыз деген мамлекеттүлүктү сактап кала турган - бул кыргыз элибиз. Ошондуктан мыкты жигиттери чыгып, өзүбүз менен бирге жашап аткан коомдон артка кайтпастан тең укуктуулук менен биз чечүүчү кезде, сөзсүз өзүбүзгө моюнга жүктү алышыбыз керек.
Кыргызстандын Конституциясында жазылып турат, жалпы коом, бардык жарандар тең укуктуу, ар бир киши шайланганга, шайлоочу болгонго акысы бар. Бул партиялык системада партияга кирбесең, шайланууга укугу жок.


“Азаттык”: 2007-жылкы Конституциянын экинчи беренесинде бийликти кандайдыр бир топ ээлеп алууга болбойт деп жазылган эле. Андан тышкары 8-беренеде мамлекеттик жана партиялык институттарды бириктирүүгө мамлекет иштерин партиялык программалар менен чечимдерге баш ийдирүүгө жол берилбейт деген да берене бар болчу. Эмне үчүн ушул жоболор жаңы долбоордон орун алалбай калды? Бул партиянын СССР кезиндегидей монополист болушуна жол ачып бербейби?

Эркинбек Алымбеков: “Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет” болуп атпайбы. Союз учурунда Коммунисттик партия монополиялык басып алып, кийин демократиялык кыймылдар бул жоболорду киргизген. Азыр биз саясий партиялардын ат салышуусу менен, базалык принциптер, айкындуулук, шайлоо институтун ордуна келтиргенден кийин саясий партия өзүнүн экономикалык, саясий платформасы менен эл алдына чыгып, “эгер силер ишеним көрсөтсөңөр саясатты мындай жүргүзөбүз, экономика мындай болот, пенсия мындай болот” деп өзүнүн платформасы менен чыгат. Мисалы, азыркы саясат менен коомдук түзүлүштүн логикасы башкача болуп аткандан кийин, ошол логикага жараша учурлар такталганбы деп ойлойм.

Кыргызстанды алып кете турган жакшы инсандар бар. Үчүнчү жолу - кыргыз элим мойнуна тиранды отургузуп чыдабайт. Анткени Кыргызстанды сактап кала турган алтын инсан болсо, буга чейин Кыргызстанды талап тоноп, стретагиялык объектилердин баарын сатып, Каракыраны берип атканда патриот болуп окопто жаткан инсан кайда элеңер?



Алмамбет Матубраимов: Биринчиден, Каркыра дегенди токтотсок, ар бир кишиге тийшпесек. Экинчиден, 2005-жылы келгенде ушул эле кишилер келгенбиз, жыргатабыз, бир жолу мыйзамды буздук дегенбиз. Мыйзамды буздук, беш жыл элди жыргаткан жокпуз, Акаев жооп берген жок, Акаевди кулаткандар жооп берген жок. Азыр да кулаттык, эл кыйналды, талкаланды. Ким жооп берет?

“Азаттык”: Алмамбет мырза, сиз өзүңүз айткандай, 2005-жылы Акаев кетип, Бакиев келгенде сиз да бийликте жүргөнсүз. Эмне үчүн ушуларды ошол кезде айткан жоксуз? Эмне үчүн Акаевди жазага тарталган жоксуздар?

Алмамбет Матубраимов: Мен Акаевдин кезинде да иштегем, бүт бардыгы ким болгонун билет. Акаевди сындап менчелик эч ким жазган эмес, муну билесиздер. Экинчиден, Бакиев келгенде “түштүктө ушунчалык акыбал оор, ишенимди бериңиз” деген. Иштедим, иштегенде келишпестик болду, “келишпесек анда макул, азыр түштүк тынчыды, ордунда, жайында иштегиле” деп айттым.
23-мартта Бакиев деле чогултуп алып, Элдик курултай өткөрүп, дүркүрөгөн кол чабуулар болуп, элдин атынан тон бычкан дүжүрлөр келди.


Кийин депутаттыкка коюп келдим, Эркин менен шериктеш болуп иштедим. Оюмду ачык айттым, менчиктештирүүгө болбойт, каршымын дедим. Мен айтканда эң биринчи ошол жерде оппозиция болуп калгам. Мен мамлекетти башкаралбай атасыңар, бийликти башкаралбасаңар өткөргүлө деп ачык айткам.

Үчүнчүдөн, мамлекетти башкарууга болот, президент десе эле, президенттин супер укуктары жок эч кандай, мен жазып койгондой президент айлыгын алат, өзүнүн ошол жердеги жасап аткан кызматы үчүн айлыгын төлөйт, себеби биз балдарына да мүмкүнчүлүк бербешибиз керек. Кыргызстандын жарандары бүт бардыгы тең укуктуу, тең эркиндикке барабар, эч ким басмырлай албайт. Эмне үчүн президентке биз көп нерсени беришибиз керек?

Төртүнчүдөн, президент өкмөтүн Жогорку Кеңешке алып келет, Жогорку Кеңеш өкмөттүн түзүмүн бекитет. Жогорку Кеңешсиз президент өкмөт түзүмүн бузалбайт. Прокуратура, банктардын орун басарларына чейин Жогорку Кеңеш шайлап берет. Ошол жерде бүт тең укуктуу.

“Азаттык”: Эркин мырза, түшкөн долбоорлорду чогултуп кароого мүмкүнчүлүк болбогону бул убакыттан элеби, же бир башка себептер барбы?

Эркинбек Алымбеков: Эч кандай башка себеп жок. Коомчулуктун бир тарабы “эмне үчүн чоюп атасыңар, батыраак Конституцияны кабыл алып, бийликти мыйзамдаштырып, шайлоого өтөлү” деп айтып атат. Экинчи тарабы “эмне үчүн аябай шашып атасыңар, шашпай жакшылап изилдеп, жазында кылсак” деп айтып атат. Бирок чындык ортосунда болуш керек. Убактылуу өкмөт күтүлбөгөн жерден келип калып, жарым жыл убакыт бергиле, жарым жылдын ичинде эрежелерди өзгөртүп, шайлоого чыгып, айкын, бурмалоосу жок шайлоону өткөрүп, элге кимди каалаганын шайлап алууга мүмкүнчүлүк берели деген ой-пикир айтылып атат, баарыңыздар көрүп-билип турасыздыр. Ошондуктан эки ортодогу иш болуп атат.

Алмамбет Матубраимов: 10-октябрь деп атабыз, биз референдумду 27-июнда өткөргөн атабыз. Мен ойлойм, 27-июлга деле койсо болот. Себеби шашпаш керек. Шашкандан бир чыр чыгып кетпесин деген ой бар.

“Азаттык”: Эмне үчүн шашып атат деген ойдосуз?

Алмамбет Матубраимов: Мен ойлоп атам, шашкандан мурун ушундай болот эле деп атышат. Бөлбөшүбүз керек.

“Азаттык”: Алмамбет мырза, сиз жогоруда “референдумда эл сунушталган суроо боюнча добуштарын бербей койсо башкача кырдаал түзүлүп калышы мүмкүн” дедиңиз. Эмне үчүн? Ошондой кырдаалды алдын алуу үчүн Убактылуу өкмөт кандай чараларды көрүш керек?

Алмамбет Матубраимов: Мен азыр көпчүлүктөгү нааразычылыкты айтып атам. Эмне үчүн мен президенттикке жеке өзүмдү талабымды кое алам, депутаттыкка кое албайм деген бул чоң маселе болуп атат.

“Азаттык”: Шайлоонун бир күндө болгону үчүнбү?

Алмамбет Матубраимов: Жок, айырмасы жок. Себеби партиянын мүчөсү болбосо ал депутаттыкка кое албайт. Экинчиден, элге көп таңуулабашыбыз керек. Үчүнчүдөн, эл партиялар даяр деп айтып атат. Референдум кандай өтөт - бул да маселе.

Партиялар парады

Эркинбек Алымбеков: Мен бир суроо берип коеюнчу, Амамбет Матубраимович. Биз азыр элибиздин, Кыргызстандын келечегин ойлосок, кандайдыр бир саясатчылар жоболорду киргизип, өзүн депутаттыкка болобу, президенттикке болобу жетип пендечиликке барбай, мамлекетибизди, элибизди ойлосок. Сиз президенттикке койгонго партиясы жок мүмкүнчүлүгүм бар экен, депутаттыкка партиясыз кое албайт экем деп айтып атасыз. Бул жерде бир маселе: сиз депутат болгуңуз келеби, же элдин болочогун ойлойсузбу? Эгер элдин болочогун ойлосоңуз, шымаланып, платформасы, саясаты жаккан партияга кирип, курама топ катары партиянын экономикалык, саясий стратегиянын чегинде иш алып барып, курама катары келип, команда катары жоопкерчиликтүү болсо, мисалы, мен партиясыз депутат болбой калам дегендерге жооп берип атам, эмне жолтоо болуп атат?

Алмамбет Матубраимов: Суроо берип бүттүңүзбү? Мен берген суроого жооп бербей койдуңуз. Ким уруксат берди, кандайча силер Конституцияны жазып атасыңар? Жооп берип коеюн сизге, мен партиям даяр, аттанабыз. Аны эч ойлобоңуз.

“Азаттык”: Президенттикке барасызбы?

Алмамбет Матубраимов: Аны дагы көрөбүз, убакыт көрсөтөт. Негизинен бул жерде элдин гана каалоосун айтып атам. Чочулоо дегенде, референдум жакшы өтсө деп атам. Кантсе да адам чочулоо менен караш керек, миң жолу өлчөш керек, андан кийин гана чабармандыкка, аламандыкка барбаш керек.

Эркинбек Алымбеков: Мен жооп берейин, анткени коомчулукка кызык туудурган көйгөйлүү маселе. Убактылуу өкмөт өзүнүн ыйгарым укугун тарыхтын агымы, элдин ишениминин негизинде иш алып барып атат. Азыр сиздер айткандай, “Ак жол” башын көтөрүп, биз Убактылуу өкмөттү легитимдештире коелу, анан Масалиев спикер боло калып, Убактылуу өкмөттү легитимдештирсе, мен Конституциянын жобосу боюнча мен президенттин милдетин аткаруучусу боло калайын деп, тияктан кылтыйып, өзүнүн да пендечилик маселелерин ойлоп турат. Убактылуу өкмөт барып легитимдүүлүгүн алса, ага караганда жөн тарап кеткени туура.

“Азаттык”: Сиздер азыркы Конституциянын 16-беренесиндеги улууларды урматтоо, бир туугандарына жана жакындарына камкордук көрүү Кыргызстан элдеринин ыйык милдети деген жобону долбоорго киргизген жоксуздар. Бирок сиздин жубайыңыз Галия БШКнын мүчөсү болду. Ага сиз камкордук кылган жоксузбу?

Эркинбек Алымбеков: Бул боюнча да коомчулукта ар кандай ой-пикир, суроолор бар. Алмамбет Матубраимович да билет, 10 чакты жылдан бери бөлүм башчы болуп БШКда иштечү эле. 2007-жылы шайлоо болоордун алдында аны жумуштан айдашып, РОВДга чейин камалып, ачкачылык жарыялап, чындык деп чыркырап жүргөн кесипкөй. “Ата мекен” партиясынан БШКда кесипкөй, ишбилги катары жылдырылды. Менин ал жакка тиешем да жок.

“Азаттык”: Алмамбет мырза, өзүңүз жакшы билесиз, Акаев өз кезегинде мен бардык нерсе үчүн жооп берем деп айтчу эмес беле. Бирок, тилекке каршы, жооп берген жок. Андан кийин бийликке келген Бакиев да качып кетти. Кыргызстандын эл аралык аброюн эл аралык деңгээлде түшүрбөш үчүн эмки президентке кандай качып кетпеши үчүн, жоопкерчиликке тартуу үчүн Конституцияга кандай чектөөлөр киргизилиш керек деген ойдосуз?

Алмамбет Матубраимов: Мен карап чыктым, жакшы эле көңүл бөлдүм, бир жеринен да жоопкерчилигин көргөн жокмун. Президент шайланып келгени менен эч нерсеге жооп бербейт. Парламент бардыгын чечет деп жазылып калды. Бирок өкмөт менен Жогорку Кеңештин ортосунда карама-каршылык болсо президент кетире алат деген нерсе калып калыптыр. Бардыгынын кол тийбестигин алыш керек, бардыгы айлыкка жашаш керек.

“Азаттык”: Азыркы долбоордо кол тийбестик алынып атпайбы?

Алмамбет Матубраимов: Кол тийбестиги алынганы менен карап көрсөңүздөр, ал жерде Жогорку Кеңештин депутаттары боюнча кичине башка нерселер бар.

Эркинбек Алымбеков: Биз бийликтин ыйгарым укуктарын тең бөлүштүрүп, президент арбитр, мындайча айтканда, эл атасы, туруктуулукту кармаган гана инструмент болуп калып аткан үчүн, мисалы, экономикалык саясатка, кадрлар саясатына кийлигишпесе, каржыга тиешеси болсо, ага жоопкерчиликти өкмөттөн, парламенттен карасак.

Абсолюттук кол тийбестик кетип атат, мисалы, президенттен баарын эле алып салсак, эл атасы болуп отурган кишиге кандайдыр бир күчтөр улам-улам чакыртып, соттон чыкпай отурса да болбойт. Аны жазага тартууга уруксат берүү механизмдери каралды. Ошондуктан президент эч нерсе чечпейт, Алмамбет Матубраимович айткандай, кризис болгондо гана ишке аралашып, кризис бүткөндөн кийин кайра эл атасы болуп элдин сыйын көрүп гана отурган механизм.

Алмамбет Матубраимов: Бул жерде көрдүңүз, Конституцияны да окудуңуз, бардыгынын укугу бар, эч кимдин жоопкерчилиги жок. Ошондуктан жоопкерчилик так жазылыш керек.

Эркинбек Алымбеков: Жоопкерчилик - сен уурдап, ичип-жеп, туугандарыңды жумушка коюп отура албайсың. Айкындуулук менен шайлоо инстанциясы калыптанса, эреже, жоболор оппозициянын парламенттин ичиндеги укуктардын негизинде жоопкерчиликке бат эле алып келгенге механизмдер каралып атат.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG