Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:12

“Азаттыктын” «Ыңгайсыз суроолор» берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы элдин кароосуна берилген Конституциянын жаңы долбооруна арналды.



Талкууга катышкандар:


“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова






Конституциялык кеңешменин катчылыгынын башчысы Данияр Нарынбаев






“Азаттык”:
Элге тартууланган Конституциянын жаңы долбоорунда өткөөл мезгил жана өткөөл мезгилдин президенти деген да жобо пайда болду. Ушул өткөөл мезгилдин президентинин укуктук макамы жөнүндө суроо эмне үчүн референдумга өзүнчө суроо болуп коюлган жок? Дегеле өткөөл мезгил деген эмнени билдирет, кандай түшүнүк?

Данияр Нарынбаев: Биринчиден, Конституциялык кеңешменин тапшырмасы менен иштелип чыккан долбоордун ичинде бул жоболор жок болчу. Бул Убактылуу өкмөттүн жыйынында көтөрүлгөн маселе, ошол жерден каралып, чечилип, акыркы вариантын Убактылуу өкмөт өзү бекиткен болчу. Ошон үчүн Убактылуу өкмөттүн чечими деп белгилейин.

Экинчиден, Конституцияны кабыл алгандан кийин бир эле заматта бир күндө, бир айда да бардык Конституцияда көрсөтүлгөн органдарды түзгөнгө эч кандай мүмкүнчүлүк жок экен. Ирети менен болуш керек. Адегенде бул Конституцияны кабыл алыш керек. Ал Конституциянын ичинде тийиштүү бөлүмдөрүндө Жогорку Кеңештин, президенттин, өмөттүн, соттордун ыйгарым укуктары так жазылыш керек. Ошонун негизинде шайлоо жарыяланыш керек. Үч айдан кем эмес убакыттын ичинде программаларын жарыялап, үгүт иштерин баштоого саясий партияларга мүмкүнчүлүк бериш керек. Ошол эле мезгилде биздин жарандарга да ошол партиялардын арасынан эң жагымдуусун тандап, кийин шайлоого барганда ошого добушун берүүгө мүмкүнчүлүк бериш керек.

Андан сырткары эл аралык тажрыйба боюнча президенттик жана депутаттык шайлоолордун арасында сөзсүз түрдө бир жыл өтүш керек экен. Себеби экөө аралашканда президент эмне иш аткараарын, депутат эмне иш аткараарын түшүнбөй калат. Ошондон келип өткөөл мезгил деген түшүнүк пайда болду.

Этап-этап менен карасак, 27-июнда бизде рефрендум өтөт, октябрь айында үч айдан кийин парламенттик шайлоо болот. Шайлоо өткөндөн кийин, депутаттар иштей баштагандан кийин алар өкмөт курамын түзөт. Андан кийин президенттик шайлоого даярдык көрсө болот.

“Азаттык”: Өткөөл мезгилдин президенти макамы берилип жаткан Роза Отунбаева жөнүндө эмне үчүн өзүнчө суроо болуп, референдумга киргизилген жок? Анан да ушул Конституциялык кеңешмени башкарып жаткан Өмүрбек Текебаев Конституциянын долбоору кеңешмеде талкуулана электе эле Роза Отунбаевага экс-президент деген макамды бериш керек деген билдирүү жасап жиберди эле. Мунун артында кандай ойлор турат?

Данияр Нарынбаев: Бул деле Конституциялык кеңешме бекиткен долбоордо жок болчу. Бул Убактылуу өкмөт өзүнүн жыйынында карап, бул маселени чечкенден кийин, юристтер да, биз да кеңешип карап көрдүк, орду ошол мыйзамдын ичине кире турган жоболор экен. Ошон үчүн мыйзамдын ичинде киргизилип, бул бир суроо менен чыгып атат.

“Азаттык”: Азиза айым, сиз укук коргоочу катары айтсаңыз, элдин кароосуна берилген Конституциянын долбоору менен карапайым калк, калың эл таанышып, талкуулап үлгүрө алабы?

Азиза Абдрасулова: Негизинен Конституциянын долбоору даярдалганы, ошону рефрендумга алып чыгып атканы бир топ кыргызча болуп калды. Себеби эң биринчи Конституцянын долбоору даярдалды, андан кийин Конституциялык кеңешме түзүлдү, анан ошол кеңешмеге даярдалган долбоор берилди. Адегенде рефрендумга Конституциянын бир эле Убактылуу өкмөт тарабынан таңууланган долбоорунун чыкканы туура эмес болуп атат.

“Азаттык”: Эмне үчүн таңууланган деп айтып атасыз?

Азиза Абдрасулова: Албетте таңууланган. Себеби, мен айтып кеткендей, эң биринчи Конституциянын долбоору даярдалды, Конституциялык кеңешме түзүлгөнгө чейин конституциялык долбоор түзүлүп, анан ошол бир долбоор Конституциялык кеңешмеге берилди. Ал эми Конституциялык кеңешме өздөрү долбоор иштеп чыккан жок. Бул Конституциялык кеңешмеге башка долбоор түшкөн жок, башка долбоор каралган жок. Ошондуктан бул таңууланган долбоор.

Сунуштар көп, талкууларга чек жок

“Азаттык”: Данияр мырза, бул Конституциялык кеңешмеге канча автордон, канча долбоор түштү жана алар кеңешмеде талкууландыбы?
Эч бир жаран өзү билбеген нерсеге барып добуш бере албайт да, ошого көзү жетип, ошону менен таанышмайынча.


Данияр Нарынбаев: Конституциялык кеңешмеге ал кезде ММКларга чыккан 3 долбоор атайын топ түзүлүп, Юстиция министрлигинде адистер изилдеп чыгышты. Бул кайсы долбоорлор? Дастан Сарыгулов чыгарган өзүнчө долбоор, Алмамбет Матубраимов чыгарган долбоор жана Феликс Кулов чыгарган сунуштар болчу. Ошолордун баарын изилдеп чыктык. Алар менен жолугуштук, Өмүрбек Чиркешович баш болуп, мен жана башка адистер катыштык. А.Матубраимов, Д.Сарыгулов, Ф.Кулов келди, алар менен сүйлөштүк, кеңештик, айттык. Акыры алардын бир гана талабы калды: ушул Конституцияда сөзсүз түрдө курултай деген институт көрсөтүлүш керек, мыйзам менен анын иштөө тартиби, карала турган маселелери анык, так жазылсын дешти. Аны биз кабыл алдык, азыркы долбоордо ошондой тийиштүү жобо бар.

Андан сырткары бизде телефондук линия ачылган болчу, 5 миңге жакын биздин жарандарыбыздан телефон чалуулар түштү. Алардын сунуштарын жалпылаштырып, катчылык 4 топко бөлүнгөнбүз, топтун координаторлоруна бергенбиз, ар бири өзүлөрүнүн беренелеринин үстүндө иштеп атканда ошолор эске алынуу менен каралды. Ошон үчүн бул жерде эл катышкан жок, же болбосо башка долбоорлор каралган жок деген туура эмес.

Азиза Абдрасулова: Ошол эле Исмаил Исаков айтты, мен президенттик башкаруу боюнча долбоорум бар деп.

Данияр Нарынбаев: Бар болду. Бирок акыры көнбөдүбү, макул болбодубу.
Конституциялык кеңешме Конституциялык Сот калсын деп так, анык жазып азыркы укуктарын кеңейтүү менен сунуш кылганбыз.


Азиза Абдрасулова: Аны Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Ошко барып жарыялап атат. Үчүнчүсү болсо 93-жылга кайрылыш керек деп айтып атат. Түшүнөсүңөрбү, Убактылуу өкмөттүн ичиндеги ынтымактын жок экени бүгүн элдин психологиясына моралдык таасир этип атат.

Данияр Нарынбаев: Мен толук кошулам сиздин ушул сөзүңүзгө. Бирок акыры жүрүп отуруп ар бири гезитке бирден кол коюп чыкпадыбы.

Азиза Абдрасулова: Конституциялык кеңешмеге эми парламенттик түзүмгө ылайыкташтырылган долбоор берилди да. Эми ал кандай талкууланат?

Данияр Нарынбаев: Элге тандоого эч мүмкүнчүлүк жок, бир гана долбоор чыгып атат деген сөзгө кошулалбайм. Себеби 2007-жылы кабыл алынган Конституция - бул супер президенттик формадагы Конституция. Эгерде рефрендумга эл келип, “жок, биз парламенттик формасына каршыбыз” десе, анда каршы деп жазып берсин. Азыркы Конституция күчүнө калат да, супер президентти шайлап алганга толук мүмкүнчүлүк ачылат.

“Азаттык”: Конституциянын долбоорун карап көрсөк, парламенттик-президенттик болуп атпайбы. Анан кийин президент мамлекеттин башчысы болобу же спикерби? Ушул маселе чоң талашты жаратып жатат...

Данияр Нарынбаев: Таза парламенттик форма деп айта албайбыз. Себеби таза парламенттик форма болгондо эл тарабынан бир гана парламент шайланат да, президентти болсо парламент өзү шайлап коет. Бул жерде экөө тең шайланат. Себеби экөөнүн тең укуктары жакшы, так жазылган. Бирок депутаттарга да, президентке да абдан көп чектөөлөрдү киргизгенге аракеттендик.

Импичментти карап көрсөңөр, азыр президентке абдан жеңил формадагы импичментти жарыяласа болот. Парламентти карасаңар, анда да биз мурунку “Ак жолдун” парламентин эске алуу менен, мандаттарын эркин мандат деп жаздык. Бул эмнени билдирет? Бул - депутат шайланып келип, фракциянын ичине кирип, парламентте иштеп атканда фракциянын лидеринин көзүн карабай өзүнүн ички түшүнүгүн эркин айтууга толук кандуу мүмкүнчүлүк берилет.

Азиза Абдрасулова: Бул – таза парламенттик башкаруу эмес, бул – президенттик-парламенттик башкаруу деп эле айтышыбыз керек экен да.
Мушташса ошол жерден мушташа берсин. Бирок көчөгө чыкпасын. Ошондой күч түзөлү деп атабыз.


Данияр Нарынбаев: Бир нерсени түшүнүп алсак, парламенттик башкаруу дегенде бир маселеден келип чыгат: өкмөт курамын ким курат, өкмөт структурасын, өкмөттүн программасын ким бекитет , өкмөттүн артынан ким көзөмөл кылат? Муну карасак парламент көзөмөл кылат. Ошон үчүн биз парламенттик республика десек болот. Бирок жалпысынан алганда эл тарабынан президент шайланып аткандан кийин бул таза парламенттик республика эмес.



Тышкы саясаттын багытын ким аныктайт?

“Азаттык”: Конституция кабыл алынгандан кийин Кыргызстандын тышкы саясатын ким жүргүзөрү так айтылбай калыптыр. Ким аныктайт, ким жүргүзөт?

Данияр Нарынбаев: Туура, бул тууралуу абдан көп пикир алмашуу, талашуу болду. Биз, Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү, мындай чечимге келдик: Жогорку Кеңеш шайланып келгенден кийин биринчи кадамы өкмөт курамын түзүш керек, структурасын бекитип, анан өкмөттүн программасын бекитет. Өкмөттүн программасында тышкы жана ички саясаттын негизги багыттары каалайбызбы, каалабайбызбы көрсөтүлөт. Аны парламент бекитип атканда өкмөттүн, парламенттин да тиешеси болот, акыры жүрүп отуруп ошонун негизинде президент эл аралык сүйлөшүүлөрдү, келишимдерди түзгөнгө укуктуу да, милдеттүү да болот. Ошону менен үч бутак тең биригип негизги багыттарды аныктайт дегенди билдирет.

“Азаттык”: Ошол ички, тышкы саясат боюнча жоопкерчилик кимге жүктөлөт?

Данияр Нарынбаев: Биринчи ирет өкмөткө.

Азиза Абдрасулова: Ушул жерден мен да бир суроо бере кетейинчи. Мисалы, өкмөт – бул аткаруу бийлиги. Демек биздин өкмөтүбүз саясатташат турбайбы?

Данияр Нарынбаев: Тышкы саясат бул эмне? Бул деген ички саясаттан келип чыккан нерсе. Биз каалайбызбы, каалбайбызды экөө чырмалышкан, экөө бири-биринен ажырагыс нерселер. Ички саясаттан келип чыккан тышкы саясатты өткөрбөсөк, экөө эки башка болсо анда мамлекетибиз эмне болот, кайда барабыз? Ошон үчүн негизги орган – бул өкмөт. Ошону биз жакшы билип алалы. Бирок өкмөттүн артынан көзөмөл кылуучу бул негизги парламент, ошол эле кезде президенттин да укуктары так көрсөтүлгөн.

“Азаттык”: Данияр мырза, бул Конституция менен кошо референдумга Конституцияны колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзам коюлуп жатат. Бул укуктук жактан талаш тартышты пайда кылбайбы? Себеби эл макулмун, же каршымын деп ушул Конституцияга добуш берет, мыйзамга эмес. Бул кандай болот?

Данияр Нарынбаев: Мыйзам – Конституциянын ажыратылгыс бөлүгү. Ушул мыйзамда ар дайым 93-жылдан баштап Конституцияны кабыл алып атканда да мыйзам бар болчу.

“Азаттык”: Ал мыйзамдар мурда да референдумга коюлуп келчү беле?

Данияр Нарынбаев: Жок, 93-жылы Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам болчу. Ошондо дал ушундай мыйзам бар болчу.

“Азаттык”: Азиза айым, эмне үчүн жаңы бийлик келгенден кийин ушул Конституциянын долбоорлорун жазган атуулдардын укугун коргобой жатат деген эл арасында тынчсыздануу бар экен. Алардын бири сизге суроосун узатты эле. Ага партияда жок адамдардын шайлоого катыша албай калабы деген кооптонуулары негиз берген экен.

Акыл Акунов: - Эгерде Акаевдин убагында Азиза Абдрасулова укук коргоочу болуп аябай активдүү иштеп жүрсө, Бакиев келгенден бери эле активдүү иштебей калды. Мунун эмне себеби бар? Азыркы референдумга коюла турган мыйзамды эмне үчүн коргоп, унчукпай, өзүнүн оюн айталбай жүрөт? Эмне себептен?

Азиза Абдрасулова: Тескерисинче, Акаевдин убагындагыга караганда Бакиевдин убагында укук коргоочу катары биздин уюм өтө чоң иштерди жасады деп ойлойм. Азыркы Конституциялык кеңешмеге эмнеге катышпайт деген суроого, мени Конституциялык кеңешмеге эч ким чакырган жок, кайсы жерде түзүлгөнүн да билген жокмун.

“Азаттык”: Бул Конституциянын долбоорун жазган адамдардын жана партияда жоктордун укугу эмне болот, эми парламенттик шайлоо болсо жалаң партияда тургандар катышат деген ойлор коомдо күчтүү болуп жатат. Ошолордун укугун эмне үчүн коргобойт деген суроо болуп жатат?
Себеби таза парламенттик форма болгондо эл тарабынан бир гана парламент шайланат да, президентти болсо парламент өзү шайлап коет.


Азиза Абдрасулова: Ошондой укугу бузулган адамдар болсо бизге кайрылса болот. Биз негизинен кайрылган адамдардын баарын эле кандайдыр бир деңгээлде укугун коргогонго аракет кылабыз. Бүгүнкү күндө менин укугум бузулду, Конституциянын долбоору тарабынан деген кайрылуу болгон жок мага.

“Азаттык”: Данияр мырза, референдумда бир гана суроо коюлганы жатпайбы, “жаңы Конституцияны колдойсузбу, же каршысызбы” деген. Ошондон улам коомдо карама каршылыктар бар экен. Баягы Акаевдин, Бакиевдин учурундагыдай эле, көп маселелерди бир суроо менен чечип алат деген кооптонуулар бар экен. Азыр биздин көрөраманыбыз сизге ушундай суроо менен кайрылды эле.

Курманбек Секалиев: - Жакында өткөрө турган Конституциялык референдум бир нече бөлүмдөн жана 114 беренеден турат. Мына ушунун бардыгын юрист катары сиз референдум жолу менен кабыл алуу туура деп эсептейсизби?

Данияр Нарынбаев: Конституция бул абдан татаал документ, беренелери бири-бири менен байланышкан. Ошон үчүн Конституцияны толугу менен чыгарбасак башка жол жок.

“Азаттык”: Азиза айым, 27-июнда боло турган референдум ачык, калыс өтөт деген сизде ишеним барбы?

Азиза Абдрасулова: Шайлоолор ачык айкын болуш үчүн БШКдан, участкалык комиссиялардан көп нерсе байланыштуу. БШК башынан түзүлгөндөн бери жарандардын бир топ суроолорун жаратып койду. Экинчи жагынан убакыт өтө аз берилип атат. Мен жер-жерлерде болуп атам, чынында Конституция жөнүндө ойлонгон адам деле жок, Конституциянын долбоорлору элге жеткен деле жок, эл аны окуп, райондук деңгээлде 20-30 адамды чогултуп эле бир талкуу жүргүзүлбөсө карапайым элдин калың катмарына эч нерсе жеткен жок. Мына, 30 эле пайыз элдин катышканы жетет деп атат, 30 пайыз элдин 16 пайызы, анда Кыргызстандын шайлоочуларынын 16 пайызынын добушу менен бул рефрендум өтүп кетет деген сөз өтө коркунучтуу.

Багы ачылбаган Баш мыйзам

“Азаттык”: Данияр мырза, эмне үчүн Конституцияга өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңеш аркылуу киргизүү жобосун калтырдыныздар? Теория боюнча деле Конституция кандай жол менен кабыл алынса, ошондой жол менен өзгөртүүлөр киргизилиш керек эмеспи?

Данияр Нарынбаев: Туура, бир чети ошол жобо бар. Ал жободон биз кетпешибиз керек. Бирок ошол эле учурда биздин Конституцияда салт катары абдан майдаланып жазылып кеткен, ошону менен кетип баратабыз. Сөзсүз түрдө Жогорку Кеңештин да, президенттин да укуктары биринен жүзүнө чейин баары тең жазылып чыгыш керек. Ошол жол менен кетип баратабыз. Бирок кырдаал өзгөрүп кетиши ыктымал. Себеби коом өнүгүп турат да. Анан ошол өнүгүүгө улам тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизгенге Жогорку Кеңештин мүмкүнчүлүгү болуш керек.

“Азаттык”: Ушул мыйзамдын 14-беренесинин 2-бөлүгүнүн жоболору 2020-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет дейт. Бул эмнени түшүндүрөт?

Данияр Нарынбаев: Бул Жогорку Кеңештин, президенттин, өкмөттүн укуктарын, сот бийлигине да анча-мынча өзгөртүү киргизем десе 2020-жылды күтүш керек. Ага чейин өздөрү киргизе албайт. Ал эми ушунчалык эле маанилүү, керектүү өзгөртүүлөр керек болуп калса анда 2020-жылга чейин эле референдум өткөрүп өзгөрткөнгө жол, мүмкүнчүлүк бар.

“Азаттык”: Бир коркунуч бар, мурдагы бийлик учурунда, ага чейинки бийлик учурунда деле көрбөдүкпү, Конституцияны Жогорку Кеңеш аркылуу оңой олтоң өзгөртүп алган учурлар көп болгон. Ошон үчүн Жогорку Кеңешти макулдатып коюп эле президент болгон адам өзүнө керектүү, өзүнө кызыктуу өзгөртүүлөрдү киргизип алабы деген коркунуч бар?

Данияр Нарынбаев: Коркунуч бар. 2020-жылга чейин мен терең ишенем, биздин коомубуз өнүгүп, өсүп, адам укуктары бекемдеп ага жол бербейт.
Эгерде рефрендумга эл келип, “жок, биз парламенттик формасына каршыбыз” десе, анда каршы деп жазып берсин. Азыркы Конституция күчүнө калат да, супер президентти шайлап алганга толук мүмкүнчүлүк ачылат.


“Азаттык”: Айрым маалыматтарга караганда, референдумда добуш берүү Кыргызстандын чет мамлекеттерде элчиликтери жана консулдуктары бар жерлерде гана уюштурулат экен. Эгерде аларды санап көрсөк, мигранттардын 50 миңдейи гана катышып калышы мүмкүн экен. Бул жалпы чет өлкөдө жүргөн кыргыз жарандарынын укугун бузууга жол бербейби?

Азиза Абдрасулова: Укугун бузууга жол берет деген убакта да бизде башка айла жок деп ойлойм. Себеби консулдук, элчилик жок жерлерде аны ким уюштурат? Конституцияда адам укуктары жаатында биз өзүбүздүн мурунку кетирип жүргөн кемчиликтерибизден Конституциялык кеңешменин өкүлдөрү жыйынтык чыгаралбай калды.

“Азаттык”: Кандай жыйынтыктарды?

Азиза Абдрасулова: Баш паанек сурагандарды кайтарып берүү маселеси каралбай калды, бул биринчиси. Экинчи маселе, бул Конституциялык Сотту Жогорку Соттун курамында болуп калганы өтө өкүнүчтүү нерсе.

“Азаттык”: Демек Конституциялык Соттун жок болушу Кыргызстанда адам укуктары жаатында кандайдыр бир карама карышылыктарды, талаштарды пайда кылат деген ойдосузбу?



Азиза Абдрасулова: Албетте. Мисалы жарандардын укугу бузулганда Жогорку соттун чечими менен барып Конституциялык Сотто ошол адамдардын укугун коргоп калыбына келтирип атканбыз да. Биз Конституциялык Сотту барымтага берип коюп атпайбызбы, адам укуктары менен ойноп атабыз. Укук коргоочулардын Кыргызстанда мамлекеттик деңгээлде эки гана инструментибиз бар, бул – Омбудсмен, анын да мүмкүнчүлүгү чектелүү. Азыр эми Жогорку Соттун курамына кирип калса Конституциялык Сот кантип анан жарандардын конституциялык укугун жана эл аралык фундаменталдык укуктарын коргойт?

“Азаттык”: Данияр мырза Конституциялык Соттун жоюулушу саясий чечим болуп калган жокпу?

Данияр Нарынбаев: Азиза айым айткан маселелер, тескерисинче, туура чечилди деп эсепейм. Бүт эл аралык келишимдердин тийиштүү жоболорун ушул жерге киргизгенге аракеттендик. Өзүбүздө болгон тажрыйбаны киргиздик. Мына азыр митингдер жөнүндө да так жазылды. Эч кандай эскертүү бербейт, кааласа берет, каалабаса бербейт. Эскертүүнүн жоктугунан эч ким тыюу салалбайт, каалаган жерге митинг өткөрсө болот.

“Азаттык”: Ошондой жоболордун бүт бардыгын Конституцияга киргизүүнүн зарылдыгы бар беле?

Данияр Нарынбаев: Зарылдыгы бар болчу. Мына Азиза айым айтсын, барбы, жокпу. Себеби муну биз Конституция аркылуу гана чече алабыз.

Азиза Абдрасулова: Биздин ошол укугубуздан ажыратып коюп атпайсыңарбы. Мисалы, азыркы кайра эле парламент келет, кайра эле парламентте адамдар отуруп иштейт. Алар деле мыйзамдарды туура эмес кабыл алып калышы мүмкүн, ошол мыйзамдар сотто туура эмес иштетилип калышы мүмкүн, же болбосо сот да адам укуктарын бузушу мүмкүн. Биздин Конституциялык Сот аркылуу жарандардын укугун калыбына келтирүү укугубуздан силер ажыратып койдунар. Конституциялык Сотту Жогорку Соттун курамына киргизип койгондун өзү туура эмес болуп калды.

Данияр Нарынбаев: Конституциялык Сот тууралуу жооп берейин. Бул жерде Конституциялык кеңешме Конституциялык Сот калсын деп так, анык жазып азыркы укуктарын кеңейтүү менен сунуш кылганбыз. Бул Убактылуу өкмөттүн саясий чечими болду. Бирок ошол эле учурда биз аракет кылдык, толук бойдон Конституциялык Соттун функцияларын сактап калдык деп эсептейм. Азыркы кезде Конституциялык палата деп аталганы менен, мурунку Конституциялык Соттон эч айырмасы жок, андан да ашты.

Азиза Абдрасулова: Жогорку Соттун курамында болуп атпайбы.

Данияр Нарынбаев: Бул Конституциялык палатанын судьялары Жогорку Соттун пленумунун курамына кирбейт, бул процессуалдык таптакыр өзүнчө турган структура. Жогорку соттун төрагасына, орун басарларына баш ийбеген көз карандысыз структура. Өздөрүнүн тиешелүү маселелерин өзү биринчи жана акыркы инстанция болуп чечет. Анын чечимин Жогорку сот карай албайт да, жокко чыгаралбайт.

Тагдыр чечкен 120

“Азаттык”: Конституциялык палатанын мүчөлөрүн ким аныктайт, ким дайындайт?

Данияр Нарынбаев: Алардыкы өзүнчө кетет, талаптары да башкача, Жогорку Сотко бир талап коюлат судьялыгына, Конституциялык палатанын судьялыгына башка талаптар коюлат. Өзүнчө шайланат.

Азиза Абдрасулова: Аны Жогорку Соттун курамына киргизип койгонуна эмне зарылчылык бар болчу?

Данияр Нарынбаев: Дагы бир жолу кайталап коеюн, бул Конституциялык кеңешменин эмес, Убактылуу өкмөттүн саясий чечими болду. Саясий чечимдердин кээ бир аныктамаларын, негиздерин биз билбейбиз. Ошон үчүн Убактылуу өкмөттөн сурап тактап алсаңар болот.

Азиза Абдрасулова: Демек Конституциялык кеңешменин отуруп иштеп чыгарган акыркы долбоордун вариантын Убактылуу өкмөт элге чыгарбай туруп эле бузуптур да.

Данияр Нарынбаев: Ушул жагынан гана бузган жок, өзгөрттү десек болот. Жогорку Соттун курамында эмес, өзүнчө болсун, бирок өзүнчө Конституциялык Сот калбасын деген эле маселе.

Азиза Абдрасулова: Мурунку Конституция боюнча жарандарынын укуктарынын сакталышынын кепили президент болчу. Азыркы ким?

Данияр Нарынбаев: Азыр президент эмес, азыр парламент өзү.

Азиза Абдрасулова: Парламенттеги 120 адам кепил болуп калабы?

Данияр Нарынбаев: Ооба, бардыгы гарант болот.

Азиза Абдрасулова: Кандай болуп гарант болуп берет? Ырайым береби, же болбосо кайрылууларды кабыл алабы, 120нын кимиси?

Данияр Нарынбаев: Парламент ырайым берет, бул бир деп коюңуз. Экинчи гаранты парламенттин ичинде эки чоң бөлүк болот. Биринчиси, бул бийликте турган депутаттар, ал өкмөт курамын түзгөн, алардын артынан көзөмөл жүргүзгөн. Экинчи тарап бул оппозиция, башка партиялар.

“Азаттык”: Бирок ошол оппозицияны түзөбү? Мисалы, 65 орунду бир монополист партия алды деп коелу. Калган 55 орун башка партияларга бөлүнө турган болсо, 1-2ден болсо кандай оппозицияны түзүшү мүмкүн?

Данияр Нарынбаев: Ал жерде жазылып турат. Алар биригип туруп айтыш керек, биз азыркы парламенттик көпчүлүккө оппозициябыз деп.

Азиза Абдрасулова: Мисалы, Америкада түшүнүктүү, Республикалык партия келсе, Демократтар автоматтык түрдө оппозиция болуп калат. Демократтар келсе, Республикалык партия оппозиция болот. Бизде болсо азыр бийликке “Ата мекен”, СДПК, “Ак шумкар”, “Эркиндик”, “Эркин Кыргызстан” келди дейли, фактически келишти да. Кеткен партия “Ак жол”, “Алга Кыргызстан” келеби? Ошолорго мүмкүнчүлүк берилеби?

Данияр Нарынбаев: Берилет. Кеп ошондо болуп атпайбы. Бир-эки чоң партия болсо жакшы болот эле бизде. Эки чоң партия бири-бири менен тирешип, бирок цивилизациялуу түрдө парламенттин ичинде, көчөлөрдө эмес.

Азиза Абдрасулова: Культурный оппонент болупбу?

Данияр Нарынбаев: Ооба, мушташса ошол жерден мушташа берсин. Бирок көчөгө чыкпасын. Ошондой күч түзөлү деп атабыз.

Адам укуктары чексиз

“Азаттык”: Адам укуктары жөнүндөгү бөлүмдө жеке адамдын жашоосуна кийлигише албайт деген жобо бар. Бул журналисттерди кызыктыра турган суроо болуп жатат. Журналисттерди кээ бир саясатчыларды куугунтукка алууга жол ачып бербейби. Себеби буга чейинки Бакиевдин үй-бүлөлөрүнүн мүчөлөрүнө мамлекеттик казнадан жеп атат деген маселелерди жазган көп журналисттер куугунтукка алынбады, гезиттер жабылды.
Конституциянын долбоорлору элге жеткен деле жок, эл аны окуп, райондук деңгээлде 20-30 адамды чогултуп эле бир талкуу жүргүзүлбөсө карапайым элдин калың катмарына эч нерсе жеткен жок.


Данияр Нарынбаев: Абройуна шек келтирүү деген бар эмеспи. 127-беренени Азиза айым жатка билет го. Ошону колдонуу менен мурдагы бийлик канча журналисттердин тилин кыскартан. Ошону бул Конституцияга так жаздык. Эч ким кылмыш жазасына бул берене боюнча жоопко тартылбайт. Бул сөз эркиндиктин негизги кепилдиги деп эсептейбиз.

“Азаттык”: Дагы бир маселе, референдумда шайлоочулардын көбү келбей калса кандай кырдаал түзүлүшү мүмкүн?

Данияр Нарынбаев: Туура, бул абдан чоң проблеманы түзөт. Азыркы Убактылуу өкмөт бул тууралуу терең ойлонуп, тийштүү чара көрбөсө референдум чоң коркунучта болуп калышы мүмкүн. Себеби чет өлкөдө жүргөн жарандарыбызды 500 миң дейт, 700 миң дейт, санын так эч ким билбейт экен. Бирок алар биздин тизмеге катталган бойдон калган. Себеби бул мурунку бийликке ыңгайлуу болчу. Азыр мындай ыкмалар өтпөйт. Буга эл жол бербейт, биринчиден.

Экинчиден, азыркы шайланып аткан участкалык шайлоо комиссиялардын мүчөлөрү да жол бербейт. Тизмелерди тазалаш керек. Ошол жок кишилердин ысымдарын кетириш керек.

“Азаттык”: Азиза айым, Конституциялык туруктуулук Кыргызстанда мындан ары камсыз болобу?

Азиза Абдрасулова: Эң биринчи, бул Конституция кабыл алынгандан кийин канчалык деңгээлде ал тез аранын ичинде иштеп кетет, канчалык деңгээлде Конституциялык нормалар, мыйзамдар жарандардын укугун, мамилени түзө тургандай болуп жазылат, ошол канчалык деңгээлде калың эл катмарга жетет, канчалык деңгээлде ошол адам укуктарын сактайт. Ошондо туруктуу болот. Эч бир жаран өзү билбеген нерсеге барып добуш бере албайт да, ошого көзү жетип, ошону менен таанышмайынча. Маалымат таратууга болгон бүт мүмкүнчүлүктөрдү жумшаш керек, сыналгыларды иштетиш керек, тегерек үстөлдөрдү тез-тез уюштуруш керек.

“Азаттык”: Катчылыктын башчысы катары колуңузду жүрөгүңүзгө коюп айта аласызбы, эми Конституция саясий бийликте турган адамдардын каалоосу менен мурдагыдай кайра-кайра өзгөртүлбөйт деген ишенимдесизби?

Данияр Нарынбаев: Ишенгим келет деп ачык айтайын. Ар бир сөзүн жазып атканда ошону эстен чыгарбай жазганга аракет кылдык деп айта алам.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG