Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

"Ыңгайсыз суроолор": Экономикабызда эмне кеп?


«Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» сыналгы берүүсүндө бул ирет экономика темасында талкуу болду. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты, Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Иса Өмүркулов жана КР биринчи вице-премьер министри Акылбек Жапаров катышты.

Акылбек Жапаров









Иса Өмүркулов












Экономикабызда эмне кеп? 1-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:48 0:00



"Азаттык":
Менде баягы эле классикалык суроо, кыргыз экономикасынын абалы кандай, ошого кандай баа бересиздер?

Иса Өмүркулов: Жакында биз Конституцияга ылайык Жогорку Кеңеште өкмөттүн 2009-жылкы ишмердиги боюнча отчетун уктук. Ошого келген стат маалыматтар экономиканын абалы кыйла эле оорлоп калганын көрсөтүп атат. Мунун баары жөнөкөй сөз эмес, мунун баарын тең цифралар көрсөтүп турат.

Мисалы, өткөн жылы ички дүң продукцияны көрсөткөн өндүрүш 11 пайызга түшүптүр. Өндүрүштүн ичинен ала турган болсок тигүү, жеңил өнөр жай жагы 30 пайызга төмөндөптүр. Импорттун төмөндөшү 25 пайыздан ашты, экспорт 22 пайыздан көбөйдү. Курулуш материалдарынын экспорту да 20 пайызга чейин төмөндөдү. Мунун баары негизги көрсөткүчтөр. Ошону менен бирге 2008-жылга салыштырмалуу өндүрүш темпи да 6,1 пайызга төмөндөдү. Мунун баары тең экономиканын абалында чоң-чоң проблеманын бардыгын көрсөтүп турат.

Акылбек Жапаров: 2009-жылдын жыйынтыктары буюрса жаман эмес болду деп эсептейбиз. Анткени 2008-09-жылдары биздин экономика чоң кризистин алкагында иштеди. Былтыр биздин ички дүң продукциябыздын өсүшү 2,3 пайыз болду. 2010-жылдын биринчи чейреги кризистен кийинки өсүшкө кыргыз экономикасы даяр экенин көрсөтүп атат. Тактап айтканда, биринчи чейректе биз 18 пайыздын тегерегинде өсүштү күтүп атабыз.
Согуш убагынан кийин Германияда “Мерседес”, “Форддордун” баары 1 долларга сатылган.


Эң туура айтып атат, бул жерде былтыр бизде өндүрүштө кескин түрдө өсүү темптери түшүп кеткен. Биз өзүбүздүн прогноздо, пландарыбызда муну баамдап, иликтеп ошого даярданып да жүргөнбүз. Биринчи кварталда өндүрүштөгү акыбал ордуна келе баштады да жана өсүү темптери кете баштады. Буга ошол эле курулуш материалдарды алсак болот, Кумтөр, КГРК, “Дастанды” алсак болот. Алардын заказдары көбөйүп, иштеп баштады.

Буюрса Кызыл-Кыя цемент заводу да ишке кирген атат. Камбар-Ата-2 куруу темпинен биз жазбайбыз деп атабыз, май, июндарда биринчи агрегатын иштетип баштайбыз. Айтор, посткризис учурга кыргыз экономикасы бүгүнкү күнү даяр. Биздин эң орчундуу ички дүң продукциябыздын көлөмүн түзгөнү - бул соода, тейлөө тармагы, анан кичи, орто бизнес, бул 52 пайызды түзөт. Ушунчалык чоң көлөмдү түзгөн экономиканын секторунда бир топ жакшы жагдайлар көзгө урунуп атат.

"Азаттык": Импорт менен экспорттун байланышын караганда биз дагы эле көп жылдан бери келаткан тенденция сакталып атат деп ойлойбуз. Көрсөткүчтөрдү Иса мырза айтып өттү. Бизде баары бир импорт көп, экспорт аз болуп атат. Мындайча айтканда, кыргыз экономикасы дагы эле оор акыбалда турганынын белгиси да, туурабы? Өндүрүш жаатында айтылды, бир топ нерселерди санап өттү, бул Кыргызстан үчүн жетиштүү. Мисалы, Кумтөрдү, Кызыл-Кыядагыны айтты.

Иса Өмүркулов: Мен деле тилектешмин, өндүрүш өссүн деп атабыз, ошого байланыштуу өзүбүздүн сунуштарыбызды берип атабыз. Экономиканын өзөгүн түзгөн - өндүрүш. Мен макулмун, жанагы жогоруда айтылган заводдор иштесин, бирок, тилекке каршы, жалпы өндүрүштөгү көлөмдүн жарымын бир Кумтөр комбинаты түзүп турса, бул көп нерсени айтат, 100 пайызга ала турган болсок өндүрүштү. Ошонун жарымын бир гана комбинат түзүп атат.

Кийинки эки жылда улуттук өндүрүш өскөн жок. Мен макулмун, өсүп атат деп атат, кошулгум келет. Бирок андай боло турган болсо бюджеттин киреше жагы, салыктар көбөйүш керек. Эки айдын эсеби менен салыкты, албетте силер пландан тышкары 395 миллионго аткардыңар. Бул 395 млн. Кумтөрдүн гана эсебинен болду. Негизи бажы төлөмдөр боюнча эки айдын көрсөткүчү 164 жарым млн. сомго аз алдык өткөн жылы. Бул товар жүгүртүү жана кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөндөшү. Буга дагы таасир берген көп жагдайлар бар.

"Азаттык": Мурдагы премьер-министр Игорь Чудиновдун тушунда Кумтөр боюнча кайра келишим түзүлбөдүбү. Ошондо биз буюрса 80-90 млн. долларга чейин киреше алабыз деп айтылды эле. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча 30 млн.долларга да жетпептир. Мунун себеби эмне болду?
Учурунда Кант цемент шифер комбинаты 367 миң долларга сатылган. Сатылган мезгилде комбинаттын ичинде 42 млн. сомдун даяр продукция болгон экен.


Акылбек Жапаров: Өзүңүздөр билесиздер, биз кескин түрдө өзүбүздүн акыбалды Күмтөр боюнча оңдой алдык. Ошонун ичинде парламенттин да бир топ зор эмгеги бар, эки жылдын жыйынтыгын быйыл буюрса көрө баштадык. Мына, биринчи кварталда эле 1 млрд. 700 млн. сомго чейин акча түштү. Бул бир жылда төлөй турган төлөмүнүн 60 пайыз көлөмүн түзүп атат. Жылдын башында алып, биз да өзүбүздүн бюджетибизди толук кандуу аткарууга жетиштик.

Мындан тышкары биз эң чоң акционер болуп калдык. Эки өкүлүбүз директорлор кеңешине кирди. Бир нерсени айтып кетейин, биз 11 жыл мурун алган акчанын көлөмүн, салык болобу, биздин кирешебиз болобу, ошону быйыл алабыз.

Биз 11 эсе салык жагынан өзүбүздүн акыбалыбызды оңдоп алдык, бир жылда алган атабыз. Ал эми жакынкы 2009-11-жылга чейин ошол 2 жарым млрд. тегерегинде салык жагынан гана кирип турат да. Бул Ысык-Көл фондуна быйыл буюрса 5 млн. доллардын тегерегинде түшөт деген эсебибиз бар. Бул да 200 млн. тегереги. Мындан тышкары да эки жылдын ичинде биз эмнеге жетиштик, 11 млрд. сомдун тегерегинде товар, сырье сатып алып, анан алтынды чыгарышат.

Ошонун 10 пайызы Кыргызстандан алына баштады. Биз мындан ары милдеттенме коюп атабыз Кумтөрдүн астына, жылына 5-10 пайызды силер Кыргызстандан ошого кошумча нарк менен товарларды алып турасыңар деп. Эми 10 жылдын ичинде Кыргызстанда Кумтөрдөй болуп иштей турган кендердин баарын өзүбүздүн күчүбүз менен, ошолорго материал, сырьену даярдап иштей турган жумушчулардын тобун түзөлү деп атабыз. Мына ушундай жакшы, ыңгайлуу шарттар түзүлүп атат.

"Азаттык": Иса мырза, буга чейин сөз болду, Кумтөр боюнча сиз эмне пикир айта алат элеңиз?

Иса Өмүркулов: Мен айтканым, бир эле Кумтөрдү өкмөт айтып жатат, айтып түгөтө албаган дастан болуп атат. Андан бөлөк өндүрүш жөнүндө айтса жакшы болот эле. Ал эми Кумтөр бул өзүнчө бир орчундуу тема. Мунун бир эле нерсесин айтайын, өкмөт көбүрөк акцияларды алдык, көбүрөөк пайда көрдүк деп атат. Мисалы, мурун биринчи келишим боюнча бул өкмөттөн мурункулары түзүп атканда бир акциянын баасы 17-17,5 доллардын тегерегинде болчу. Кийин Кумтөр менен келишим түзгөн мезгилде акциянын баасы бир долларга чейин, 17 эсеге түштү.

Экинчиден, кошумча акция чыгарылды. Кошумча акция түшкөндөн кийин, албетте, акциялардын баалары да арзандайт да. Азыр кичине көтөрүлүш болуп атат, бул дүйнөлүк алтынга баа көтөрүлгөнүнө байланыштуу болуп атат.

Экономикабызда эмне кеп? 2-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:32 0:00


"Азаттык": Акылбек мырза, сиз өзүңүздүн сөзүңүздө айтып кеттиңиз, салыктардан кирешенин көбөйүшү бул соода тармагына байланыштуу деп. Биз Борбор Азияда чоң, орусча айтканда “перевалочный пункт” болуп атпайбызбы. Бирок ошол эле убакта жакында кыргыз ишкерлери бир маалыматты айтышты, кыйынчылыктарды тарта башташты, бул транзиттик жол менен Кыргызстанга Кытайдан, Араб Эмиратынан, Түркиядан келаткан товарларды Казакстандын бажы бекети өткөрбөй 50-60тан машиналар бир айлап туруп калган убактар болду. Бул эмненин таасири? Бизди коңшу мамлекеттер экономикалык курчоого алып атабы?
Келген кредиттин бардыгы Улуттук банктын эсебинде. Камбар-Атага кеткен акчадан башкаларынын баары Улуттук банкта турат.


Акылбек Жапаров: Сиз башында айтып кеттиңиз, экспорт, импорт жөнүндө да. Былтыр биз 20дан 30 пайызга чейин соода жүгүртүүбүз ички дүң продукциябызга караганда көбүрөк болду. Бул биздин өлкөбүз географиялык жагынан да, кудайдын буйругу менен транзиттик өлкө боло турганын дагы бир жолу далилдеп атат. Ошондуктан товардын көлөмдөрүнүн көпчүлүгү Азиядан Европага биздин мамлекет аркылуу кетип жатат. Анткени биздин мамлекетте эң либералдуу салык системасы да, валюта системасы да жаралды. Ошондуктан мындан ары экономикалык кыйынчылыктар кимди күтөт? Жанагы серый импорт менен иштеп аткандарды күтөт. Жанагы Казакстанда кармалган 54 машине тең бүт баары Казакстандын перевозчиктери болчу.

Жанагы TIRлерди (фр. Transports International Routiers, «Международные дорожные перевозки»), Иса Шейшенкулович аябай жакшы билет, быйыл биз 7 жарым миңден 15 миңге чейин көбөйтөлү деп эл аралык уюмдар менен сүйлөшүп алдык. Эгерде TIR болуп, пошлина, салыктардын баары орду-орду менен жазала турган болсо биздин республикага келип, бажыдан өтүп, кайра бөлөк республикада ошол ирет менен кетет.

Биз түшүнүшүбүз керек, өзүбүздүн ишкерлерди да биз чакырып атабыз, бөлөк мамлекеттер аркылуу бизге алып келбей, биринчи Эркеш-Там, Торугарт аркылуу бизге алып келсеңиздер, анан бизден пошлинанын баарын төлөп алып, алардын эрежесине ылайык документтерди алып анан товарларды жибериш керек.

Иса Өмүркулов: Акылбек мырза жүк ташуунун механизмин туура айтып берди. Бирок бул жерде бажы союз түзүлгөндөн баштап бизде бөлөк проблема башталды. Эч кимге сыр эмес, бүгүнкү күндө Кыргызстанга реэкспорттон көз карандысыз эксперттердин маалыматы боюнча 7 млрд. доллардын тегерегинде киреше кирет экен, киреше катары бизде калат. Жарым жылдыктан баштап Бажы союзунун мыйзамы да кирет. Бул сырткы чек аралардын баарын тең катуу бекемдейт. Ошондо реэкспорт, соода-сатык, контрабанданын баары тыйылат кескин түрдө. Ошондо биз чек араны бойлогон соода сатыктан дагы 1 млрд. долларды жоготот экенбиз.

Андан тышкары республикага келген, чыккан товардын баары тең ачыкка чыгат. Ачыкка чыккандан кийин мунун баары тең, албетте, кымбаттайт. Анан республикага түшкөн товарлардын баары тең кымбаттайт. Эми реэкспорт токтой турган болсо, албетте, биздин товар жүгүрүмүнө да терс таасирин берет. Бүгүн биздин ички рынок гана болуп калат. Албетте ушул мезгилде өзүбүздүн өндүрүш болсо экспортко кетиш керек.

"Азаттык": Акылбек мырза, Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Пермь шаарына келген убакта айтты да, Бажы союзу боюнча сөз болгондо Тажикстан менен Кыргызстанды күчтөп биз бул союзга киргизе албайбыз дегендей айтты? Кыргыз өкмөтү тарабынан кандай иштер жүрүп атат ушул жаатта?
Энергетика тармагы эң стратегиялык тармак, бул мамлекеттик менчикте болуш керек.


Акылбек Жапаров: Бажы союзу бул өз ыктыяры менен түзүлүп аткан союз. Мына кечээ күнү Орусиянын Экономикалык өнүгүү Министрлигинин башкармасынын жетекчисинин маеги жарык көрдү, ошол эле интернет каналдарында биздин гезиттерде да жүрөт. Ал Бажы союзга кире тургандар өзүнүн реалдуу түрдө суверенитетин жокко чыгарып, өз ыктыяры менен улуттук орган түзүп анан кириш керек деп айтып атат. Ошондуктан мен ойлоп атам, мунун терс жактарын, жакшы жактарын биз айта албайбыз. Бул жаңы эле уюшулуп атат. Биз баамдап көрүшүбүз керек. Урматтуу президент Курманбек Салиевич Бакиевдин тапшырмасы менен Минскиде атайын жумушчу топ түзүлгөн.

Дүйнөлүк соода уюмунун уставын биз изилдеп чыктык, мен анда соода министри элем. Ошондо жазылып турат, регионалдык бир союзга кирсе болот экен. Ошондуктан эгерде Бажы союзу өзү менен өзү бекемделип иштей баштаса, ошонун ичиндеги шарттарды биз жакшы биле турган болсок, анда Кыргыз өкмөтү консультацияларды баштоого даяр.

Бирок бул саясий чечим болуш үчүн биз алардын өзүн көрүшүбүз керек. Мына КМШ деген өзүбүздүн шериктеш мамлекетибиз бар да, ошонун сотуна Беларус мамлекети "Бажы союзу болгон күндө да пошлина киргизбеш керек" деп кайрылды. Бул пошлинага эле келгенде, ал эми астыда кошумча нарк салыгынын проблемасы турат.

Ошондуктан бул союз иштеп кетсе бизге эле жакшы болот. Анткени Кыргызстандагы товарлар мурун Казакстандын чек арасынан, Орусиядан, анан Белорусияга барса, азыр биз казактардан өтсөк эле Орусияга, Белорусияга кете беребиз. Ал эми жанагы курчоого алынып атат, анан ой бизде баары токтоп калат деген сөздөргө бир эле мисал келтирет элем. Убагында Кубаны Америка курчап изоляцияга алабыз деген да.

Ошондо да Кубанын продукциялары, ошонун ичинде вискиси да бар эле, гавайские сигары деп коет, ошонун баары эле Европага кетип аткан. Ал эми туристтик тартипти алар ушунчалык жакшы кылгандыктан америкалыктардын акчасы көптөрү жалаң Кубага барып эс алчу. Биз ошондой ыкмаларда болушубуз керек. Биз поездде, вагондо артында, же астында отурбашыбыз керек. Биз поезддин астында жүгүрүшүбүз керек. Мына ошого мен элдин баарын чакырат элем.

Экономикабызда эмне кеп? 3-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:22 0:00


"Азаттык": Акылбек мырза, Кыргызстандын тышкы карызы өтө көп болуп баратат деген тынчсыздануулар айтыла калып жүрөт, 2 жарым миллиарддын тегерегинде деп...

Акылбек Жапаров: Эми муну экономиканы көп жакшы түшүнбөгөн кишилер комментарий берип атса керек. Анткени бүгүнкү күнү тышкы карызыбыздын ички дүн продукция болгон көлөмү 50-52 пайыздын тегерегинде.

"Азаттык": Жыл сайын бюджеттен тышкы карызды жабыш үчүн канча акча бөлүнүп атат?

Акылбек Жапаров: Жабыш үчүнбү? Былтыр жана быйылды карай турган болсок, 75-85 млн. доллардын тегерегинде акчаны биз тышкы карызды тейлөөгө жумшадык.

"Азаттык": Бул бюджеттин канча пайызын түзөт?
Кыргыз өкмөтү хирургдардай чечим алды. Тилекке каршы, бул оор чечим болду. Бирок ушунун артынан оорулуу айыгып кетип, экономикабыз мындан ары өсөт деген үмүтүбүз бар.


Акылбек Жапаров: Бул 5 пайыздан 6 пайызга чейин болушу мүмкүн, тактап цифраны да айтайын, сырткы жактан көз карашы да, ички жакта экономисттер да бул сандарга кошулушу мүмкүн. Анткени тышкы карыздын коопсуздук деңгээли, ВВП 80 пайыз. Биздики 52 эле пайыз. Ошондуктан мен ойлоп атам, бул боюнча Кыргызстандын экономикасы алып аткан кредиттерди тейлөө боюнча бир да инвестор күмөн санабашы керек.

"Азаттык": Орусия кредити боюнча айталы, акыркы убакта 300 млн. доллар бөлүнгөн, анын кайсы бир бөлүгү Камбар-Ата-2 ГЭСин куруу үчүн жумшалды деп атат. Сиз ушул Орусия кредитинин пайдаланылып жатышы боюнча кандай көз карашыңыз бар?

Иса Өмүркулов: Баарыбызга маалым, Орусия 150 млн. доллар грант берген жана 300 млн. доллар кредит берген, аябай жеңилдетилген шарттарда. Эми 150 млн. грант кайда кеткенин билбейбиз. Бул эми өткөн жылдын бюджетин тешиктерин бүтөп, шайлоого кетти окшойт. Бул боюнча биз маалымат ала элекпиз.

Экинчиден, 300 млн. боюнча, бүгүн 100 млн. доллары Камабар-Ата-2ге жумшалды деп айтылып атат. Калган каражат болсо бүгүн Өнүгүү фондунун эсептеринде жатат дейт. Ал эми Орусиянын ММКларын уга турган болсок, бул коммерциялык банктарда жатат дейт. Ошон үчүн бүгүн элде орусиялык кредит боюнча маалымат жок, Жогорку Кеңеште да жок. Ал эми премьер-министр айтып атат, долбоорлор болсо биз ошону каржылайт элек деп. Ал эми өкмөт эмне менен алек болуп атат?

Акылбек Жапаров: Мен бул боюнча тактап гана коеюн. Келген кредиттин бардыгы Улуттук банктын эсебинде. Сиз айткандай Камбар-Атага кеткен акчадан башкаларынын баары Улуттук банкта турат. Муну депутаттык запрос кылса дароо эле тактап беришет. Ал эми келген 150 млн. грант кайда кетти билбейбиз дегенде, Иса байке ачыкты аягына чейин айтпай атса керек. Анткени ошол акчанын баары былтыркы бюджетте көрүлгөн.

Былтыркы кризис учурунда Орусиянын грантынын дээрлик көпчүлүгү биздин бюджетибиздин толук аткарылышына бизге шарт болду. Ошондуктан бюджет парламентте, депутаттар баарын анын билсе керек. Бирок жакынкы долбоорлор, мына "Лизинг" компаниясына 15 млн. доллар, Агро жана микрокредитный компанияга 15 млн. доллар, 50 млн. доллар ипотекалык кредитке даяр экенин айтып коюшубуз керек. Андан дагы бир жолу тактап кетейин, Улуттук банктын эсебинде бул акчалардын баары турат, аны бүгүн десеңер бүгүн берүүгө даярмын.

"Азаттык": Акылбек мырза, соңку убакта айтылып атат, кыргыз өкмөтү азыр кошумча эле бир өкмөт болуп калды. Өзүнчө биз чоң өкмөт пайда болду, бул - Курманбек Салиевич Бакиевдин баласы Максим Бакиев жетектеген Өнүктүрүү фондусу азыр өкмөттүн милдетин дээрлик аткарып калды деген пикирди мына Иса Өмүркулов мырза деле айтып жүрөт. Кандай ойдосуз?

Акылбек Жапаров: Быйыл өзүңүздөр билгендей, октябрда жаңылануу боюнча өзүнүн реформаларын президент К.Бакиев айтып кетти. Бул жерде төрт тараптуу чоң реформалар жарыяланды, бул саясатта, экономикада, анан демократиялык нук боюнча жарандык коомдордо башкаруу принциптерин киргизүү боюнча. Ошонун негизинде биринчи курултайыбыз өттү. Ал эми экономикада да өзгөрүштөр бир топ болуп атат.

Быйыл өзүбүздүн көз карандысыз өлкөнү курганыбызга 20 жылга жакын болуп калды. Биринчи жолу өнүгүү жөнүндө сөз болуп, ошого жооп бере турган атайын агенттик түзүлдү. Мурун болгон акчанын баарын бюджетке салып эле жеп-ичип койчубуз. Мына ошол 20 миллиардга так жооп бере турган атайын агенттик ачылды. Бул президенттин астындагы институттардын бири.

Саясий реформалары боюнча секретариат бар, ал да жооп берип атат. Ал эми өкмөт болсо өзүнүн функцияларын аткарып атат. Биз бюджетибизди парламенттен коргодук, ошонун аткарылышына толук ишенебиз.

"Азаттык": Акылбек мырза, быйыл эки чоң ири ишкана сатылды, бул - "Түндүкэлектро" жана "Кыргызтелеком". "Түндүкэлектронун" алгачкы коюлганы 3 млн., анан кошумча дагы 80-85 млн. тегерегинде салынат деп атат. Эл өтө ушуга нааразы болду. 17-мартта оппозициялык күчтөр өткөргөн Элдик курултайда бир талап ушул "Түндүкэлектро" менен "Кыргызтелекомду" артка кайтаруу, толкундоолор күч болду. Мына тарифтер көтөрүлдү. Нарында эл дагы эле толкундап атышат. Ушул маселе боюнча өкмөт эмне иш жасап атат?

Акылбек Жапаров: Мен айтып коюшум керек, убагында "Телекомду" сатып ийсек, мен да анда депутат элем, ушуга каршы чыгып аткам. Анда баасы 350 миллиондон 400 млн. долларга чейин эле. Бул азыркы энергетика тармагында болуп аткан реформага азыр барбай турган болсок. Ошондуктан кыргыз өкмөтү хирургдардай чечим алды. Тилекке каршы, бул оор чечим болду. Бирок ушунун артынан оорулуу айыгып кетип, экономикабыз мындан ары өсөт деген үмүтүбүз бар.

Жоготуулар эле 40тан 25 пайызга чейин түштү. Ошондуктан биз мындан ары дагы күрөшүүгө даярбыз. Ал эми "Түндүкэлектро" жеке компанияларга өткөндүктөн биз жоготуу деген түшүнүктү толугу менен жокко чыгарып атабыз.

"Азаттык": Канча убакытта аткарылат ушул?

Акылбек Жапаров: Жеке компания болгондон кийин, биз НДСти "сквозной" кылып койбодукпу, азыр канча киловатт электр энергия берсек, биз ошонун НДСин да, сатуудан салыкты да алабыз, калганы боюнча компания өзү андан ары иштей берет.

Иса Өмүркулов: Мен ойлойм "Кыргызтелекомдун" 40 миллионго сатылышы бул өтө эле арзан. Ал эми "Түндүкэлектро" албетте сатылбаш керек эле. Менин турумум ушундай. Себеби энергетика тармагы эң стратегиялык тармак, бул мамлекеттик менчикте болуш керек. Ал эми реконструкция кылыш керек, колапс болот дегендин баары тең мен ойлойм - сөз. Себеби эмне үчүн тарифти менчиктештиргенге чейин көтөргөн жок? Эмне үчүн менчиктештирүүгө чейин тарифти көтөрүп туруп реконструкцияга жиберсе болбойт эле?Анан эми бүгүн саткандан кийин тарифти көтөрүп атабыз.
Өндүрүштүн ичинен ала турган болсок тигүү, жеңил өнөр жай жагы 30 пайызга төмөндөптүр. Импорттун төмөндөшү 25 пайыздан ашты.


3 млн. деген күлкүлүү эле баа. Муну ачык айтыш керек, муну өкмөт өздөрү деле ачык айта албай жатышат окшойт. Бул туура эмес. Ал эми бүгүн тарифтин көтөрүлүшү, карапайым элдин пенсиясы Соцфонддун маалыматы боюнча статистикалык маалыматтар жылдын башына 2129 сом, анан жөлөк пособие деген сөз чыгыптыр, 200 сом, ар кандай, мунун баары тең бүгүнкү баага алып келгенде кыйла эле абалдын оордугун көрсөтүп турат.

"Азаттык": "Түндүкэлектро" кимге сатылды деген суроону койбойлубу?

Акылбек Жапаров: Тендердин жеңүүчүлөрү болуп табылган чакан ГЭС компаниясын айтсак болот "Түндүкэлектронукун". Бул бир жагдайы. Ал эми урматтуу Иса Шаршенкулович айтып аткандай, биздин мыйзам электрстанцияларды, ГЭС компаниясын транспортирующийлерди сатканга жол бербейт, ал эми распредкомпаниялардын баарын сатууга жол берет.

Ошол эле "Телеком" 2004-жылы 11 млн. доллардын тегерегинде сатылып, ал да пайданын эсебинен төлөнөт деп, мына революция болгондон кийин кайра алып келип, анан 40 миллионго сатып атабыз. Ал жагын да унутпаш керек. Мен айтып атканым, ошондо парламент каршы чыкпаганда балким анда 350-400 миллионго сатмакпыз.

"Азаттык": "Түндүкэлектронун" 3 миллионго сатылышын туура деп эсептейсизби?

Акылбек Жапаров: Бул туура, же туура эмес экенин коомчулук да өзү баамдап алса керек, мен эсептеп атам, 3 млн. доллар эмес андан да арзан баага сатып алам, бирок 80 млн. долларды инвестиция кылып такыр керектен чыгып калган трансформатор, подстанцияларды ордуна келтирип, жаркыты камсыз кылам деген компанияга сатыш керегибизди айтып коюшубуз керек. Согуш убагынан кийин Германияда “Мерседес”, “Форддордун” баары 1 долларга сатылган, бирок 10 жылдын ичинде 2 миңден 20 миңге чейин жумушчу орун түзөбүз, анан 20 млн. доллардан ашык инвестиция кылабыз деп, мына Германия бутуна турду.

Иса Өмүркулов: Учурунда Кант цемент шифер комбинаты 367 миң долларга сатылган. Сатылган мезгилде комбинаттын ичинде 42 млн. сомдун даяр продукция болгон экен. Ал эми бүгүн жылына 56 млн. долларга чейин мурунку тариф менен "Түндүкэлектрону" киреше берсе, анын 3 миллионго сатылса салыштырып, эми салыштырып көргүлө. Анан тарифтин эки эсе өсүшү, эки эсе эмес, эки эседен да көбүрөк өстү да.
XS
SM
MD
LG