Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:33

Буга чейин бири-бирине чукул оппозицияда турган "Ата Журт" менен "Ата Мекен", парламентке келген башка партиялар макул болсо, кеңири коалиция түзүүгө даяр. Бул тууралуу партиялар “Ыңгайсыз суроолор” сыналгы берүүсүнүн кезектеги чыгарылышында кеп салышты.

Талкууга катышкандар:




“Ата Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев









“Ата Мекен” партиясынын төрагасынын орун басары Равшан Жээнбеков







“Азаттык”:
Равшан мырза, элди кызыктырган суроо: “Ата Мекен” күтүлбөгөн жерден эмнеге аз добуш алды? Өзүңүздөр кандай баалап жатасыздар?

Равшан Жээнбеков: Биз муну бир топ себептер менен баалап атабыз. Эгерде өзүңөр билсеңер, азыркы шайлоо мурдагыга караганда бир топ таза өттү. Бирок азыркы шайлоодо тышкы күчтөрдүн, тышкы финансы ресурстарынын жана тышкы массалык маалымат каражаттарынын кийлигишүүсү аябай чоң болду. Бул биздин шайлоочуларга кандайдыр бир деңгээлде таасир берди. Ошонун артынан, биз ойлойбуз, “Ата Мекен” партиясы бир аз ойлогондой ийгиликке жетише алган жокпуз.

“Азаттык”: Орусиядан ушул сокку келерин алдын ала күтсө болот эле да. Ушул видеону алдын алуу иши болгон жок, андан кийин ошол сокку урулгандан кийин өзүңөрдү жоготуп койдуңар...
Азыр “Ата Журт” менен “Ар-намыс” бир тарапта, “Ата Мекен” менен Социал-демократтар бир тарапта, “Республика” ортодо турат. Аябай кыйын болот.


Равшан Жээнбеков: Тилекке каршы Кыргызстан кичинекей, кедей мамлекет болгондон кийин өзүбүздүн ресурстарыбыз чектелген. Казакстандын, Орусиянын массалык маалымат каражаттарына өз күчүбүз менен каршы туруш аябай кыйын нерсе. Ошондуктан бир топ кыйынчылыктар болорун биз түшүндүк. Ошого карабастан өзүбүздүн максатыбыздан тайган жокпуз, алдыга жыла бердик. Чынын айтышыбыз керек аларга каршы турганга күчүбүз жеткен жок.

“Азаттык”: Орусия “сындырды” десе туура болобу?

Равшан Жээнбеков: Антип айтса болот. Бирок негизги максат, эгерде биз ММКларды карай турган болсок, анда “Ата Мекенди” алсыратыш керек болчу. Бирок толугу менен алар максатына жете алган жок. Биз өзүбүздүн жеткиликтүү, керектүү добушубузду алдык. Бирок албетте ойдогудай болгон жок.

Күтүлгөн-күтүлбөгөн жыйынтык

“Азаттык”: Камчыбек мырза, сиздин оюңузча, эмне үчүн “Ата Мекен” аз добуш алды? Айырмасы 98 миң добушка жетет.

Камчыбек Ташиев: Биринчи орунду алган “Ата Журт” партиясы менен бешинчи орунду алган “Ата Мекен” партиясынын айырмасы 100 миң добуштун тегерегинде болду. Бирок “Ата Мекен” партиясынын кандайдыр бир деңгээлде аз добуш топтоп калышына мен эч кандай маалымат айта албайм. Себеби бул партия менен мен тыгыз иштешкен жокмун.

“Азаттык”: Сиз үчүн биринчи орун күтүүсүз болдубу, же күткөнсүзбү?

Камчыбек Ташиев: Биз муну күткөнбүз, толук билгенбиз. Бирок акыркы маалда бизге каршы жасалган көптөгөн провокациялар, жеке менин өзүмө карата жасалган көптөгөн туура эмес маалыматтар мамлекет тарабынан, мамлекетти башкарып турган бийлик тарабынан таркатылганына байланыштуу биз көптөгөн добуштарыбызды жоготуп койдук.

“Азаттык”: Сиз “Мекен шейиттери” кыймылынын артында башка күчтөр бар деп атасызбы?

Камчыбек Ташиев: Бул – шайлоого эки күн калгандагы өтө чоң провокация. Бирок ошол эле мезгилде бул өзүнөн өзү жасалган жок. Муну кайсы бир күчтөр, айрыкча мамлекеттик деңгээлде турган күчтөр ушуну жасады деп билем. Себеби, өзүңүздөр билесиздер, мамлекеттик коомдук телерадиокомпания болгон КТР мен жөнүндө тартылган жасалма видеону кайра-кайра көрсөтүп, комментарийлерин берип, биз андай эмес деп айтсак да ошого карабастан кайра-кайра айттырып турду.

“Азаттык”: Равшан мырза, азыр эл арасында “Ата Мекен” жеңилди, “Ата Журт” жеңди деп атышат. Сиздер чындап эле жеңилдиңиздерби?
Өмүрбек Текебаев шайлоо бүткөндөн кийин кечээ мага телефон чалып, ошол киши гана куттуктап, ошол киши гана адамдык чоң бийик сапатын көрсөттү.


Равшан Жээнбеков: Менин көз карашымча “Ата Мекен” партиясы жеңилген жок. “Ата Мекен” партиясынын бийликке келиши биздин оюбузча туура нерсе болчу. “Ата Мекендин” моралдык жактан укугу аябай чоң. Бирок “Ата Мекен” партиясы өзүнүн алдыга койгон максатынын бир тобун аткарды десек болот. Мисалы, мурдагы революциядан келген бир да бийлик элдин оюндагы мамлекетти түзүүдө, процесстерди баштоодо аракет да жасаган эмес.

“Ата Мекен” партиясынын мамлекетти өзгөртүүгө жасаган аракети, биринчи кадамы ишке ашты. Биз биринчи жолу тарыхыбызда болуп көрбөгөн таза шайлоону өткөрдүк. Бул кандайдыр бир деңгээлде “Ата Мекен” партиянын мээнети жана ушунча жылдардан бери аракет кылып келаткан ишинин үзүрү болуп эсептелет.

Кубулган заман

“Азаттык”: “Ата Мекен” партиясы революциядан кийин эйфорияга түшүп иштебей койду, ушул үгүт иштеринде аябай пассивдүү ролду аткарды деп айткан сөздөргө макулсузбу? Эмне үчүн ошондой болуп калды?

Равшан Жээнбеков: Мүмкүн кандайдыр бир деңгээлде “Ата Мекен” партиясында чынында эле эйфория болгон. Ушунчалык ишеним, элдин колдоосу сезилип турду. Бирок бул чоң ролду ойногон жок. Мен жана айтып кеткендей, бизге каршы мамлекеттин ичинде да, мамлекеттин тышында да аябай күчтүү топтор иштеди. Бул азыркы алган добушубуз ошол күчтөрдүн бизге каршы иштегенинин жыйынтыгы болуп эсептелет.

“Азаттык”: Азыр Өмүрбек Чиркешовичтин маанайы кандай?

Равшан Жээнбеков: Азыр маанайы жакшы. “Ата Мекен” партиясы башка партияларга караганда бир топ жылдардан бери өзүнүн күчтүү бекем көз карашын далилдеген партия. Биз бийликке келебизби, келбейбизби – азыр эми аз добуш алып калгандан кийин өтө принципиалдуу эмес. Биз оппозицияга өткөнгө да даярбыз. Мен азыркы өкмөттү кура турган партияларга, жаңы өкмөткө “Ата Мекендей” оппозицияны каалабайт элем.

“Азаттык”: Принципиалдуу айырма барбы, баары бир “Ата Мекен” парламентке өттү да, чындап эле жеңилди десе болобу? Ал коалициянын түзүлүшүнө да карайт, айырма болбой деле калышы мүмкүн, негизи Жогорку Кеңешке өттү.
Элдин ишеничин алдыкпы, эми ошол ишеничти акташыбыз керек.


Камчыбек Ташиев: Эң туура айтып атасыз. Эң негизгиси 5 пайыздык барьерден Жогорку Кеңешке өттү. Мында эч ким жеңилген жок. Эгерде биздин шайлоочуларыбыз добуш берип, ошол 5 пайыздан өтүп парламентке келген болсо, анын эч кандай утулуш, жеңилиш деп айтууга мүмкүн эмес. Кимдир бирөө азырак, кимдир бирөө көбүрөк алды, бул партиялардын арасындагы гана мелдеш.

“Азаттык”: Камчыбек мырза, сиз дайыма айтып келесиз, “Ата Журт” – ата журт үчүн, өзүбүздүн мекенибиз, коопсуздук үчүн турабыз деп. Бирок “Жаңы агым” гезитинде ушул шайлоого чейин Марат Султанов 300 баланы, Камчыбек Ташиев 500 баланы даярдаган деп жазылган. Даярдоого бир кооптонуу болдубу?

Камчыбек Ташиев: Өзүңүз деле айтып атпайсызбы, кайсы бир гезитте жазды деп. Гезиттер эмнелерди гана жазбады, эмнелерди гана айтпады. Акыркы маалдарда “Форум”, “Учур” деген гезиттерде мени жамандамайынча бир да материал чыкпайт. Мына ошол жерде 500 адам даярдаптыр деп айтып атышат. Эч кандай адамды даярдаган жокпуз, даярдамак да эмеспиз. Себеби биз башында эле айтканбыз, шайлоо мыйзамдуу, таза, адилеттүү өтүш керек, таза өтсө биздин эч кимге, эч кандай жамандык оюбуз жок деп. Адамдарды даярдап алып чыгуу өзүнүн максатына эч качан жеткен эмес. Биздин шайлоочуларыбыз күйө турган болсо өздөрү чыгат.



Мекен – бир

“Азаттык”: “Ата Журтту” түштүкчүл партия дегенди моюнга алыш керек, көп эле айтылып келет. Эгерде чындап эле ошондой болсо эмне себептен "Бүтүн Кыргызстан" менен шайлоого чейин бириге алган жоксуңар?

Камчыбек Ташиев: Бизди түштүкчүл, бакиевчил, акаевчил деп да айтып атат. Мунун бардыгы бизди жакшы көрбөгөн, же биздин “досторубуздун” сөздөрү. Биз түштүкчүл, же түндүкчүл деп бөлүнгүбүз келбейт, бөлүнбөйбүз дагы. Ошондуктан бизди түштүкчүл деп айткан адамдар максатына жетпейт, алардын максатын таш кабат.

“Азаттык”: Суроомду кайталап коеюн. Эмне себептен “Бүтүн Кыргызстан” менен бириккен жоксуңар?
Роза Исаковнаны шайланган мөөнөтүнө чейин кармап, эмдиги жылы жакшынакай кылып мыйзамдын чегинде урматтап, сыйлап, узатышыбыз керек.


Камчыбек Ташиев: “Бүтүн Кыргызстан” менен бирикпесек, эмне үчүн алар менен бирикпедиңер дейсиңер, эгер бириге турган болсок, эмне үчүн биригип кеттиңер дейсиңер. Ошондуктан биз айтып атабыз, биз партияларды, же өзүбүздүн адамдарды түндүк, түштүк деп бөлбөйбүз. Себеби “Бүтүн Кыргызстанды” да түштүкчүл деп атышат. Алар менен бириксек түштүктүн баары биригип алды деп айтат болчу. Ошондуктан “Бүтүн Кыргызстан” менен биз бириккен жокпуз жана бирикпегенибиз үчүн биз өкүнбөйбүз.

“Азаттык”: Азыр алар жол тосуп, митингге чыгабыз деп атканына көз карашыңыз кандай?

Камчыбек Ташиев: Бүгүн эгерде кимдир бирөө митингге чыгып аткан болсо, анын баары мыйзамдын чегинде болсо, ал биздин Конституцияда уруксат берилген.

“Азаттык”: Равшан мырза, чындап эле “Ата Журт” утпай калса, азыр шайлоо өттү деп атышат, митингге чыгат беле? Эл ошондон коркуп атпады беле.

Равшан Жээнбеков: Менин оюмча, “Ата Журт” утпай калбаш керек болчу, утат болчу. Себеби “Ата Журттун” негизи электораты түштүктө. Түштүктөгү электорат аябай бекем турду, биз аны баарыбыз көрүп аттык. Эгерде “Ата Журт” утпай калса, анда бул туура эмес болуп калмак. Анткени колдогон, кандайдыр бир деңгээлде баары бир добушун бериш керек болчу. Азыр эми тынчтык жол менен өттү. Биз “Ата Журт” партиясынын биринчи орун алганын, башка бардык партиялардын алган орундарын “Ата Мекен” партиясы тааныды. Биз башкаларга окшоп чыры-чуу чыгарабыз деп аракет кылган жокпуз. Биз да андайга аракет кылсак болот болчу. Бирок демократия деген ушул – жеңилүүгө да чыдашыбыз керек.

“Азаттык”: Демократиялык шайлоо болду, бирок ошол демократиялык шайлоодо эл авторитардык бийликти жакшы көрөрүн айгинелеп койду деп айтып атышат. Сиз макулсузбу?

Равшан Жээнбеков: Жок, мен андай ойлорго макул эмесмин. Эки президенттен кийин, 100гө жакын адамды 20 жылдын ичинде өлүмгө алып келгенден кийин, азыркы убакта президенттик бийлик биздин эл тарабынан колдоого алынат деген сөз бул акылга сыйбаган нерсе. Мүмкүн келечекте бул Кыргызстанга кайрадан келиши мүмкүн. Бирок бул жакынкы келечектин маселеси эмес.

“Ак терек, көк терек”

“Азаттык”: Эми эң негизги суроо, бизди баарыбызды кооптондурган, кызыктырып турган бул курама өкмөттүн түзүлүшү. Кимдин кызыкчылыгы бири-бирине туш келет? Ушул боюнча сиздин божомолуңуз кандай?

Равшан Жээнбеков: Мен ушул жерден бардык партияларга өзүмдүн жеке көз карашымды айтат элем. Эгерде партиялардын бардыгы макул боло турган болсо, амбициябызды жыйып, мамлекетти оңдош үчүн бир кеңири коалиция түзгөнгө аракет жасашыбыз керек. Кеңири коалиция деген биздин келе турган өкмөттө эч кандай партия оппозицияга кетпейт. Биз бардыгыбыз кеңешип, бир жылга бир адамды премьерликке бекитип, мүмкүн партиялардын ичинен, партиянын ичинен болбосо сырттан, техникалык өкмөт сыяктуу эле мыкты адамдарды алып келип иштегенге мүмкүнчүлүк түзүп берип, бир жыл чуру-чууну токтотуп, мамлекетти, улутту ойлой турган учур. Ал эми экинчи вариант албетте коалициялык башка партиялар тарабынан келиши мүмкүн.

Камчыбек Ташиев: Биз парламенттик шайлоодо биринчи орунду алып келген партия катары өзүбүздүн айта турган оюбуз бар, элдин башын кошо турган болсо, бириктире турган болсо, биз ошондой өкмөт түзүшүбүз керек.

“Азаттык”: Конкреттүүрөк айтсачы?
Партиялардын бардыгы макул боло турган болсо, амбициябызды жыйып, мамлекетти оңдош үчүн бир кеңири коалиция түзгөнгө аракет жасашыбыз керек.


Камчыбек Ташиев: Конкреттүүрөк айта турган болсок, биз азыр кеңештерди баштай элекпиз, бүгүндөн тарта сүйлөшө баштайбыз. Бирок эң негизги, азыр Равшан айткан форма эң туура деп ойлойм. Ансыз деле мамлекетибиз акыркы жылдары өтө чачыранды болуп кетти. Биз өзүбүз үлгү көрсөтүшүбүз керек. Бүгүнкү күндө биз жеңүүчү партия катары бардык нерсеге барганга даярбыз. Эң башкысы мамлекетибиз тынчтыкта болсун, элибиз бириксин.

“Азаттык”: Азыр кээ бир партиялар идеологиясы боюнча такыр эле айырмаланат. Канчалык деңгээлде ошолор менен чогуу иштешкенге даярсыз?

Камчыбек Ташиев: Идеология, айырма, бөлүнүп жүрүп, мен кыйынмын деп отуруп ушундай туура эмес жолго келдик. Ошондуктан кыйыны да, кыйын эмеси да, идеологиясы күчтүүсү да, идеологиясы начары да биригиш керек.

“Азаттык”: Бийликчил партиялар КСДП, “Ата Мекен” менен биригүүгө даярсыңарбы?

Камчыбек Ташиев: Биз бардык партиялар менен сүйлөшүүгө даярбыз. Бизде кайсы бир партияны такыр кабыл албайбыз, же сүйлөшпөйбүз деген ой болбош керек. Бул мамлекетти кайрадан эле бөлүнүп-жарылууга алып келет.

“Азаттык”: Равшан мырза, ошол эле мезгилде, макул, идеологиясы ар кандай болсун, аны да аттап өтүүгө мүмкүнчүлүк болоттур, силер биригүүгө даярбыз деп айттыңыз. Бирок ошол эле убакта партия лидерлеринин өз ара мамилелери бар. Мисалы, кээ бир лидерлер бири-бирин аябай жаман көрүшөт. Ушул шартта ошол мүмкүнбү?

Равшан Жээнбеков: Албетте бири-бирин көргүсү келбеген саясий лидерлер бизде толуп атат. Бирок азыркы күндө бир нерсени эске алышыбыз керек, бир да партия бүгүн көп добуш ала алган жок. Мына эң көп добуш алган “Ата Журт” партиясы 29 орунду алды. Андан кийинки КСДП 27-28 орун, жалпысынан бардык эле партиянын күчтөрү бирдей эле азыр. Ошондуктан жаңы ойду, жаңы идеяларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бул партиялардын кызыкчылыгы эмес, бул – мамлекеттин кызыкчылыгы.

Мамлекетибиздин экономикасы бүгүнкү күндө кыйрап турат. 600 млн. долларга жакын бюджетибиз дефицит. Эмки жылы да ушундай эле көрсөткүч уланат. Эгерде биз партиялар бири-бирибиз менен тытыша бере турган болсок, анда мамлекетибиз жок болуп кетүү абалда турабыз. Менин сунушум, ушуга таянып, бири-бирибизди жактырсак да, жактырбасак да, идеология туура келеби, туура келбейби, бир гана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн биригели деген сунуш.

“Азаттык”: Камчыбек мырза, бюджеттик таңкыстык жөнүндө айтып кеттик. Бакиев кеткенде 13 млрд. беле, азыр 28 млрд. жетти. Ошол айырманы териштирүү болобу, кайда кетти ошол акчалар?

Камчыбек Ташиев: Сөзсүз түрдө. Мына шайлоо өттү, биз парламентте отурабыз, эми Убактылуу өкмөттүн бүгүнкү экономикалык, финансылык абалыбызды териштирип алышыбыз керек.
Азыркы шайлоодо тышкы күчтөрдүн, тышкы финансы ресурстарынын жана тышкы массалык маалымат каражаттарынын кийлигишүүсү аябай чоң болду.


Жакынкы күндөрдө парламент иштей баштаса, чет элдик аудиторлорду чакырып, өзүбүздүн аудиторлорду кошуп, бир ай убакыт берип, толук бойдон карап чыгышыбыз керек, канча акчабыз бар, канча акчабыз калды, кайсы акча кайсы жакка кетти, мамлекеттин абалын бүгүнкү күндө толук бойдон текшерүүдөн өткөрүшүбүз керек. Ревизия десе 6 ай, бир жыл жүрүп албастан, биз болгону бир ай убакыт беребиз, бир айда канча акчабыз бар эле, азыркы күндө канча акчабыз калды, эмне жетет, эмне жетпейт деп.

Андан сырткары биз партиялар бири-бирибиз менен талашып отурбастан, тез аранын ичинде өкмөттү түзүп, тез аранын ичинде парламент иштей башташ керек. Кыш да келатат, кышка болгон даярдыкты, түштүктө болгон коогалаңда үйү жок калгандардын даярдыктарын жана башка мамлекеттин социалдык-экономикалык абалын тез аранын ичинде караштырып чыгышыбыз керек.

Бошогон орун бош турбайт

“Азаттык”: Ушундан улам дагы бир суроо, сизди Сузактын энелеринен бата алганды жакшы көрөт, аялзатын урматтайт дейт. Бирок ошону менен катар эле аял киши өлкөнү башкаралбайт деп келгенсиз. Сөздөрүңүз эмне себептен ушундай эки ача болуп атат? Мындан ары президент Роза Исаковна Отунбаевага мамилеңиз кандай болот?

Камчыбек Ташиев: Аял кишини, айрыкча энени кыргыз атуулу ар дайым сыйлап келген. Ошол эле атуулдардын бири катары мен ар дайым энелерди сыйлап жүрөм. Биз Роза Исаковнаны эне катары, өзүбүздүн мамлекетти бүгүнкү күндө башкарып турган президент катары гана сыйлайбыз. Бирок саясатчы катары, же бүгүнкү күндө мамлекеттик коогалаңдан алып чыгып кете алат, күчү жетет деген ойдон алыспыз. Ошол эле мезгилде биз Роза Исаковнаны шайланган мөөнөтүнө чейин кармап, эмдиги жылы жакшынакай кылып мыйзамдын чегинде урматтап, сыйлап, узатышыбыз керек деген оюм бар.

Равшан Жээнбеков: Албетте жаңы президент биз ойлогондой жакшы чечимдерди кабыл алалган жок, бул көрүнүп турат. Бирок биз Роза айымга бир нерсесине ыраазы болушубуз керек: Кыргызстанда биринчи жолу таза шайлоо өткөрүүгө аябай чоң салымын кошту. Роза айым, элдин тандоосуна мамлекеттик административдик ресурсту пайдаланууга жол берген жок. Бул Роза айымдын мамлекет улуттун жана демократияны куруунун алдында чоң салымы деп айтса болот.



“Азаттык”: Кечээ эле Орусиянын каналдарын карап отурсак, кайрадан бийликке бакиевчил күчтөр келди деп жаңылыктар кетти. Эмне себептен Орусия тарап сиздерди бакиевчил деп жатышат?
Мүмкүн кандайдыр бир деңгээлде “Ата Мекен” партиясында чынында эле эйфория болгон.


Камчыбек Ташиев: Орусиянын андай деп айтканын билбейм. Бирок биздин мамлекеттик бийликте отурган адамдарыбыз ушул маселени өтө көп көтөрүп, кандайдыр бир элдин оюна, шайлоого таасир беребиз деп аракет кылышпадыбы. Мен бир эле мисалды айтып кетейин, “силер Бакиевди кайра алып келет экенсиңер” деген жалган тасманы алып келип коюшуп, элди бир кыйла дүрбөлөңгө салышты. Мен дагы бир жолу айтып коеюн, урматтуу шайлоочулар, биздин Бакиевди алып келе турган оюбуз жок, Бакиев менен эч кандай байланышыбыз болгон эмес, болушу да мүмкүн эмес. Себеби бүгүнкү күндө мамлекетибизде жаңы коом түзүлүп отурат, жаңы адамдар келип, элибизди мыйзамдын чегинде башкарабыз деген муун пайда болуп отурат. Ошондуктан Бакиевдин кылган жумуштары, Бакиевдин бийликтен кеткен маалдагы жүздөгөн адамдардын өлүмүнө забын болушу, бул туура эмес жумуш болгон деп биз билебиз жана биз аны тааныйбыз.

“Азаттык”: Нариман Түлеев кайра мэр болуп келиши мүмкүнбү?

Камчыбек Ташиев: Аны сүйлөшкөндө чечебиз.

Равшан Жээнбеков: Менин айтайын дегеним, азыркы мыйзамдын негизинде Бишкек шаарынын мэри бул бекитиле турган жумуш. Биз партиялардын бардыгы макул болсо шаардын мэрин эл тарабынан шайлай турган кылышыбыз керек. “Ата Мекен” партиясы да ушундай позицияны карманып атат. Мен ойлойм, башка партиялар да муну колдойт болуш керек деп.

Тизме арифметикасы

“Азаттык”: Ушул эле тизме менен “Ата Журт” Жогорку Кеңешке отурабы, же тизмелер өзгөрүшү мүмкүнбү?

Камчыбек Ташиев: Ар түрдүү учурлар болушу мүмкүн. Кимдир бирөө башка жумушка кетиши, кимдир бирөө депутат болгусу келбеши мүмкүн. Ошондуктан тизме өзгөрүшү мүмкүн.

“Азаттык”: “Азаттык” бул маалыматты мурда эле билген. Биз бул боюнча макала жаздык эле, БШК бул мыйзамга туура келбейт, тизме өзгөрбөш керек деп айтып жатышат.

Камчыбек Ташиев: Эгерде адам депутат болууну каалабай турган болсо, же башка жумушка барып иштесе, аны эч ким мыйзам боюнча мажбур кылалбайт.

“Азаттык”: “Ата Журтта” кандай алдын ала механизмдер ойлоп табылган?
Бизди түштүкчүл, бакиевчил, акаевчил деп да айтып атат. Мунун бардыгы бизди жакшы көрбөгөн, же биздин “досторубуздун” сөздөрү.


Камчыбек Ташиев: Эч кандай механизм жок. Механизмдер, ойлор, башкалардын баарын шайлоо көрсөттү. Эң башкы механизм – элдин ишеничи. Элдин ишеничин алдыкпы, эми ошол ишеничти акташыбыз керек.

“Азаттык”: Эгерде ким өзүнүн чөлкөмү боюнча эң көп добушту алса, ошол адам ошол добуштарга карап тизмеден которула берет, алдын ала арыздар жазылган партия тизмеге кирүү боюнча жана чыгуу боюнча деген маалымат туура эмеспи?

Камчыбек Ташиев: Бул болушу мүмкүн.

“Азаттык”: Сиздин оюнузча, партия лидери үчүн ушул коррупциялык механизмди жаратууга өбөлгө түзбөйбү?

Камчыбек Ташиев: Тескерисинче, бул жерде кандайдыр бир деңгээлде коррупцияга жол тосуу, демократиялуу, кимдир бирөөнү өзүнүн жеринде, элинде шайласа, кубаттаса, биз ал адамдарга мүмкүнчүлүк түзүп беришибиз керек. Азыр кээ бир жерлерде акчасы менен кирип алган адамдар бар, эл каалабаган, бирок ошол эле мезгилде партияга акчасы менен кирип алып, “менин акчам бар, ушул акчам үчүн мени шайлагыла” деп тизмеде орундарды сатып алган деген, дагы көптөгөн имиштер чыгып кеткенин билесиздер.

“Азаттык”: Равшан мырза, ошол тизмелер боюнча сиздин оюңуз кандай?

Равшан Жээнбеков: Мыйзамдын негизинде тизме эки гана учурда өзгөрөт. Биринчиси, эгерде адам өзү депутат болбойм деп баш тартса. Экинчиси, тизмедеги адам өкмөттүк кызматка кете турган болсо. Анда тизме сөзсүз түрдө өзгөрөт.

“Азаттык”: “Ата Мекендин” тизмеси өзгөрбөйбү?

Равшан Жээнбеков: “Ата Мекендин” депутаттыкка өткөн кайсы бир мүчөсү кызматка кете турган болсо, анда анын ордуна кийинки тизмедеги адам алдыга жыла берет. Мисалы, биз 19 орун алып атабыз, бир адам кетсе 20чы адам алдыга жылат.

“Азаттык”: Окурмандарыбыздан келип түшкөн суроо, мамлекеттик кызматта турганда адам байлык топтой албайт. Сиздин байлыгыңыздын негизги булагы кайдан?

Камчыбек Ташиев: Мен акыркы он жылда мамлекеттик жумушта иштеп атам, мамлекеттик жумушка келгенче жеке ишкерлик менен байлык топтогом, муну биздин элибиздин көптөгөн бөлүгү билет.

Көңүлдү бурган коалиция

“Азаттык”: Равшан мырза, сиз дайыма кардиналдык реформалар керек деп айтасыз. Конкреттүү жаңы өкмөт, жаңы парламентти кайсы мыйзамдан, кайсы кадамдан башташ керек?
“Ата Журт” утпай калбаш керек болчу, утат болчу. Себеби “Ата Журттун” негизи электораты түштүктө.


Равшан Жээнбеков: Мен ойлойм, биринчи кадамыбыз партиялардын бардыгы макул боло турган болсо, биз жаңы премьер-министрди алып келип, мамлекетке жаңы көз караштагы, билимдүү, профессионалдуу адамдарды бийликке калып келишибиз керек. Бир партия эч нерсе жасай албайт. Биз мамлекетке мыкты адамдарды алып келип, команданы гана кое бергенде өзгөрүү пайда болот. Азыр бийликке келген партиялардын биринчи кадамыбыз ушул болуш керек.

“Азаттык”: Жогорку Кеңешке бийликке келген партиялардын арасынан ошондой адамдарды көрүп атасызбы?

Равшан Жээнбеков: Мен жалпысынан айтар элем, мурда бийликте жүргөн 60 пайыз адам келди, 30-40 пайыздын тегерегинде жаңы адам бар. Бирок бир эле партиядагы адамдар эмес, мен айтар элем, эгерде биз айтып аткан кеңири коалиция түзүп, мамлекетти өзгөртөбүз дей турган болсок, анда сыртта жүргөн, Орусиядабы, мамлекеттин ичиндеги балдар болобу, ошолордон команданы, мыкты өкмөттү кураганга аракет жасашыбыз керек.

“Азаттык”: Премьер-министр жана спикер боюнча сиздин пикириңиз кандай, кайсы адамдарды көрөт элеңиз?

Камчыбек Ташиев: Анын бардыгын биз сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечебиз.

“Азаттык”: Бизде программада бир бөлүк бар, сиздер бири-бириңерге суроо берсеңиздер болот.

Равшан Жээнбеков: Мен Камчыга суроом деле жок, биз теңтуш болгондон кийин суроону мындай деле бири-бирибизге берип алабыз. Шайлоо убагында дүйнөлүк практикада бардык эле партиялар, адамдар бири-бирине аябай катуу айтышат, бири-бирин сындайт. Бирок шайлоодон утуп келгенден кийин биз каалайбызбы, каалабайбызбы чогуу отуруп иштешке туура келет. Ошон үчүн мен “Ата Журт” партиясына ийгилик каалайм. Бирөөлөр жактырабы, жактырбайбы, “Ата Журт” партиясы ишенгим келет, мамлекетке жаңы көз карашты, жаңы ойлорду, жаңы адамдарды алып келгенге аракет жасайт.

Камчыбек Ташиев: Башында Равшан айтып өткөндөй, бизде эч кандай бири-бирибизге катуу бере турган суроолорубуз деле жок. Бир гана нерсени айтып коеюн, жападан жалгыз гана “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Чиркешович Текебаев шайлоо бүткөндөн кийин кечээ мага телефон чалып, ошол киши гана куттуктап, ошол киши гана адамдык чоң бийик сапатын көрсөттү. Өткөн беш партиянын ичинен бир гана ошол киши, “шайлоо туура өттү, шайлоонун өткөн эсебинин баарын кабыл алабыз, силерге ийгилик каалайбыз” деп өзүнүн бийик адамдык сапатын айтты. Ошону Равшан айтып койсо жакшы болот эле, рахмат.

“Азаттык”: Менде акыркы суроо, өкмөттү курап жатканда кандай негизги 3-4 кыйынчылыктар болушу мүмкүн?
“Бүтүн Кыргызстан” менен бирикпесек, эмне үчүн алар менен бирикпедиңер дейсиңер, эгер бириге турган болсок, эмне үчүн биригип кеттиңер дейсиңер.


Камчыбек Ташиев: Эң башкы кыйынчылыктар лидерлердин арасындагы сүйлөшүүлөрдө болгон ар бир адамдын өзүнүн амбициясы болушу мүмкүн. Биз бардыгыбыз амбицияларыбызды артка таштап, элдин тынччылыгын, келечегин, мамлекетибиздин бүтүндүгүн ойлош үчүн аракет кылышыбыз керек.

Равшан Жээнбеков: Бир да партия бүгүнкү күндө элдин керек болсо үчтөн биринин да добушун алалган жок. Бул сөз бир да партия бүгүнкү күндө мактанып, мурдун өйдө көтөргөнгө акысы жок. Биз эгерде жакын арада элге ишенич жана үмүт жараталбасак, анда бир жыл болобу, жарым жыл болобу кайрадан артка кетишке туура келет. Башкача айтканда, бул келген партиялар кандай келсек дал ошондой кайра кетебиз чогуу.

“Азаттык”: Азыр кайсы партия кайсы партия менен биригет деп божомолдорду айтып жатышат. Ошонун негизинде “Республика” партиясынын ролу чоң дешүүдө. Ал кимге биригип кетсе, мисалы “Ата Мекен”, КСДП, “Республика” бириксе, анда “Ар-намыс” менен “Ата Журт” калат, болбосо “Республика” бул жакка оосо, анда сиздер оппозицияда каласыз дешет. Сиз кандай ойлойсуз, ушул сценарий аткарылышы мүмкүнбү?

Равшан Жээнбеков: Аткарылышы мүмкүн. Мен ойлойм, биздин партияларыбыздын түшүнүгү, элге кызмат кылуу сезими ойгонот да, биз кеңири коалицияны курганга аракет жасайбыз. Эгерде болбосо, анда сиздин айтып атканыңыз туура, азыр “Ата Журт” менен “Ар-намыс” бир тарапта, “Ата Мекен” менен Социал-демократтар бир тарапта, “Республика” ортодо туруп атат. Аябай кыйын болот. Себеби коалициянын түзүлүшүнө бир эле ички күчтөр эмес, сырткы күчтөр да таасир берет. Ошондуктан кеңири коалицияны түзгөнгө аракет жасашыбыз керек.

“Азаттык”: Тышкы күчтөр коалицияны курууда аябай чоң таасир берет деп атпайбы. Сиз кантип күрөшө аласыз, чындап эле таасир берсе, же ошол таасирди сезип атасызбы?

Камчыбек Ташиев: Мен жеке партиянын жетекчилеринин бири катары айтам, мага жеке тышкы күчтөр таасирин берген эмес, бере да албайт. Мен бир гана мамлекетибиздин ички кызыкчылыгына байланыштуу чечим кабыл алам.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG