Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:45

“Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы шайлоодон кийинки талаш тартышууларга арналды. “Бүтүн Кыргызстан” партиясы 146 миң добуш алган, алгач 142 миң деген беш пайыздык бөгөт коюлган. Кийин ошол сан 150 миңге көбөйгөн.


Талкууга катышкандар:





БШКнын төрагасы Акылбек Сариев








“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров








“Азаттык”:
Акылбек мырза, азыр негизги аргументтерди айтып кетесизби, эмнеден талаш чыгып атат?

Акылбек Сариев: Биринчиден, талашты эч ким чыгара элек, “Бүтүн Кыргызстан” партиясы өзү эле чыгарып атат. Анткени биз жыйынтык чыгара элекпиз. Маалыматтар кеткен, бирок пайыздарды эч ким аныктай элек, аны аныкташы мүмкүн эмес. Мыйзамда андай көрсөтүлгөн эмес. Ошондуктан бүгүнкү күндө талаш-тартыш маселеси жок. Башка маселе, айрым адамдар ошол талашты алдын ала чыгарып атканда болсо керек. Бүгүнкү күндө башка эч кандай маселе жок.

“Азаттык”: Талаш жок болсо, анда эмне себептен Кыргызстанда митингдер өтүп жатат?

Акылбек Сариев: Бул суроону митингдин уюштуруучуларына берсеңиз. Мен бул суроого жооп бере албайт экем. Анткени митингге чык деп эч кимди чыгарган жокмун. Чыгып аткандардын өздөрүнүн максаты болсо керек.

“Азаттык”: Адахан мырза, чындап эле талаш жокпу?

Адахан Мадумаров: Талаш болбойт эле, эгер расмий жыйынтыгы чыкканга чейин БШК канча партия бөгөттү аттап өттү, канча партия канча добуш алды деп алдын ала жарыя салбаса. Болбосо 20 күндүн аралыгында ушул эле Улуттук каналдан “Нарын облусу боюнча 0.5 пайыз ушунча, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Чүй” деп берип отурду, жалпы республика боюнча беш пайыздык босогону аттап өтүш үчүн канча добуш жыйнаш керек деп. Бул маалыматты 29 партиянын бирөө да берген жок. Бул маалыматты БШК өзү берип атпайбы.

“Азаттык”: Негизги талаш эмнеден келип чыкты?
Бизде тизме болот, шайлоочулардын саны бар, ошол боюнча 0,5 пайыз деген чек бар, ошону менен бюллетень чыгарабыз.


Адахан Мадумаров: Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны 6 миллиондон ашып кеткен дейт. Талаш Кодекске ылайык 25 күн алды шайлоочулардын саны, алардын аты-жөнү, кайсы жерден катталгандыгы, кайсы жерден шайлоодон өтөт, мына ошолордун бардыгын айыл өкмөттөрүнөн баштап участкалык комиссияларга чейин илишкен. Анан БШК “бирөөлөр тизмеге кирбей калган болсо, барып өзүңөрдү өзүңөр тактагыла” деген. Мына ошондо Кыргызстандын шайлоого келчү жарандарынын саны 2 млн. 800 канча миң болгон. 10-октябрдын кечки саат 7-8ге чейин дал ошол сан турду. Эмнегедир шайлоо бүткөндөн кийин шайлоочулардын саны 198 миң кишиге көбөйүп кеткен. Маселенин баары ушунда, алар кайдан пайда болду деген сөз.

“Азаттык”: Чындап эле Адахан мырза айтып жаткандай, 10-октябрь күнү кечинде 200 миң адам кошумча тизмеде пайда болуп калдыбы, же бара-барабы?

Акылбек Сариев: Мыйзам боюнча, ачык айтып кетейин, ал бир күндө пайда болбойт. Бул 25 күндүн ичинде чогулган тизме, кошумча тизме деп коебуз. Аны 25 күн калгандан тарта участкалык шайлоо комиссиясынан тизмелерди берет, ошондон баштап тактоо жүрөт. Ал мыйзамда так көрсөтүлгөн. Ага чейин эч ким маалымат бере албайт, канча убакыт кандай такталып атканын, аны кылуу мүмкүн да эмес.

Мыйзамда 23-берене деп Марат Таштанович айтып атат, ошол жерде так жазылган, бул добуш берген күнү саат кечки сегизге чейин өзгөрөт, андан кийин өзгөртүүгө болбойт деген ченем бар, так жазылган, аны эч ким бурмалай албайт. Экинчи маселе, бүгүнкү күнгө чейин БШК бирөөнү өттү, же өтпөдү деп айта элек, чечим чыгара элек, аны эч ким таналбайт. Автоматташтырылган системанын маалыматын гана бердик. Ал жерде өзү эсептеп чыгат, добуштун сандары көрүнүп турат, канча ылдый түшкөнү көрүнүп турат, канча кошумча тизме менен киргени жазылып турат.

198 миң деп айтып кетти, туура айтып атасыз, алдын ала маалыматтар боюнча ошончо киши кошумча тизме менен кирген экен. Ошонун арасынан 106 миң 275и түштүктөн кошулган экен. Шартты түшүнөсүңөр, түштүктө жанагыдай окуя болгондон кийин ар кандай себептер менен бардыгы чийилип калган. Анын ичинен Жалал-Абад облусу боюнча 40 миң 494 киши, Ош облусу боюнча 31 миң 766 миң киши, Ош шаары боюнча 14 миң 928 киши, Баткен облусу боюнча 19 миң 87 киши кириптир, бардыгы болуп 106 миң 275. Кошумча чет мамлекеттен – 8653 киши. Жалпысынан алганда 14 миң 927 киши.

“Азаттык”: Биздин көрөрмандар түшүнбөйт бул сандарды, аябай көп болуп атат. 200 миң бул кайсы адамдар?

Акылбек Сариев: 200 миң бул тирүү адамдар, барып добуш берип, жазылган адамдар. Бул асмандан түшкөн жок. Башка маселе мурунку 2 млн. 852 миң кишинин ичинен добуш берүүгө барбай койгондор бар.

Сандар талашы

“Азаттык”: Акылбек мырза, айтсаңыз, беш пайыздык чек 2 млн. 800 миң, сиз айтып жаткан сандан алынып атат, шайлоого келгендерден эмес, жалпы добуш берүү укугуна ээ адамдар?

Акылбек Сариев: Көп сөз кылбай айтайын, ушул эле пайыз менен 2007-жылы шайлоо болгон. Ошондо 5 пайыздык чекти кандай эсептеген? Ошондо “Ак жол” партиясы болгон, аксакал өзү “Ак жол” партиясынан депутат болгон. Ошондо азыркы беш пайыздык чекти алдын ала эсептеген эмес, ошол убакта ошол тизмеден кошулуп алынган.
Адахан мырза саясий маданияттуулук деп атпайбы, адам маданияттуумун десе, бардык жагынан маданияттуу болуш керек.


Мен азыр маалымат берип коеюн, атайын сиз үчүн ала келдим, мисалы, ошондо экөөнү кошуп эсептегенде, мисалы “Ак жол” партиясы, болгон чекти айтайын, маалымат боюнча 45,22 пайыз, Коммунисттер партиясы – 5,09 пайыз, КСДП -7,01, башка партияларды айтпай эле коеюн. Мен эсебин чыгарып берем, 2 млн. 753 миң 727 шайлоочу. Ал эми кошумча тизме боюнча 59 миң 361 киши кириптир.

Адахан Мадумаров: Бул чындыкка жакын да, 100 миң эмес да.

Акылбек Сариев: Мен айтып берейин. Маселе азыркы беш пайыз кайсы сандан алынган дегенде болуп атат.

Адахан Мадумаров: Кайсы сандан?

Акылбек Сариев: Ошол алынган сандын 2 миң 753төн алынып атат. Бул кошумча тизме менен негизги тизменин суммасынан келип чыккан.

Адахан Мадумаров: Ошол кошумча тизме кайдан пайда болду деген суроо жаралып жатпайбы.

Акылбек Сариев: Мыйзам боюнча мындай пайда болот, биринчи, тизмеге кирбей калып, анан өзү келип тизмеге киргендер.

Адахан Мадумаров: Эмне үчүн тизмеге кирбей калат?

Акылбек Сариев: Себеби ар кандай болуп калышы мүмкүн. Чыгып калышы мүмкүн. Чыгып калганын мага мындай деп түшүндүрүп атышат, референдумда көп кишини чыгарып салган экен.

Адахан Мадумаров: Эмнеге?

Акылбек Сариев: Убактылуу өкмөттүн декрети менен, эсиңиздерде болсо, ушундай кампания жүргөн, арыз менен эле чыгарып салган.

Адахан Мадумаров: Алар ошол жерден мени тизмеден чыгарып кой деп арыз жазганбы?

Акылбек Сариев: Ошондой болгон.

Адахан Мадумаров: 100 миң кишини чыгарыптырбы?

Акылбек Сариев: Өткөндө Убактылуу өкмөт 350 деп айтып аткан.
29 партияны тизди, 142 метрге чуркайбыз деди, 142 метр жерге чуркагандан кийин баары токтойт, токтоп калгандан кийин "эсеп эмес, силер 150 метрге чуркашыңар керек эле" дейт.


Адахан Мадумаров: Биздин протоколдорду карап көрөлү, Баткен облусу боюнча, мындайча айтканда, өлүк жандарды деп айталы, 15 миң кишини таап атабыз, Ноокен районунан 7 миң кишини таап атабыз. Референдумда республика жалпы округ, ким кайсы жерде болсо айдоочунун күбөлүгү болсо деле барып добуш бере берет деген. Ал эми бул шайлоодо, “жок, тек гана катталган жеринен гана добуш берет” дегенсиздер.

Акылбек Сариев: Мен атайын 2007-жылкы шайлоодогу гезиттерди ала келдим. Ушул гезиттерде Адахан Кимсанбаевичтин өзү да айткан экен, сиз отставкага кетип, “Ак жолго” кеткен экенсиз, мына сиздин сөзүңүз турат, катталган кишилердин ичинен 14 миң 600 киши болгон. Ошондо сиз айтып атасыз, 0,5 пайызды катталган кишилердин санынан алыш керек деп, өзүңүздүн сөзүңүздөн чыккан экен да.

Адахан Мадумаров: 13 миң деген сөз 200 миң эмес да, айланайын.

Акылбек Сариев: Бул 0,5 пайыз.

Адахан Мадумаров: 0, 5 болобу, канчасы болбосун.



Шайды оодарган шайлоо тизмеси

“Азаттык”: 200 миң адам шайлоого келген адамдар да. Эгерде ушул принципке таянып шайлоого укугу бар адамдардан 5 пайызды алсак, эмне себептен шайлоого келбеген адамдардын дагы 200 миң киши эсепке кирбей калат?

Акылбек Сариев: Кириш керек деп айтып атабыз.

Адахан Мадумаров: Кечиресиз, мен кирсин, же кирбесин деп айткан жокмун, ошолордун саны так эмес деп айтып атабыз. Түшүндүрмөсүндө так жазылып турат.

Акылбек Сариев: Бул 2007-жылкы.

Адахан Мадумаров: Сиз ушуну мисал келтирип атпайсызбы. Бул жерде жазылып турат, “республикалык шайлоочулардын тизмелерине киргизилген шайлоочулардын добуштарынын 5 пайыздан турат” деп. Сиз бизге “республикада шайлоочулар 2 млн. 852 миң” деп бердиңиз. 21-сентябрда сиздин токтомуңуз чыкты. 25-сентябрда ал токтомго кайра өзгөртүү киргиздиңиздер. Мына ошол тизмеге киргендердин санына жараша 2 млн. 852 миң бюллетень даярдадык деп маалымат бердиңиз, туурабы?

Акылбек Сариев: Туура.

Адахан Мадумаров: Эгер 200 миң киши келип калган болсо, кыргыздардын ушунчалык аң-сезими көтөрүлүп кетип, 3 млн. киши шайлоого келгенде, 200 миң кишиге бюллетень жетпей калмак беле? Кандай болмок эле?

Акылбек Сариев: Сизге айтып кетейин, 2007-жылдагы мисалды алайын, сиз төрага болуп шайланган кездеги.

Адахан Мадумаров: Сизде 2007-жылдан башка мисал барбы?
200 миң бул тирүү адамдар, барып добуш берип, жазылган адамдар. Бул асмандан түшкөн жок.


Акылбек Сариев: Сиз ошол кезде төрага болгонсуз. Мисалы, мен так сандарды айтайын, 2700 эле бюллетень катталган, бул мыйзамдын чеги менен даярдалат, эч ким билбейт канча кошулуп калат деп. Ошондо 2700 эле бюллетень чыгарылган. Бирок тизмеде 2 млн. 753 миң киши болгон. Ошондо 73 миң киши кошулуп атат. Ошон үчүн 49 миң айырма болуп атат.

Адахан Мадумаров: Бирок 3 миллион эмес да.

Акылбек Сариев: 3 млн. болбойт. Мисалы, 2 млн. 800 каттагандар.

Адахан Мадумаров: Сиз айтып атпайсызбы, шайлоочулардын саны 3 млн. 400 миң болду деп.

Акылбек Сариев: Жок, бюллетень жөнүндө кеп болуп атат. Маселе мындай, 2 млн. 800 миң, сиз айткан токтомдор бюллетень даярдоо боюнча, биз негизги мыйзам боюнча ошого карата бюллетень даярдайбыз. Биз алдын ала он эсе кошулуп калат деп кошумча даярдай албайбыз. 0,5 пайыз гана кошумча бюллетень даярдайбыз. Мыйзам ошондой жазылган. Баарыбыз билебиз, Кыргызстанда 100 пайыз шайлоочу келбейт.

Адахан Мадумаров: Мисалы баары келип калды дейли.

Акылбек Сариев: Мүмкүн болбойт.

Адахан Мадумаров: Мүмкүн болбойт десек, 200 миң киши келип эле шайлоого катышам деди.

“Азаттык”: Адахан мырза, Акылбек мырза айтып жаткандай, чындап эле сиздер эмне себептен шайлоонун расмий жыйынтыктарын күтпөй жатып, митингге чыгып жатасыздар?

Адахан Мадумаров: Сыналгы аркылуу Акылбек Абобекович 5 партия 5 пайыздык тосмодон өттү деп жарыя салгандан кийин чыктык.

Акылбек Сариев: Андай болгон эмес. Тактап бериңиз.

Адахан Мадумаров: БШК айткан. Мисалы, Бапанова канча жолу чыгып сүйлөдү.

Акылбек Сариев: Бапанова комиссиянын мүчөсү. Ал 4-октябрда айтыптыр.

Адахан Мадумаров: Сиз шайлоо башталганда айткансыз, бул кишинин моралдык укугу жок. Бапанова жөнүндө отставкага кетиши керек дедиңиз.

Акылбек Сариев: Мен эч качан андай деп айткан эмесмин.

Адахан Мадумаров: Беш пайыздык босогону 29 партиянын бирөө да белгилеген жок. Ошол белгиленген босого “Шайлоо” автоматташтырылган системанын сайтында турат.

Убадалар, ураандар

“Азаттык”: Адахан мырза, “Азаттык+” сыналгы берүүсүндө 10-октябрда сиз интервью бергенсиз:

“Азаттык+”: Сиз шайлоонун тынч өтүшүн тилеп атасызбы?

Адахан Мадумаров: Шайлоону тынч өткөрбөйбүз деген кандайдыр бир күчтөр болсо Кыргыз мамлекетинин биринчи душмандары ошолор болот. Элдин өзүнүн оюна коюп бериш керек. Эл кандай чечим чыгарган болсо ошого баш ийүүгө мажбур болуш керек.

“Азаттык”: Адахан мырза, мындан сырткары сиз дайыма “мен мыйзамдуулукту туу тутуп келем” дейсиз.

Адахан Мадумаров: Эң туура.

“Азаттык”: Митингге чыгуу ар бир адамдын укугу. Бирок ошондон башка жол табылбай калдыбы?

Адахан Мадумаров: Биринчиден, ушуну жакшы эскерттиңиз, шайлоо башталган күнү элге кайрылууда да мен ушундай деп айткам. Эгерде Кыргызстанды бөлүп-жаруу саясатын кимдер жүргүзгөн болсо бүгүнкү күндө мен айтпадымбы, БШК деп. Себеби БШК бул аткаруучу орган. Буйрук берип аткандар бир топ бийик деңгээлде отурушат.

“Азаттык”: Ошол буйрук бергендер боюнча далил барбы?
Шайлоону тынч өткөрбөйбүз деген кандайдыр бир күчтөр болсо Кыргыз мамлекетинин биринчи душмандары ошолор болот.


Адахан Мадумаров: Далил болуш үчүн, баарыбыз Кыргызстандын жараныбыз, азыр айтсын кошумча тизмеге референдумда канча киши кирген?

“Азаттык”: Сизге Отунбаева, Текебаев, Сариев же башкалар тараптан кысым жасалып атабы?

Адахан Мадумаров: Бул суроону берүүнүн кажети жок. Жасалып атканда кайсы кыргыз айтат, бүткөндөн кийин айтат да.

“Азаттык”: Бут тосуу дегенге далилдер жок болуп атпайбы?

Адахан Мадумаров: Мен дагы бир жолу баса белгилеп айтайын, далилге бир сутканын ичинде Кыргызстандын, болгондо дагы жарандары эмес, Кыргызстандын шайлоочулары 200 миң кишиге көбөйбөйт, бизде 3 млн. 400 миң шайлоочу жок. Дүйнөнү кыдырып Марс, Венерага чейин чыгып келишсин, болбойт андай нерсе.

Акылбек Сариев: Адахан Кимсанбаевич, сиз Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мыйзам чыгаруучу болуп туруп ушинтип айтсаңыз, Кыргызстандын 3 млн. кишинин бир миллиону көрөт муну. Бул 25 күндө түзүлөт, бир күндө эмес. Оюңуздагыны элге таңуулаган болбойт. 25 күн ичинде берилет участкага.

Адахан Мадумаров: Мен таңуулап аткан жокмун.

“Азаттык”: Аны биз тактадык. Акылбек мырза, ушуга чейин ушундай окуя болгонбу?

Акылбек Сариев: Кошумча тизме боюнча болгон эмес. Эгерде “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын чеги жанагыдай кичине элең-салаң болуп калбаса, аны эч ким да эстемек да, маани да бермек эмес. Аны ачык айтыш керек. Анткени буга чейин эч ким мындай маселени көтөргөн эмес.

Адахан Мадумаров: Кайсы жылы кошумча тизмеге 200 миң киши катышыптыр, айтыңызчы? Амангелди Мырсадыкович штабдын башчысы, ошол кишинин берген интервьюсунда кеп 69 миң киши жөнүндө болуп атат деп атат.

Акылбек Сариев: Мен ал үчүн чечмелей албайм. Ал 69 миңди референдумдагы 2700гө караганда өстү деген мааниде айткан.

“Азаттык”: Шайлоодон бери 10 күн өттү. Шайлоонун расмий жыйынтыктары чыкпай жатат. Ушул ар кандай бүдөмүк ойлорду жаратууда. Митингдер жүрүп жатат. Эмне себептен кечеңдеди?

Акылбек Сариев: Себеби бир. Жанагы маселе чыгып атат.

“Азаттык”: Эл аралык уюмдар да кабыл алышпадыбы?

Акылбек Сариев: Кабыл алса кабыл ала берсин. Кеп анда эмес. Эл аралык уюмдар биздин шайлоону чечпейт. Биз өзүбүздүн ички мамлекет, эл чечиш керек. Себеби, биринчиден, акыркы 8 протокол чет мамлекеттен келелек. Аны биз карабай кое албайбыз, анысы жок чече албайбыз.

Адахан Мадумаров: Баары миңге жетпей атат чет мамлекеттен келбей аткан. Индиядан 11 киши, Малайзиядан 27 киши экен.

Акылбек Сариев: Туура, жети киши үчүн шайлоо жайын ачпай койду деген мыйзам жок. Акча кетти.
Адахан аксакал машине үстүнөн кайрылып, катуу сөздөрдү айтып атты, “кооз сөздөрдү”. Мен теңелген жокмун. Бирок мага деле айтчу сөз табылат


Адахан Мадумаров: Баракелде, анда эмне үчүн “бул партия өттү, бул партия өткөн жок” деп андай жар салып отурабыз?

Акылбек Сариев: Эч ким жар салган жок.

Адахан Мадумаров: Мен сыналгынын жетекчиси эмесмин. Фамилиядан бери берип атасыңар.

Акылбек Сариев: Мен кайрылдым, маалымат каражаттарында айттым, бүгүн да айттым, “айланайындар, өзүңөрдүн эфириңерди кооздоонун айынан чыгып атат” деп. Анткени алар, сиз айткандай, макулмун, кээ бирлери тизмесинен бери берди. Алардын өздөрүнүн иши экен, биздин кол астыбызда иштебейт, туура түшүнүш керек, алар кооздоп атат.

Адахан Мадумаров: Анда эмне үчүн Барак Обама ушунчалык таза өттү деп ошол эле күнү алдын ала куттуктайт. Америкада отуруп алып ал киши кайдан билет? БШК жыйынтык чыгара элек болсо, толук маалыматты бере элек болсо. Сиздер бүткөндөн кийин маалымат жыйын өткөрөсүздөр да, канча мыйзам бузуу болду деп, туурабы?

Ката кимден кетти?

“Азаттык”: Акылбек мырза, эмне себептен биздин президент Роза Отунбаева кечээ беш партиянын лидерин жеңүүчү катары кабыл алып, сүйлөштү?

Акылбек Сариев: Туура, мени да чакырыптыр. Ал жерде төртөө келиптир, бирөө келген жок.

Адахан Мадумаров: КСДП келген жок.

Акылбек Сариев: Себеби билели деди. Төртөө жыйынтык чыгарып бер деди. Президентке чейин кайрылды, “сиз мажбурлап чыгартыңыз, калганы соттошуп алышсын” деди. Эгер “Бүтүн Кыргызстан” болсо сотко барсын деди. Мен “кимиңер эмне десеңер да, акыркы мыйзамга чейин кагаздардын катасы бар экен, туураламайын мен жыйынтык чыгарбайм” дедим. Мыйзамдын талабы ошондой.

Адахан Мадумаров: Мен 12синде Отунбаевага киргенде айткам, 200 миң киши жөнүндө бизде өтө чоң купуя сырлар пайда болуп атат. Республикалык штабды шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү боюнча сиздин буйругуңуз менен Амангелди Муралиевди дайындагансыз. Ошол киши соңку маалымат жыйынында кошумча тизме 69 миң жөнүндө сөз кылып атат. Менин жанымда Каптагаев да, аксакал Райкан Алканович да отурду. Антип айтышы мүмкүн эмес деди. Бир кабинетте отурасыздар, телефон чалыңыз дедим. Телефон чалганда Амангелди Муралиев дагы бир жолу айтты, биз 69 миң жөнүндө сөз кылганбыз, 200 миң жөнүндө менин чатагым жок деди.

Акылбек Сариев: Мен тактап айтайын, 69 миңди кошумча тизме кошулду деп алдын ала эч ким айталбайт. Амангелди Мурсадыкович да айталбайт. Бул өзүнүн кыска сөзүн ММКда туура эмес буруп кетти. 69 деген референдумдан кийин шайлоого ушунча киши кошумча кошулуптур деп бир айтты.

Адахан Мадумаров: Ушул жаман да. Өкмөткө туура эмес келип калса эле маалымат каражаттарын күнөөлөй беребиз. Эгер сиздерге ыңгайлуу болгон болсо жазып атпайбы, айтып атпайбы деп баштайсыңар.

Акылбек Сариев: Каалаганыңарды чакыргыла, Муралиевди чакыргыла, ушул жерден өзү айтып берсин. Балким ал маанисин туура эмес айткандыр, мен билбейм, бирок мен ал кишини коргобойм.



“Азаттык”: Биз азыр дагы бир видео көрсөк.

“Азаттыктын” архивинен: Адахан Мадумаров: Өзүңүздөр көрүп аттыңыздар, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын жактоочуларынын саны көтөрүлүп келатат. Бирок проценти туруп калып атты. Процентин көтөрбөй атканын байкадыңыздар. Биз ошондо эле шекшип, биздин штабдан атайын өкүлдү жибердик, эмне үчүн “Бүтүн Кыргызстанга” 140, 143, 145 миң болуп кетип баратат, проценти көтөрүлбөй атат деп. Мына ошондо БШКнын түшүндүрмөсү ушундай болду, биздин процентти көтөрө турган кнопкасы иштебей калган имиш.

“Азаттык”: Ушул туурабы, чындап эле иштебей калды беле?
Эмне үчүн Барак Обама ушунчалык таза өттү деп ошол эле күнү алдын ала куттуктайт. Америкада отуруп алып ал киши кайдан билет?


Акылбек Сариев: Орустар айтып коет, “выдавать желаемое за действительное” деген жакшы макал бар. Эми ал кнопкабы, кнопка эмеспи, аны айткан адам өзү чечсин.

Адахан Мадумаров: Өзүңүз да айттыңыз. Түнү иштеп уйкусу келип кеткендиктен биз эртең менен оңдойбуз деп.

Акылбек Сариев: Маселе мындай, кечээ митингге чыгып кел деди, мен “Бүтүн Кыргызстанга” чыктым. Адахан аксакал машине үстүнөн кайрылып, катуу сөздөрдү айтып атты, “кооз сөздөрдү”. Мен теңелген жокмун. Бирок мага деле айтчу сөз табылат, убагы келсе аны айтам. Бирок кеп анда эмес. Кеп туура түшүнүп, элге туура маалымат жеткирүүдө. Сөздү баарыбыз сүйлөй беребиз, кооз сөз табыла берет. Бирок ошону элдин маанисин, көңүлүн алайын дейсизби, эртең уят болуп калбагыдай болуп сүйлөш керек.

Адахан Мадумаров: Мен элдин көңүлүн алгыдай эч кандай күнөөм жок. Буйруса, биз элдин көкүрөгүндө болуп келгенбиз, боло беребиз.

Акылбек Сариев: Көкүрөгүндө болуш керек. Каршылык жок, болбогула деген кеп жок. Бирок эл чындыкты жакшы көрөт. Бүгүн эмес, эртең чындыктын бети ачылса, ошол эле бүгүнкү сүйүп аткан кишилер эртең бетке түкүрүп калышы мүмкүн.

Адахан Мадумаров: Абдан туура.

“Азаттык”: Адахан мырза, расмий жыйынтык чыга электе митинг менен БШКнын мүчөлөрүнө басым жасап атам деп ойлобойсузбу?

Адахан Мадумаров: Эч кандай. Бул жерде Акылбек мырза орусча сөздү айтпадыбы, кыргызча да жакшы сөз бар “уурусу күчтүү болсо ээсин доого жыгат” дейт. Мына ушундай жагдай түзүлүп атат. Өздөрү жарыяларын жарыялап алып, былгытарын былгытып коюп, анан эмнеге эле жаман көрүп атасыңар, эмнеге нааразы болуп атасыңар деп чыккандай.

Шайлоого катышкан 29 партиянын бирөөсүнүн да мүмкүнчүлүгү жок мынча пайыз алды деп жарыя салганга. Болгондо да Улуттук канал аркылуу, эгер ал жакта шамалдын башы кыймылдабаса, бул жерден эч кандай маалымат бербейт, чыгарбайт ал маалыматты, фамилиясынан бери чыгып атат. Мен ошондо да Акылбек мырзага айттым. Анда сиз “туура эмес маалымат берип атасыңар” деп бир жолу эскертүү жазып койдуңузбу? “Токтогула, элдин башын айландырбагыла, эч кайсы партиянын утканы, утулганы жөнүндө маалымат жок, андай сөздү бергенге силерде мүмкүнчүлүк жок” деп айталган жоксуз.

“Азаттык”: Митингге чыкпай эле, расмий жыйынтыктарды күтүп туруп анан сотко барат белеңиз?

Адахан Мадумаров: “Азаттык” радиосуна да кайрылдым, маалымат каражаттарына да кайрылдык. Биздин партия болуп көрбөгөндөй саясий маданияттуулукту көрсөттү. Биз бир да жерге кутунун өлчөмүндөй болгон кагазды чыгарып же бир даракка чаптаган жокпуз. Биз түздөн-түз маданияттуулуктун туу чокусуна жеттик. Башынан баштап айтып келатабыз, шайлоого барган күнү да айтып атпаймбы, эгерде кимде ким ошол шайлоодон чатак чыгарса ошол кыргыздын биринчи душманы болот деп.

“Азаттык”: Мен кечээ “Бүтүн Кыргызстандын” митингине бардым. Сиз маданияттуулуктун туу чокусун көрсөттүк деп атпайсызбы. Ал жакта мас аялдар да жүрдү. Ушул маданияттуулукпу?

Адахан Мадумаров: Сиз тартып алып көрсөтпөйсүзбү. “Мындай деп атпадыбы, мындайды көрүп калбадыкпы, мындай деп укпадыкпы”, андайды керек болсо мен силерге эки саат айтып берем.

Жооп талап кылган митингдер

“Азаттык”: Кечээ митингде жүргөндө “Мекен шейиттери” бир жерде, “Бүтүн Кыргызстан” бир жерде митинг өткөрүп атат. Сиз “Мекен шейиттерине” чыгып сүйлөдүңүз да, “Бүтүн Кыргызстанга” кайрылбай унаага түшүп кетип калдыңыз?

Акылбек Сариев: Биринчиден, мурдагы күнү “Бүтүн Кыргызстан” чакырганда мен барып сүйлөп бердим.

“Азаттык”: Бирок ошол жерде аябай кызыктай абал түзүлдү.

Акылбек Сариев: Адахан аксакал саясий маданияттуулук деп атпайбы, адам маданияттуумун десе, бардык жагынан маданияттуу болуш керек. Ал жерде туруп алып элдин көзүнчө көп сөздөрдү айтып, туудуруп, туудургуч кылып. Ал адамдын деңгээлинен.

Адахан Мадумаров: Мен айттымбы?
Бизде 3 млн. 400 миң шайлоочу жок. Дүйнөнү кыдырып Марс, Венерага чейин чыгып келишсин, болбойт андай нерсе.


Акылбек Сариев: Марат Таштановичти айтып атам. Сиз болсо “жакшы сөздөрдү” айттыңыз. Мен жооп кайтарган жокмун. Корккондон эмес. Ошондуктан маданияттуу болгондон кийин бардык жагынан маданияттуу болуш керек деп айтып атам.

Экинчиден, “Мекен шейиттери” чакырды, аларга чыгып сүйлөп бердим. Андан мурунку күнү “Бүтүн Кыргызстанга” чыкканда мага талап коюшкан, сизге эртең мененкиге чейин мөөнөт беребиз, чеч деп. Мен “чечпейм, мыйзам жол бергенде гана чечем” дедим. Кечээ кайра баргандын кажети жок болчу. Биринчиден, мени чакырган жок. Экинчиден, жөн эле барып дагы бир жолу сүйлөгөндөй, үндөгүдөй максатым жок.

“Азаттык”: Сандар боюнча чоң чыр чыгып атпайбы. Шайлоо өткөндөн кийин Улуттук статкомго кайрылдыңыз...

Акылбек Сариев: Мен кайрылган жокмун. Мен билбейм, аны азыр элдин оозунан угуп атам. Мага андай маалыматтын кереги да жок.

“Азаттык”: Силер эмне себептен ошону шайлоого чейин тактаган жоксуздар?

Акылбек Сариев: Биринчиден, тактоо менин милдетимде жок.

“Азаттык”: Санды кайдан аласыздар?

Акылбек Сариев: Санды мен албайм. Жергиликтүү бийлик тизмени тизип өткөрүп берди, бизге жалпы кошуп келгенде “ушунча шайлоочу болду” деп маалыматты айтты. Эми аны мен “жок, албайм” деп айтканга укугум жок. Ошондо мен партиялардын баарына айттым, 2 млн. 800 дегенде баарыңар кыйпычыктап сотко бербейт белеңер. Сотто ошонун туура экенине, туура эмес экенине жергиликтүү бийлик жооп берет.

Адахан Мадумаров: Кечээ Феликс Шаршенбаевич абдан туура айтты. Булар мындай болуп калып атат, 29 партияны тизди, 142 метрге чуркайбыз деди, 142 метр жерге чуркагандан кийин баары токтойт, токтоп калгандан кийин, эсеп эмес, силер 150 метрге чуркашыңар керек эле дейт.

“Азаттык”: Феликс Шаршенбаевичтин сөздөрү ынанымдуубу сиз үчүн?

Акылбек Сариев: Феликс Шаршенбаевич кечээ сүйлөшкөндө айтты, биз БШКнын чечимин күтөбүз деп, аны “Ата журт” да, “Ата Мекен” да, “Республика” да айтты. Силер чечим чыгаргыла, анан соттошуп чечип алсын дешти. Мен айттым, чечим чыгарбайм, акыркысы угулмайын деп. Экинчиси, эч ким чек болот деп чек койгон эмес. Чечим болсо көрсөтсүн, айткан болсо жазуусун алып келсин дедим.

“Азаттык”: Демек сиз ушул сөзгө кошулбайсыз?

Акылбек Сариев: Мен эч качан айткан эмесмин, айтпайм дагы. Анткени менин акыл-эсим ордунда. Ал чекти мен жакшы билем, эмнеден алынганын да жакшы билем. Анткени мыйзамда так жазылып турат. Эгерде мыйзамда бүдөмүк жазылса анда мен кичине ойлонот элем.
Акыркы 8 протокол чет мамлекеттен келелек. Аны биз карабай кое албайбыз, анысы жок чече албайбыз.


Адахан Мадумаров: Сиз чыгарган 2 млн. 852 миң бюллетендин беш пайызы кандай болот ошол шайлоодо?

Акылбек Сариев: Биринчиден, ал пайыз андай болбойт.

Адахан Мадумаров: Сиз шайлоочунун санына карап туруп чыгардыңыз да?

Акылбек Сариев: Беш пайыз эсептегенге акылдын кереги жок, ал бат эле, кнопканы бассак чыгат. Мен сизге бюллетендин тартибин айтайын. Бизде тизме болот, шайлоочулардын саны бар, ошол боюнча 0,5 пайыз деген чек бар, ошону менен бюллетень чыгарабыз, башка кошумча бюллетень чыгарганга биздин акыбыз жок. Сиз айткандай көбөйүп кетсе деген, биздин мыйзамда каралган эмес, эч качан 100 пайыз эл шайлоого катышпайт.

Адахан Мадумаров: Шайлоочулардын санына карата чыгардыңарбы?

Акылбек Сариев: Биринчи берилген тизмеге жараша чыгарылат.

Адахан Мадумаров: Ошондо 2 млн. 852 миң чыгардыңызбы?

Акылбек Сариев: Сиз төрага болуп турганда эмне үчүн сурабайсыз бул кандайча чыгарылат деп.

Адахан Мадумаров: Төрага болуп турганда биз шайлоо жөнүндө мыйзам кабыл алганбыз.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG