Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:16

Шайлоо жыйынтыгы боюнча соттошуулар бүтпөй жаткандыктан жаңы парламенттин иши дээрлик бир ай кечеңдеди. Айрым саясий серепчилер жеңилген партияларды жыгылган күрөшкө тойбойт деп сындаса, ал эми сотко кайрылгандар болсо БШКны айыптап жатышат.

“Азаттыктын” «Ыңгайсыз суроолор» берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы ушул темага арналды.

Талкуунун катышуучулары:



“Замандаш” партиясынын лидери Мухтар Өмүракунов








БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматов









“Азаттык”: Мухтар мырза, сиз шайлоо бүткөндөн кийин БШКга нааразы болуп сотко кайрылдыңыз. Сизде кандай конкреттүү дооматтар жана далилдер бар? Мына БШКнын мүчөсү алдыңызда отурат.

Мухтар Өмүракунов: Шайлоо бүткөндөн кийин 10-октябрдын кечинде “утулдук, болору болду” деп тынчып калганбыз. 11-октябрдан баштап бизге жер-жерлерден актылардын көчүрмөлөрү түшө баштады. Кыргызстандын тарыхында биз катышып жүргөн, биз билген шайлоолордо мынчалык көп мыйзам бузуу болгон эмес. Биздин тактоолор боюнча 797 протоколдордо келишпестиктер болгон. Андан сырткары райондорго биздин партиянын мүчөлөрү, жергиликтүү активисттер участкалык комиссиялардын мыйзам бузуулары боюнча 300 арыз менен кайрылганбыз.

“Азаттык”: Сиз айтып аткан мыйзам бузуулар бул бийлик тараптанбы, же БШК тараптанбы?

Мухтар Өмүракунов: Бул жер-жерлердеги участкалык шайлоо комиссияларынын мыйзам бузуулары. Андан сырткары Бишкек шаардык комиссияга 16 кайрылуу жасаганбыз. БШКга 17 кайрылуу, жалпысынан 350дөй арыз менен кайрылганбыз. Андан тышкары 797 протоколдордо келишпестиктер такталган.

“Азаттык”: Жеңиш мырза, азыр эле Мухтар мырза “бул шайлоо тарыхта болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуулар менен коштолду” деп айтты. Ал эми биз "бул болуп көрбөгөндөй таза шайлоо болду” деп айтып жатабыз. Мухтар мырзанын айткандары чынбы?

Жеңиш Акматов: Буга бир беткей жооп бериш кыйын. Дүйнө жүзүндө шайлоо практикасында таптаза өткөн шайлоо эч бир өлкөдө болбойт. Биз демократиянын атасы деп суктанып, алардан үлгү алып, алар бизди үйрөтүп атабыз деген АКШда деле шайлоолордо мыйзам бузуулар болот, таза өтпөйт.
Кээ бирлери эшикке чыгып баратсаң сүйрөйт, “бас, бизге айтып бер” деп. Муну деле кысым десек болот.


Билсеңиздер, Буштун биринчи шайлоосунда биздикиндей абал болуп, алар да шайлоо жыйынтыгын 20 күндөн ашык убактыка чейин Флоридадагы чырды басалбай жүргөн. Бизде абдан таза дебейм, мыйзам бузуулар орун алды. Аларга биз өзүбүз да, кыргыз эли да күбө болду.

“Азаттык”: Сиз демократиялык шайлоо деп айтып атпайсызбы. Демократиялык шайлоодо да ушунчалык узак эсептөө болобу?

Жеңиш Акматов: Эсептөө узаганынын себеби, мен өзүм күбө болгондой, БШК облустардан келген протоколдорду чогултуп, 2-3 күндүн ичинде азыр түшөбү, түшпөйбү аны карабай эле эсебин чыгарып койчу. Буга 2007-жылкы парламенттик шайлоодо өзүм күбө болдум, ошол жерден каршы добушумду берип, залдан чыгып, силердин балдарга ачык маек куруп, куугунтукка чейин туш болгом. Биз келген арыздын бардыгын карадык. Ошондуктан убактысы созулуп кетти.

Шайлоочунун психологиясы

“Азаттык”: Мухтар мырза добуштарды кайра саноону талап кылды. Ошого негиз бар беле?

Жеңиш Акматов: Шайлоо кодекстин нормасына ылайык, шайлоодо добуштарды кайра саноо боюнча ар бир арыз тастыкталган жана фактылар менен далилденген болсо, биз ошол арыздарды кароого укугубуз бар. Кээ бир партиялар, анын ичинде “Замандаштын” ыйгарым укуктуу өкүлдөрү да болушту, “баланча участокто биздин түкүнчө партиябыздын мүчөсү бар эле, бирок биз ошол жерден мынча эле добуш алып калдык, ошону ачып санап бергиле” деген көп арыздар болду. Мындай арыздарды биз канааттандырган жокпуз.

“Азаттык”: Мухтар мырза, сизден чындап эле ушундай курулай дооматтар менен кыйкырып атасыздар, факты жокпу?

Мухтар Өмүракунов: Бул жерде Жеңиш мырзанын айтканына мен кошулалбайм. Себеби биз партиянын атынан бул жерден биз мынча добуш алып калдык деген арыз болгон эмес. Биздин партиянын мүчөлөрү, же болбосо биздин шайлоочуларда, мисалы, мындай учурлар болгон, кандайдыр бир участоктон 20 адам барып “Замандаш” партиясына добуш бердик эле, жыйынтыгында эмне үчүн беш эле добуш болуп калды деп биздин шайлоочулар өздөрү кайрылган учурлар көп болду. Тилекке каршы ошол участокторду да кайра карап, бюллетендерди көтөрүп, саноо болгон жок.

Шайлоодо утулган партиялардын өкүлдөрүнүн маалымат жыйыны, 12-октябрь, 2010-жыл
“Азаттык”:
“Замандаш” партиясы канча добуш алды?

Мухтар Өмүракунов: 63 миң болгон, кайра 66 миң болуп аткан, акыркы сан 60 миңден ашык.

“Азаттык”: Добуштарды кайра саноо керек деп талап коюп чыкпадыңыздарбы. Эгер кайра санап чыкса парламенттик шайлооого өтүп калам деген үмүттөр бар беле?

Мухтар Өмүракунов: Үмүт жөнүндө азыр кеп жок. Принцип жөнүндө сөз кылсак туура болот го деп ойлойм. Себеби 20 жылдан бери биздин мамлекетте бийлик элди алдоо, будамайлоо менен гана келатат. Бизде бир гана максат бар болчу – мыйзам бузуу болгон жерлерде бюллетендерди кайрадан саноо. Кайсы партия канча добуш алса, орду-ордуна коюп, күнөөкөрлөрдү жазалоо. Алар сөзсүз жоопко тартылышы керек.

Кийинки жылы президенттик шайлоо болот, анын аркы жылы жергиликтүү кеңешке шайлоо болот, ансыз ушундай эле алдоонун үстүндө боло берет. Азыр БШК шайлоонун жыйынтыгын жарыялап койду, жалган жол менен өткөн партияларда “демек кийинки шайлоолордо ушундай кылса боло берет экен” деген ой бекемделип калды.
Менин өзүмдүн саясий принциптерим жөнүндө айтсам, Бакиев тарабынан мага анча-мынча эмес, жакшы эле кысым болгон.


“Азаттык”: Так айта аласызбы, ошол добуштарды сатып алган, алдоо жол менен келген партиялар кайсы?

Мухтар Өмүракунов: Мисалы, азыр парламентке өткөн партиялардын кээ бирлери. Анан эң кызык жери өтпөй калган да партиялардын ичинде ушундай добуш сатып алган учурлар болгон.

“Азаттык”: Бир-экөөнү атап койбойсузбу?

Мухтар Өмүракунов: Бул, менимче, саясий жактан туура болбой калат. Бул жерде видео жазуулар бар, сиздерге берип коеюн, эстеликке тарых үчүн.

“Азаттык”: Өзүңөр таза иштедиңерби, добуштарды сатып алган жоксуңарбы?

Мухтар Өмүракунов: Бул жерде участкалык комиссиялардын добуштарды туура эмес эсептеген фактылары бар жана кээ бир партиялардын добушту сатып алуу фактылары тартылган. Биздин партия албетте таза иштеди. Биз добушту сатып алуу – элдин келечегин сатып алууга барабар деп эсептейбиз. Бул биздин принципке туура келбейт.

Үч жылдан кийинки айырма

“Азаттык”: Жеңиш мырза, президент Роза Отунбаева 5-ноябрда парламент алгачкы отурумуна чогулат деди эле, анда чогулбай калды. 9-ноябрда чогулат деди эле, анда да чогулган жок. Сиздер туура эмес маалымат берип атасыздарбы, же соттук териштирүүлөр бүтө электе эле Роза Отунбаева алдын ала билеби?

Жеңиш Акматов: Мен Роза Отунбаева үчүн жооп бере албайм. Мен өзүм, БШК өзүбүздүн ыйгарым укугубуздун чегинде иш алып барып жатабыз. Азыр соттук териштирүүлөр болуп атат, ага катышып атабыз. Шайлоо кодекс боюнча партиялардын тизмелеринде кичине проблемалар болуп атат. Буйруса бүгүн бардык маселелерди чечтик.

“Замандаш” партиясы Өзгөн районунда бир жерден тасма тартып, бизге алып беришкен. Ал факты такталган, бардыгы ачык тартылган. Себеби мыйзам тартканга уруксат берет. Ошол жерде ачык эле соодалашуу болуп атат, бул партиянын мынча добушун бул жакка кошуп койгула, кайра чыгаргыла деп. Биз муну тактадык, Өзгөн районунда үч участок жокко чыгарылды.

“Азаттык”: Демек шайлоо таза өттү дегенге такыр негиз жок экен да?

Жеңиш Акматов: Мен башында айтпадымбы, бардык жерде мыйзам бузуу болот. Мына ошол мыйзам бузуунун көрүнүшүн, ошондой фактылар менен тастыкталгандарды жок кылдык. Мисалы, Кыргызстан боюнча буга чейин президенттик, парламенттик шайлоолордо 30ка жакын участоктун жокко чыгарылганы болгон эмес.

“Азаттык”: Мухтар мырза, сиз “бийлик мага тоскоолдук кылып атат” деп айта аласызбы?

Мухтар Өмүракунов: Борбордук бийлик “Замандаш” партиясына тоскоолдук кылып атат деген ой жок, антип айтууга эч кандай негиз жок.



“Азаттык”: Анда ким тоскоолдук кылып атат?

Мухтар Өмүракунов: Бурмалоонун бардыгы жергиликтүү деңгээлде өттү. Бул жерде жергиликтүү участкалык комиссиялардын кээ бир партиялардын кызыкчылыгына иштегени айдан ачык болгон. Мен тасманы бербедимби, бул бир эле мисал. Мындай нерселер массалык түрдө болду. Кыргызстандын 100 пайыз деп айтканга туура эмес болор, бирок 50дөн кем эмес пайызы участкалык комиссиялар кандайдыр бир партиялардын кызыкчылыгы үчүн иштеген. Бул айдан ачык.

“Азаттык”: 2007-жылкы шайлоону эсиңизге салгым келет. Ошондо сиз катышкансызбы, катышкан эмессизби?

Мухтар Өмүракунов: Ошондо бийлик бизге каршы болуп шайлоого катыштырган эмес.

“Азаттык”: Менин сурайын дегеним, ошол убакта “Ак жол” партиясы өтүп, чыр болгондо эмне үчүн чындыкты айтып чыккан эмессиз?

Мухтар Өмүракунов: Чындыкты айтып чыкканбыз. Бизди шайлоого жеткирбей алып салган. Чындыктын баары айтылган ал кезде. Жогорку Сотко чейин барып соттошконбуз.

“Азаттык”: Токмокто бир канча жерде добуштарды кайра саноо боюнча “Замандашты” колдоп митинг өтпөдүбү. Бул бийликке биздин күчүбүздү көрсөтүп коелу деген сөзбү, же митинг өткөрүү аркылуу бийликтен кызмат үмүт кылып атасызбы?
2007-жылы Ош шаарынан “Ата Мекен” партиясы 5 пайыздык чектен өтүп кеткен. Анан эле хакерлер кириптир, компьютерлер иштебей калды деп токтотуп койгон.


Мухтар Өмүракунов: Митингдер ар кайсы жерде болуп, жергиликтүү биздин партиялаштар, шайлоочулар нааразычылык акцияларын өткөрдү. Биз убагында барып, токтотуп калганга мүмкүнчүлүк болду. Биз сөз бергенбиз, мыйзам чегинде гана иштейбиз деп. Биз ошол жерден да митингдерди токтотолу, эл митингден чарчады, биз мыйзам жолунда баралы, ар бир добуш үчүн күрөшөбүз, бирок сот аркылуу деп сөз бергенбиз.

“Азаттык”: Демек эл өзү эле митингге чыгып, силер барып токтотуп калдыңарбы?

Мухтар Өмүракунов: Ооба, биз барып токтотуп калдык. Бир катар партиялардын жетекчилери барып токтотуп калбаганда нааразычылык элдин ичинде абдан көп болгон. Бул жалгыз эле биздин партия эмес, биздин конгресс боюнча өзүбүздүн партиялаштарды чындыгында токтотуп калдык. Болбосо биздин эл алдандык деп эсептейт эле.

“Азаттык”: Жеңиш мырза, Мухтар мырза эл арасында нааразылык көп болгонун айтып атат. Чын эле элдин көпчүлүгү нааразыбы, тынбай эле митингдер болуп атат, же бирөөлөр уюштуруп атабы?

Жеңиш Акматов: Токмок боюнча маалыматым жок экен. Бишкекте болгон митингдерди бир эмес, 2-3 партия уюштурган.

Мухтар Өмүракунов: Мыйзам чегиндеги соттук териштирүүлөр сөзсүз болуш керек. Бюллетендер кайра эсептелгенде эң туура болмок. Эгер соттор кандайдыр бир өзүнө жоопкерчиликти алып, бюллетендер кайра эсептелип, чечимдер чыгарылса, элде” биз алдандык” деген сезим жок болот эле да, нааразычылык калбайт эле. Эгер сот БШКнын азыркы чечимин күчүндө калтырса, анда парламент сөзсүз иштеш керек.

2007: ыплас шайлоонун оюндары

“Азаттык”: Добуштарды кайра саноо деген оюңуздардан кайра кайттыңыздарбы?

Мухтар Өмүракунов: Жок, кайткан жокпуз. Ошол маселе боюнча иш Жогорку Сотко берилди.

“Азаттык”:
Жеңиш мырза, мен билгенден сиз бир топ жылдан бери эле БШКда иштейсиз. Мурдагы бийлик учурунда деле, азыркы бийлик учурунда деле кандай кысымдар болгонун ачыктап бере аласызбы?

Жеңиш Акматов: Мен ачык айта алам. Мисалы, мен Акаевдин убагында, Бакиевдин убагында шайлоо комиссиясында иштегем. Ал убакта болчу. Себеби мен ичинде жүргөн киши катары айта алам, ачык эле басым болчу.

Мухтар мырза катышып көрдү, ушул шайлоодо бир дагы арыз каралбай калды деген болгон жок, бир партияга бут тосуу деген болгон жок. Ал эми 2007-жылы болгон, мен өзүм жумушчу топто жүргөм. Мисалы, “Замандаш” партиясын компьютер терип атканда, бир техникалык катанын айынан жөн эле катыштырбай койгон. Мен өзүм жоопкерчилик менен айта алам, бул бийлик БШКнын бир ишине эч бир көрсөтмө берип, же аралашып, же суранганын көргөн жокмун.

“Азаттык”: Мурдагы бийликтин кысымдары тууралуу эмне үчүн айтып чыкпадыңыздар? Балким азыркы бийлик ошондой кылса унчукпай эле отургандырсыздар.

Жеңиш Акматов: Биз ар дайым жыйындарда өз оюбузду айтканбыз. Ошондо бир гана “Азаттык” үналгысынан жана “Агым” гезитинен үнүбүз чыкчу. Себеби ушул жерге келип, сиздердин “Ыңгайсыз сурооңорго” тартылып, мен катышкан эки жолку берүү эфирге кетпей калган. Себеби Акматов андай эмес, башка сөздү айтты, БШК андай сөздү айтпаш керек болчу деп эки жолу эфирден Эшимкановдун убагында алынып салынган. Мен ал убакта айтып эле келгем. Азыр эми кысым болбосо эмне деп айтам?

“Азаттык”: Жеңиш мырза, ошол убакта 2007-жылы “Ата Мекен” партиясы өткөн деген маалыматтар бар го?
Кыргызстандын 100 пайыз деп айтканга туура эмес болор, бирок 50дөн кем эмес пайызы участкалык комиссиялар кандайдыр бир партиялардын кызыкчылыгы үчүн иштеген.


Жеңиш Акматов: Мен айтып атпаймбы, 2007-жыл менен 2010-жылдын айырмасы асман менен жердей болду. Ошондо бир да арыз каралган эмес. Биз өзүбүз көргөн нерсени айткан эмес. Себеби түнкү саат 11-12лерде Ош шаарынан “Ата Мекен” партиясы 5 пайыздык чектен өтүп кеткен. Анан эле хакерлер кириптир, компьютерлер иштебей калды деп токтотуп койгон. Эртең менен келгенде кайра 600дөн ылдыйкы добушка түшкөн. Мен ошондо суроо бергем, БШКнын архивинен ошол протоколду көтөрсөк болот. 18 участок калган. 18 участоктон эч бир добуш “Ата Мекен” албаса да, 800дөн ашык добуш туруш керек. Себеби артты көздөй кетпейт. Ал жерде 18 участок кошулгандан кийин кайра артка кетип калган. Биз жыйында ушул маселени көтөргөндө БШКнын кээ бир даярдалган мүчөлөрү “жок, биз талкуусуз добуш берүү менен чечебиз” дегенде, Бапанова, Сариев, Акматов каршы добушун берип, ал эми ону макулдугун берип, 2007-жылкы шайлоонун жыйынтыгы бекитилген. Биз каршы болгондуктан мыйзамга туура келбесе да бизди БШКга киргизбей коюп, эмне болсо дагы сиздин айткандарыңызга макулбуз дегендер кирип, ал эми каршы добушун берген кишилер БШКга кирбей калган.

“Азаттык”: Жеңиш мырза айтып атат, БШК таза иштеп атабыз деп. Сиздин арызыңарды ошондой деңгээлде карап атышабы?

Мухтар Өмүракунов: Биз албетте канааттанган жокпуз. Себеби биздин кайрылганыбыздын негизги маңызы мыйзам бузуу бар бекеттердеги бюллетендер эсептелиш керек болчу. Албетте эсептелген жок. Эсептелгенде абдан көп мыйзам бузуулар чыкмак. Биз ага көзүбүз жетип турган. Мүмкүн БШКнын да көзү жеттиби, эсептеген жок. Ошондуктан азыр сотко кайрылууга туура келип атат.

“Азаттык”: Сиз өзүңүздү маданияттуу саясатчымын деп эсептейсизби?

Мухтар Өмүракунов: Албетте. Саясатта биз маданияттын чегинен чыкпаганга колдон келишинче аракет кылабыз.

“Азаттык”: Маданияттуу саясатчы жеңиле билиш керек да. Ал эми жеңилип калгандан кийин сотко арызданып, митинг уюштуруп... Буга кандай дейсиз?

Мухтар Өмүракунов: Митинг уюштуруп, Ак үйдү басып алуу туура эмес деп эсептейм. Ал эми мыйзам чегинде митинг уюштуруу туура деп эсептейм. Митинг десе эле сөзсүз эле Ак үйдү, Көк үйдү басып алыш керек, бийликти тартып алыш керек деп түшүнбөш керек. Митингдин да маданияты болот. Мыйзам чегинде митинг өткөрүү бул мыйзамдуу көрүнүш.

“Азаттык”: Жеңиш мырза, сиз 2007-жылы шайлоодо “Ата Мекенди” ачык айтып чыккам, тирешүүгө баргам деп атпайсызбы. Азыр эми “Замандашта” деле бир топ көйгөйлөр бар экен. Буларды деле ачык айтып чыгып атасызбы?

Жеңиш Акматов: Фактылар менен болгон жерлерин биз карап бердик. Мухтар мырза айтып атат, бул туура, бул жерде мен бул партияны күнөөлөбөйм. Себеби бул жерде участоктогу булардын байкоочулары тийиштүү деңгээлде даярдалбагандыгынын белгиси.

Мухтар Өмүракунов: Шайлоо күнү жергиликтүү комиссиялар бузду. Акыркы инстанция катары биз БШКдан калыстык издеп кайрылганбыз. Бирок биз аны менен канааттанган жокпуз.

“Азаттык”: БШКда калыстык бар бекен?



Мухтар Өмүракунов: Кыргызстанда калыстык бар деп азырынча айтуу кыйын экен. Биз канааттанган жокпуз.

Жеңиш Акматов: Бардыгын канааттандырыш мүмкүн эмес экен. Жеңилген тарап, жеңген тарап болот экен. Бардыгын биз канааттандыралбайбыз.

“Азаттык”: Мухтар мырза, шайлоодо жеңилип калган партиялар жалпы улуттук конгресс түзбөдүбү. Силер эми азыркы бийликке оппозиция болосуздарбы?

Мухтар Өмүракунов: Ооба, оппозиция болушубуз мүмкүн. Оппозиция десе эле, биз митинг, “кетсин” дегенди түшүнөбүз. Албетте андай эмес. Азыр конгрессте оппозиция болуу каралып жатат. Бул – конструктивдүү оппозиция. Мисалы, өкмөт болобу, Жогорку Кеңеш болобу, ар биринин кылган иштерине өзүбүздүн альтернативдүү варианттарыбызды сунуштайбыз. Мисалы, өкмөттүн структурасы болобу, же кандайдыр бир айыл чарбасын өнүктүрүү программасы болобу, ошолорго биздин сөзсүз түрдө альтернативдүү программабыз болот. Мына ошону конструктивдүү оппозиция дейт. Биз ошондой оппозиция болуунун үстүндө азыр иштеп атабыз. Ал үчүн абдан күчтүү партиялар керек, ошончолук интеллектуалдык деңгээл керек.
Мен өзүм жоопкерчилик менен айта алам, бул бийлик БШКнын бир ишине эч бир көрсөтмө берип, же аралашып, же суранганын көргөн жокмун.


“Азаттык”: Бакиевдин убагында сизге бир аз кысым болгондо кичине дымагыңыз өчүп калды. Кийин ынтымак курултайында жүрдүңүз. Сиздерде дегеле саясий принцип барбы?

Мухтар Өмүракунов: Саясий принцип албетте ар бир адамда болуш керек. Менин өзүмдүн саясий принциптерим жөнүндө айта кетсем, Бакиев тарабынан мага анча-мынча эмес, жакшы эле кысым болгон. Мени камагандан баштап, бизнестериме асылганга чейин барган.

Максат эмне эле? Максат же өздөрү жакка өткөрүп алыш керек, мени үч жолу өкмөткө жумушка чакырган, же болбосо мен Кыргызстандан качып кетишим керек болчу. Мен өкмөткө да барган жокмун, качып да кеткен жокмун.

Ынтымак курултайына эки жол менен шайланган. Биринчиси, президенттик квотасы болгон коомдук уюмдардан. Аны Орусиядан сунуш кылабыз дегенде миграция тарабынан, мен андан баш тарткам. Экинчиси, эл шайлоо. Бул эч кандай административдик киришүү жок, эл өзү шайлаган. Экинчи система менен мени өзүм туулуп өскөн айылыман эл шайлаган. Ал жыйынга мен барган да эмесмин. Эл бир добуштан шайлап, балам биздин атыбыздан барып катышасың деп мага тапшырма берген.

Кайра саноодон сумма өзгөрөт

“Азаттык”: "Бүтүн Кыргызстан" буга чейин 145 миң добуш алган эле. Шайлоо жыйынтыгынын кечеңдеши 5 пайыздык босогондон өткөндүгүн талашып аткан “Бүтүн Кыргызстан” партиясына бул да аябай эле терс таасирин тийгизди. Анын алган добушу кайра эсептөөдөн кийин 5 миңге чейин кыскарып, 139 миң 548ди түзүп калдыбы?

Жеңиш Акматов: Ооба, 139 миң 548 болуп калды.

“Азаттык”: Шайлоонун жыйынтыгынын кечеңдеши “Бүтүн Кыргызстандын” добушун азайтуу максатында эле болгон деп сындалып атпайбы?

Жеңиш Акматов: Эми сындаган кишилерди “сынчынын сынар өтүгү майрык” кыргыздар деп коет. Ар кандай сындар айтыла берет. Биз ага көңүл бурган жокпуз.

“Азаттык”: Бирок добушу чындап эле азайып кетти да?

Жеңиш Акматов: Ал жалгыз эле “Бүтүн Кыргызстандыкы” эмес. “Бүтүн Кыргызстан” күнүгө митингге чыгып эле, көчөдө кыйкырып жүрсө элдин көңүлү ошого бурулуп атат. 29 участокту жокко чыгарганда добуш “Ата Журттуку” да, “Ата Мекендики” да, КСДПныкы да азайды. Бүт шайлоого катышкан 29 партияныкы азайды.

Мени калп айттырбас, “Замандаш” партиясынын да миңдеген добуштары жокко чыкты. Текшергиле деди, текшерип мыйзам бузууну таап жокко чыгарсак, кайра силер “Бүтүн Кыргызстанга” атайын кылдыңар деп сынды угуп атабыз. Ошондуктан андай сындар айтыла берет. Бирок аларды биз негизсиз деп эсептейбиз.
Оппозиция болушубуз мүмкүн. Оппозиция десе эле, биз митинг, “кетсин” дегенди түшүнөбүз. Албетте андай эмес.


“Азаттык”: Мен кийинки шайлоолорду ойлоп атам. Кийин деле ушундай участкалык жергиликтүү комиссиялардан техникалык каталар кете береби? Кийинки тагдырыбыз кандай болот?

Жеңиш Акматов: Азыркы келген парламент чечет. Азыр парламент БШКнын курамын аныктайт. Эгерде ошолор ишеним көрсөтсө иштейбиз, ишеним көрсөтпөсө иштебейбиз. Азыр шайлоо системасында эки негизги оору бар. Биринчи чоң оору – биздеги шайлоочулардын тизмеси. Бизде статкомитет 3 млн. 344 миң киши бар дейт. Биз болсо тизмелерди алып атып 3 млн. 26 миңге чыктык. Айыл өкмөттөрү 2 млн. 884 миңди берди. Үч жерде үч бөлөк тизме. Андай болбош керек. Кыргызстандын адамы болгондон кийин бардыгынын тизмеси бирдей болуш керек. Жакшы Конституциялык мыйзам жазып алсак, ошондо биз алга жылабыз.

“Азаттык”: Мен аябай таң калдым, бул жак сиздерди, сиздер башкаларды күнөөлөйсүңөр. Утулуп калган партиялардан сиздерге кысым болдубу?

Жеңиш Акматов: Өзүбүзгө кысым болгон жок. Эшиктин алдында эле миң киши кыйкырып турса, бул деле кирип-чыкканыңа ыңгайсыз. Кээ бирлери эшикке чыгып баратсаң сүйрөйт, “бас, бизге айтып бер” деп. Муну деле кысым десек болот. Бирок бизди коркутуп-үркүтүү болгон жок. Биз утулган Мухтар Сүйүналиевич менен, “Бүтүн Кыргызстандын” балдары менен деле, Аликбек Жекшенкулов мен сыйлаган кыргыздын жигити, алар менен деле кучакташып, учурашып, бардык партия менен сотко барып атабыз.

“Азаттык”: Кучакташпаган ким калды?

Жеңиш Акматов: “Жашасын Кыргызстандан” Токтайым Үмөталиева бизди душман кылып, кол сунсак да учурашпайт. Калгандары менен жакшы. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш, соттошот, сот жыйнытыгын чыгарат. Ага баарыбыз макул болушубуз керек. Себеби биз укуктук мамлекетте жашайбыз. Партиялар коркутуп-үркүтөт деген менде маалымат жок.

“Азаттык”: Мухтар мырза, жалпы улуттук конгресстин иши, сиздердин кадамыңыздар кандай болот? БШК, азыркы бийлик менен иштеше бересиңерби?

Мухтар Өмүракунов: Азыр соттун чечими күчүндө калтырса БШК менен албетте иштешебиз. Негизи биз конструктивдүү оппозиция болгонго даярданып жатабыз, конгрессте ушул чоң талкуу болуп жатат. Оппозиция болгондо да маданияттуу оппозиция. Жакшы айттыңыз, жыгылган күрөшкө тойбойт, сот эмнеге болуп атат деп сурабадыңызбы. Бул эмне үчүн болуп атат? Ар бир шайлоодо элди алдоо болбосун, мыйзам бузуу болбосун деп биздин кылып аткан ишибиз ошого багытталган. Азыр биз бюллетендерди кайра санаганда “Замандаш” партиясы парламентке барып отуруп калат деген ой жок. Бүгүнкү биздин кылып аткан мыйзам ченеминдеги талаптарыбыз бул келечек үчүн, эртеңки мыйзамдуулук үчүн. Ошон үчүн ушунун үстүнөн иштеп атабыз.

“Азаттык”: Бюллетендерди кайра саноо боюнча сот жеңилген партиялардын кызыкчылыгына сот чечимин чыгарып берет деп ишенесизби?

Мухтар Өмүракунов: Биз шайлоодо фокус көргөндөй эле болдук да, чындыгында эч ким күтпөгөндөй жыйынтык болду. Азыр деле ошондой болушу мүмкүн. 2-4 күн кое турсак фокустун жыйынтыгын көрөбүз го, бир аз сабыр кылып турсак деп ойлойм.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG