Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:57

“Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы шайлоонун алдындагы жана шайлоодон кийинки коопсуздукка арналды.

Талкууга катышкандар:



Кубатбек Кожоналиев
– Кыргыз Улуттук университетинин конституциялык кафедрасынын доценти жана юстициянын генерал майору








Шамшыбек Мамыров
– ИИМдин укук жана криминалдык талдоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары жана милициянын полковниги







Эскертүү:
Ички иштер министри өзү келмек, бирок ишине байланыштуу келбей калды.

“Азаттык”: Шамшыбек мырза, шайлоого чейин беш күн калды. Элдин баарын кызыктырган суроо – биздин коопсуздук. Негизи эле эмне болуп кетет, коркунуч кайдан келип жатат деген суроолор болуп жатат. Ошого мурдагы күнү ички иштер министри өзү маалымат жыйын өткөрдү. Бирок мен так жоопторду алган жокмун. Эң негизги суроо, милициянын күчү коопсуздукту камсыздап берүүгө жетеби?

Шамшыбек Мамыров: Биз бүгүнкү күндө иш-чаранын баарын өткөрүп атабыз. Бүгүндөн баштап күчөтүлгөн абалга өттүк. Республикада 2289 шайлоо участогу болсо, тиешелүү деңгээлде кызматкерлердин баары бөлүндү, өзүбүз деле билип атабыз, акыркы убактарда шарттар да көрсөтүп атат, эл гана өзү коопсуздукту, тартипти камсыз кылалат. Азыр 12 миңден ашуун ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрүн толук кандуу ишке киргизип атабыз. Мурунку шарттардан айырмаланып формалдык эле түрдө болбостон алардын тизмеси да такталууда.

“Азаттык”: Кубатбек мырза, министр өз сөзүндө “7-апрелге чейин Ички иштер министрлиги ар бир бийликтин кол жоолугу болуп келген, бирок 7-апрелден тарта биз өзгөрдүк” деп айтып кетти. Сиз кандай ойлойсуз, кайсы себептерден улам, кайсы фактыларга таянып ушуну айтып жатат?
Тилекке каршы мыйзам баарыбызга тең бирдей иштебей жатат. Партия лидерлери мыйзамдын чегинен чыгып кетүүдө.


Кубатбек Кожоналиев: Бул сөздөр канчалык фактыларга таянып айтылганын мен билбейт экем. Бирок буга чейин Ички иштер министрлиги 2-3 адамдын көзөмөлүндө болгон. Парламенттин көзөмөлүндө болгон эмес деп айтса болот. Мен силерге “матрешка гейтти” эле айтып коеюн. Аракет болгондон кийин эң аягы эмне менен бүттү? Эң аягы Жаныш Бакиев сот аркылуу “мен күнөөлүү эмесмин” деген тыянакты чыгарып алган. Ага эмне себеп болду? Биринчи кезекте коомдук көзөмөл болгон эмес, элдик ишеним болгон эмес.

Бул өз ичинде мурдагы Советтер Союзунан калган ыкмалар менен, бир нерсени жаңыртып коюп иштеп аткан өздөрүнүн иш аракеттеринен болуп атат. Эч ким өз жоопкерчилигин сезип, ыктыярдуу түрдө кызматынан кеткен жок. Баары эле “мен кетпейм, иштейм” деп атат.

Ош облусунда кимдер иштеп атты эле, кандай УВД, УГСМби, дагы ушундай өңчөй оперативдик кызматтар мунун баарын алдын ала билиш керек болчу. Булар "башыбызга кар түшкөндөй эле болуп калды” деп айтып атпайбы. Мэри да, эч кимиси билген жок, күнөөлүү эч ким жок экен. Ал эми КАМАЗдар даярдалып, куралдар космостон түшүп келдиби? Ал жарандар аркылуу келди да.

Шамшыбек Мамыров: Тиешелүү деңгээлде маалыматтар болгон, бүгүнкү күндө түштүк аймагында Ички иштер министрлигинде таптакыр башка полковник иштеп атат.

“Азаттык”: Шамшыбек мырза, кечээ маалымат жыйынынан кийин “ызы-чуу чыкса, баса калып ага жакшы, татыктуу сокку урабыз” деди. Ошондон улам алдын алуу иштери кандай жүрүп атат, же силер 10-октябрды күтүп атасыздарбы?

Шамшыбек Мамыров: Өткөндөгү окуяларды эске алып, азыр Ички иштер министрлигинин демилгеси менен республиканын картасы боюнча ар бир аймак бөлүнүп алып, кайсы жерлер кооптуу болушу мүмкүн, кайсы жерде тартип бузулушу мүмкүн деген нерсе менен иш аракеттердин баарын толук кандуу өткөрүп атабыз.

Милиция эл менен...би?

“Азаттык”: Он аймак аябай кооптуу деп айтылыптыр. Бирок ошол он аймактын аты аталышы керекпи? Кечээ аталган жок.

Кубатбек Кожоналиев: Эгерде жашыруун сырга кирсе атабаш керек. Ачык нерсе болгондо атап койсо болот.

“Азаттык”: Менде жөнөкөй жаран катары суроо туулду, эгер мен ошол аймакка кирсем башка жакка кетип калат элем.
Кээ бир саясатчылардын «А» планы да, «Б» планы да бар. Партия лидерлери эгерде шайлоодо бурмалоолор боло турган болсо, бири-бирине куралдуу тирешүүгө чейин жетерин айтууда.


Шамшыбек Мамыров: Эмнеге кетип калыш керек? “Катуу бассаң таскак, акырын бассаң аскак” деп эле, он аймак деп биз белгилөөчү жерлерди белгилеп алдык. Эми ошол аймактын атын айтып, элди ого бетер дүрбөлөң кылуунун кереги жок. Бул биздин толук кандуу иштеп атканыбыздын далили. Кудай сактасын, дагы бир жолу айтам, бүгүнкү күндөгү бейпилдик биринчи деңгээлде элдин өзүнүн колунда. 2005-жылы март, апрель айында таяк жеген ким болду? Милиция болду. Эми биз ушунун баарына жыйынтык чыгарып атабыз.

“Азаттык”: Кандай жыйынтыктарды чыгарып жатасыздар? Ушул жолу кокус ызы-чуу чыгып кетсе, андай болбосун, бирок дагы эле милиция күнөөлүү болуп калып калат да. Ошону алдын алуу боюнча жыйынтыктар кандай?

Шамшыбек Мамыров: Эки окуяда тең милиция күнөөлүү болгон жок. Милиция таяк жеген үчүн күнөөлүү болду. Жергиликтүү партиялык жетекчилер, шайлоо участкалар, айыл өкмөттөр, коомдук борборлор, айыл аксакалдары, айылдык тескөөчүдөн баштап участкалык инспекторлор менен тиешелүү жетекчилерге чейин баарыбыз тең “келгиле, тартип маселесин бир отуруп сүйлөшөлү” деп атабыз. Атайын усулдук көрсөтмөлөрдүн баарын берип атабыз.

“Азаттык”: Ушул эки китепче жардам берет дейсизби?

Кубатбек Кожоналиев: Мен эмне үчүн эл менен милициянын ортосунда ушундай ажырым болуп кеткенин айтып коеюнчу. Милиция элдин арасында өзүнүн жоопкерчилигин сезиш керек, төмөнкү деңгээлде участкалык инспекторлор, тескөөчүлөр эл тарабынан шайланыш керек, элдин алдында жооп бериш керек. Ошондо тыгыз иштейт эле. Эгерде тыгыз иштесе дайындалат, ал өзүнүн башчысынын алдында жооп берет.

Шамшыбек Мамыров: Ички иштер министрлигинде акыбал болуп калган да, бизде илим изилдөө борбору ЕКУУнун программасы менен сегиз жылдан ашык иштеп атабыз. Кубат мырза айткандын баары эле кагаз жүзүндө бар, даяр. Президенттен баштап саясий эрк жетпей койгон.

“Азаттык”: Саясий эрк деп эмнени айтып атасыз?

Шамшыбек Мамыров: Кубат мырза айткандай, участкалык тескөөчүлөрдү шайлоого алып барып, милицияны саясий бийликтин куралы кылып алып, анан ошондон кутуруп кетишти. Себеби кандайдыр бир нерсе болсо баса койгонго ыңгайлуу болчу. Анан эл менен тыгыз байланыш дегенди сиз туура түшүнүңүз, сиз такыр канааттанбай атам деп атасыз. Элден биз ажырагыбыз келген жок. Биз, тескерсинче, эл менен тыгыз иштеп атабыз. Элге да кайрылгыбыз келип атат, мисалы, милиция өзгөчө апрель окуяларынан кийин, акыркы окуялардын баарын эске алып, эгер айткан сөзүбүз менен кылган ишибиз ажырым болсо, бирди айтып экинчини кылсак, тарых бизди тебелеп коерун түшүндүк. Биз да элдин бир бөлүгүбүз. Мына мен граждандык кийим менен отурам, мен деле атуул катары сезилип атпаймбы.

Партия көп, жоопкерчилик бирдей

“Азаттык”: Биз азыр шайлоодогу коопсуздук жөнүндө кеп кылсак. Министрге бир суроо келген эле. Ошону уксак.

Өндүрүш Токтонасыров: Урматтуу министр мырза, сизге мындай суроо. Шайлоонун “шайтан оюндарын” ойноого ниеттенген партиялардын аты-жөндөрү калайык калкка белгилүү. Силер ошол оюндарды ойноого даярданып жаткан партиянын лидерлерине, активдүү мүчөлөрүнө эскертүү менен чыктыңызбы?
Партиянын кээ бирлери бийликте болгон үчүн “ажыдаардын куйругун” басып албайын дейт.


Шамшыбек Мамыров: Абдан жакшы, туура суроо. Бүгүнкү күндө кээ бир үгүт иштерин жүргүзүп аткан партиянын өкүлдөрү Ички иштер министрлигинде катталып жатат. Мисалы, жалпы тартипти, укуктук нормаларды бузуп, үгүт иштеринде шылдыңдап, маскаралагандардын баары катталып атат. Бул боюнча тиешелүү иш-чаралар болуп, партиянын өкүлдөрүнө “мыйзамды бузуп атасыңар, туура эмес кылып атасыңар” деген эскертүүлөр берилди. Билборддорду үгүт баракчаларын тытып кетип атышат. Бир эле сөз менен айтайын: 29 партиянын баары тең бизге бирдей.

“Азаттык”: Шайлоо күнү эмне болот деп эскертүү берилдиби? Ал партия лидерлеринин жоопкерчилиги барбы?

Шамшыбек Мамыров: Шайлоо кодекстин өзүндө аныкталган, алардын баары тең муну билет, түшүнүп эле турушат.

“Азаттык”: Бирок азыр коркунучтуу абал болуп атпайбы, партия лидерлер менен көбүрөк иштеш керек беле деген ой туулат?

Кубатбек Кожоналиев: Тагдырдын тамашасы, мурда бийликте жүргөн партиялар, мисалы “Ата журт”, “Ар намысты” карап көрсөк, өздөрү арызданып чыгып атышат. Мен кечээ интернетти карадым, ошолор боюнча кээ бир бийлик менен байланыштуу партиялар “бизге кысым жасап атат, бизди элдин арасында акмагыбызды чыгарып атат” деп арызданып атат. Ушул системасы баарыбыздын көз алдыбызда түзүлгөн да, булар да ошого өзүнүн салымын кошушкан. Азыр күнөөлүүнү издебей, ошону реформалоо маселеси болуп атат. Бирок сиздин койгон сурооңор боюнча, мен мисалы интернетте, ММКларда жазылган арыздар боюнча бир дагы коомдук пикирге жооп бергенин уккан жокмун. Ички иштер министрилиги да, прокуратура, эч кимиси берген жок.

“Азаттык”: Сиз элдик кошуун менен иштей турагныңызды, 7 миң милиция кызматкери чыгарын айттыңыз. Бирок партия лидерлерине ушундай өзгөчө кырдаалда жоопкерчилик, же Токтонасыров мырза айткандай, эскертүүлөр берилдиби?

Шамшыбек Мамыров: Келгилечи, биз жаңы багытка өзгөрөлү. Биз баягы эски заманга окшоп, прокуратура чакырып алып эле эсертүү берип, андай-мындай кылба деп, кайра эскини кайталагандай болуп атабыз. Кечээ Кубат мырза айткан, 4 партия президент Отунбаевага атайын кайрылуу менен чыгышты. Мен саясаттан тышкары жаран катары эле айтып коем, кыргызда “ор казба, казсаң да терең кылба” деген жакшы сөз бар. 19 жылдан берки калыптанып калган. Кээ бирлери өздөрү убагында бийлик органдарына иштегендер, бүгүн “көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы” деп чыкпай атат. Анан мен дагы бир жолу айтарым, кээ бир жерлерде катталып атат, үгүт иштерин жүргүзүп атканда, бир партиянын үгүтчүлөрү экинчи партиянын үгүтчүлөрү менен жаатташып, сөз талашып, бири-бирин маскаралагандар бар, булардын баары тең катталып атат.

Кубатбек Кожоналиев: Азыркы оппозициялык партиялар мурда бийликте жүргөн партиялар болчу. Алар ошол ыкмаларды өздөрү колдончу. Мына “Ата журт” СМС кат жөнөткөн, “Ар намыс” листовка жөнөткөн деп атат. Башкасы чет өлкөдөн каржыланган деп атат. Алар ММКлардын беттерине чыгып кетти. Эмне үчүн ушул күнгө чейин эч кандай кайрылуу кереги жок? Гезитке чыктыбы, аны тергөөчү болобу, прокурор болобу, текшерип, өзүнүн корутундусун чыгарыш керек, же козголуш керек, же баш тартыш керек.

“Кожоюндардын” колдоосу

“Азаттык”: Кубатбек мырзадан суроо түштү, азыр кээ бир партияларды тышкы күчтөр каржылайт деп. Ушул боюнча ИИМ тарабынан текшерүү болдубу?
Үгүт иштерин жүргүзүп атканда, бир партиянын үгүтчүлөрү экинчи партиянын үгүтчүлөрү менен жаатташып, сөз талашып, бири-бирин маскаралагандар бар.


Шамшыбек Мамыров: Ички иштер министрлигинин эң негизги максаты – конституциялык норма, өзүбүздүн ички иштер мыйзамы боюнча бул коопсуздук тартипти камсыз кылуу жана адам укугун коргоо. Бизде тиешелүү кызмат органдары бар. Дагы бир жолу айтарым, биринчи маселе – шайлоо убагында коопсуздукту, тартипти камсыз кылуу, адамдардын укугун коргоп калуу.

“Азаттык”: Шамшыбек мырза, сизди туура түшүнсөм, коркунучтуу сигналдар болсо деле аларды силер карабайт экенсиңер да, ошону күтүп отура бересиңер да, “ызы-чуу чыксын анан биз кийилигишебиз” деген турумбу?

Шамшыбек Мамыров: Мен сизге башынан бери эле айтып атам го, азыр ар бир факты боюнча, мейли райондордо болобу, же шаарларда болобу, бүт тиешелүү органдарыбыз каттоо ишин жүргүзүп, ошону менен алдын алуу, эскертүү иштерин жүргүзүп атышат. “Бул норманы бузуп коесуңар, бул боюнча административдик, же Кылмыш кодексинин негизинде жооп берип каласыңар” деп тиешелүү иш-чаралардын баарын тең жасап атабыз.

Ички иштер кызматкерлери саясий багыты жок, эң негизги максатыбыз коопсуздукту камсыз кылабыз деп иштеп атабыз. Сиз ушул эки эле китеп эки нерсени чечеби деп айтып атпайсызбы. Керек болсо мындай китеп буга чейин болгон эмес. 19 жылдан бери иштеп келаткан укук коргоо органдарынын кызматкери бар. Анан баарыбыз бир эле күндө мыйзамды сактап калдык деп айтсам мен жаңылам. Бирок биздин жетекчилик, башкы башкармалыктар, райондук жетекчилик, баарыбыз эле түшүнүп атпайбызбы, эгерде кайра эле эски адатка түшө турган болсок, кийинки акыбал бизди мындан да чукул нерсеге алып барат. Ошон үчүн азыр толук кандуу калп айтып эле, формалдуу отчет берип койбой, мынча элдик кошуун менен, мынча айлык аксакалдары менен иштеп атабыз дегенди жок кылганга абдан аракет кылып атат Ички иштер министрлиги.

Кубатбек Кожоналиев: Мен бул жерден тактап кетким келет. Негизи Ички иштер министрлигинин бирден бир оорусу – укуктардын кеңирдиги. Булар өздөрү да ушундан кыйналып атышат. Буларда коррупция, же кылмыштуулук менен күрөшө турган башкы башкармалыгы бар. Мамлекетте финполиция, прокуратура, милиция бар. Булар атаандаштыктын негизинде иштейт. Бирок бири-бирин карап турушат. Партиянын кээ бирлери бийликте болгон үчүн “ажыдаардын куйругун” басып албайын дейт.

“Параграф” деген гезитте 16-сентябрда чет өлкөдөн, Машкевич, Ширшов, Кулебаев дегендер каржылап атат деп чыгыптыр. Бүгүнкү күнгө чейин бир да укук коргоо органынан мен “текшерүү жүргүзүлдү, натыйжасы мындай болду, чечим кабыл алынды” деп уккан жокмун. Так табыш керек, ошону менен бирге милдеттери да такталыш керек.

Шамшыбек Мамыров: Мен Кубат мырза менен кандайдыр бир деңгээлде макул эмесмин. Биздин укуктарыбыз кенен болгонун айтып атат. Биз бир нерсеге аябай жаман көнүп атабыз. Бир нерсени тез эле бурмалап чыгарып, маалымат берип эле кутулуп калыш керек. Сиз өзүңүз юрист катары билесиз, ар бир чыккан маалымат боюнча, укук коргоо органдары, анын ичинде Ички иштер министрлиги толук иш аракеттерин алып барууда. Анын натыйжасы далилденип чыга электе эле, биз туура эмес далилденбеген нерсени алып чыгып, эмне үчүн уят болушубуз керек?

Кубатбек Кожоналиев: УКП боюнча эң максималдуу 10 күн, болбосо текшериш үчүн силердин мөөнөтүңөр 3 күн. Иш козгойсуңарбы, козгобойсунарбы, кылмыш иши барбы, жокпу, болгону үч күн. 16-сентябрдан бери канча күн өттү. Булар го болуптур, жаңы деп коелу, ал эми финансалык Аида айтып аткан маалыматтар боюнча 10 күндөн ашып кетпедиби, бир айга жакындап калды.

Шамшыбек Мамыров: Бул боюнча бизден башка да укук коргоо органдары бар да.

Кубатбек Кожоналиев: Мына ушундай дейсиңер.

Шамшыбек Мамыров: Жок, мен муну менен четтеп качып кетейин деген жокмун. Сиз туура түшүнүңүз.

“Азаттык”: Программабыздын негизги суроосуна өтсөк, эл коркуп атат, ызы-чуу чыгарганга кимдер кызыкдар? Ушул боюнча маалымат бере аласыздарбы?

Шамшыбек Мамыров: Мен сиздин “эл коркуп атат, дүрбөп атат” деп айтканыңызга таптакыр макул эмесмин.
Элден биз ажырагыбыз келген жок. Биз, тескерсинче, эл менен тыгыз иштеп атабыз.


“Азаттык”: Биз сурамжылоо жүргүздүк, баары коркуп атат, кээ бирлери дүкөндөрүн жаап атышат. Айрым партия лидерлери балдарын чет өлкөгө кетирип атышат. Ушунун баары коркутат да. Көчөгө чыгып эле сурасаңыз, “мен корком, ошол коркунуч кайдан чыгып атат” дешет. Милициядан же коркунуч жок деген так жооп, же коркунуч айрым топтордон келет деген жооп алгыбыз келет.

Шамшыбек Мамыров: Бизде “синдром морадерства” деген бар. 2005-жыл, март, 2010-жыл, апрель. Албетте элди түшүнсө болот, кооптонуу бар. Бирок жалпы дүрбөлөңгө түшкөн бул атуулдарды ушундай акыбалга алып чыгып аткан кандайдыр бир үгүтчүлөр, тургундар болуп атат.

“Азаттык”: Тышкы күчтөрдүн таасири кандай?

Шамшыбек Мамыров: Тышкы күчтөрдүн таасирин сыналгы, радиодон угуп атабыз. Кээ бир мамлекеттин президенттеринин сөзүнөн бери. Ал боюнча да жыйынтык болуп, партия лидерлери чет өлкөлөрдө жолугушуп атышат. Эми бул алардын конституциялык эрки. Биздин кудайдан тилегибиз, ар бир укуктук норма, коопсуздук тартип, өздөрүнүн айтып аткан иштери, сөздөрү, кыргызда “эрдик кылып жыгылганыңды, же утулганыңды түшүн” деген абдан жакшы кеп бар. Ошон үчүн тартип коргоо органдарынын кызматкерлерине кайрылат элем, эл шайлоонун жыйынтыгы менен кандайдыр бир коогалаң болобу деп кооптонууда.

“Азаттык”: Мен ушуну айтып элди коркутайын деген жокмун. Мен коркунучтар жөнүндө айтып атам. Бирок дагы эле түшүнүксүз, негизи чагымчыл күчтөр барбы, кимдер кызыкдар?

Кубатбек Кожоналиев: Далил катары айтып берейин. Кээ бир саясатчылардын «А» планы да, «Б» планы да бар. Аны ачык эле айтып атышат. Экинчи партия лидерлери эгерде шайлоодо бурмалоолор боло турган болсо, бири-бирине куралдуу тирешүүгө чейин жетерин айтууда. Анан тышкары мен бекеринен каржылоо маселесин көтөргөн жокмун, каржылоо маселеси менен бир топ маселелер өтө курч болуп кетиши ыктымал. Бүгүнкү күнгө чейин каржылоо маселеси боюнча бир да укук коргоо органы өзүнүн маалыматын берген жок. Буга кээ бир саясатчылар, кээ бир сырткы күчтөр кызыкдар. Анткени силерде парламенттик республика болбойт, тополоң чыгып кетиши мүмкүн деп түздөн-түз айтып атпайбы. Азыркы чек арабыздын абалын билесиңер, тиги жагынан да, бул жагынан да өтө берсе болот.

“Үйдө турган курал сөзсүз үн чыгарат”

“Азаттык”: Кечээ министр “чек ара аябай жакшы каралып жатат, кар кете элек, ал жактан диний-экстремисттик уюмдар келиши мүмкүн эмес” деп айтты. Ушуга канчалык деңгээлде ишенсек болот?

Шамшыбек Мамыров: Бул боюнча ачык, так эле айталычы. 19 жылдын ичинде мамлекеттин өнүгүүсүндө укук коргоо органдарын, өзгөчө коопсуздук органдарын каржылоо, ошолорду өнүктүрүү, ошолорду техника менен камсыз кылуу бүт көмүскө иште калды. Ошондуктан балекеттин баары болду.

Кубатбек Кожоналиев: Көңүл бурулган эмес, ачык эле айтып коюш керек.
Эки окуяда тең милиция күнөөлүү болгон жок. Милиция таяк жеген үчүн күнөөлүү болду.


Шамшыбек Мамыров: Үй-бүлөлүк башкаруу бүт нерсенин бузулушуна алып келди. Чек ара жабык деп айтып атпаймбы. Азыркы колдон келген ресурстардын, колдон келген каражаттын негизинде бүт шарттын баарын жасап, аракет кылып атабыз, шайлоодо тышкы күчтөр кирип кетпесе экен деп. Өзгөчө чек ара аймагында жайгашкан тескөөчүлөр так маалыматты убагында берип туруу боюнча, бизге башкы штабда система ВПН деп кирди, ар бир РОВД, УВДдан автоматтык түрдө маалымат алабыз, күн-түн дебей.

“Азаттык”: Элде курал бар деген боюнча кандай иш-чаралар көрүлүп жатат? Жыйынтыгы кандай? Ал да бүдөмүк суроолордун бири.

Шамшыбек Мамыров: Бул боюнча Убактылуу өкмөт, Ички иштер министрлиги каржылап, куралдуу сатып алуу боюнча атайын иш-чаралар болду. Бирок өтө аз санда келди. Кудай сактасын, ачыгын айтыш керек, ар бир атуул түшүнсө: үйүндө жаткан курал эртеби-кечпи баары бир атылат.

“Азаттык”: Милиция кызматкери “кудай сактасын” деп атса, анда бизге ким кепилдик берет?

Шамшыбек Мамыров: Мен деле атуул катары айтып атам, милицияны такыр бөлбөңүз.

Кубатбек Кожоналиев: Аида туура айтат. Мен далилдүү сүйлөгөнгө аракеттенем. Мисалы, жакында эле мурдагы коопсуздук катчысынын милдетин аркаруучу Алик Орозов “азыркы Убактылуу өкмөттүн жыйындары криминалдык чогулуштарды элестетет” деп айтпадыбы. Анткени 15-20 автоматчылар бар. Мен пистолетти түшүнүп атам, автоматты кармоого штаттагы гана кызматкерлердин укугу бар. Автоматты өзүнүн жеке күзөтү көтөрүп жүрөт. Саясатчылар өзүнөн баштаса, өзүн үлгү көрсөтсө, тигилер деле ошондо бермек. Эгерде Убактылуу өкмөттө жүрүп коопсуздугун камсыздай албаса, анда беркилер албетте аракет кылышат.

“Азаттык”: Шамшыбек мырза, сиздин кудай сактасын дегениңизди айтып атпаймбы, баары эле кудай сактасын деп отурат. Милиция кызматкерлери да так жооп берип койсо.

Шамшыбек Мамыров: Мен сизге жөнөкөй тилде тагыраак, ачык эле жооп берип атпаймбы. Мен бүгүн, эртең калп айтам, бүрсүгүнү мени кудай кечирбейт. Ошондуктан мен айтып атам, кудай сактасын дегенди жеке эле эл эмес, Кубат мырза, тилим кычышып айта албай турдум эле, ар бир саясий жетекчинин артын карагылачы, азыр жанында 10-15 жан сакчы жүрөт. Ички иштер министри толук куралдын баарын такталышы боюнча, ошол мыйзам чегиндеби деген маселенин баары азыр коюлуп атат. Азыркы күндө апрель окуясынан кийин ар бир атуул, биздин кызматкерлер да бар, сыйлык куралдары бар, баары тең атайын аттырып атышат. ЕККУнун программасында чоң борбор бар. Кудай сактасын дегенди туура түшүнсөңүз, биздин коопсуздук – биздин колубузда, партиялык жетекчилерден башталып атат, башкасын айтпаганда.

Кубатбек Кожоналиев: Мамлекеттик кызматкерлер деле бар, кимисине мыйзам уруксат этет.

Шамшыбек Мамыров: Эки президенттин убагында мыйзамдуу да, мыйзамсыз да көп куралдар сыйлык катары берилген, убагында депутаттардын баары алган.

“Азаттык”: Жыйынтыгын укпай калдым. Ошол куралдар такталдыбы, алып жүрүүгө кимге мыйзамдуу?

Шамшыбек Мамыров: Ошонун баары Ички иштер министрлиги тарабынан такталып атат.

“Азаттык”: Шайлоого аз эле убакыт калды...

Шамшыбек Мамыров: Буга чейин деле иш кылып келбедикпи. Апрель окуясынан тиешелүү деңгээлде сыйлык куралдарын көп түшүнгөн атуулдар, мурдагы депутаттар, кызматкерлер беришти. Себеби курал алып жүрүү туура эмес экенин түшүнүштү. Айрым бир элде курал калып калдыбы деп сиз суроо берип атпайсызбы. Мен элдин колунда такыр курал жок деп айтсам ишенбейсиз. Ошондуктан мен аларга кайрылат элем, кеч боло электе алып келип берсеңер. Сыйлык катары атайын өкмөт акча бөлүп берген. Көп атуулдар алып келип беришти, бирок айрым куралдар элдин колунда кала берүүдө.

Элдик кошуун күзөттө

“Азаттык”: Кубатбек мырза, элдик кошуундар милицияга жардам берчү, анын курамында кимдер, алар айрым партияларга иштеп коюшпайбы? Ушундай коркунучтар жокпу?

Кубатбек Кожоналиев: Мен биринчи суроого бир аз кыстырма айтып коеюн, тилекке каршы мыйзам баарыбызга тең бирдей иштебей жатат. Партия лидерлери мыйзамдын чегинен чыгып кетүүдө, калган жарандар акчага болсо да өзүнүкүн берип, куралсыз калыш керек деп атат. Мен аны куралдангыла деген жагдайда айткан жокмун.

“Азаттык”: Мына, Тайырбек Сарпашовго кол салуу болду.

Шамшыбек Мамыров: Көрдүңүзбү, алар депутат кезинде ТТ деген тапанча алган.

“Азаттык”: Ошондо бир эле чечим калат да, бийликтегилер куралчан жан сакчылар менен жүрбөш керек.

Шамшыбек Мамыров: Тапшырып койсо жакшы болот. Булардын укуктары, азыр барып эле алып көрсүн, эртең кайсы жерде болот.
Мен элдин колунда такыр курал жок деп айтсам ишенбейсиз. Ошондуктан мен аларга кайрылат элем, кеч боло электе алып келип берсеңер.


Кубатбек Кожоналиев: Алар айтат да, саясий заказ болуп атат, бийлик органдары деген нерсе чыгып атат. Кечээ интернетке да чыкты, азыркы техникалык өкмөттөгү 3 министр, атайын кызмат машинелеринен, айдоочулардан баш тартышты. Бул дүйнөлүк практика. Мисалы, Батыш Европа өлкөлөрүндө шаар, полиция башчылары жөө жүрүшөт. Анан ушундай үлгү болсо, мисалы, партиялык жетекчилер сакчыларынын куралдарын тапшырса жакшы болмок. Тартип маселеси азыр ар бир адамдын колунда болуп атат.

“Азаттык”: Элдик кошуундар боюнча маалыматыңызды берсеңиз?

Шамшыбек Мамыров: Азыр элдик кошуундар 12 миңден ашык. Анан аларды мурункудай кылып эле келгенде аралаштырып койбостон, бизде атайын маалымат борбору бар, ошондон тактоо иретинде өткөрүшөт.

“Азаттык”: Алар айрым партияга иштеп койсо эмне кыласыздар?

Шамшыбек Мамыров: Дагы бир жолу айтам, 12 миңден ашык киши бир да партияга иштебеген адамдар. Буларга маалымат тактоо иретин жүргүздүк, мурда соттолгондор барбы, эмне менен соттолгондор деп айрым бөлүктөрүн алып салдык. Элдик кошуундан бир жарым пайызга чейин ошондой кишилер чыкты.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG