Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:35

Кумтөр кени боюнча келишимге Николай Танаев мас болуп кол койгон. А Акаев ал үчүн канадалыктардан пара алганбы? Азыркы бийлик болсо кенге көзөмөл жасоону украиналык ишкерге тапшырды. Кызыкдар али алдыда...

Талкууга катышкандар:



Жогорку Кеңештин вице-спикери Кубанычбек Исабеков




Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Тоо кенчилер” ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеев





“Азаттык”:
Кубанычбек мырза, Жогорку Кеңеш өткөн жылы апрелде кыргыз өкмөтү “Центерра голд” жана “Кумтөр голд” компаниясынын ортосунда түзүлгөн жаңы келишимди ратификациялаган эле. Ушул келишимдин негизинде азыр канадалыктар казып жаткан “Кумтөр” кени гана эмес, анын айланасындагы 27 гектар жер ушул кылымдын аягына чейин канадалыктарга өтүп жатат. Жогорку Кеңеш ушундай келишимге эмне үчүн макул болду? Буга кандай зарылдык түрткү берди?

Кубанычбек Исабеков: Биринчиден, “Кумтөр” кенинде мыйзам чегинде канадалыктар иштей баштады. Кошумча жер берилген жок, ошол эле маалда канадалыктар да изилдөө иштерин жүргүзөлү деген сунуштар бар.

“Азаттык”: Ошон үчүн кылымдын аягына чейин 27 гектар жер берилгени жатабы?

Кубанычбек Исабеков: Азыр ал маселе чечиле элек. Биринчиден, өкмөттүн да токтому чыга элек. Экинчиден, ал жерде кен болсо изилдеш керек. Бекер инвестиция болсо биз макулдук беришибиз керек.

“Азаттык”: Орозбек мырза, Совет доорундагы геологдордун изилдөөсү боюнча “Кумтөр” кенинен 2 000 тонна алтын алынмак экен. Ушул чынбы? Кезегинде бул мамлекеттик купуя сыр болсо керек. Эмне үчүн ушул кен жөнүндөгү купуя сыр чет өлкөлүктөргө, мисалы, канадалыктарга кетип, кантип алардын колуна түшүп калды? Мында кимдер “чоң кызмат кылды” десек болот?

Орозбек Дүйшеев:
Биз эгемендикке өткөндөн кийин алтындын кендеринин купуялыгын алып салганбыз. Бул купуя эмес, жалпы эле мыйзам чегинде ачыкка чыгып калган. Азыр негизинен бизде уран өтө жабык эле, ага карабастан ал деле азыр кайсыл жерде канча запасы бар экенин айтууга уруксат.

Экинчиден, бул ар тараптуу изилдеп бүткөндөн кийин мамлекеттик деңгээлде бекитилет. Бул запас 1990-жылдарда 716,4 тонна деп бекитилген. Муну куруп атканда биринчи долбоор боюнча 276 миллионго курулуш керек болчу. Факты боюнча 452 миллионго чыгып кетти. Демек 176 млн. кымбатка түшкөн.

Биз бул көзөмөлдүн жоктугунан ушунча кымбаттап кеткен деп айтып атабыз. Ошонун негизинде “Кумтөр” биздин эсеп боюнча 300 миллиондон ашык коротулуп калды. Аны баланча чөнтөккө салып алыптыр деп айтууга мүмкүн эмес, анткен себеби аны изилдеш керек.

Биз мына ушуну изилдебегендиктен, биздин өкмөтүбүздүн ушундай карабагандыгынан кымбатка түштү, өкмөттөр жооп бериш керек деп бул жөнүндө сессияда, бардык жерде айтып келе атабыз. Прокурордо материалдар толуп жатат, үч-төрт том болду. Бирок аны аягына чыгарган киши жок.

Ишеним маселеси: кимге, канчалык?

“Азаттык”: Кубанычбек мырза, парламент өткөн жылы ратификациялаган жаңы келишимде “Центерра голддун” директорлор кеңешинин мүчөлөрү экиге көбөйөт, кыргыз өкмөтү эки адамды өкүл кылып дайындайт, анын бири Кыргызстандын жараны эмес адам болот деп жазылган экен. Парламент эмне үчүн ушундай келишимге жол берди?
Тоо кендери боюнча Кыргызстанда мамлекеттик саясат жок болуп кетти. Эң негизги биздин катабыз ушул.
Мына азыр ошол келишимдин негизинде “Камеко” корпорациясы “Центерра голддогу” 25 млн. акциясын Кыргызстанга өткөрүп бергенден кийин кыргыз өкмөтү “Центерра голддогу” кыргыз өкүлү кылып Украинанын жараны Юрий Косвинди дайындады. Украиналык жаран Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойт деп ишенесизби? Мисалы, Орозбек мырза сыяктуу кыргыз адистеринен ошол жакка өкүл кылып жиберсе болбойт беле же Орозбек мырзага ишеним жокпу?

Кубанычбек Исабеков: Мен аксакалды бир аз толуктап кетким келет. “Кумтөрдүн” башталышы Санжар Айтматов жана Чыңгыз Айтматов менен байланыштуу. Ошол кишилер Бриштейнди алып келген. “Камеко” компаниясы дүйнөлүк уран боюнча компаниянын үчтөн бири. Кыргыздын алтынын ушул жерден жөнөкөй жол менен чөнтөгүнө толтуруу көрүнүп тургандан кийин Акаев ошолорду алып келген. Биздин азыр да жарандарыбыз Дастан Сарыгулов, Билковский Элеонора, Акматов, дагы бир топ кишилер бар.

Аксакал “мунун аягына эч ким чыкпайт” деп айтып жатпайбы. Чыгабыз. Бизде мурун “Кыргызалтындын” президенти эле жалгыз болчу. Кийин болсо көз карандысыз дагы бир мүчө келди деп турат. Ал Украинанын жараны экени чындык. Бирок ал Кыргызстандын кызыкчылыгына көз карандысыз директорлор кеңешинин мүчөсү.

Алмазбек Атамбаев "Кумтөр" алтын кенинде. 17-ноябрь, 2007-жыл
“Азаттык”:
Демек Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойт деген ишеним барбы?

Кубанычбек Исабеков: Ишеним бар. Себеби биз аны, биринчиден, каалаган убакта кайра чакырып койсок болот. Экинчиден, азыр Кыргызстан “Центеррада” эң ири акционер болдук: 33% биздики.

“Азаттык”: Мурдагы келишим боюнча Кыргызстандын "Центерра голддогу" үлүшү 29-30% деп айтышты эле. Азыр 33% деп айтыла баштады. Ушунун кайсынысы чын?
Силердин токтомуңарды Танаев уруп-ойнобой 31-декабрда кечинде, мас абалында кол койгон.


Кубанычбек Исабеков: Атамбаевдин келишиминде бул аксакал комиссиянын мүчөсү болгон, мен мамлекеттик мүчөсү болгом. Данияр Үсөнов баш болгон мамлекеттик комиссиянын мүчөсү болчу. Бирок Атамбаев премьер-министр болуп келгенде ал өзүнчө иш тобун түздү. Биз менен кеңешкен да, бирибизди чакырган да жок.

Акырында мен да Атамбаевдин келишимин колдой баштагам. Себеби мурункуга караганда жакшы болчу. Бирок мамлекетке, элге зыяны бар, чыккынчылык маселелер пайда болуп калды. Мисалы, беш келишимдин үчөө эле Жогорку Кеңешке келген. Акцияны Кыргызстанга берип атат, дагы 10 млн. акцияны “Камекого” чыгарып атат, бул жерде коррупция бар.

Жашыруун сыр ачыкка чыкканда...

“Азаттык”:
Бирок азыркы келишим Жогорку Кеңештин ратификациясынан өтүп, мыйзамдык күчкө ээ болду. Ал эми Атамбаевдин жумушу тобу даярдаган келишим ратификациядан өткөн эмес, демек мыйзамдык күчкө ал эч качан ээ болгон эмес да!

Кубанычбек Исабеков: Кандай мүчүлүштүктөр кеткенин мен силерге азыр эле айтып бердим. Эмне үчүн “Центерранын” табийгатын эмгиче эсептеген эмеспиз? Эмне үчүн Багам аралындагы эсептеринен өйдө биз билген эмеспиз? Азыр бардыгын билебиз. Жакында буларды жарыялайбыз. Журтчулук да билет.

“Азаттык”: Так айта аласызбы, Кыргызстандын үлүшүнөн өлкө казынасына жылына канча пайда келип жатат?

Кубанычбек Исабеков: Азыр “Гацурт” иштей элек, “Рен” иштей элек. “Рен” кенинин 39%ын канадалыктар сатып жиберген. Эмнегедир биздин өкмөт, биздин ошол убакыттагы бийлик, Акаевдер унчуккан эмес, же чөнтөгүнө салып койгон. Андан сырткары мурун 15, 65% биздин акчабыз бар болчу. Ошонун бардыгы тыюу салынган болчу. Атамбаевдин келишиминде бир да сөз жок болчу, азыр болсо ал акция толугу менен бизге өткөрүлдү.



Орозбек Дүйшеев: Ошол келишимдердин бардыгын изилдеш үчүн адистик керек да. Бул жерде урматтуу Кубанычбек туура эмес айтып атат. Азыркы келишимдин негизги структурасы Атамбаев менен иштелип чыккан. Ал эми мурун 10 млн. акция да чыгарылган, “Камекого” берилген деп айтылып атпайбы. Мунун бардыгы туура эмес, азыркы келишимде деле ошондой.

Мисалы, азыркы келишимде 43 млн. акция бизге берилет, анын 18 млн. жаңыча чыгарып атат. Анын айырмасы жок. Мурдагы келишимде 32 млн. акция берилген, анын 10 млн. кайра чыгарылган. Бул схема ошол эле боюнча калды.

Экинчиден, мындай кызыкчылыгы жок комиссиянын мүчөсү керек деген сөз – бул канадалыктардын акционердик коомунун негизиндеги мыйзамы бар экен. Анда эң кеминде 30-40% совет директордун мүчөлөрү өкмөттүн кызыкчылыгында болбош керек деп жазылып атат. Анда “бул баланча жарандыкы, же башка жактыкы болуш керек” деп айтылган эмес.

Албетте бир кишибиз, маселен, өкмөттүн кишиси болсо, экинчисин жөнөкөй жаранды, кыргыздын чыныгы патриотун койсо туура эле болмок. Бирок бул жерде Жогорку Кеңеш өздөрү чечишер, булардын күчү жана мүмкүнчүлүгү бар, бул маселени көтөрүш керек.
“Легендарлуу парламентте” Тудакун Усубалиевич баш болуп комиссия түзүлгөн, аягына чыккан эмес. Парламентти “Кумтөрдүн” азабынан Акаев таратып жиберген.


Мурда биз изилдеп, окуп көргөнбүз: төрт мүчөсү башка жактан болчу. Алар ири капиталисттер, Канадага эч кандай тиешеси жок адамдар болгон. Ансыз деле бирөө Елисеев - Кыргызстандын жараны, бирок ушундай чоң иште бир кыргыздын турушу - саясий маселе. Ушинтип отуруп баары эле акырындан өтүп кетет да.

Кубанычбек Исабеков: Биздин Жакыпов деле кыргыз да. “Кыргызалтындын” президенти директорлор кеңешинин мүчөсү болчу. Азыр Елисеев барды. “Кыргызалтындын” президенти өмүр бою “Центеррада” директорлор кеңешинин мүчөсү болуп келди.

Мен сизге бир нерсени айтып коеюн: сиз акциялар жөнүндө айтып атасыз. Кыргызстанга 18 млн. кошумча акция чыгарылды, калганын биз “Камекодон” алдык.

Орозбек Дүйшеев: “Кумтөрдүн” катасы эмнеден болгон? Бардыгын чет элдиктер түзгөн, өз билгениндей жасашкан – ошон үчүн ушундай каталар кеткен.

Кубанычбек Исабеков: Алар биздин жарандардын кызыкчылыгы менен баштаган жана сиз айтып аткан 176 миллионду фабриканын баасы мынча болсо, фабрика орнотулуп бүткөндөн кийин кыргыздар көтөрүп туруп кол койгон.

“Кимди ким көрдү...”

“Азаттык”: Кубанычбек мырза, “Камеко” компаниясы алтын бизнесинен эмне үчүн кетип жатат? Азыр дүйнөлүк базарда алтындын баасы көтөрүлүп жатса, “Камеко” андан четтеп жатат. Мунун чыныгы сыры эмнеде?

Кубанычбек Исабеков: Эки-үч маселе бар. Биринчиден, “Камеко” алтын менен эч качан табийгатында иштеген эмес. Уран алтынга караганда кымбатыраак болгону менен пайдасы жагынан 10 эсеге, ошон үчүн кетип атат. Экинчиден, кийинки келишим боюнча “Камеконун” да абалы анчейин болуп калган. Мен ойлойм “Камеконун” чыкканы Кыргызстанга өтө пайдалуу.

“Азаттык”:
Кубанычбек мырза, 2006-жылдан бери сиз Кумтөо кенин иштетүүнү иликтеп келесиз. Сиз “Центеррага” тиешелүү 39% акция сатылып кеткен деп айтып атасыз. Ал сатылгандан кийин Кыргызстанга пайда түшүптүрбү?

Кубанычбек Исабеков: Бир да тыйын түшкөн эмес, кыргыз коомчулугу да билген эмес. Балким аксакал, балким Танаев, балким Атамбаев билгендир.

“Азаттык”: Орозбек мырза, сизде маалымат жокпу?

Орозбек Дүйшеев: Жаңы уюм түзүлгөндө тигил жердеги активине байланыштуу акцияны бөлүштүрөт. Ошондой бөлүштүргөндө биздикилер терең изилдебей туруп макулдугун беришкен. Ошонун негизинде эксперттик комиссия иштеп атканда катаны эмнеден таптык? Ошол бөлүштүрүү убагында туура эмес болгон деген маани коюлган.
Жерүй” алтын кени 2006-жылы август айында ишке киргени жатат. Талас үчүн жылына 3 миллиондон акча түшүп турат.


Эми ал 2003-жылкы келишимди биз элге каршы түзүлгөн келишим деп атайын токтом чыгарганбыз. Буларды жоопко тартыш керек деген жазылган. Танаевге ошонун негизинде иш козголгон. Андан кийин Танаевди чакырып, кетирбей турган болду эле, кайта кетирип жиберишпедиби. Муну изилдегенден кийин эмне кылышыбыз керек деп биз эң чоңуна чыктык. Далилдеп отуруп биз макулдаштык. Президент да айтты, эгер 50 %дан ашырып берсеңер силерге ыракмат айтабыз деп. Биз 50%га жеткирдик, анан макул болушкан.

Кубанычбек Исабеков: Элүү пайыздын ичине эмне кирет? Ошону элге айтып койсоңуз.

Орозбек Дүйшеев: Элүү пайыздын ичине ошол кендердин запасы кирет, активдер кирет. Актив деген - бул жалаң эле запастан эмес, ошол жерге канча акча жумшалган, эмне курулган, эмне курулуп атат.

Кубанычбек Исабеков: Сиз Танаевдин убагында сатылып кеткен пайызды кошуп айтып атасыз элүү деп.

Орозбек Дүйшеев:
Туура, ошону менен кошуп эсептеп атабыз. Аны сатып жибергенден кийин биздики 31% болгон, силердики 33% кийин кошулган.

Кубанычбек Исабеков: Сиздердики 31% эмес, 10 млн. кайра “Центеррага” бергенде 29, 2 болот, биз 33% таза чыгарбадыкпы.

Кызыкчылыктар төп чыкканда...

“Азаттык”: Кубанычбек мырза, “Кумтөр” кенин иштетүүчүлөрдү көптөн бери изилдеп келе жатпайсызбы. 1992-жылы түзүлгөн келишим Кыргызстанды кан какшата турган келишим деп көптөн бери эле айтып келе атабыз. Бирок эмне үчүн жаңы бийлик 2005-жылы ушул келишимди таптакыр жокко чыгарып, Кыргызстанга жаңы, пайдалуу келишим түзө алган жок? Буга кимдер кызыкдар?

Такыр жокко чыгарыш мүмкүн эмес. Себеби токтомду өкмөт бекиткен. Мурунку “легендарлуу парламентти” эсиңизге алсаңыз, Чыңгышевди отставкага кетиришкен. Чынгышев премьер-министр кезинде күнөөнүн бардыгын үйгөн, бирок факты жүзүндө жасагандар башкалар болгон.

“Азаттык”: Кимдер болгон?
Кыргыздын кендеринде 60 менен 70 триллион доллардын ортосундагы байлык жатат.


Кубанычбек Исабеков: “Легендарлуу парламентте” Турдакун Усубалиевич баш болуп комиссия түзүлгөн, бирок аягына чыккан эмес. Парламентти “Кумтөрдүн” азабынан Акаев таратып жиберген.

“Азаттык”: Бирок ошонун бардыгын тең кайра жазса болот эле да?

Кубанычбек Исабеков: Аны биз кантип такыр жок кылабыз? Эгер фабрика туруп атса, иштеп атса, мунун көп минустары да бар.

Орозбек Дүйшеев: Кыргыздар 1994-жылдан бери талашып келатат.

“Азаттык”: Буга эмне себеп? Кимдер кызыкдар?

Орозбек Дүйшеев: Бардыгы келип, бийликтин эң чоңу кол коюп коюшкан. Парламентке жеткен эмес, бирок премьер-министр кол койгон, президент макулдугун берген.

Кубанычбек Исабеков: Сиз депутат кезиңиздеги стенограмманы мен көтөрсөм, сиз ошондо Танаевди аябай сындагансыз. Кийин эле кайра колдоп калдыңыз. Мен түшүнө албай калдым.

Орозбек Дүйшеев: Таптакыр калп айтып жатасыз, мен эч убакытта Танаевди колдогон жокмун.

Кубанычбек Исабеков: Атамбаевдин келишимин колдоп, “Камекого” адвокат да болуп калдыңыз. Мен ошону түшүнбөй калдым. Себеби мен стенограмманы карап көрсөм ошондо Танаевге эки жолу токтом чыгарыптырсыз. Эки токтомуңарды Танаев уруп-ойнобойт. Танаевге иш козголгон эмес, иш 2006-жылы козголду.

Орозбек Дүйшеев: Сиз анда билбейт экенсиз, билбегенден кийин айта берген болбойт, өзүн эле мактай бериштин кереги жок.

Кубанычбек Исабеков: Жок, мен өзүмдү мактаган жокмун. Менин азыр айтарым: мисалы, эгер президент Бакиев Акаевдей аралашып, өз кызыкчылыгын колдоп калса биз эч нерсеге жетишмек эмеспиз. Бул жерде ачык айтыш керек, президент Бакиев комиссия туздүрүп, комиссияда жеке эле чиновниктер эмес, коомчулук да катышты, биз ачык иштедик.

Жыйынтыкты ким чыгарат?

“Азаттык”: Кубанычбек мырза, “Кумтөр голд” компаниясы Кыргызстанга салык төлөсүн деп 45 жолу соттошподуңузбу. Бирок жаңы келишим боюнча канадалыктар бюджет түзүүчү салыктан таптакыр бошотулбадыбы. Дүң кирешесинин 13 гана пайызы Кыргызстанга түшүп жатат.

Кубанычбек Исабеков: Кечиресиз, мына, аксакал деле аны жакшы түшүнөт, мурдагы келишимдерди туура эмес түзгөнбүз. Пайдадан түшкөнгө ставка кылганбыз, алар пайдасы жок чыгаша менен отурду, төлөбөй келди. Азыр Атамбаевге айтып атабыз, 13% түз бюджетке, анан 4% геология изилдөөгө республикага түшө турган акча түшүп атат. Андан сырткары Ысык-Көл фондусуна башка төлөмдөр нотариус бардыгын кошсок бул 23%га чейин чыгат. Азыр эми жылдын жыйынтыгын көрөбүз, ушул айдын аягында акчасы келип түшөт 4 милиарддан ашат.

Орозбек Дүйшеев: Өзүн мактаган жагын жакшы көрөт экен. Кыргызстанга 2003-жылы 1 миллиард 99 миллион сом биринчи жолу түшкөн. Кээ бир жылдары анализдеп көрсөк салык эмес, НДСти кошкондо салыктан кайра бизге карыз болуп калган. Ошонун бардыгын ошол кездеги депутаттар алып чыгып, мына бизге пайдасы көбөйө баштады.

Экинчиден, бул киши “адвокат болуп калды” деп оюна келгенди айта берген адам экен. Мен аларды коргодумбу? Кеп мында, булардын иштегенин, техниканы иштегенин, илимди кошо колдонуп иштегенди биз макташыбыз керек. Булар азыр дүйнөдөгү эң алдыңкы технология менен иштеп атат. “Кумтөрдүн” эң жаман нерсеси эмне болгон? Саясатта жогору жактагылар бөлүштүргөн жагына келгенде булар коррупцияга өтүп кетишкен.



Кубанычбек Исабеков: Ачык нерсени айтып койсом сиз таарынбаңыз. Мисалы, сиз да депутат болгонсуз. Эмне үчүн ошол убакта парламентте иштеп туруп аягына чыгарган эмессиңер?

Орозбек Дүйшеев: “Адвокат” деп айтканга сиздин акыңыз жок. Аягына кантип чыгарабыз?

Кубанычбек Исабеков: Эч кандай жыйынтык чыгарган эмессиздер. Эмне чыгардыңар? Эки токтомуңар эч нерсеге жарабай калган.

Орозбек Дүйшеев: Эмне үчүн жарабай калган?

Кубанычбек Исабеков: Себеби иштеткен эмессиңер. Эмнеге көзөмөлдөгөн жоксуңар?

Орозбек Дүйшеев: Ошону көзөмөлдөп сотко бердиргенбиз.

Кубанычбек Исабеков: Силердин токтомуңарды Танаев уруп-ойнобой 31-декабрда кечинде, мас абалында кол койгон. Танаевди ошол убакта каматсаңар болот болчу.

Орозбек Дүйшеев: Ким камайт? Акаев камайбы?

Кубанычбек Исабеков: Эмнеге каматпайсыңар? Силер депутат эмес белеңер.

Орозбек Дүйшеев: Депутаттын сөзүн аткарбай атса, Акаев камайбы, же ким камайт? Ойго келген нерсени айта бересизби?

Кризистин сазынан чыгалбаган тармак

“Азаттык”: Кубанычбек мырза, сиз өткөн жылдын аягынан бери “Кыргызалтын” акционердик коому өкмөттүн карамагынан чыгып, Инновация, инвестиция жана өнүгүү борбордук агенттигинин карамагына өттү. Ал өкмөттүн курамында эмес. Жогорку Кеңеш эми “Кыргызалтындын” ишмердигине кантип көз салат? Деги эле, парламент депутат катары айтсаңыз, ушул “Кыргызалтындын” ишмердиги тууралуу маалыматты толук ала аласызбы?

Кубанычбек Исабеков: Биринчиден, Өнүгүү фонду да Жогорку Кеңешке жылдын жыйынтыгы боюнча отчет берет. Жогорку Кеңеш муну эң жогорку көзөмөлгө алган болуп эсептелет. Биз комиссия да түзө алабыз, текшере да алабыз, тапшырма да беребиз жана отчетун да угабыз.

“Азаттык”: Сиз ошондой толук маалымат алам деген ишенимдесизби?
Белгисиз фирмаларга караганда “Кумтөргө” берүү туура. Бирок ошол келишимди кандай түзөт?


Кубанычбек Исабеков: Эмнеге ишенбейм? Эгер мага бербесе, мен да маселе коем, “Кыргызалтын” мамлекеттик фондко киргени эми негизи бүт бюджет, акчанын бардыгы бир жерге болуп, ошол жерден сарпталып, ошол жерден өнүгө баштаса, бул жаман эмес деп ойлойм.

“Азаттык”: Орозбек мырза мурдагы бийлик учурунда, мисалы өкмөт башында турган адам кол койгон келишимдер үчүн жазага тартууга эч кандай күчүбүз жеткен эмес деп айтып атпайбы. Азыркы депутаттардын буга мүмкүнчүлүгү кандай?

Николай Танаев
Кубанычбек Исабеков:
Биринчиден, азыркы премьер-министр буга кол койгон эмес. Биз ратификация кылгандан кийин жоопкерчилик мойнубузда. “Кумтөргө” жаңы келишим боюнча мүмкүнчүлүк бергенден кийин, биз азыр аларды ызы-чуусу жок шарт түзүп беришибиз керек. Канчалык акциянын баасы өссө Кыргызстанга пайда. Азыр алтындын баасы өсүп атат. Эл ойлобосун сатылып кетти деп. Мени, президентти бирдеме жеп койду деген болбош керек.

“Азаттык”: Орозбек мырза, Талды-Булак Сол-Жээк алтын кенин иштетүү укугу 600 миллион сомго казак инвесторлоруна берилген эле. Бирок азыркыга чейин иштетилген жок. Эмне себептен иштетилбей жатат? Инвесторлордун чамасы жетпей жатабы? Алардын чамасы өз кезегинде жакшы иликтенген эмес беле?

Орозбек Дүйшеев: Жалпы эле биздин тоо-кен өнөр жайы терең кризисте турат. Бир гана “Кумтөр” иштеп атат, башкасы иштеген жок. Себеби муну башкаруудагы чоң каталар кеткен. Бул боюнча биз өткөн жылы ассоциациянын демилгеси менен кантип башкарыш керек, кандай жол менен биз алдыга жылабыз деп концепция түзүп чыгарганбыз, жазганбыз. Ага бардык адистер катышкан. Аны биз 2009-жылы 21-апрелде президентке айтканбыз.

“Азаттык”: “Тоо кенчилер” ассоциациясы конценпия иштеп чыгып, президентке бердиңиздер. Бирок андан бери жооп болгон жок. Буга эмне себеп?

Орозбек Дүйшеев: Ага биздин бийликтин өндүрүшкө көңүл бурбагандыгы себеп. Мисалы, президент төрт пункттан турган көрсөтмө берди эле, ошол көрсөтмөнүн бирөө да аткарылган жок.

Кайтарат, кайтарбайт... Берет, качат...

“Азаттык”: Азыр “Андаш” кени кимге тиешелүү? “Жерүй” кенин иштетүүгө “Глобал голд” компаниясынын чамасы жетеби?

Орозбек Дүйшеев: Бул маселени караштырып жатабыз. Ушул ири үч кен бүгүн-эртең ишке киргизиле тургандар. Маселен “Жерүй” 2006-жылы ишке кириш керек болчу. Бардык иштер бүтүп калган. Ага карабастан ортодон бийликтегилер чыга калып, башкага өткөрүп беришти.

“Азаттык”: Ошону кимдер, эмне себептен бузуп кетти?

Орозбек Дүйшеев: Биз бул маселе боюнча ассоциациянын мүчөлөрү премьерге кирдик. Үч жолу кат жаздык. Кийинкисинде 16 киши кол койгон кат жаздык. Мына, биз көрүп келдик. “Жерүй” алтын кени 2006-жылы август айында ишке киргени жатат. Талас үчүн жылына 3 миллиондон акча түшүп турат. Биз 4 тонна алтын алабыз десек аны ойлобой туруп Феликс Кулов кол коюп койду. Биз бул жөнүндө канча жолу айттык.
Азыркы келишимдин негизги структурасы Атамбаев менен иштелип чыккан.


Кубанычбек Исабеков: Тоо кендери боюнча Кыргызстанда мамлекеттик саясат жок болуп кетти. Эң негизги биздин катабыз ушул. Аксакал, сиз айткан кендер боюнча да келишимдер, тилекке каршы, жакшы эмес. Министрлик түзүлдү, алар тилекке каршы чабал иштеп атат, жакшы эмес.

“Азаттык”: Кубанычбек мырза, “Кумтөр” кени иштетилип бүткөндөн кийин ал жерди жаап, зыянсыздандырып кетүү үчүн фонд түзүзүлбөдү беле. Менин маалыматтарыма караганда, анын көлөмү 4 миллион долларга жетти. Ал Лондондогу траст эсебинде жатат деген маалыматар бар. Эми аны кыргыз бийлиги Дүйнөлүк банк, Европа өнүгүү банкы аркылуу Кыргызстанга которууну өтүнүп жаткан экен.Коомчулукта болсо “эгер которула турган болсо изи табылбай кетет”, Танаевдин учурундагы 87 милион доллардай изи табылбай кетет деген коркунучтар болуп атат? Аны которуу зарылбы?

Кубанычбек Исабеков: Жаңы келишим боюнча ал акча Кыргызстанга которулат. Акча бул жерде болуш керек. Эми алтын бизде болгондон кийин, 33% биздики болуп аткандай кийин биз “Центерраны” каалаган убакта ордуна кое алабыз. Мурдагы келишимдерде, тилекке каршы, ал жок болчу. Калыбына келтирүүчү акча болуш керек да. Биз сиз менен бул жерде калабыз, алар кетип калат.

“Азаттык”: Бирок жоголуп кетпейби?

Кубанычбек Исабеков: Аны ким жоготот? Алар “силерде бүгүн банктар бар, эртең жоюлуп кетет. Биз коркобуз” деп айткан. Керек болсо Улуттук банкка алып келип коебуз.

Орозбек Дүйшеев: Бул жеп кетели деген максаттан чыккан эмес. Бул Кыргызстанга гана ишеничтин жоктугунан келип чыккан.

“Азаттык”: Орозбек мырза, “Кумтөр” кени боюнча келишимде “Центеррага” “Кумтөрдөн” башка кендерди да иштетүүгө уруксат берилет жана ага лицензия берүүгө өкмөт милдеттендирет деп жаңы келишимге жазылган экен. Демек бул башка алтын кендери да “Центерранын” карамагына өтүп кетет дегенди билдирбейби?

Орозбек Дүйшеев: Билдирет. Бирок, белгисиз фирмаларга караганда “Кумтөргө” берүү туура. Бирок ошол келишимди кандай түзөт? Мисалы, “Жерүйдү” берсе “Кумтөргө” кошулуп кетпеш керек. “Кумтөр” аркылуу өзүнчө түзүлүп, анын пайдасы кандай болот деп түзүлөт? Бул ошого байланыштуу. Ким менен түзөт, ал элге жарыя болобу-болбойбу, кыргыздын адистерин кошобу-кошпойбу? Маселе ошондо турат.

“Азаттык”: Сиз кийинки жаңы келишимдер Кыргызстандын пайдасы үчүн түзүлөт деген ишенимдесизби?

Кубанычбек Исабеков: Биринчиден, эл аралык келишим түзүлсө, баары бир ал парламент аркылуу өтүш керек. “Кумтөрдүкүнөн” сөзсүз өйдө болуш керек, себеби өзүңүздөр деле көп аракет кылдыңар, биз чыга албай койдук. Мүмкүн болушунча азыр алдык. Бул жаңы келишим болуп аткандан кийин сөзсүз кыргыздыкы өйдө болуш керек.

Орозбек Дүйшеев: Кыргыздын кендеринде 60 менен 70 триллион доллардын ортосундагы байлык жатат. Биздин бүгүнкү бюджетибиз бир жарым миллиард доллар болуп аткандан кийин ал канча жылга жетет? Канча жылдык бюджет экенин эсептеп көрүңүздөр. Демек муну туура иштетип, биздин саясатыбыз туура болсо, тез эле оңолуп кетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Мунун бардыгы саясатта иштеп аткан жетекчилерге байланыштуу.

"Азаттык"- Анда бүгүнкү маекти мына ушундай жакшы үмүт менен аяктайлы! Сиздерге чоң рахмат!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG