Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:32

“Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышы Коомдук биринчи каналдын байкоочулар кеңешинин тегерегиндеги талаш-тартыштарга арналды.

Учурда бир катар талапкерлер КТРКнын жетекчисин шайлоодо эреже бузулганын жана байкоочу кеңештин курамына татыксыз адамдар кирип калганын айтып, кеңешти таратуу демилгесин көтөрүп жатышат.

Талкууга катышкандар:




Коомдук биринчи каналдын жетекчисинин орун басары Кадыр Кошалиев








Байкоочулар кеңешинин мүчөсү Жыргалбек Касаболотов









“Азаттык”:
Жыргалбек мырза, КТРКнын жетекчисин шайлоо маселеси кандай болууда?

Жыргалбек Касаболотов: КТРКнын жетекчисин шайлоодо мурунку сынак жараксыз деп табылып, кийинки сынакты жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алынган. Ноябрдын башына чейин жарыясынын шартынын баарын жазабыз, ошондон кийин иш башталат.

“Азаттык”: Мурунку сынакта көпчүлүк добушту Илим Карыпбеков албадыбы. Аны эмнеге өткөрбөй койдуңар?

Жыргалбек Касаболотов: Мен өзүм эсеп комиссиянын башчысы болдум, Илим Карыпбеков 15 кишинин 8 добушун алганы чын. Бирок чечим кабыл алынгандан кийин кеңештин ичинде талаш-тартыштар башталып, кеңештин төрайымы кеңешти сактап калуу максатында финалга чыккан талапкерлер менен тогузунда жолугушуу уюштурганбыз. Ал жыйын дээрлик өтпөй калды. Анткени И.Карыпбеков кийинки турга катышуудан баш тартты. Ошол жерден жаңы сынак жарыялоо тууралуу чечим кабыл алынды.

“Азаттык”: Кадыр мырза, КТРКнын жетекчисин тандоо калыс өттүбү?
Мурдагы жетекчилер реформа деп эле кыскартуунун дурус да, буруш да жагы болуптур. Мисалы, радиодо үч каналда 130 киши иштечү экен, азыр 60 киши калыптыр.


Кадыр Кошалиев: Канааттанбаган үчүн биз ушул чечим туура эмес деп, биз эле эмес коомчулук да каршы чыкты. Анын себеби бир канча. Мен Илим Карыпбековду адам, адис, юрист катары, телерадио тармагы боюнча бир топ жылдардан бери иштеп келе жаткан, керек болсо акыркы жылдары саясатка кирип бараткан адам катары да сыйлайм. Бирок талапкерлигин өзү деле койбой койсо болмок, моралдык жактан укугу жок болчу, кечээ эле Бакиевдин командасында иштеп, бир канча адамдын каны төгүлдү, ушул учурду жок дегенде бир аз өткөрүп жиберип, кийинкилерине деле катышса болмок, Илим жаш жигит.

“Азаттык”: Илим Карыпбековго эмес, байкоочулар кеңешине кандай дооматыңыз бар?

Кадыр Кошалиев: Байкоочулар кеңеши да тандоого келгенде ал жерде 20 киши, жакшы адамдар бар эле. Ошонун ичинен баары дебейм, беш-алтоо, менин оюмча, татыктуу.

“Азаттык”: Ал эми кийинкисинде дагы бирөө шайлоодон утуп чыкса, ага дагы мүчөлөр каршы чыкса дагы ушинтип эреже бузулабы?

Сынак оор, убакыт аз

Жыргалбек Касаболотов: Биз азыр жаңы жобо иштеп чыгып атабыз, шарттары башкача болот. Азыр мен айта берсем болот болуш керек. Талапкерлер эки тестте отурат, башкача айтканда, бирөө психологиялык бейнесин түзө турган, жетекчи катары адамдар менен иштеше ала тургандыгы, адаптациясы жана башкасы.

Экинчиси, КТРде турган конкреттүү проблемалардын топтому, ошолорду чечүүнүн жыйындысы. Ал 20-25 суроодон турушу мүмкүн. Ошону алар ачык презентация алат, же жазып беришет.

“Азаттык”: Тестти ким баалайт?

Жыргалбек Касаболотов: Тестти ишке тиешелүү жагын биз карайбыз. Ал эми психологиялык бейнесин атайын адистерге беребиз. Анткени биз ал боюнча адис эмеспиз.

“Азаттык”: Өткөндө шайлоо эрежесинин бузулушу байкоочу кеңештин беделине аябай шек келтирди десек болобу?

КТРдин алдындагы нааразылык акциясы, 2-февраль, 2006-жыл
Жыргалбек Касаболотов:
Баары тең биринчи жолу жасалып атат. Биздин деле ал жагынан тажрыйбабыз жок. Коом кандай болсо, биз да ошондойбуз. 15 киши болсо 15 башка пикир бар. Ал жерде аябай көп маселелер боюнча кызыл чеке болуп талашып тартышканга чейин барабыз. Бирок биз кээ бир нерселерге жетиштик.

“Азаттык”: Кадыр мырза, байкоочу кеңеш 15 киши деп атпайбызбы, булар татыктуу кишилерби?

Кадыр Кошалиев: Мурда бир жерде иштеген,” Интерньюста”, “Медиа форум” ж.б. кызматтарда өтө жакын иштешкен адамдар ошол жерге кирип калгандыгы да бул минус болду.

“Азаттык”: Кимди киргизиш керек эле, сиздин оюңузча, өзүңүздү киргизиш керек беле?
Грузияда бир каналда каада-салт, нарк, улуттук баалуулуктар. Экинчи каналын жалаң саясатчыларга бериптир.


Кадыр Кошалиев: 2010-жылы 30-апрелде Убактылуу өкмөттүн декрети чыккан, анан №28 жобо чыккан. Ошонун 11-12-13-14-беренелери бузулган. Чын-чынына келгенде өлкөбүздө чоң саясий өнөктүк, Жогорку Кеңештин шайлоосу жүрүп жатканда да бир мамлекеттин түркүгү болгон өтө маанилүү мекемеде реформа жасап, жетекчилигин шайлоону кое туруш керек болчу.

“Азаттык”: Эми мындан ары эмне кылыш керек, байкоочу кеңешти таратыш керекпи, же Коомдук каналга айлантпай эле коюш керекпи? Бакиевдин убагында деле Коомдук каналга айландыруу демилгеси көтөрүлүп, бирок калып калган да. Дагы ошондой болобу?

Кадыр Кошалиев: Бул реформа керек. Коомдук каналга айландырыш керек.

“Азаттык”: Бирок бул байкоочулар кеңеши муну ишке ашыра алабы, сиздин көзүңүз жетпейби?

Кадыр Кошалиев: Бул байкоочулар кеңеши өзүнүн атын булгап алды. Ошондуктан биз 12-октябрь күнү беш талапкер президент Роза Исаковнага атайын кат жазганбыз. Бүгүнкү күндө бул маселе талкууланып жатат. Реформа керек болгондо, өзгөртүш керек болгондо биз каршы эмеспиз. Мүмкүн Улуттук бойдон сактап туруп эле, анын маңызын өзгөртүү жөнүндө да вариантты карап көрүш керек болчу. Бирок анын ички мазмунун элге кызмат кыла тургандай вариантка алып келсе эмне үчүн болбойт эле?
“Жыгылган күрөшкө тойбойт”

“Азаттык”: Жыргалбек мырза, кечээ байкоочу кеңеш президентке ачык кат жолдоду, анда кеңешти таркатпоо керектиги айтылды. Эмнеден коркуп атасыздар?

Жыргалбек Касаболотов: Коркунуч деле жок, бирок болгону байкоочу кеңештин ишине кийлигишүү аракеттери болду. Аны ачык айтышыбыз керек.

“Азаттык”: Кимдер тараптан?

Жыргалбек Касаболотов: Коомчулуктун ичиндеги топтор тараптан деп айтсак туура болот окшойт.

“Азаттык”: Сиз ачык айтпасаңыз, ким ачык айтат?

КТРКнын Байкоочулар Кеңеши
Жыргалбек Касаболотов:
9-октябрда байкоочу катары чакырылган адамдар түздөн-түз киришип кеткен учурлар болду. Балким биз андай сабактан да өтүшүбүз керектир. Балким түздөн-түз кийлигишип кетпеши үчүн телевизор коюп туруп, башка бөлмөдөн да карап турганга мүмкүнчүлүк түзүшүбүз керек. Бизге кыйын болсо да эртедир-кечтир ачык иштегенге өтүшүбүз керек. Бирок ачык иштегендин да ар кандай формалары болот. Балким ошол жагынан даяр эмес болчубуз.

“Азаттык”: Балким тоскоолдук кылып, кийлигишип аткан адамдардын атын атап коюшубуз керектир?

Жыргалбек Касаболотов: Анын баарын эстеш керек. 9-октябрдагы репортажды көрсө, эл өзү жыйынтык чыгарып алат.

“Азаттык”: Кадыр мырза, КТРКнын директорлук кызматына сиз деле ат салыштыңыз. Биринчи сынактан өтпөй калдыңыз. Азыр болсо КТРКнын байкоочу кеңеши ишин токтотушу керектигин айтасыз. Муну “жыгылган күрөшкө тойбойт” деп түшүнсөк болобу?

Кадыр Кошалиев: Маселе азыр биз жөнүндө болуп аткан жок. Мен кийинки шайлоого катышам, же катышпайм деген чечимди али кабыл ала элекмин. Эгерде мен кийинкиге катышам деп чечимимди азыр сизге айткан болсом, сиз ушул суроону мага берсеңиз болот эле.

“Азаттык”: Бирок өтпөй каларыңызды сездиңиз беле?
Биз аудит жарыялашыбыз керек, дегеле бул жердеги каражаттар кайда кетип атат, эмне болуп атканын биле элекпиз.


Кадыр Кошалиев: Жок, биз чечим кабыл алгандан кийин кеп директор катары шайланып калган адам жөнүндө болуп атат. Мен эмес, бир аз мурун 5-6 адамдын фамилиясын айттым, эгерде ошол адамдардын бирөө дайындалганда мен колун кысып, ошол кишиге кеңешимди айтып, эч бир маселе көтөрмөк эмесмин. Башкасын билбейм.

Сиз мага азыр жакшы суроо бердиңиз. Мен бүтүндөй Кыргызстандын жалпы көрүүчүлөрүнүн алдында айтып коеюн, эгерде ушул курамы менен кийинки шайлоону да ушул байкоочулар кеңеши өткөрө турган болсо, мен катышуудан расмий баш тартам. Туура айтып атасыз, ошол жердеги кээ бир адамдардын алдына барып сынактан өтө тургандай, билим, тажрыйба, телерадионун иши жагынан менден төмөн турган адамдардын алдына барып, аларга отчет бергендей, же болбосо өзүмдү актагандай, мен мындай-тигиндейге жөндөмдүүмүн деп аларга далилдеп отурушум керек.

“Азаттык”: Жыргалбек мырза, чын эле байкоочу кеңеште деңгээли төмөн, журналистика чөйрөсүн жакшы түшүнбөгөн адамдар отурабы?

Жыргалбек Касаболотов: Мен айталбайм. Бирок ар бири өз чөйрөсү боюнча бир топ эле тажрыйба топтоп келген адамдар, юристтер, медиа эксперттер бар, телевидение болбосо да гезит, журналдарда иштеп келген адамдар бар.

Эгерде биз тарап кетсек деле, андан жакшыраак курам келет деп да кепилдик бере албайбыз. Эгерде парламентке түшө турган болсо, анда партиялардын ортосундагы талашка түшүп калышы мүмкүн. Азыр биздин бирөөбүз да эч кайсы партияга мүчө эмеспиз. Маалымат үчүн айтып коюшум керек.



Чоң жамаатта маселе да көп

“Азаттык”: Мурда КТРди Бакиевдин менчиги деп сындап келишпеди беле. Ал эми коомдук каналга айланса, ошол эле диктатура 15 кишиники болуп калбайбы? Мисалы, силер отуруп алып эле баарын чече берсеңер?

Жыргалбек Касаболотов: 15 киши негизинен редакциялык саясатты иштеп чыгат. Редакциялык саясат коомдук телеканалдын форматына жана эл аралык журналистиканын стандарттарына ылайык келген эрежелер.

“Азаттык”: Мисалы, бейтараптуулук, калыстык?

Жыргалбек Касаболотов: Бейтараптуулук, калыстык, фактылардын жок деген 3-4 булактан текшерилиши.

“Азаттык”: Бирок Бакиевдин убагында чындыгында ушундай эле убадалар берилген да?
Ички мүмкүнчүк дегенде жалаң саясий партияларды ойлобош керек.


Кадыр Кошалиев: Мен ушул жерден кошулуп кетейинчи. Редакциялык саясатты байкоочулар кеңеши иштеп чыгып сунуштайт дегенге мен каршымын. Мүмкүн жок эле дегенде эмгек жамааты менен биргеликте байкоочулар кеңеши иштеп чыгат деген жобо эгерде жаңыланып жазылса, ушундай кириш керек. Бүтүндөй бардык редакциялык саясат деген күндөлүк ишине чейин киришет керек болсо. Анда да бир жетекчиден, же бир рамкага салган күчтөн бошонуп туруп, сиз айткандай, дагы бирөөсүнө тутулуп калышы мүмкүн.

“Азаттык”: Эмгек жамааты боюнча жакшы маселе козгодуңуз. Чын эле эмгек жамааты менен иштеп атасыңарбы? Аларда да айрым нааразычылыктар бар деген сөздөр чыгып атат.

Жыргалбек Касаболотов: Мен өзүм КТРдин эмгек жамаатына ачык кат жазгам, өткөн жумада “Агым” гезитине чыкты. Ал жерде коомдук каналдын форматы, буга чейин жасалган иштер жана мындан кийин жасала турган иштер жөнүндө айтылган. Эми эмгек жамааты менен сөзсүз түрдө иштешибиз керек. Жок дегенде баштапкы этабында. Себеби эгерде биз ушул боюнча калып, КТРдин кызыкчылыгын мыйзам жагынан парламентте коргой турган болсок, анда адегенде каналдын муктаждыктарын жана кийин пайда болушу мүмкүн болгон муктаждыктардын баарын тең эсептеп, билип алышыбыз керек.

“Азаттык”: Сиз “Агым” гезитинде жасаган кайрылууңузда мындай деп айтыпсыз, «Бакиев кетсин» деген ураан менен катар эле «КТРге реформа» деп муштумун түйүп турган талаптар коюлган деп. Менин байкашымча, азыр деле митинг-пикеттер өтүп жатат, ошол эле убакта КТР бир тараптуулуктан дагы эле жаза элек деп айрым саясий күчтөр сындап атышпайбы?

Жыргалбек Касаболотов:
Саясий күчтөр кандай болгон күндө да сындайт. Реформа кандай жүргүзүлгөн убакта да кайсы бир күчтөр тарабынан сынга тушугат. Азыркы турган турпатында толук коомдук форматка өтүп иштеп кетти деп айтыш кыйын. Бул бир күндө бүтө турган нерсе эмес, бир жылда да бүтө турган нерсе эмес. Бул көп жылдык аракет. Балким 2-3 байкоочу кеңештин курамы менен ордуна келе турган нерсе.

“Азаттык”: КТР начар, бийликти жактайт деп мурда сындап келген менен азыркы сындап келгендердин айырмасы кандай?

Жыргалбек Касаболотов: Азыркы сындагандардын дооматы азырак деп ойлойм. Себеби ошол байкоочу кеңештин мүчөлөрү талап коюп атап, коммерциялык мүнөздөгү саясий партиялардын үгүт материалдарын жалпы жаңылыктардан бөлдүк. Атургай студиясын да өзүнчө кылдык, дегеле өзүнчө блок менен кетсин дедик. Андан тышкары дебаттар өтпөдүбү, ошонун секундасына чейин көз салып, мониторинг кылып аткан уюмдар болду, бирөөнө көбүрөк, бирөөнө азырак сөз берилип калбасын деп.

Коомдун талабын ким билет?

“Азаттык”: КТРди кантип эл сүйүп көрө турган, бейтарап, калыс телеканал кылуу керек? Сиздин программаңыз, мехнизмиңиз барбы?

Кадыр Кошалиев: Чындап эле акыркы айларда бир топ өзгөрүүлөр болуп атат. Дебаттын учурунда байкадыңар го, эч жакка тартылган жок, болгонун болгондой эле берип атты. Мен бүгүнкү күндө Коомдук каналдын радио тармагын тейлеп жатам - “Миң кыял”, “Кабарлар”, Кыргыз радиосун – болгонун болгондой эле бердирип атам.

Биз бүгүнкү күндө балдардан баштап кемпир-чалдарга чейин өтө саясатташып кеттик. Ошол да кадыресе Биринчи каналга да таасир этип, 1-каналда негизинен жалаң саясат кетип атат. Мен башкача кылар элем. Бул жерде психологдор да иштеш керек. Мисалы, Орусияда эмне саясат жокпу? Эң көп көрүүчүлөрү бар ОРТны карагылачы, 90 пайыз көңүл ачаар, руханий багыттагы маалыматтар кетип атат.
Илим Карыпбеков Бакиевдин командасында иштеп, бир канча адамдын каны төгүлдү, ушул учурду жок дегенде бир аз өткөрүп жиберип, кийинкилерине деле катышса болмок


Мен өзүм телерадио тармагында 17 жылдан бери иштеп келе жатам. Бүгүнкү күндө кайсы проблема бар? Биринчи кезекте маалыматты болгонун болгондой жеткириш керек. Экинчи, элде жалаң эле саясий-экономикалык кризис болуп аткан жок, элде руханий кризис болуп жатат, кандайдыр бир жарыкты күтүп жатат. Элге жарык чачып, жол көрсөтө турган бирден бир сыналгы. Бүгүнкү күндө коомдук каналдын эң негизги вазийпалардын бири коомдогу ар кандай ойлорду чыгаруу менен, анын ичинде маданий, руханий, тарыхый көрсөтүүлөрдүн санын көбөйтүү менен коомдук пикирди ушул жакка бөлүш керек.

“Азаттык”: Туура, бул да абдан маанилүү маселе. Бирок радио боюнча айтып өтпөдүңүзбү, радиого реформа Бакиевдин убагында эле реформа башталган да, радиону өзүнчө бөлүп, “Миң кыял”, Кыргыз радиосу, “Кабарлар” Асель Мамбетованын учурунда болгон.

Кадыр Кошалиев: Ушул маселени уланткым келип атат. Үчкө бөлүнгөнү туура болуптур. Ким мурда ушунун демилгечиси болсо да, өзүн азыр актап атканын байкадым. Ошон үчүн мен көп өзгөртүү киргизбей, ошону гана улантып атам.

“Азаттык”: Демек Бакиев учурунда деле туура жасалган иштер бар?

Кадыр Кошалиев: Жакшы иштер да бар. Азыр телерадио тармагы боюнча менин сунушум, бир эле азыркы турушунда коомдук каналды бир канал катары, мүмкүн маалыматтык канал калтырып, ал эми экинчи каналды 100 пайыз кыргыз тилинде, анын ичинде руханий, көңүл ачаар багытындагы көрсөтүүлөрүн көбүрөк кылып, үчүнчү каналды мүмкүн жаштар темасында, же музыкалык канал кылып коомдук телеканал астында үч телеканал ачып, анан коом ошонун ичинен керегин ала тургандай кылса болмок.

“Азаттык”: КТРдеги кызматкерлердин айлыгы төмөн болуп аткан учурда, дагы эки телеканал ачууга мүмкүнчүлүк барбы?

Кадыр Кошалиев: Жалаң эле бюджетти карап отурбастан, эгерде ишти туура уюштурса мунун каражаты да табылат. Өзү дүйнөлүк практикада телерадио тарамагы өзүн-өзү багууга жөндөмдүү тармакка кирет. Биздики салыштырмалуу элибиздин саны аз, кичирээк өлкө болгон үчүн бул проблема бар. Бирок ошого карабастан биз алдыга өнүгөбүз десек мындан коркпош керек. Радионун үч тармакка бөлүнүүсү өзүн актап аткандай эле, теле тармагында деле ушундай тематикалык үч каналды ачыш керек деп ойлойм.

“Азаттык”: Сиз мамлекетте акча болсо деле башка жактан акча тапса болот деп атпайсызбы. Ал эми башка жактан акча тапкандарды сиз батышчыл деп сындап атпайсызбы. Сиз деле Батыштан акча алганга даярсызбы?

Кадыр Кошалиев: Туура, бул да сунуш. Эмне үчүн акча жөнүндө сөз болгондо эле Батышты ойлошубуз керек? Кечээки шайлоонун учурунда жакшы эле каражат табылды. Ушуга окшогон рекламалык иштер жана башка коммерциялык иштерди жасаса болот. Ошол эле мезгилде жалаң эле Батышты карап отура бербестен…

“Азаттык”: Анда “шайлоо бүттү, эми телеканалга акча бер” деп Орусияга баралыбы?

Кадыр Кошалиев: Сырткы өлкөлөр менен иштеш керек. Бирок сырткы өлкөлөрдүн саясий кызыкчылыктары да бар. Кыргыздын мамлекеттик, улуттук идеологиясын туура нукта өнүктүрүү максатында, кудайга шүгүр, азыр Кыргызстандын ичинде деле байлар пайда болду, Жыргал мырза да жазыптыр ошону. Ички мүмкүнчүлүктөрүбүз деле бар. Эгерде биз эл ичинен туура ишти көтөрсөк, ошол ички мүмкүнчүлүктөр деле келип кошулмак. Чын эле сын көз менен карашыбыз керек, Улуттук телеканалда өзүнүн чечсе боло турган, бирок чечилбей келаткан маселелер бар.

Акча кимдики болсо музыканы ошол тандайт

“Азаттык”: Ички мүмкүнчүлүк деп атпайсызбы. Мисалы, ошол эле бай деген “Республика” партиясынан Бабановдон, же СДПдан Атамбаевден акча алсак, алар кайра өздөрүнүн кызыкчылыгын таңуулабайбы?

Кадыр Кошалиев: Ички мүмкүнчүк дегенде жалаң саясий партияларды ойлобош керек. Бизде жаманбы, жакшыбы азыр рыноктук экономиканын эки жагы болду. Бүгүнкү күндө мүлктөр кээ бир адамдардын колуна барып топтолуп калды. Азыр кайрадан элге кызмат кыла турган учур келди деп ойлойм.

“Азаттык”: Жыргалбек мырза, байлардан акча сурасак болобу, алар акча береби?
Эгерде ушул курамы менен кийинки шайлоону да ушул байкоочулар кеңеши өткөрө турган болсо, мен расмий катышуудан баш тартам.


Жыргалбек Касаболотов: Мен бир мисал келтирейин, айтыш өнөрү бизде таптакыр өлүп калды эле. Казактарда калып калды эле. Бизде ушул бойдон калып калабы деп аябай өкүнүп жүрдүк эле. Өзүнүн ички сунуштарды ичибиздеги жарандардын демилгесин пайдаланып, ушунча жылдан бери жалгыз Садык Шер-Нияз эле көтөрүп койбодубу. Бул уюштуруунун деңгээлине жараша.

Азыр Кадыр байке айтып аткандын барын жасаса болот. Эгерде программалык негизге салса. “Мындай долбоор бар, мындай аткарыла турган иштер бар, ушуга бере турган болсоңор бергиле” деп. Кыргыздын байларынын бир психологиясын пайдаланыш керек, алар баары тең атын чыгарганды жакшы көрөт.

“Азаттык”: Ошол бай адам президент болом деп чыксачы, президент болгондон кийин мени көрсөт деп чыкса?

Жыргалбек Касаболотов: Мени көрсөт деп чыгалбайт, биз турабыз да.

“Азаттык”: Садык Шер-Нияз деле сиз айткан айтышты көтөрдү. Бирок маданият министри болуп барбадыбы эми?

Жыргалбек Касаболотов: Маданият министри болуп барганы туура болду деп эсептейм. Анткени так ошондой уюштура турган адам ошондой жерге барыш керек.

“Азаттык”: Кадыр мырза, азыр бизди тартып аткан операторлор канча айлык акы алышат?

Кадыр Кошалиев: Бүгүнкү турушунда чындыгына жасаган иши менен алган айлыгы туура келбейт.



“Азаттык”: Жыргалбек мырза, сиздин оюңузча ушул операторлордун айлыгы канча болушу мүмкүн, Кадыр мырза так айткан жок?

Жыргалбек Касаболотов: Телевидение жагындагы кызматкерлер 4-5 миң сомдун тегерегинде айлык алат. Бул өтө аз. Бул жерде эки маселе келип турат коомдук форматка так ушул жерден туура келе турган. Биринчиден, ачыктыгы. Биз аудит жарыялашыбыз керек, дегеле бул жердеги каражаттар кайда кетип атат, эмне болуп атканын биле элекпиз.

Экинчи жагы, биз коомдук жамааттын кызыкчылыгын парламентке барганда коргошубуз керек. Мисалы, Грузия, Литвада республикалык бюджетинин белгилүү пайызына корголгон берене менен отурат, андан эч качан азайбайт деп мыйзамга жазып алышкан. Бюджет аз болсо да, көп болсо ошого отурат. Алар мурунку убагындагы муктаждыктарды эле эмес, кийинки ачыла турган муктаждыктарын да эсепке алышкан.

Кадыр байке айтып аткан нерсе аябай туура, каналдарга бөлүү. Мисалы, Грузияда бир каналда каада-салт, нарк, улуттук баалуулуктар. Экинчи каналын жалаң саясатчыларга бериптир, рекламасын кетиреби, сессиясын береби, жалаң эле сессия көрө турган кишилер бар да, кичинекей каналын ошолорго бөлүп бериптир.
Саясий күчтөр кандай болгон күндө да сындайт. Реформа кандай жүргүзүлгөн убакта да кайсы бир күчтөр тарабынан сынга тушугат.


“Азаттык”: Жыргалбек мырза, азыр сиздерди байкоочу кеңешке батышчыл адамдар келди деп күнөөлөп атышпайбы. Менин билишимче, Грузиядагы сиз айтып аткан телеканалдарды түздөн-түз Батыш каржылап, алардын байкоочулар кеңешине да Батыш жетишээрлик айлыгын төлөп берет. Демек чындап эле сиздер да Батыштан акча алганы турасыңарбы?

Жыргалбек Касаболотов: Мен билгенден, Грузияда деле Батыш каналдын ишине түздөн-түз салым кошпойт. Ал жалпы республикалык бюджетке грант түрүндө жардам берген. Ал бюджеттин ичинен каналга кантип бөлүп алыш парламенттин өзүнүн иши. Бизде деле мен билгенден азыр оңой каражат түшүп аткан жок. Билбейм, шайлоодон деле бир топ каражат түштү болуш керек. Биз ошонун ачыктыгын талап кылышыбыз керек.

Кадыр Кошалиев: Бүгүн коллегияда ушуну талкууладык. Мен эфирден пайдаланып айтып коеюн, 20 жылдан бери жасалбаган көп иштер топтолуп калыптыр. Ошону Кубат Табылдиевич ачык коллегияга койду.

Талап жогору

“Азаттык”: Мелис Эшимкановдун бир интервьюсун окудум эле, ал директор болуп турганда. КТРде проблемалар топтолуп калыптыр ушунча жылдан бери, эми мен чечип атам деди эле. Кийинки директор деле ушундай десе, КТР ушул бойдон калып кетпейби?

Жыргалбек Касаболотов: Эгерде мамлекетибиз чындап эле сапаттуу каналга ээ болгусу келсе, анда бул каналдан акча аябаш керек. Анткени баары бир биздин көрөрмандарыбыз сапаттуу бийлигибиз болсун, сапаттуу каналыбыз болсун, сапаттуу маалыматыбыз болсун деп өзүнүн салыгын төлөп атышат.

“Азаттык”:
Бирок КТРдегилердин айлыгы көбөйсүн деп мугалимдерге айлык бербей коюшпайт да?

Жыргалбек Касаболотов: Ар бир мекеме өзүнүн кызыкчылыгын коргойт. Байкоочу кеңештин функцияларынын бири бул каналдын кызыкчылыгын парламентке барганда коргоо. Ал жерде канчалык деңгээлде утат, же утпайт – ал башка маселе. Бирок эгерде тыңыраак менеджер болсо, менимче, азыркы турган мүмкүнчүлүктөр менен дагы көп нерсени жасаса болот.

“Азаттык”: КТРдегилердин айлыгы боюнча сөз болбодубу. КТРде иштегендердин айлыгын көбөйтүш үчүн кызматкердердин санын кыскартат деген сөз болбодубу, бул чынбы? Эгер кыскарса алар кайда барышат?

Жыргалбек Касаболотов: Кызматкерлердин саны кыскартылабы, же тескерисинче, көбөйтүлөбү, ал мындан кийин жүргүзүлө турган иштин сапатына байланыштуу. Жаңы шайланып келген директор өзү да талап кылыш керек. Экинчи жагы бар, жамаат менен жетекчисинин ортосунда да мамилелери бар. Жамааттын ичиндеги адамдардын өзүнүн укугу бар. Кээ бир өлкөлөрдө атайын кызматкерлердин укугун коргоп, жалаң ошолордун арыз-арманын угуп, ошолордун иши менен алек боло турган атайын омбудсмен бар.

Кадыр Кошалиев: Мурдагы жетекчилер реформа деп эле кыскартуунун дурус да, буруш да жагы болуптур. Мисалы, радиодо үч каналда 130 киши иштечү экен, азыр 60 киши калыптыр. Адамын да кыскарткан, штаттык бирдигин да кыскартып салган. Эгер кыскартуу зарыл болсо, айлыгын көтөрүш керек болсо, штаттык бирдигин сактап калып, бир жарым ставка менен айлыгын көтөрүп бергенде проблема чечилмек.
Орусияда эмне саясат жокпу? Эң көп көрүүчүлөрү бар ОРТны карагылачы, 90 пайыз көңүл ачаар, руханий багыттагы маалыматтар кетип атат.


“Азаттык”: КТРКдагы бейтараптуулук жөнүндө айтып атпайбызбы. Мен кечээ эле көрдүм, мисалы, “Эл билгиси келет” деген программадан байкоочулар кеңеши тарабынан өзүңүз жалгыз чыгып сүйлөбөдүңүзбү. Башка байкоочулар кеңеш тарасын деген, силердин ишиңерге нааразы болгон кишилердин үнүн деле, алар боюнча суроо деле берилген жок? Бир тараптуу болду...

Жыргалбек Касаболотов: Чакырган. Мен негизи келбей эле коеюн дегем, бүгүнкүгө деле келбейт болчум, “баягы кудай албаган Касаболотов дагы сүйлөп атыптыр, үтүктү сайсаң деле” деген кеп болбосун деп.

“Азаттык”: Бирок кечээ өзүңүз эле чыгып, ойлоруңузду таңууладыңыз да?

Жыргалбек Касаболотов: Мен болгон ойлорумду айттым. Ага карата балким каршы пикирлер болсо, башкалар чыгып айтышы мүмкүн.

“Азаттык”: Ал эми коомдук каналда сиз телепрограммада белгилеп өтпөдүңүзбү, мындан ары президент бир жерге барып мектеп ачса деле, негизги жаңылык кылып көрсөтпөй, чыныгы коомдун көйгөйүн көрсөтүш керек деп. Президент менен жолукканда ушуну өзүнө ачык айттыңызбы?

Жыргалбек Касаболотов: Президент менен жолукканда президент болгону биздин шайланганабызды айтып, жакшы тилегин айтып, ошол боюнча тарап кеткенбиз.

“Азаттык”: Бирок президент каршы эмес?

Грузиянын президенти Михаил Саакашвили
Жыргалбек Касаболотов:
Президент каршы эмес. Президент азыр каршы болсо таптакыр башкача болмок.

“Азаттык”: Кадыр мырза, сиз буга чейин Бакиевдин убагында Кыргызстанды оң канат, сол канат кылып, уруу урууларга бөлүү керек деген демилгени көтөрүп жүргөн элеңиз. Азыр деле уруу-уруу кылып башкарыш керек деген оюңуздан кайта элексизби? Ушуну өзүңүз иштеп аткан медиада да таңуулап, колдонгон жоксузбу?

Кадыр Кошалиев: Бул жакшы суроо. Муну бөлүп караш керек. Мисалы, мен бул ойдон кайткан жокмун. Себеби бул кыргыздын тамыры. Болгону муну саясатка аралаштырбаш керек. Кээ бир адамдар ушуну саясатташтырып жиберип жатышат. Мен ушул жерге келгенде алар менен бирге эмесмин. Бирок кыргызды улут, эл катары мамлекеттүүлүгүн жоготуп алган мезгилде да сактап келген уруу ынтымагы, керек учурда жоокердик заманда жоокердик милдетти аткарган үч канаты болгон. Бүгүнкү күндө мезгилге ылайык муну заманбап пайдаланыш керек. Бул тууганчылыктын деңгээли. Бирок саясатка аралаштырбаш керек.

“Азаттык”: Байкоочу кеңешти сиз, Бейшенбек Бекешов, Анаш Кадырова, Темирбек Токтогазиев сындап атат. Бирок сиздерди да сындап атышпайбы, булар журналистика чөйрөсүн анча деле мыкты билбеген, заманбап технологияны түшүнбөгөн эски кишилер деп. Ушуну мойнуңузга аласызбы?
Эгерде мамлекетибиз чындап эле сапаттуу каналга ээ болгусу келсе, анда бул каналдан акча аябаш керек.


Кадыр Кошалиев: Алардын да укугу бар, ар бир адам өзүнө сын көз караш менен караш керек. Эч качан “мен периштедей тазамын, бардык нерсени ушул тармакта билем, менин айтканым туура” деген эмесмин. Мен аз билем, көп билүүгө аракеттенем дегендей, ар бир кадамым, жасаган ишим, кудайга шүгүр, артымдагы, телерадио тармагындагы өмүр жолум өзүмө күбө болуп турат. Бир топ нерсеге көзүм жеткен үчүн талапкерлигимди койгом. Ал эми мен тууралуу ар кандай нерсени айтууга албетте алардын акысы бар. Ошол сыяктуу бүгүнкү күндө байкоочулар кеңешинин укуктары чоң, де-факто иштеп атышат. Ошого карабастан мен өз оюмду айтып атам.

“Азаттык”: Жыргалбек мырза, аны деле, муну деле жамандайбыз, тигини деле сындайбыз. КТРге кандай идеалдуу директор керек экен? Портрети барбы сизде?

Жыргалбек Касаболотов: Портрети азырынча түзүлө элек. Себеби бул боюнча байкоочу кеңештин ичинде да ар кандай пикирлер бар. Кээ бири айтат, биринчи кезекте чыгармачылыкты жакшы түшүнгөн киши болуш керек деп. Кээ бирлер айтат, заманбап менеджер болуш керек, азыркы заманга ылайык деп. Кээ бири айтат, баары менен тил табыша билген саясатчы болуш керек деп. Балким мунун да параметрлери кайсы бир жагынан алганда КТРдин жамааты менен кошо аныктала турган нерсе. Анкета жүргүзсөк билинип калышы мүмкүн.

“Азаттык”: Мен “Асабаны” окуп жүргөн маалда эле, КТР бийликтин “кара жашиги” деп сындалып келет. КТР жакынкы күндөрү “ак жашикке” айланабы?

Жыргалбек Касаболотов: Айланат го деген үмүт менен иштеп атабыз. Бул өтө көп факторлорго байланыштуу, анын ичинде коомчулуктун ишенимине, биз өзүбүздүн жүргүзүп аткан ишибиздин тууралыгына жана жалпы жамааттын туура түшүнгөнүнө байланыштуу.

“Азаттык”: Биз программабызды жыйынтыктайлы, ноябрда жаңы директорду шайлоо өтөбү, же дагы үзгүтүккө учурап өтпөй калган себептерге байланышып дагы токтоп калбайбы?

Жыргалбек Касаболотов: Биз мурунку кетирген жаңылыштыктардан, же эсептелбей калган нерселерден сабак алдык. Азыр жобосун да, эреже тартиптерин да өзгөртүп атабыз. Ошон үчүн мен ойлойм жакшы эле өтөт го деп.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG