Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:23

“Ыңгайсыз суроолор” сыналгы берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы кыргыз адабиятынын азыркы абалына жана көйгөйлөрүнө арналды.

Талкууга катышкандар:




Жазуучу, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Казат Акматов



Жазуучу, котормочу Турусбек Мадылбай







“Азаттык”: Адегенде классикалык суроону узаткым келип турат. Кыргыз адабиятынын азыркы абалына кандай баа бересиз? Кандай жолдо баратабыз?

Казат Акматов: Мисалы, адамдын денеси ооруса аны медиктер айыктырат, колу сынса шакшак коет, хирургдар бир жериң жара болсо алып таштайт, адамдын жан дүйнөсү ооруса муну айыктыра турган - адабият, андан башка дары жок экен.

“Азаттык”: Ошол дарынын абалы кандай?

Казат Акматов: Азыр дарынын абалы начар. Социалисттик реализм методу менен жазып келип, көрсөтүлгөн жол менен басып келатканбыз. Партиянын идеологиясы менен коммунисттин образын жазчубуз. Тигил же бул жакка бурулсаң чаап таштачу. Ошентип отуруп биз эркин ой жүгүртүү касиетинен бир топ ажырап калганбыз.

Мына 15-17 жылдын ичинде эркин ой жүгүртүп атабыз. Бирок ой жүгүртүү деген 17 жылдын ичинде эле келе койбойт. Ой жүгүртүү - бул процесс.

“Азаттык”: Бир жаңы муун алмашып, жаңы муун келиш керек го дейм?

Казат Акматов: Жаңы муун да, эски муун да жаңы ой жүгүртүүнүн тажрыйбасына ээ болуш керек. Өзгөчө проза.

“Азаттык”: Турусбек мырза, жаңы адабият бизде барбы? Ошондой эркин ой жүгүрткөн, социалисттик реализмдин таасиринен чыккан, же ага такыр эле баш ийбей, же аны тааныбаган кыргыз адабиятында ошондой багыт, агым, булак барбы?
Эгер жети сүйлөм окшош болсо эле көчүрүп алды дей бере турган болсок, анда Айтматовдун деле чыгармаларындагы жети сүйлөмү мүмкүн французга, же оруска окшош.


Турусбек Мадылбай: Бар, албетте. Азыр жаш жазуучулар, акындар чыгып келатат. Алар азыр эч кандай советтик догмаларга байланган эмес, аларга эч кандай кысымдар жок, өз ойлорун эркин айтышат. Бирок эркиндиктин да экинчи тарабы бар экен. Эркин жазганга азыр мүмкүнчүлүк алдык. Бирок ошону туура пайдаланалбай, ой келди кетип калып атабыз.

Чынын айтканда, кыргыз адабиятында, өзүбүз деле көрүп жүрөбүз, ар бири өзүнүн айылын, өзүнүн уруусун мактамай башталды. Өзүнүн айылынан чыккан, барымтада жылкы чаап жүргөн эле кишилердин бардыгын хан кылып алышты. Ар бир айылдын азыр Жазуучулар союзу бар.

“Азаттык”: Азыр элде мурдагыдай, ошол эле сиз айтып аткан Совет доорундагыдай адабиятты сүйүү, же адабиятка баягыдай массалык мамиле жок. Мунун себеби эмнеде? Мурдагыдай мыкты чыгармалар жазылбай калдыбы, же жазылса ал элге жетпей калдыбы, же эл китеп окубай калдыбы?

Казат Акматов: Туура айтасың. Азыр көркөм адабиятка караганда эл саясатташып, саясий китептерди окуп, журналистикага, публицистикага көбүрөөк кызыгып турат. Себеби адамзат оомалуу-төкмөлүү болуп жүрүп отурат. Бир кездерде адабиятты таптакыр карабай калган убакыт болот, анан кайра кайрылып келет. Мезгил алмашып турат.

“Азаттык”: Казат агай, бул модага окшош нерсеби?

Казат Акматов: Модага окшош нерсе десе да болот. Мисалы, орус адабиятында Толстой менен Пушкин ушунчалык катуу өнүккөн. Анан кийин сууп кетти. Анан кайра совет доорунда бир топ күжүлдөп келип, кайра тартылып кетти.

“Азаттык”: Казат агай, эгерде ошондон алсак, азыркы акыбалыбыз кандай? Биз тартылып турабызбы, же кайрылып баратабызбы? Кайсы жерде турабыз?

Казат Акматов: Азыр адабияттан четтеп турган кезибиз.

“Азаттык”: Бул канчага созулушу мүмкүн?

Казат Акматов: Созулат, жылын айта албайм. Бирок ооруган көңүл, жан дүйнө кайра адабиятка кайрылып келет. Антпесе болбойт.

Элди кызыктырган интернет, жетимсиреген адабият

“Азаттык”: Турусбек мырза, адабиятка элди кызыктырууда мамлекеттин ролу канчалык деп ойлойсуз?

Турусбек Мадылбай: Чындап келсе, мамлекет караш керек эле. Азыркы жазуучулардын баарын тарбиялап өстүрүш үчүн канча каражат короду, канча мезгил өттү. Ал эми жаңы муун өсүп келгенче азыркы жазуучуларды пайдаланып, элдин жакшынакай аң сезимин жогорулатууга пайдаланса бомок эле. Ал үчүн каражат бөлүш керек, жардам бериш керек. Аздыр-көптүр өкмөт тарабынан аракет болуп атат, бирок өтө эле аз.

“Азаттык”: Балким ошол жардамдын механизмдери, жолдору жакшы иштелип чыккан эместир?
Мен А.С.Пушкиндин жазуучу элди ээрчибеш керек, жазуучу элди ээрчитиш керек деген принцибине таяндым.


Турусбек Мадылбай: Иштелген эмес, бизде жөн эле ой келди кетип атат. Кыргызпатентке азыр Улан Мелисбек деген жаш жигит келди. Ушул аракет кылып, адабиятка анча-мынча көңүл буруп, шык салып атат. Башкалары, мисалы, тыйын берип койсо колунда бар, генералдар, министрлер аталарын, өздөрүн мактатып жаздырып эле ушундай абалда кетип атат. Бирок чыныгы адабият да бар. Мисалы, азыр эч тартынбай эле айта алам. Мына, азыр Казак Акматов отурат, Талип Ибраимов деген абдан жакшы жазуучу бар. Чыныгы адабият да келатат. Бирок абдан аз.

“Азаттык”: Турусбек мырза, бизде адабиятчы, жазуучу, акындар бар. Бирок эл китеп окубай калды дегенге кандай карайсыз?

Турусбек Мадылбай: Эл китеп окубай калганын Казат Акматович аракет кылып айтып көрдү. Мен да кошумчалайт элем, көп элди интернет тартып кетти.

“Азаттык”: Антейин десең айыл жерлеринде интернет жок да.

Турусбек Мадылбай: Интернет жок жеринде гезиттер тартып кетти. Мына, Казат агай эл саясатташып кетти деп айтпадыбы.

“Азаттык”: Гезит да жетпеген жер бар.

Турусбек Мадылбай: Гезит жетпеген жерде радио угат. Мына, саясатташкан эл “Азаттыкты”, Би-Би-Сини угат. Мурун бир кезде жазуучулар абдан абройлуу болгон. Бул Чыңгыз Айтматовдун атына байланыштуу болсо керек. Азыркы маалда андай нерсе жок болуп атат.

“Азаттык”: Ошонун себеби эмнеде? Ошону издеп көрбөйлүбү. Бул жалгыз эле Айтматовдун атына байланыштуу эмес го деп ойлойм.

Казат Акматов: Жазуучу деген атына байланыштуу эмес. Себеби элдин коомдук турмушка болгон кызыгуусу толкун болуп өзгөрүп турат. Бирде толкуп барып, бир жээги көрүнбөйт. Азыр бизде саясатташкан заман. Мисалы, гезиттерди байкадыңарбы? “Жылдын эң мыкты адамы” дегендин бардыгы эле саясатчыларды көрсөтөт. Окумуштуулардын, жазуучулардын, искусство адамдарынын, маданият кызматкерлеринин бирин да кошпойт, карабайт. Мыкты адам десе эле саясатчы.

“Азаттык”: Бул эмнеге байланыштуу болуп атат? Адабияттын негизги күчү сөздө да, кадыр-баркы, куралы күч. Мисалы, сүрөттө калем, бойоктор, бизде болсо сөз, ырчыларда үн дегендей. Бул көркөм сөздүн кадыры кеткенинин таасириби? Элдин табити бузулду десек болобу?
“Архатты” жамандап, Токтогул сыйлыгынан алып салыш үчүн аракет жасашты да, ушуну уюштурушту.


Казат Акматов: Элдин табити жеңил жакка ооп кетти. Турусбек интернет деп айтты. Интернет, уюлдук телефон, сыналгы, аудио, видео, нанотехнология менен жашайт. Анан глобалдаштыруунун программалары көргөнгө абдан кызык боевиктер, киши өлтүргөндөр, баңгилик, секс, порнографияга оодарып атпайбы. Элдин көңүлү ошол жакка ооп кетти. Мындай олуттуу адабият, философияны такыр карабай калды. Дагы кээ бири анча-мынча көркөм чыгарма окуйт. Философияны, терең ой жүгүрткөн нерселердин баарын карабай калды.

“Азаттык”: Эл жеңил нерселерге ооп, табити ошол жакка бурулуп атат дедик. Кантип элди кайра адабиятка көндүрүп, кайрып келишибиз керек?

Турусбек Мадылбай: Акыркы маалда сыналгыда клип дегендер чыгып атпайбы. Азыркы адамдардын ой жүгүртүүсү ошол клипке окшоп калды. Кичинеден-кичинеден, тигинден-тигинден үзүп көрмөй, үзүп-үзүп ойломой, үзүп-үзүп маалымат алмай. Ал эми илгери шашпай, отуруп алып бир китепти башынан аягына чейин окучу. Кантип тартып алса болот? Менимче, жакшы чыгармаларды жазышыбыз керек. Жазуучулар жакшы чыгарма жазсак, көбөйсөк эл өзү кызыгып тартылат.



Адабиятта саясаттын ролу

“Азаттык”: Ошону элге жеткирүүдө ММКнын, анан албетте өкмөттүн, мамлекеттик структуралардын ролу да чоң болуш керек го деп ойлойм.

Казат Акматов: Орусиянын басма сөзү азыр жазуучуларга көңүл бура баштады. Ар бир гезиттин номурунда, журналдарында жазуучу, анын чыгармасы, анын чыгармасындагы ойлор жөнүндө материалдар көбөйө баштады. Ошондо кайра кайрылат, кайрылбай койбойт.

Өзгөчө дүйнөлөштүрүү, глобализацияга туруштук берүү үчүн, ошондон өзүнүн улуттук касиетин сактап калуу үчүн өзүнүн адабиятына кайрылыш керек. Ансыз болбойт. Эгерде антпесек анда биз жоголобуз. Бизде азыр жаман көрүнүш болуп атпайбы, Маданият министрлигин, Улуттук тил комиссиясын, ЮНЕСКО боюнча улуттук комиссияны, Кыргыз архивин, Туризм агенттигин жойуп салды. Мына ушуну менен биздин улуттук пайдубалга катуу балта чабылды. Муну ким чаап атат - биз билип эле турабыз.

Турусбек Мадылбай: Идеология жоголуп баратканынын белгиси. Аны жоготуп аткан атайын күчтөр бар, атайын саясат.

“Азаттык”: Атайын саясат бар деп ойлойсуздар. Бул биздин ичибиздеби, же сырттан келген күчпү?

Казат Акматов: Бул сырттан келип атат. Мисалы, биздин улуттук сезимибизди көкүрөгүбүздөн алып салса эле болду - биз жерибизди коргой албай калабыз. Алар жерибизди оңой эле алып коет. Бул жерди эч ким коргобойт, бул жер үчүн эч ким күйбөйт, эч ким сүйбөй калат, бул жерден кетип калат, патриоттор жоголот. Ошондо жерди байлыгы менен кошо алып коет. Ошондой саясат жүрүп атат. Бизде сырттагы глобалисттердин өкүлдөрү чоң болуп кызматка келип атышат.

“Азаттык”: Казат агай, ошол эле маалда Кыргызстан көп улуттуу мамлекет экенин да эстен чыгарбашыбыз керек. Бул - реалдуулук, 80ден ашык улут жашайт. Ошону кантип айкалыштырыш керек? Өзүнчө улут дегенди түзүшүбүз керек деген да сөз болуп атат.

Казат Акматов: Ал 80 улут деген жөн эле сөз. Болгону 3 эл жашайт: кыргыз, өзбек, орус жана анча-мынча уйгурлар бар. Кыргыздын жерин, байлыгын сактап калып, көбөйтүү үчүн ошол 80 улуттардын бардыгы чогуу аракет кылыш керек.

“Азаттык”: Каалайбызбы, каалабайбызбы азыр жаңы заман, жаңы доор келатат, IT технологиянын заманы. Интернет биздин күнүмдүк турмушка кирди. Сиз кандай деп ойлойсуз, интернет менен адабият бири-бирине карама-каршыбы, же аны айкалыштырып, жакшылап жолун таап иштетсе болобу?
Мурун бир кезде жазуучулар абдан абройлуу болгон. Бул Чыңгыз Айтматовдун атына байланыштуу болсо керек.


Турусбек Мадылбай: Айкалыштырса болот. Ага мен түздөн-түз өзүм катышып атам. Себеби жөн эле чанып, “жок, интернет деген бул туура эмес, элди бузуп атат” деп тескери бурулуп алсаң баары бир интернет кетип калбайт. Ошон үчүн мен андан көрө интернетти айкалыштырып, кайра адабиятка жардам бердирүү жолуна түштүм.

Азыр Олег Бондаренко деген экөөбүз “Кыргызстандын жаңы адабияты” деген портал түздүк. Мен кыргызчасынын, ал орусчасынын редактору. Азыр өзбек тилинде да чыгара баштадык. Кыргызстандын адабиятын ошол жерге чыгарып атабыз.

Бир өкүнүчтүү жери - орус тилдүү адабиятты көп берип атышат. Ал алдыга кеткендигиби, же орус тилдүүлөрдүн түшүнүктүүлүгүбү, же кыргыздардын баягы эле ыкшоолугубу, айтор кыргыз тилиндеги адабият азыраак.

“Азаттык”: Казат агай, сиздин акыркы романыңыз интернетте барбы?

Казат Акматов: Бар.

“Азаттык”: Мисалы, кайдан тапса болот?

Казат Акматов: “Литературный Кыргызстандын” сайтында.

Турусбек Мадылбай: Мен сиздин чыгармаңызды ошол жерден алып окудум.

Жазуучунун укугун жазуучу гана коргойбу?

“Азаттык”: Автордук укук кантип сакталган? Макул, интернетке жайгаштырдыңыздар. Бирок ошонун автордук укугу кантип сакталып атат? Ошол жерден, мисалы, бирөө көчүрүп алып, аны китеп кылып басып, ал сатылып кетсе кантип корголот?

Казат Акматов: Баягы күнү Кыргызпатент бир макала жарыялады. Анда азыр интернеттен алып баса берет, Акматов дегенди өчүрүп туруп эле, Гейтс деп баса берет дейт. Эч ким эч нерсе кылалбайт. Эгерде мен сотко берсем, сотко берүү үчүн көп акча керек да мага.

“Азаттык”: Бул арзыбаган акча.

Казат Акматов: 200 доллар айып пул салынат экен. Ошон үчүн, мына, Турусбектер бизден чыгармаңарды бергиле деп сурап атат. Ошондой эле маселени Москванын Думасы карады, ал жерде Дума интернетке бербегиле, себеби дүйнөгө тарап кетип, ала берет экен деп тыйуу салды.

“Азаттык”: Турусбек мырза, бул маселе боюнча сиз кандай ойдосуз?

Турусбек Мадылбай: Мен ушул жерде бир аз каяша айтып койойун. Казат Акматович, сиз “Архатты” интернетке, биздин порталга бербей койдуңуз, бирок “Литературный Кыргызстандын” порталында чыкты. Мейли ага деле бербей койуңуз. Бирок китеп кылып чыгардыңыз да. Китебиңизден эмнеге уурдабайт да, анан эле сөзсүз интернеттен уурдап алат?
Жазуучулар жакшы чыгарма жазсак, көбөйсөк эл өзү кызыгып тартылат.


Китебиңизди алат да көчүрүп алат. Көчүрүп ала турган, уурдай турган киши жалаң эле интернеттен эмес, китептен деле алат. Дүкөндөн нускадан барат да, сиздин китебиңизди сатып алат, алып барып Отто, же Шмит болуп чыгарып алат. Уурдай турган кишиге эч тоскоолдук кылалбайт.

Андан көрө, тескерисинче, кайра порталга чыгарса айкындуулук пайда болот. Чыкканда бизде мүнөтүнө чейин ушул интернетке кайсы күнү, кайсы мүнөттө киргизилгени жазылуу. Ошондо сиздики мурун жазылып турган болсо, бир жыл, же жарым жыл, же үч айдан кийинби бөлөк бирөөнүкү чыкса билинип калат, сиз “меники бул жылда чыккан, мунуку кийин чыккан, мен мындан көчүрүп алалбайм, ал бул жерден көчүрүп алды” деп сотто далилдей аласыз.



Уурулук менен маалымдуулуктун айырмасы

“Азаттык”: Казат агай, сиздин акыркы “Архат” деген романыңыз боюнча азыр басма сөздө ар кандай пикирлер айтылып атат. Менин колумда бул романыңыз турат, аны “Кыргызстан жаңы адабияты” деген порталдан алдым. Ошонун сын бөлүгүндө Дүйшөке Дөкөнбаевдин “тойдон кийинки сөз” деген чакан сын макаласы жарыяланыптыр. Бул жерде Кайрил Генри Хоскиндин Лобсанг Рампанын “Үчүнчү көз” деген чыгармасынын негизинде “Архат” жазылган, идеясы, чыгарманын өзөгү ошонун негизинде түзүлгөн деп айтып атат. Буга кандай деп жооп бересиз?

Казат Акматов: Бул жөнүндө жарым жылдан ашык жазып атышат. Бул Токтогул сыйлыгын талашуудан келип чыкты. Ал жерде Омор Султанов экөөбүз талашып калдык. Ошол жерден “Архатты” жамандап, Токтогул сыйлыгынан алып салыш үчүн аракет жасашты да, ушуну уюштурушту. Мен жарым жыл бою унчукпай келгем.

Анан баягы күнү унчукпай койсом улана берет экен дедим да, жооп бердим, менден мурун башкалар жооп берген. Ошондо Рампанын китебине окшош 7 сүйлөм бар экен. Адилет Тибетте монастырда окуйт. Рампа да монастырда окуптур. Окуп атканда мектептин миң окуучунун жумушу, окуу программасы окшош болот. Ошондон жети сүйлөм табышыптыр.

“Азаттык”: Сиз бул кокусунан деп айтасызбы?

Казат Акматов: Тибетте үчүнчү көздү ачкан технология бар. Ошол жерди Рампанын китебинен алдым деп көрсөткөм, шилтеме жасагам.

“Азаттык”: Демек сиз Рампанын китебин чыгарманы жазганга чейин окугансыз, тааныш болгонсуз?

Казат Акматов: Окуп, казып, мен окуу программаны ошол жерден таптым. Башка мектеп китептен таппай койдум. Мен Рампанын китебинен окуу жараянын алдым деп айтып, азыр да жазып атам.

“Азаттык”: Дүйнөлүк адабиятта ушундай окшоштук, талаш көрүнүштөр барбы?

Турусбек Мадылбай: Болуш керек, бул бар. Мен азыр Казат Акматович тараптагы сөздү айткым келип турат. Мен романды окуп чыктым. Эгер жети сүйлөм окшош болсо эле көчүрүп алды дей бере турган болсок, анда Айтматовдун деле чыгармаларындагы жети сүйлөмү мүмкүн французга, же оруска окшош. Мисалы, мен тактап деле айтып берейин, “Прощай, Гулсарыда” “шел старый человек на старой телеге, по старой дороге” дегендердин бардыгы Иван Буниндин “Перевал” деген аңгемесинен алынган.
Биздин улуттук сезимибизди көкүрөгүбүздөн алып салса эле болду - биз жерибизди коргой албай калабыз.


Аны түздөн-түз Айтматов көрсөтө белгилеген. Иван Бунинди абдан сыйлачу, мактачу. Жокко чыгарчу эмес. Бирок көчүрүп алды деп эч качан айтууга болбойт. Себеби мен деле романдарымды жазыш үчүн ириде бирөөнүн тарыхый изилдөөлөрүн, бирөөнүн сүрөттөмөлөрүн окуп чыгам. Болбосо мен дүйнөнүн бардыгын эле билип койбойм да.

“Азаттык”: Бул баягы бирөөдөн таасир алуу деген нерсе турбайбы.

Турусбек Мадылбай: Таасир алуу, үйрөнүү, маалымат алуу. Кээде бир маалыматты кайдан алабыз, бул киши өзү барып алып монастырда кечил болуп, ал жерде жүрбөсө, ошол киши жөнүндө жазгысы келгенде кечилдин жазганын алып кошуп коет да.

“Азаттык”: Мындайча айтканда, плагиат, уурдап алуу менен таасирленүүнүн ортосу кандай? Кантип чекти аныктаса болот?

Турусбек Малдыбай: Плагиат дегенди мен айтып берейин. Менин “Илек-илек” деген аңгемемди бир үтүрүн, бир чекитин өзгөртпөй, болгону кармандардын атын гана алмаштырып коюп, “Тагдыр” деген ат менен “Кыргызстан маданиятына” чыгып кеткен. Мына ушуну плагиат десе болот. Кийин мойнуна алышкан, менден кечирим сурашкан.

“Азаттык”: Автору барбы?

Турусбек Малдыбай: Автору бар, атын айтпай эле коеюн. Ал кишини кийин эч жакка жолотпой, куугунтукташты. Ошону плагиат десе болот. Менден кечирим сурашты. Анан мүмкүн менин “Күкүнүс” романымда, же башка чыгармаларымда жети сүйлөмү мүмкүн Эшматов, же Ташматовдукуна окшошуп тургандыр.

“Азаттык”: Мен ошол “Күкүнүс” романдын башын окуп көрдүм. Эми тил маселесине келели. Мен ошол романыңыздан зумуруд, ашкурук, зериза, күзөр деген сөздөрдү окудум. Бул биринчи эле беттеги сөздөр. Мен аны окугандан кийин өзүмдү сөздү ушунчалык аз биле турган кишиминби деп уялып калдым. Окурмандын алдына сиздер жаңы милдеттерди койосуздарбы? Ошондон ары окурман кайра жаңы сөздүктөрдү аңтарып, өзүнүн билимин өркүндөтүш керекпи, же башкача да мамиле зарылбы?

Турусбек Мадылбай: Мен А.С.Пушкиндин жазуучу элди ээрчибеш керек, жазуучу элди ээрчитиш керек деген принцибине таяндым. Ошон үчүн мен элди ээрчибейин, элди ээрчитейин дедим. Элди ээрчисем, “жол-жол” деген сөздөн башканы жазбай калам. Ошон үчүн мен ээрчитейин деп кыргыздын нукура, түпкүлүк сөздөрүн пайдаландым.

Тил байлыгы – жазуучунун эмгеги

“Азаттык”: Казат ага, ашкурук, зеризе, зумуруд, гүзар деген сөздөрдү билесизби?

Казат Акматов: Мен да окуп алып, Турусбектин китебинен көп сөздөрдү өзүмө көчүрүп алдым. Мен армияда офицер болуп жүрүп чыгармачылыгымды баштагам. Жаза келсем кыргыздын тилин билбейт экемин. Анан “Сынган кылычты”, баланчаны-түкүнчөнү, бардык китептерди алып, анан ошол жердеги сөздөрдөн өзүмө сөздүк жасап алдым. Менин сөздүгүм чоң, азыр да ошого сөздөрдү кошуп атам. Мен азыр да кыргыз тилин толук билбейм. Мына, мен жазуучу болуп жүргөнүмө 40 жыл болду.
“Жылдын эң мыкты адамы” дегендин бардыгы эле саясатчыларды көрсөтөт.


“Азаттык”: Казат агай, ушундай сөздөрдү издегенде, мисалы, айрымдар айтышат, “Манас” эпосун эталон катары кабыл алышат. Бирок “Манастын” өзүндө да жок сөздөр болуп атат. Эми ошону кандай кылышыбыз керек?

Казат Акматов: Ар бир китепте жаңы сөз табылат.

“Азаттык”: Тил ошентип байып жүрөбү?

Казат Акматов: Чыңгыз Айтматовдун “Бозтери” деген мастер-классында сабак бердим, ошол жердеги балдардын бардыгына мен өзүм сөздүк жасаттым. Ар бир жазуучу өзүнүн сөздүгүн жасап алмайынча, калп эле “мен кыргызмын, кыргыз тилин биллем” деген болбойт.

“Азаттык”: Адабияттын бизге жазуу, орфографиялык эрежелердин сакталышы боюнча жаңы бир милдет, тапшырмасы койот экен. Тил - бул тартип, эреже. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

Казат Акматов: Орфография боюнча 10 жыл согуштук. Ошол эле тилчилер өздөрүнүн талабы менен жаңы орфографиялык эрежелерди чыгарганбыз, аны парламент бекиткен. Анан чыккандан кийин эки-үчөө кайра чатак чыгарды.

Мисалы, Ысык-Көлдү чогуу жазалы десек, компьютерге чогуу жазган жакшы экен да, анан кайра эки эле киши “бул эреже жаман, окубагыла” деген чакырыктарды жасашты. Анан ошонун айынан кайра карап атабыз.

Турусбек Мадылбай: Мурунку бойдон эле калса деген ойдомун. Себеби Ысык-Көл көлү деп айтылат, эки жолу көл айтылып атат, ал эмне деген? Ала-Тоо, Кара-Тоо деп тоолордун аттары кетип атат, анан Соң-Көл, Ысык-Көл, Чатыр-Көл деп көлдөрдүкү кетип атат.

Жалпылаштырып койгондо, биринчиден, сөздөр өтө узун болуп калат экен. Жалалабад деп кээде айталбай каласың. Жалалабад деген чогуу жазып койсок, түшүнө албай каласың, ал эми тире менен жазылганда ал Жалал-Абад шаары болуп калат.

“Азаттык”: Компьютер, ааламдашуу, дүйнөлөшүү жөнүндө айттык. Латын ариби тууралуу да пикирлер айтыла калып жүрөт. Эртеби-кечпи өтүшүбүз керекпи, же мунун зарылчыгы жокпу?

Казат Акматов: Эртели-кеч өтүшүбүз керек. Себеби бул латын алфавити абдан өздөштүрүлгөн, жетишкен, дүйнөлүк үч алфавиттин бирөө ушул да. Ошого өтүшүбүз керек. Себеби түрк тили абдан жатык. Ошон үчүн бул маселени коюп келатабыз. Азырынча экономикалык жаткан мүмкүнчүлүк жок деп эле шылтоо болуп келатат. Болбосо казактар, өзбектер өтө башташты, Азербайжан өтүп кеткен.

“Азаттык”: Компьютерде деле латын арибинде өзүнчө сүйлөшүп атабыз, демек пайда болуп калды, өзүнчө эрежелер иштеле баштады дегендей. Сиздин пикириңиз кандай?

Турусбек Мадылбай: Мен деле ушуга кошулат элем. Латынга өтүш керек. Себеби биринчиден, балдар латын тамгасын тез үйрөнөт, англис башка европалык тилдерине үйрөнгөнгө тезирээк өтөт.

Экинчиден, компьютерди өздөштүргөн оңой болот. Үчүнчүдөн, бул - саясий иш. Илгери бизди өзүнүн адабиятын, тилин, бири-бирин түшүнбөй калсын деп, ар кандай арибге өткөрүп койгон. Ошонун негизинде элдер бири-бирибизден чын эле алыстап калдык. Мына ошол эле коңшу бир тууган түрк элинен биз бөлөк болуп калдык, биз аларды түшүнбөйбүз, алар бизди түшүнбөйт.

Казат Акматов: Казак да түшүнбөйт бизди, биз казакты окуй албайбыз.

Турусбек Мадылбай: Болбосо сүйлөшө келсек эле түшүнүктүү. Жаза келсек түшүнбөйбүз.

“Азаттык”: Рахмат сиздерге.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG