Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:02

“Азаттык” үналгысынын кезектеги чыгарылышы Кыргызстандын кино тармагындагы маселелерине арналды.

Талкууга катышкандар:




Кыргыз кино департаментинин директору Абибилла Пазылов





Кинорежиссер Темир Бирназаров





“Азаттык”:
Абибилла мырза, биз билгенден кинону жандандырууга акыркы 3-4 жылда бюджеттен каражат бөлүнө баштады. Ошонун көлөмү канча болуп атат? Ал кандай негизде бөлүнүп, эмнелерге жумшалып атат?

Абибилла Пазылов: Туура айтасыңар, кийинки 2-3 жылда, айрыкча март ыңкылабынан кийин азыркы өкмөтүбүз кино өндүрүшүнө акча бөлүп берүүнү колго алды. Бул биздин кинону мамлекет тарабынан колдоо боюнча атайын мыйзамдын негизинде болуп атат.

2009-жылы биз 20 миллионго чейин акча алдык. Бирок мен дароо айтып кетишим керек 0,1 пайызын алышыбыз керек. Бул былтыркы боюнча 42-43 миллионду түзүш керек. Мыйзам бул жерде аткарылган жок. Бирок кийинки мезгилде мурда болбогондой бюджеттен акча бөлүү жагы бир аз жолго коюлуп баратат.

“Азаттык”: Темир мырза, сиз режиссер катары мамлекеттен кандайдыр бир жардам алып, ошонун убайын, акыбетин көрүп атасызбы?

Темир Бирназаров: Мына, бул киши мынча миллион алып атабыз деп айтты. Бирок, тилекке каршы, миллиард берсе да жыйынтыгы болбойт. Ошонун жыйынтыгы көзгө көрүнбөй атат. Мурунку эле жеке менчик кинокомпаниялардын иштери көрүнүп, бизде болсо ушуга чейин ызы-чуу менен келатат.

“Азаттык”: Сиз мамлекеттик мекемелерди айтып атасызбы?

Темир Бирназаров: Туура, бул киши жетектеген Кыргыз кино департаментин айтып атам.
Эгер жакшы кино, жакшы режиссер болсо жакшы актерлорду таап чыгат, жакшы оператор болсо жакшы тартат.


“Азаттык”: Абибилла мырза, азыр сиздер тарапка, сиздер иштеген мамлекеттик структураларга режиссер катары Темир мырза өзүнүн пикирин айтты. Эмне себептен ушундай ызы-чуу көп болуп, эмне себептен ошол акчалардын кайтарымы болбой атат? 2008-2009-жылдары канча тасма тартылды?

Абибилла Пазылов: 2009-жылы биз тогуз кино долбоорунун үстүнөн иштедик. Ошонун алтоон ийгиликтүү бүтүрдүк. Алты фильм тартылды. Биринчи кезекте Эрнис Абдыжапаровдун “Уурунун махабаты”, Бакыт Карагулов “Жусупбек Бакиев” фондусу менен бирге “Бешик” тасмасын кошо тартты. Ошондой эле Наргиза Маматкулованын “Сөйкө” деген тасмасын Швейцария бюросу менен бирге тарттык.

Андан тышкары 3 даректүү тасма тартылды. Биринчиси, Болот Алимбаевдин “Зилзала” деген тасмасы. Андан кийин Тажикстандагы кыргыздар тууралуу “Боордош” деген тасма. Өткөн жылы биз көзү тирүүсүндө өзүбүздүн ардагерлерди тартып алсак деп сүйлөштүк эле. Былтыр Кадыржан Кыдыралиев жөнүндө кино тартканбыз, быйыл мультфильмдерди биринчи баштаган Сагын Ишенов жөнүндө тасманы бүтүрдүк.

Мындан сырткары үч тасма быйыл бүттү. Алардын негизгиси - бул Болот Шамшиевдин “Жаңгак токоюнун элестери”. Болот Шамшиевдин тасмасы өткөн жылы июлда башталган эле. Бирок айрым себептер менен туруп калган. Бирок Болот Шамшиев айткан камераны алып берип, быйыл улантканы турабыз. Андан тышкары “Биз бүкүрдү кантип үйлөнттүк” деген тасманын даярдык мезгилин бүтүрдүк. Ошондой эле “Тоо” деген Замир Эралиевдин тасмасын тартып бүтүп, эми монтаж иштери калды.

Дал келбеген математика

“Азаттык”: Мына, азыр айтып отурса, бир топ иштер жасалган экен. Бир топ тасмаларды айтты. Демек иш жүрүп жаткан турбайбы?

Темир Бирназаров: Муну абстрактный отчет деп койсок болот. Бул киши өзүнүкүн коргоп атат. Бул киши мамлекеттик чиновник болгондон кийин жетекчи катары булар айта турган сөздөрү. Мына, Эрнис Абдыжапаровдун “Уурунун махабаты” деген тасмасы азыркыга чейин карызга батып, эмгиче эмгек акыларын төлөй албай, ар кимге карыз болуп жүрөт.

Экинчиси, Наргиза Маматкулова деп айтты, тематика боюнча 4-5 жаштардын фильми дебют катары кетмек. Артык Сүйүндүков агайыбыз швейцариялык фонддон 2 миң доллар берет. 2 миң доллардын үстүнө дагы бир миң доллар кошсо кыска метраждуу 20 мүнөттүк фильм тартылат. Анан студия тараптан, бул киши тараптан канчалык деңгээлде жардам болду - бул белгисиз.
Мына, бул киши мынча миллион алып атабыз деп айтты. Бирок, тилекке каршы, миллиард берсе да жыйынтыгы болбойт.


“Зилзала” - бул даректүү тасма. Муну мамлекеттик заказ деп айтсак болот. “Зилзала” жакшы фильм. Бул бүттү. “Бешик” бул толугу менен эле “Жусуп Бакиев” атындагы фонд тарабынан болду. Анан буга канча акча коромжу болгонун билбейм. Анткени ар бир кыска метраждуу тасманын жалпы бюджети, мисалы жеке менчик кинокомпанияларда тартылса ашып кетсе 400-500 миң сом. Мен дагы бир нерсени түшүндүрөйүн. Мисалы, мамлекет тарабынан 20 мүнөттүк фильмдин сметасын булар 2-3 миллионго чейин чыгарып жиберишет.

“Азаттык”: Ошондой мисалдар барбы? 2-3 млн. короду деген тасмалар барбы?

Темир Бирназаров: Менин компаниямда азыр кыска метраждуу тасманы 3 бала тартып атат.

“Азаттык”: Менин компаниям дегенди түшүндүрсөңүз.

Темир Бирназаров: Мен “Тазар” кинокомпаниясынын жетекчиси катары айтып атам. Бул жеке менчик компания. Мен балдарды окуткам, азыр үчөө тартып атат. 15-20 мүнөттөн 3 тасма кое бердик. Ар бирине 3 миң доллардан кетип атат. Бул 120-150 миң сомдун тегерегинде. Ошондой эле фильмди бул кишилер азыр 2-3 миллион деп отчет берет.

"Азаттыктын" архивинен: "Кыргыз керемети": Кечээ, бүгүн, эртең

"Азаттык+" жаштар берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы кыргыз киносунун бүгүнкү абалына арналды. Назарыңыздарга ошол берүүгө кирген баянды сунуш кылабыз. SA.



“Азаттык”: Ошол фильмдин атын айта аласызбы?

Темир Бирназаров: “Бешик” канчага тартылды, мисалы?

Абибилла Пазылов: Акча жагына келели. Менде Э.Абдыжапаров карызга батып жүрөт деген маалымат жок. Менде Э.Абдыжапаров азыр РТРдин “Гаишник” деген жаңы фильмин тартып атат деген маалымат бар. Карыз болгон киши антип тарталбайт. Биз Эрнис Абдыжапаровго 3 млн. 300 миң чоң фильм бердик, бир жарым сааттык. Бакыт Карагуловдун 40-45 мүнөттүк тасмасына биз 300 миң бердик, бир жарым миллионун “Жусуп Бакиев” фондусу берди. Андан тышкары “Зилзалага” 400 миңге жакын акча бөлдүк.

“Боордош” деген фильмибиз 108 миңге бүттү. Ал эми Наргизага 230 миң бердик, Швейцария бюросу да кошту. Ал эми “Из” деген тасма 200 миң менен бүттү. Биз да айтып коюшубуз керек, маселен 30 мүнөттүк даректүү тасма – орточо 360 миңди түзөт. Бул – стандарт.

“Азаттык”: Ал стандартты ким түзгөн?

Абибилла Пазылов: Ал стандарт атайын биздин уюмдар тарабынан бекитилген, иштелип чыккан. Туура, кээде андан ашып кетиши мүмкүн, кем болуп калышы мүмкүн. Бирок азыр Темир айтып аткан акчасы жеке менчик студиялардай эле кетет.

“Азаттык”: Абибилла мырза, жыл сайын сиздер 2010-11-жылы мынча фильм тартабыз, ушуга мынча каражат кетет деп алдыга план түзөсүздөр да. Бирок ошол тасмалар кантип аныкталат. Сиздерде көркөм кеңеш сыяктуу орган барбы?

Абибилла Пазылов: Бизде редакция иштейт. Киностудиябызда башкы редактор бар. Сунуштар, синопсистер, либреттолор ошол жерге келип түшөт. Эгерде ошол редактор туура деп тапса, редакциянын бүтүмү болсо, анда ал көркөм кеңешке коюлат. Көркөм кеңешке коюлуп ошол сценарийди жактырса, мына Темирдин “Белгисиз багыты” да ошентип өткөн, жогору турган уюмга, же департаментке киностудия өзүнүн сунушун берет. Ошол сунуш каралып көрүп, биз ошол сунушту акчасын кандай кылалы деп экономисттер менен чечип, ошого жараша акчасын бөлүп беребиз.



Колдон чыгарылбаган мүмкүнчүлүктөр

“Азаттык”: Темир мырза, көркөм кеңешти тандоо, кайсы фильмдерге канча акча жумашала турганы айтылып өттү. Сиздин айта турган кандай пикириңиз бар?

Темир Бирназаров: Мына, бул киши айтып кетпедиби, өзүнүн эрежелери бар деп. Анан бул кишиге дагы бир суроо бергим келет: ар бир кыска метраждуу тасмага 250-300 миң сомдун тегереги деп айтып кетти. Ашып кетсе 500 миң болушу мүмкүн. Анда “Тоо” деген фильмге канча кетти?
Мен чогулуштарда да киночуларга айтып жүрөм, Замир Эралиевдин менеджерлик жагы анча жакшы эмес экен.


Абибилла Пазылов: Бул жерде суроону көбүнчө Кубат берсе болот эле. Бирок Темир мырза суроо берип калганына байланыштуу жооп берейин. Замир Эралиевди өзүң дагы жакшы билесиң, учурунда мага чейин президент болуп турган. Ошол “Тоо” деген фильмине бир жарым миллион бөлүп, Кыргыз кино директору катары өзүнө туура эмес буйрук берип, президент учурунда акча бөлүп алган учурдан баштап ошол чатак болуп келатат.

Бир жарым миллионду биз да санап көрдүк, “Тоонун” сценарийин окуп көрсөк, бүтпөй калган. Быйыл биз 250 миң кошумча бөлүп бердик. Себеби бир жарым миллионду кетирип, режиссер да өзү бир аз менеджер, өзү продюсер болушу керек. Мен чогулуштарда да киночуларга айтып жүрөм, Замир Эралиевдин менеджерлик жагы анча жакшы эмес экен. Ошондон улам ушундай чыгып атат.

“Азаттык”: Сиз жакшы маалымат бердиңиз. Мындай ой келип атат да, демек мамлекет тарабынан сиздер ошол режиссерго ишеним артып акча бөлүп берет экенсиздер. Бирок ошол долбоор аяктайбы, аяктаса канчага, кандай сапатка аяктайт? Ошону сурап алуунун механизми барбы?

Абибилла Пазылов: Сөзсүз бар. Себеби ошол эле көркөм кеңеш, ошол эле киностудиянын жетекчилиги, департаменттин жетекчилиги кайрадан карап көрүп, кайра кабыл алабыз. Бардык тасмалар ошондой кабыл алынып, анан кийин прокатка коюлат.

“Азаттык”: Сизде кандай пикир бар?

Темир Бирназаров: “Бүкүр” деген тасманы Карагулов “Кыргызфильм” киностудиясынын директору болуп туруп өзүн өзү чыгарган. Бул киши жетекчи болгондон кийин башка режиссерлорго шарт түзүш керек. Бул киши айтып атат даярдоо убакыт бүттү деп. Канчалык деңгээлде бүттү, канчалык каражат кетти – белгисиз.

“Азаттык”: Сиз көркөм кеңештин мүчөсүзбү?

Темир Бирназаров: Жок, азыр мүчөсү эмесмин.

“Азаттык”: Абибилла мырза, “Кыргызфильм” студиясынын имараты, анын иши жөнүндө бир басма сөздө пикирлер айтылып жүрөт. Ал пикирди Темир Бирназаров “Аят пресс” гезитине да маек куруп, маалымдаптыр. Ошол жерде эки чоң имарат бар экен. Анын айланасында чоң короосу бар экен. Ал жер машинаны убактылуу кое турган жайга айланып кетиптир. Күнүгө 70-80ге жакын машина турат экен. Ал 20 сомдон төлөсө эле, айына 50-60 миң сомдун тегерегинде акча түшөт дейт. Бир жылда болсо 500-600 миң акча түшөт экен. Ошол акча кайда?

Абибилла Пазылов: Улуттук киностудиянын Жобосу өкмөттөн бекитилип, атайын мамлекеттик ишкана катары бардык өзүнүн чарбалык иштерине өзү жооп бере турган уюм. Ошон үчүн бардык ижарачылар менен түзгөн келишимдерди өздөрү түзөт. Алар бизге атайын көрсөтпөйт.

Быйыл киностудия ижарадан миллионго жакын акча түшүрдү. Биз ошондой отчетун алып турабыз. Бирок канчалык деңгээлде ушулардын бардыгы мыйзамга дал келип атканы келишимдерде жазылып турат. Бирок Темир айтканынын бир жери тура. Киностудия да ижараны көбүрөк берип, көбүрөк акча тапканга жана ошол тапкан акчаларын өздөрүнүн ремонтуна жана башка чарба жумуштарына кетирүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

“Азаттык”: Жаңы кино тартканга ошол акчаны эмне үчүн жумшаганга болбосун?
Улуттук телеканал менен да, ЭлТР менен да быйылдан баштап биз “Биздин кино” деген долбоордун үстүнөн иштеп атабыз.


Абибилла Пазылов: Бул атайын жобонун негизинде бардык мекемелерде ошондой. Кино тартууга мен да эки көзүм төрт болуп турат. Кино тартканга, жок дегенде даректүү тасмага ижарадан акча болсо деп каалайм. Бирок жобонун негизинде ал акчаны биз кино тартууга бөлө албайбыз.

“Азаттык”: Темир мырза, ушул маселени сиз басма сөздөн тышкары кайсы жерлерде козгодуңуз? Өзүңүз көркөм кеңештин мүчөсү катары балким сизде таасир көрсөтө турган механизмдер болгондур?

Темир Бирназаров: Тилекке каршы, мага окшогон режиссерлор ушундай жерлерге келип айта алабыз теледен, же гезит беттеринен. Бирок түздөн түз таасир бере турган бизде рычаг жок.

Дайынсыз жок болгон акча, табалбаган төрага

“Азаттык”: Мисалы, “Кыргызфильмдин” жетекчилиги эч кимге отчет бербейби?

Темир Бирназаров: Бул кишиге бериш керек болчу. Мен азыр “Бүкүргө” канча акча кетти, канча этабы бүттү, эми мындан ары уланабы, уланбайбы, же королгон акча ошондон ары жоголобу деп сурап атпаймбы.

Абибилла Пазылов: “Бүкүр” боюнча мен айтып коеюн. “Биз бүкүрдү кантип үйлөнттүк” деген тасма менен “Тоо” аттуу тасма бирдей жарышка түшкөн. Бул учурда Эралиев ошол жерде президент, Карагулов директор болгон. Азыркыга чейин директор. Мен келип ошол акчаны бөлүштүрө баштаган учурда, булар ал акчаларын алып, иштетип, тарта баштаган учур болгон.

Эми булар да чоң режиссер болуп, буга чейин кино тартып жүргөндүктөн, мен “ушунча акча короткондон кийин булар ошонун аягына жетсин” деп ойлодум. “Бүкүр” да бир жарым миллион алган, “Тоо”да бир жарым миллион алган. Акчасынын эсеби бар, канча кеткени белгилүү. Ал биздин көзөмөлүбүздө турат.

"Азаттыктын" архивинен: Голливуд тасмалары кыргыз тилинде сүйлөйт

"Азаттык+" жаштар берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы "Кыргыз керемети: Кечээ, бүгүн, эртең" деген темада болду. Анда кыргыз киносунун азыркы абалы кеңири талкууга алынды. ZMa, JA, MiT.



“Азаттык”: Кыргыз кинематографисттер союзунун мурдагы төрайымы Гүлсара Ажыбекова, биз ал кишини киноактриса катары урматтайбыз, мен да урматтайм, 90 миң долларды үйүнөн уурдатып жиберген. Ошол акчанын дайыны билиндиби? Гүлсара айым “Ыңгайсыз суроолорго” келип жооп берген. Бирок мен акыркы маалыматтарды билгим келип турат. Сот тарабынан, же тергөө органдары тарабынанбы балким уурдагандар кармалгандыр? Кандай маалыматыңыздар бар?

Абибилла Пазылов: Менин маалыматым боюнча, бул - коомдук уюмдун акчасы. Буга биздин мамлекеттик түзүм кирише албайт. Бирок бул анча жакшы окуя болбой, ушул күнгө чейин уланып келатат. Кинематографисттер союзунун мүчөлөрү бар, башкармалыктар бар, ошолор жакшылап киришсе, же ары, же бери кыла турган маселе деп ойлойм.

Темир Бирназаров: Мен ошол союздун мүчөсү катары айтып кетет элем: буга тикелей жооп бере турган Бапанов деген биздин төрагабыз бар. Бул киши экинчи мөөнөткө төрага болуп отурат. Мурун биринчи мөөнөттө отуруп, ушул ишти аягына чейин алып барайын деп экинчи мөөнөткө да отурган. Тилекке каршы, ал кишинин эмне кылып атканы белгисиз. Ошондуктан биз отчетту талап кылып, курултай чакырдык, ал киши жакында келет экен, ошондо билинет го деп ойлоп атам.

“Азаттык”: Балким ушул союздун эмне иш кылып атканын сиз билет чыгарсыз?

Абибилла Пазылов: Тилекке каршы, мен кинематографисттер союзунун мүчөсү эмесмин. Бирок департаменттин жетекчиси катары мен союз менен тыгыз байланышта иштөөгө чакырылгам. Азыр эми союзга мамлекет тарабынан каржы бөлүнүп, мурдагыдай жардам жок. Ошентсе да союз чыгармачылык иштер менен көбүрөөк алектенсе абдан жакшы болот эле.
“Бүкүр” да бир жарым миллион алган, “Тоо”да бир жарым миллион алган.


Союздун алдында драматургия боюнча өзүнчө секция, режиссерлордун өзүнчө чыгармачылык секциялары иштеп, мына биз тартып аткан кинолордун кандай экендигин, биз эле эмес жалпы эле киностудиялар чыгып атканын улам талкуулап, улам кандайдыр бир өзүнүн баасын берип турса абдан жакшы болот эле.

Атүгүл биз бет ачарларын өткөргөн тасмаларга да союздун башкмармалыгы араң келет, эгер келсе... Чукул чакырылган курултайды албетте чыгармачыл адам катары жактайм. Себеби союздун ишин да жөнгө салуу боло турган учур келди го деп ойлойм.



Кино тарттым – акча таптым

“Азаттык”: Темир мырза, соңку убакта анча-мынча каражаты барлар, бирок тийиштүү билими жоктор өз алдынча тасма тартып атышат. Ал тасмалар Бишкектеги, же кээ бир эл аралык кинотеатрларга койулуп, көрөрмандарга сунушталып атат. Ушунун өзүн сиз туура деп эсептейсизби?

Темир Бирназаров: Биз азыр демократиялык мамлекетте жашап жаткандыктан бизде цензура деген жок. Бизде кинону искусство катары көргөндөр да, аны бизнес катары көргөндөр да бар. Азыр биз эч кимге “кой-ай” деп айта албайбыз. Анткени акчасы барлар режиссер болуп кино тартып атышат. Кээ бирөө идеясына, улуттук өзгөчөлүгүбүзгө, идеологияга басым жасайбыз. Ал эми башка типтеги режиссерлор бар, аларды режиссер дебей, бизнесмен деп айтсак болот.

“Азаттык”: Абибилла мырза, азыр айтылган маселе боюнча өзүңөрдүн мамлекеттик саясат барбы, же кимдин колунда акча болсо ошого эркиндик берилгенби? Текшерип, сапат жагына, көркөмдүк жагына, табитке караган маселелер барбы?

Абибилла Пазылов: Эң негизи мен сан бара-бара сапатка өтүшүнө ишенем. Эгерде биз табитти бузуп аткан, эптемей кинолор бар десек, анда биздин таланттуу режиссерлорубуз көбүрөк жакшы фильмдерди тартышы керек. Эгерде биз көбүрөк жакшы фильмдерди тартсак, ошол жакшы тасмаларга эл көбүрөк барып, ошол элге багыт болуп, жаман тасмаларды азыраак көрөт элек.

“Азаттык”: Мамлекет, же мамлекеттик органдар сиздерге окшогон талантуу режиссер менен акчаны көздөгөн режиссердун ортосундагы айырманы билип, ошол талантуу режиссерлерго колдоо көрсөтүү механизми барбы?

Абибилла Пазылов: Механизм ошондой да, мамлекет өзү каражатты бөлүп атканда таланттуу режиссерлорду колдогула деп берет. Ошон үчүн улуттук студиясын иштетин турат.

“Азаттык”: Ошол канчалык ишке ашып атат?

Темир Бирназаров: Бул киши жетекчи болсо да ага караганда, мен кино өндүрүшүн жакшы билем. Союздун убагында бизде бирдиктүү система, өндүрүш бар болчу. Кино тартчубуз да, анан прокат бар болчу, продукцияны чыгарабыз, аны сата турган дүкөнүбүз бар болчу. Азыр, тилекке каршы, анын баары чачырап кеткен.

Мурун союздун убагында Кинопрокат деген бар эле, бул өзүнчө чоң мекеме болчу. Ал жерде кино прокаттын максаты эмне, тартылган кинолорду өзүбүздө болобу, же 15 республикада болобу, же чет мамлекетте болобу - ошолорду сатып алчу. Прокат жасаганга укук алчу.

Алар кыргыз фильмге кыргызчага которгонго дубляжга заказ берчү. Анан биздин “Кыргызфильм” ошону кыргызчага которчу да, кайра кайтарып берчү. Андан да акча түшчү. Азыр болсо бул жок. Себеби кинотеатрдын бардыгы менчик колго өтүп кеткен. Кино прокатыбыз турат, жылына бир миллион бөлүнөт. Анан бул кишиден эмнеге миллион бөлүнөт деп сурасам, “архивди сактап туруш үчүн” деп жооп берди. Мен сизге айтайын, мына ушунчалык артта калганбыз да, архивди сакташ үчүн азыр 2-3 теребайттык катуу дискке өткөрүп койсок эле жетет. Анан ага бир миллион бөлүп, аны кармап турган бул - абсурд.

Мыкты актерлордун орду... өчүп бараткан издер

“Азаттык”: Абибилла мырза, ушул прокат эмне себептен майнаптуу иштебей атат?

Абибилла Пазылов: Эгемендүүлүк алгандан бери 2001-жылы кабыл алган мыйзам бузулуп келген. Мыйзамда “кино өндүрүшү, прокат, кинону көрсөтүү бир колдо болуш керек, бир уюмга баш ийиш керек, бирдей чогуу иштеш керек” деп жазылып турат. Эгерде булардын бардыгы толук бир колдо болбосо анда толук кандуу кинону уюштурууга жана өнүктүрүүгө мүмкүн эмес. Ошон үчүн бизде кинотеатрларды менчикке берүү, же болбосо сатып жиберүү, айрымдары талкаланып калды, айрымдарында бала бакча, айрымдары казино болуп турат.

Азыр кинолорду тартып атабыз дейбиз, эгерде аларды көрсөтө турган жерибиз жок болсо, албетте кинону өнүктүрө албайбыз.

“Азаттык”: Улуттук телеканал менен атайын келишим барбы? Мисалы, ошол тартылган тасмаларды дайыма көрсөтүп туруу боюнча?

Абибилла Пазылов: Улуттук телеканал менен да, ЭлТР менен да быйылдан баштап биз “Биздин кино” деген долбоордун үстүнөн иштеп атабыз.
Бара-бара жакшы сценарийлер жазылса, жакшы кинолор тартылса жакшы актерлорбуздун да жүзү көрүнөт.


“Азаттык”: Макул, техника, режиссер табылат экен, акча мамлекет бөлөбү, же жеке адамдар бөлөбү антип-минтип табылат экен. Бирок кийинки кезде актерлор жоголуп баратат деген пикирлер бар. Чыныгы кыргыздын мыкты, кыраан актерлору, актрисалардын бардыгы бир муун көзү өттү, 3-4 эле кишибиз калды. Бирок ошолордун ордун баса турган адамдар азыр жок деген пикирлер бар. Сиз ошого кошуласызбы?

Темир Бирназаров: Кошулам. Бул жерде актерлорубуз бар, бирок ошолорду баалай албайбыз. Мына Пазыловдун көзү турат, бул кишиге мен көп жолу кайрылдым. Көзү өтүп кеткен Орозкул Кутманалиев аябай талантуу актерубуз, агайыбыз. Ошол киши киностудияда жүзүм багын орноштурган экен. Ошого меморалдуу такта илип коелу деп бул кишиге жазуу түрүндө да кайрылгам. Бирок жыйынтыгы жок. Мындай мамиле менен биз эч качан актерлорду өстүрө албайбыз.

“Азаттык”: Бүгүнкү учурда бизде атайын окуу жайы барбы?

Темир Бирназаров: Азыр актерлорду окуткан мурунку Союздун убагынан да көп. Бирок, тилекке каршы, тартылган кинолордун да сапаты начар болуп атат. Аларга басым жасабагандыктан ушундай акыбалга алып келип атат.

Абибилла Пазылов: Бизде бүгүн чын эле актерлор жок деп айта албайм. Бири-бирине байланышкан маселе экен. Эгер жакшы кино, жакшы режиссер болсо жакшы актерлорду таап чыгат, жакшы оператор болсо жакшы тартат. Кыскасы кино - искусство. Ошон үчүн эки жылда оңдоп кетиш кыйын. Бара-бара жакшы сценарийлер жазылса, жакшы кинолор тартылса жакшы актерлорбуздун да жүзү көрүнөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG