Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:48

“Азаттыктын” «Ыңгайсыз суроолор» сыналгы берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы Кыргызстандагы акыркы саясий кырдаалга арналды.

Талкууга катышкандар:



Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары, каржы министри Темир Сариев






Салык комитеттин мурдагы жетекчиси, “Ата журт” партиясынын теңтөрагасы Акматбек Келдибеков





“Азаттык”:
Эл арасында Кыргызстандын түштүгүндө болуп жаткан кандуу кагылыштын алдын алууга атайын кызматтардын ыкшоолугу себеп болду жана Убактылуу өкмөт өкүлдөрүнүн кызмат талашуусу шарт түзүп берди деген көз караштар болуп жатат. Ага негиз жок деп айта аласызбы?

Темир Сариев: Мен сөзүмдүн башында Ошто, Жалал-Абад облустарында болгон кайгылуу окуяларда курман болгон адамдардын жакындарына, үй-бүлөлөрүнө, дегеле кыргыз элине терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Албетте, 7-апрелден кийин бийлик алмашкандан бери, биз менен күрөшүп аткан, бизге каршы душманыбыз кубаттуулугун көрсөтүп атат. Аларда акча, атайын даярдалган адамдар көп. Ар түрдүү маалымат булактарын колдонуп, түрдүү сөздөрдү жөнөтүп, бир топ иш-аракетти жасап атат. Тилекке каршы, аларга кошулуп, мурун кызматта, бийликте жүргөн адамдар аларга жардам берип, бизге кыр көрсөтүп, бир топ иш-чараларды уюштуруп жүрүштү.

Убактылуу өкмөттүн бир эле ресурсу бар – бул элдин ишеними. Биз убагында айтканбыз, ар түрдүү маселелер боюнча элдер нааразычылыгын көрсөтсө, аларга күч колдонбой элдик дипломатияны колдонобуз деп. Бирок биз канчалык жумшагыраак болсок, биздин душмандарыбыз ошончолук катуу болобуз деген принципке өтүп алып, ар түрдүү иштерди уюштуруп атышат.

Биз жакында бир топ чечимдерди кабыл алдык. Ошонун ичинде мыйзамдын негизинде катуу күч колдонууну, эгерде чагымчылар, мародерлор болсо аларга ок атууга чейин уруксат берилди. Бул жерден бирөөнүн шалаакылыгы деп айткан болбойт. Анткени Убактылуу өкмөт бир гана социалдык-экономикалык эмес, тартиптик, дегеле башка чоң, буга чейин үйүлүп келген проблеманын үстүндө иштеп атат. Ошол эле убакта биз саясий реформаларды жүргүзүү боюнча да иштеп атабыз.
Анткени жүз миңге жакын адам качкын болду. Алардын үйлөрү өрттөндү, үй салыш керек, иш бере турган мекемелерди курушубуз керек.


Эл ойгонуп, буулугуп калды. Албетте анын ордуна келиши үчүн убакыт керек. Бирок ошону биздин душмандар, кыргыз элинин душмандары колдонуп атат. Алар эч нерседен баш тартпайбыз деп айтышкан. Ага Жаныш Бакиев менен Максим Бакиевдин сүйлөгөн сөздөрү түздөн-түз күбө. “Эл өлсө мурункудан да көбүрөк өлүп калат, эч нерсе болбойт, бизде атайын даярдалган отряддар бар. Аларды толук курал менен камсыз кылып жиберебиз” деген. Мына, ошолор азыр чыгып атат.

“Азаттык”: Акматбек мырза, Ош, Жалал-Абад облусундагы кандуу кагылыштардын артында Бакиевдер турат деп Убактылуу өкмөт расмий түрдө билдирип жатат. Бирок, буга чейин Максим жана Жаныш Бакиевдердин телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүндө Ташиев экөөңүздөрдүн атыңыздар аталды эле. Бул окуяларга сиздердин катыш жокпу?

Акматбек Келдибеков: Мен мындай деп жооп бергим келет: бул окуя – кыргыз элинин трагедиясы. Муну баланча-түкүнчө дегенден мурда иликтөө иштери өзү аныкташ керек.

“Азаттык”: Сиздин оюңузча эмне себеп болду?

Акматбек Келдибеков: Себеби, биринчиден, ириңдеп, ошол ириң чогулуп, убактысы келгенде жарылды деп айтсам болот. Бул жаңжал болордон мурун, үч жылдын ичинде 50дөн ашык ушундай жаңжалдар болгон.

Бул жерде жаңы термин киргизсе болот: бул саясий коррупциянын негизинде болуп атат. Башка улуттагылар менен саясий түрдө ойноонун негизинде чыкты.

"Азаттык"-Кандай саясий оюндарды айтып жатасыз?

Акматбек Келдибеков:- Келечекте шайлоо жана башкалар турат. Ошолордун үнүн алыш үчүн, сен бул партияга кирсең мындай болот дегендин негизинде чыгып атат. Себеби ошол мезгилде Жалал-Абаддагы болгон окуяда айтылган, эл талап кылган, Исмаил Исаков менен Камчыбек Ташиев экөөбүз барып жолукканда эки эле талапты аткарса токтолуп калат деген сөздөр болгон.

“Азаттык”: Ал кандай талаптар эле?

Акматбек Келдибеков: Биринчиси, «ОшТВ», «МезонТВ» каналдарынан Кадыржан Батыровдун сүйлөгөнүн көрсөтүп, ушул кишини жазага тарткыла, губернаторду ушунчалык жакшы көрсөңөр, анда Убактылуу өкмөткө чоңойтуп алып кеткиле деген элдин талабы болгон.

Коогалаңдын артында кандай күчтөр турат?

“Азаттык”: Анда эмне үчүн түштүктөгү кагылышта сиз мүчө болгон «Бригада» деген топ бар эмеспи, ошол «Бригаданын» өкүлдөрү жүрөт деген сөздөр көп айтылып жатат? Буга эмне себеп?

Акматбек Келдибеков: «Бригада» деген топ – бул биздин саясий оппоненттердин ойлоп тапканы. Түштүккө мен тогузунда баргам, партиялык курулуш боюнча референдумга, андан кийин күздө боло турган шайлоо иштери боюнча барып, ошол жерде ушул окуяга туш болгом. Ону күнү кеч курун 500гө жакын адам чыгып, ошол кылган кылыктарынан кийин эртеси айылдан, жер-жерлердеп түшүп келип ушундай чоң нерсеге барды.

Бул, биринчиден, бийликте отургандардын кадрдык саясатынан. “Сен биздин партияда болсоң бул жумушка барасың, бизди колдосоң бул жумушка барасың” деп, компетенттүүбү, компетенттүү эмеспи, ошону убакыт саатында чечим кабыл албагандын негизинде ушундай чоң кагылышууга айланып кетти десек болот.

“Азаттык”: Бирок эл арасында “ушул кагылышка саясатчылардын, өзбек улутундагы жарандардын добушун алуу күрөшү негиз берди” деп айтып жатышат. Бул күрөштө “Ата журт” партиясынын кандайдыр бир негизде салымы бар дешүүдө. Сиздин жообуңуз кандай?

Акматбек Келдибеков: Биз, биринчиден, саясий партияларды түзгөндө борбордук структурасы менен алек болуп, ошол мезгилде бир күн мурун региондорго чыгууну баштадык. Элдин арасында ушундай сөз болуп атат деп сиз айтып атасыз. Ал сөз эмес, ал далилденген элдин жалпы сөзү.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү ошол жерде жүрөт, Азимбек Анаркулович, Исмаил Исакович Ошко барды, азыр Жалал-Абадда жүрөт. Башка да калган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө кайрылам: эл менен жолугуп, сүйлөшүп, ой-пикирин уксун, эмне болуп атат, эмне себептен чыгып атат. Себеби ал жерде даярдалган снайперлердин иштегени көрүнүп турду. Профессионалдуу атуу жөнөкөй адамдын колунан келбейт. Кыргыздар ошол жерде келтек, таяк, таш менен жүрүштү. Колунда эч кандай мылтык, же курал болгон жок.

Миллион... суроо

“Азаттык”: Темир мырза, сиз телефон менен сүйлөшүү чуусундагы 1 млн. доллар түштүктөгү атайын операция үчүн жумшалды деп айттыңыз эле. Чын эле ошого короду беле? Эгерде ошого корогон болсо анда эмне үчүн коопсуздук маселеси ушундай начар абалда болуп калды? Эмне үчүн түштүктө ушундай кандуу кагылыштар болуп калды, же ага акча жетпей калдыбы?
Елисеев 100 миңди алсын, Башкы прокуратурага өзү келип берсин. Сыртта туруп, жалган телефон чалып, мен ушундаймын деп айтып койгону менен кылган иши таптакыр башка.


Темир Сариев: Бул жакта конкреттүү бир нерсе жетпей калды деп айтууга болбойт. Себеби бул көптөн бери келаткан чоң жетишпестиктер. Ал бир миллион доллар эмес, сөзүбүздө бир миллион доллар болгон, чынында 1 млн. 999 миң доллар бөлүнгөн. Бирок аны биз ошол убакта төрттөн бир гана бөлүгүн колдонгонбуз. Азыр дагы кошумча каражат карап атабыз.

“Азаттык”: Эмне үчүн анда Убактылуу өкмөт алдыдагы эки айдын ичинде ушул маселелерге көбүрөк көңүл бурган жок? Себеби эл арасында “коопсуздук маселесине көңүл буруу керек, элдин ортосунда жаңжал чыгып кетиши мүмкүн” деп айтылып жатканын ММКлардын баары жазып жатышкан да...

Темир Сариев: Карагылачы, коопсуздук кызматын беш жыл Марат Бакиев башкарган, Суталинов башкарган эмес. Ал өзүнө жакын адамдарды, беш жылдан бери ишенген адамдарды кабыл алган, бардык структураны ошого байланыштырып койгон.

Эки айдын ичинде биз коопсуздук кызматтарынын баарын алмаштырып бүтө албайбыз да. Буга чейин биз айтпадык беле, Ички иштер министрлигинде атайын даярдалган батальондор бар. Алардын баары саботаж кылып, бойкотко чейин барышпадыбы, ишке чыкпай да коюп атышпадыбы.

Экинчиден, биз айтып коюшубуз керек, биздин бир миллион эски бийликтин миллиард доллар океанында бир тамчы болуп калып атат. Азыр Жалал-Абадда 19-майда чыгарган адамдарга канчалаган акча берилди эле, 4-5 миң сомго чейин таратылган болчу. Мына азыр Акмат айтып аткан атайын даярдалган снайперлерди ким алып келди?

“Азаттык”: Ошол жөнүндө маалымат барбы? Элди да кызыктырган суроо ушул болуп атат, ким алып келип атат, акча кайдан келип атат?

Темир Сариев: Эски бийликке тиешеси бар бир топ адам кармалды. Алар көрсөтмө берип атышат.



“Азаттык”: Темир мырза, жаңжал салган адамдарды үчүнчү күч деп атап атасыңар. Үчүнчү күчтөр ким экендигин көрсөтүп бербейсиңерби деген адамдар көп болуп жатат. Мына ушундай суроосун сизге Бердикеев Бийназар аттуу көрөрман узатты эле:

- Акаев, Бакиевдин убагында да, азыркы убакта да чагым чыгаргандарды үчүнчү күч деп атайт. Булар эмне асмандан, же айдан келгендерби? Качан ишти жасагандарды элдин алдына алып чыгып көрсөтүп, ким болгонун, ким жасап атканын, булардын артында ким турганын айтат?

Темир Сариев: Атайын кызматтар бул боюнча тергөө иштерин жүргүзүп атат. Алар ким уюштуруп жүргөндөрүн көрсөтүп берет. Ал эми саясий жагынан албетте кызыкдар адамдар бар. “Бүгүн бийликке илинбей калдык, бийлик бөлүштүрүүгө жетпей калдык, биз башкача кылат элек, Убактылуу өкмөттүн алы жетпейт экен” дегендер көп. Мына ушулар үчүнчү күч. “Бакиев да, булар да жарабай калды, эми биз чыгабыз” дегендер бар, мына ушуларды үчүнчү күч деп атайт.

“Азаттык”: Акматбек мырза, айрым эл аралык ММКлар Ош, Жалал-Абадда Махмуд Худойбердиевдин желдеттери колдонулду деп жазышууда. Анын катышканы чынбы, анын артында кимдер турат? Сизде кандай маалыматтар бар?

Акматбек Келдибеков: Махмуд Худойбердиев деген ким экенин мен деле билбейт экем, сизден угуп атам. Мен бул жерде айтып койгум келет, мен түштүктө болдум, эл арасында “Бишкекте отуруп акыл үйрөткөндөн көрө, бизге акыл үйрөтүп, ошонун себебин издегенден көрө келип, реалдуу түрдө элге жардам берсин, ушулар сүйлөбөй эле койсунчу” деп кээ бир саясатчыларды айтып атат.

“Азаттык”: Так айта аласызбы, кайсы саясатчынын атын атап атышат?
Ушул тополоңдо Оштон болобу, Таластан болобу, көлдөн болобу, качан гана кыргыз элинин башына түйшүк түшкөндө жалпы кыргыз эли биригип атат. Бул эң жакшы көрүнүш.


Акматбек Келдибеков: Биринчиден, бардык эле саясатчылар сүйлөп атпайбы. Экинчиден, бүгүнкү күндө элге эмне керек? Элге тынчтык керек. Убактылуу өкмөттүн Ош, Жалал-Абад окуяларынан кийинки жасаган кадамдары, мисалы, оң жагы да бар, профессионалдуу адамдарды ишке тартуу боюнча. Биздин «Ата журт» партиясынын эки теңтөрагасы Субаналиев Өмүрбекти Ош облусуна комендант кылып, Рыскулованы качкындарга гумжардам жеткирүү дегени – бул профессионалдуу адамдар, кайсы партияга катышың бар, көз карашың кандай дебей тарта баштаганы туура. Себеби апрелден кийин коюлган көпчүлүк, бардыгы эмес, жетекчилердин компетенттүү, компетенттүү эмесинин негизинде убактысында чечиле турган нерсенин чечилбей калышы да чоң себеп болуп атат.

Мен айткым келет, ушул тополоңдо, Оштон болобу, Таластан болобу, көлдөн болобу, качан гана кыргыз элинин башына түйшүк түшкөндө жалпы кыргыз эли биригип атат. Бул эң жакшы көрүнүш. Эми ушуну сактап калыш керек. Кыргыз эли аябай бекем эл, тарыхый эл. Муну бөлгөн ким? Мунун бардыгын бөлгөн бизге окшогон саясатчылар. Элди бузган ким? Бизге окшогон саясатчылар. Азыр ошонун күнөөсүн, кыйкымын издебей, биз элди, мамлекетти сактап калышыбыз керек.

Стратегиялык жактан айтышыбыз керек, Темир Аргенбаевич туура айтты, күчтүн жоктугу. Бирок чек ара кызматынын бүгүн күчү бар. Ошондуктан чек арабызды сакташыбыз керек. Эгерде биз чек арага канчалык көп көңүл бурбасак, бүгүн сепартисттер, вахабисттер кирип келип дагы тополоң кылышы мүмкүн.

Темир Сариев: Акмат бир топ маселелерди туура айтып атат. Албетте Убактылуу өкмөттөн бир топ каталар кетти, анын ичинде кадр тандоо боюнча. Аны мойнубузга алабыз, айтып да келгенбиз. Бирок бизге кыска эле мөөнөт болду. Бүгүн баарын тең эле силер күнөөлүүсүңөр деп койгон бул түп тамырынан бери туура эмес. Беш жылдан бери бийликте отурдуңар, бул бир күндө чыккан проблема эмес.

Экинчиси, тилекке каршы, ушул оор күн башыбызга түшкөндө жардам берип, мына азыр жардам берели, эрежени кабыл алып алалы, Конституцияны, реформаны өзгөртүп алалы, ошондон кийин шайлоого тегиз катышалы, эл тандасын дегендин ордуна, ар бири региондорго барып, биз мындай элек, биз да чыгабыз, биз буларды алып түшөбүз, булар легитимсиз, колунан келбейт деп атайын элди тукургандар да болуп атат. Муну да бетке айтыш керек.

Үчүнчүсү, биз бул жерде отуруп алып эле бул жерден бирөөгө акыл үйрөткөн жокпуз Акмат, ошол жакта иштеп атат, ар кимдин өзүнүн функциясы бар, билесиз, өкмөттө иштегенсиз. Биз акыркы беш күндөн бери эмне кылып атабыз? Колубуздан келген ишти жасап, ресурстун баарын чогултуп, тынчтыкты орнотолу деп иштеп атабыз. Биз саясат менен алек болгон жокпуз, тынчтык менен алек болуп атабыз. Бул жерден күн сайын авто каравандар кетип атат, учак менен учуруп атабыз.

Акматбек Келдибеков: Күнөөлүү деп бирөөнү биз айта албайбыз. Себеби бүгүнкү күндө сиз айткандай тынчтыкты орнотуу бардыгыбыздын, бүт кыргыз элинин түздөн-түз милдети деп ойлойм. «Ата журт» партиясы шайлоого катышат, үчүнчү, төртүнчү күчтү, ар бир конкуретти сыйлоого келишибиз керек.
Бүгүн баарын тең эле силер күнөөлүүсүңөр деп койгон бул түп тамырынан бери туура эмес. Беш жылдан бери бийликте отурдуңар, бул бир күндө чыккан проблема эмес.


“Азаттык”: Сиз элди багыш керек, Кыргызстандын патриотумун деп айтып жатасыз эмне үчүн мурда бийликте мамлекеттик башкарууда жүргөн адам катары жаңы бийлик келген кезде мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келип турат деп добулбас кагып, демилге көтөргөн жоксуздар? Азыр кандуу кагылыш болгондон кийин гана чакырыктарды жиберген адамдар аябай көбөйүп кетти...

Акматбек Келдибеков: Биз чакырык айткан жокпуз. Биз реалдуу жардам көрсөтөлү деп атабыз. Бүгүнкү күндө гуманитардык жардамды биздин партия топтоп атат. Жума сайын 40 тонналап жөнөтүп турабыз. Учак менен жөнөткөнгө бир чечим кабыл алдык, Ош, Жалал-Абадга эки учак кетет. Ал учактардын каражатын да өзүбүздүн партиянын эсебинен алып атабыз.

“Азаттык”: Партиянын акчасы мүчөлөрдүн эле акчасыбы?

Акматбек Келдибеков: Маалымат жыйынын уксаңыз биз айтып атабыз, Убактылуу өкмөт жагабы, жакпайбы бүгүн жардамды берип, ушул кырдаалдан чыгыш керек деп айттык.

Экинчиден, миллион долларды туура колдонуш керек. Бул мыйзамдын негизинде деп атат, ал биринчи кирешеге киргизилиш керек. Киреше булагына кирип, киреше деп, Каржы министрлигинен өтүш керек. Анан чыгашадан өткөндөн кийин бул УКК аркылуу кеттиби, Коргоо министрлиги аркылуу кеттиби, кайсы берене менен кетти – ошонун бардыгы ачык айкын жазылыш керек. Ошондуктан бул бүдөмүк болгон үчүн элдин берген суроосу бар.

Эми партиянын тапкан акчасы боюнча. Сиз биздин акчабызды эсептеп атасыз. Биздин канча акчабыз бар, кайдан келип түшөт, анын бардыгы ачык түрдө эсеп аркылуу өтөт да биз ал жардамды берип атабыз.

“Азаттык”: Кандуу кагылыштардын изи Бакиевдердин үйүн өрттөө менен байланыштуу жана Кадыржан Батыровдун ал ишке катышы бар экендиги иштин баарын ырбатты деп айтып жатышат. Эмне үчүн Убактылуу өкмөт Батыров менен байланышкан адамдарды жоопко тарта албай жатат?

Темир Сариев: Эң татаал чатак – улуттар аралык чатак. Иш козголуп тергөөдө жатат. Ал өзү да кечирим сурады, бирок тергөөдө жатат. Бирок буга да, Акмат айтып кеткендей, кээ бир саясий окуялар да убагында түрткү болуп кеткен. Аны биз туура түшүнөбүз.

Ал эми миллион боюнча кайрылып кетейин, ушуну уккан адамдар туура түшүнсө дейм. Бул миллион аты жок, белгисиз ячейкадан алынган акча. Муну бир гана банктын башчысы, анан салган адам билчү, эч кимиси келип меники деген жок. Иш козгоп банктын коргоосуна сактоого койгон. Биз акча керек болгондо бюджеттик эмес акча деп ошону колдондук. Анткени жанагындай атайын операцияларды жүргүзүп атабыз. Ошонун ичинен мына кээ бир Бакиевдин адамдары камалып атканы да иштин натыйжасы.

Убагында түз акчалар керек болду. Мисалы, тез чече турган маселелер: аларды түндүктөн алып барып, тамак-ашы, жаткан жери. Андан кийин элдик кошуундаржы кабыл алдык, аларга акча төлөп берүү, аларды уюштуруу, палатка тигүү, тамак-ашты уюштуруп берүү деп тез акча керек болчу, биз ошого карадык. Анын ар бири боюнча акты бар, ким алып, кайсыга жумшалды, ар бири Убактылуу өкмөттүн токтому менен кетип турат. Аны бул жерден үстүртөн эле айта берген болбойт. Бул боюнча биз бир топ маалымат бердик.



Колго илинбеген Максим

“Азаттык”: Эми Максим Бакиев кармалды, аны жазага тартууга өкмөттүн күчү жетеби?

Темир Сариев: Башкы прокуратура атайын билдирүү жасап, кайрылат. Эл аралык мыйзамга таянсак Интерпол кармагандан кийин Башкы прокуратура бардык документти бергенде ал бизге өткөрүп бериш керек.
Элди бузган ким? Бизге окшогон саясатчылар. Азыр ошонун күнөөсүн, кыйкымын издебей, биз элди, мамлекетти сактап калышыбыз керек.


Акматбек Келдибеков: Мен кошумча айтып койгум келет. Жанагы белгисиз ячейка деп атат. Бул дүйнөлүк банк системада ушундай түшүнүк бар, мыйзам бар. Мыйзамда жазылуу, аны колдонуш боюнча эч кандай проблема жок. Убактылуу өкмөт алып колдонсо болот. Бирок эгерде эртең сотко берсе, ушул колдонулган акчаны соттон бирөө утуп алса, мен билбейм анын ээси ким экенин, анда биз бюджеттен кайтарып беришибиз керек. Ошон үчүн убактылуу ячейкадан алындыбы, камакка коюлган эсептен алындыбы жана башка болуп ал бюджетте ачык өтүш керек. Эгерде эртең өкмөт соттон утулуп калса ошону кайра кайтарып бергенге эл аралык тажырыйбаны айтып атам.

“Азаттык”: Сиз Бакиевдин убагында Социалдык фонддун жетекчиси болуп иштебедиңиз беле,туурабы? . Сыркоолоп калган адамдар 2006-жылдан бери Социалдык фондго которулган акчасы түшпөгөндүгүн айтып жатышат. Алардын арасында “Азаттыктын” кабарчылары бар. Бул эмне себептен болду? Бул система кандай болуп түзүлгөн? Социалдык фонддун акчалары кантип “Азия Универсал банкына” түшүп калган? Бул системанын түзүлүшүнө сиздин катышыңыз жокпу?

Акматбек Келдибеков: Анда маалыматыңыз жок экен. Мен Акаевдин учурунда иштегем. 2005-жылы арыз жазып шайлоого катышканы кеткем. Соцфонддо профицит акча пайда болгондо мен ошол жерде 2 жыл 7 ай иштедим. Жумуштан кеткенде 600 миллионго жеткен профицит менен кеткем. Ага чейин мен ошол кызматка келгенде 1 жарым миллиард жетишпеген акча болгон. Андан кийин мен депутат болдум. Депутаттар таркагандан кийин бир жыл Бакиевдин учурунда кызматсыз жүрдүм. Андан кийин ушул салык системасына келип иштедим. Андан кийин иштебей калдым.

“Азаттык”: Андай системаны билбейсизби? Кабарыңыз жок беле?

Акматбек Келдибеков: Кабарым жок.

“Азаттык”: Темир мырза, Максим жетектеген Инвестиция жана инновация боюнча агенттиктин орун басары Елисеев өзүн кармаганга сыйлык катары жарыяланган 100 миң долларды “мага бергиле, мени кармаган, менин телефонума чалган эч ким жок” деп Убактылуу өкмөттү сотко бербедиби. Бул эмнеден кабар берет? Сотто Елисеевдин “жегендерин” Убактылуу өкмөт аныктай алабы же 2005-жылы Данияр Үсөнов Акаевдердин байлыгын аныктап чыгам дегендей эле жел сөз болуп калабы?

Темир Сариев: Өнүктүрүү фондуна акча кандай түшкөн, Орусиядан 300 миллион доллар насыя келген, андан башка “Кумтөрдөн” түшкөн 1 миллиард 350 миллион сом бар эле, ошону бюджеттен капитализацияга деп которушкан. Андан башка 440 миллион жапон грант бар болчу, ушулардын баары түшкөн. Алар убагында туура эмес колдонулган.

2009-жылы апрелде акча түшүп, 300 миллион долларды октябрдын аягына чейин булар эч кандай көргөзмөсү жок эле сыртка чыгарып, Орусиянын баалуу кагаздарына салынган. Ал акча алты ай колдонулду. Ошол убакта Орусиянын баалуу кагаздарында абдан чоң өсүш бар эле, кризистен кийин 20-30-40-50 пайыз өсүш бар эле. Ошол убакытта акча туура эмес колдонулган, ошол алты айлык убакытта канча акча түшүп, канча киреше алынды – белгисиз. 300 миллиондон жок дегенде 30-40 миллион доллар тапса болот.

“Азаттык”: Демек мыйзамсыз аракеттер болгонун далилдей аласыңарбы?

Темир Сариев: Мыйзамсыз аракеттер болгон. Анткени ошол акча түшүп, кайра чыккандардын баары тең Улуттук банктын эсептеринде көрүнүп турат. Экинчиден, Елисеев жанагыдай айта турган болсо анда келип 100 миңди алсын, Башкы прокуратурага өзү келип берсин. Сыртта туруп, жалган телефон чалып, мен ушундаймын деп айтып койгону менен кылган иши таптакыр башка.

“Азаттык”: Акматбек мырза, сизде 27-июнда референдум жана күзүндө парламенттик шайлоо болот деген ишеним барбы?

Акматбек Келдибеков: Бүгүнкү күндө жалпы кыргыз эли түштүктө болгон элдик трагедияны жолго салуу боюнча аракетте. Түндүк-түштүк дебей, уруу-урууга бөлүнбөй мына ушул аракетте.

Мен ойлойм, дагы бир жолу бардыгын чакырам, бардык жарандык саясий күчтөрдүн бардыгы ушуну жөнгө салышыбыз керек, колубуздан келген жардамыбызды кылышыбыз керек. Качан гана ушул маселелер чечилгенден кийин Убактылуу өкмөт болбобу, жарандык коом болобу – чечишибиз керек. Мүмкүн шайлоонун бардыгын августта өткөрүш керек. Аны эл менен акылдашып, жалпы кыргыз элинде референдум өткөргөнгө шарт түзүлгөндө гана өткөрүшүбүз керек.

Сазга баткан экономика

“Азаттык”: Темир мырза, азыр Кыргызстандын эки чоң облусунда кандуу кагылыш болуп, экономикасы таптакыр нөлгө түшүп калды десек болот. Азык-түлүк кымбаттап кетти. Быйыл каатчылык, жокчулук болбойбу? Өкмөт кандай божомолдорду көрүп турат?

Темир Сариев: Биринчиден, Ошто, андан кийин Жалал-Абадда чыгарган чатактын башында ушул референдумду өткөрбөө болчу. Экинчиден, ооба, биз бүгүн эле Каржы министрлигинде отуруп, бардык башкармачылыктарды чакырып, азыр тез чараларды көрүү боюнча атайын план иштеп чыгып атабыз.

Биз адегенде гуманитардык жардамды абдан жакшы жолго коюшубуз керек, чет элдик мамлекеттер да жардам бере баштады, биз ички ресурстардын баарын тең мобилизация кылып жөнөтүп атабыз.
Коопсуздук кызматын беш жыл Марат Бакиев башкарган, Суталинов башкарган эмес. Ал өзүнө жакын адамдарды, беш жылдан бери ишенген адамдарды кабыл алган.


Экинчиден, биз тез аранын ичинде шашылыш чараларды көрүп, кайра калыбына келтиришибиз керек. Анткени жүз миңге жакын адам качкын болду. Алардын баарын кайра алып келишибиз керек. Алардын үйлөрү өрттөндү, үй салыш керек, иш бере турган мекемелерди курушубуз керек. Бул абдан чон нерсе, бир күндүк жумуш эмес. Бирок биз ушунун негизинде иштеп атабыз. Азыр эң негизгиси – тынчтыкты, бейкуттукту жана экономикалык, социалдык маселелерди шашылыш чечүү зарыл.

“Азаттык”: Сиз бийликке келгенде айттыңыз эле, бюджетти 80 миллиард сомго жеткиребиз деп. Демек ага таптакыр мүмкүнчүлүк жокпу?

Темир Сариев: Жок, мен антип айткан эмесмин.

"Азаттык":-Убактылуу өкмөт ушинтип билдирген...

Темир Сариев:-Билбейм. Биз келгенден бери 42 күн чек аралар жабык турду, бизнестин активдүүлүгү абдан ылдый түштү. Бирок ошого карабай биз ички мобилизация кылып, бир топ акчаларды топтоп, айлыкты убагында берип атканбыз. Пенсия да убагында берилип турат, бирок азыр чоң тартыштык болот. Биз азыр башкача, кошумча ички да, сырткы да, ресурстарды иштетебиз. Мен ойлойм, эгерде баарыбыз биримдик болуп, тынчтык болсо бул маселелерди чечип кетебиз.

“Азаттык”: Акматбек мырза, сиз Бакиевдин убагында бийликте жүргөн адамсыз. Бакиевдин кадр саясатына, мамлекетти башкаруу саясатына каршы болуп Исмаил Исаков кызматтан кетти эле. Ошол учурда сизге алайлыктар келип, мыйзамсыз камап жатат деп айтышкан эле. Бирок ага эч кандай реакция жасаган эмессиз. Азыр ага өкүнбөйсүзбү?

Акматбек Келдибеков: Сиз көрүп тургандай айтып атасыз да, көрүп катышып тургандай айттыңыз. Мунун бардыгын Исмаил Исакович жана алайлыктар билет. Мен ошол мезгилде бул туура эмес, ошол квартираны Коргоо министрлигинде иштеген баласына мыйзамдын негизинде берилгени үчүн камалса туура эмес деп ой-пикиримди ачык эле айткам.

Темир Сариев: Расмий билдирүү жасап койдуңуз беле?

Акматбек Келдибеков: Айтып жүргөм, жардам бергем. Менин деле Темир Аргенбаевичке бере турган суроом көп. Бирок, бул киши айткандай, азыркы күндө айтышпай, жалпы кыргыз элине пайда келе турган ишти жасашыбыз керек.

“Азаттык”: Темир мырза, азыр кандуу кагылыштан кийин келечекке зор үмүт менен караган адамдар болуп жатат. Ошондой адамдардын бири Абдырапык Нурматов Лейлек районунан атайын келген экен. Ал жакта фарфор чыгаруучу завод курсак болот эле деп мурдагы бийликке да ушундай сунуштар менен кайрылган экен. Бирок тескери жооп алган. Азыр ошонун суроосун уксак.

- Биз Лейлек районунун Арка айылына чыны заводун куруу боюнча бир долбоор иштеп чыккан элек. Ушул долбоорду мурунку бийликтерге кайрылсам ал бийликтер карап көрүп, актуалдуу экен деп кабыл алышты, анан убагы жеткенде 1 миллион 900 миңдик долбоор болду, ушунун 10 пайызын бересин деп айтты. Ушул долбоорду каржылап бере аласыздарбы?

Темир Сариев: Каржы министрлиги бюджеттен бул боюнча бере албайт, муну ачык түшүнүшүбүз керек. Азыр “Айыл банкына” сактык кассасына акча берилип атат, ошол аркылуу бизнес долбоорду тапшырып, ал жактан акча алсаңыз болот.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG