Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:00

“Азаттык” үналгысынын «Ыңгайсыз суроолор» берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы алдыдагы парламенттик шайлоо, ага катыша турган партиялардын салмагы жана атаандашуусуна арналды.

Талкууга катышкандар:



“Ата мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев







“Республика” партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов







“Азаттык”:
Өмүрбек мырза, сиз 2007-жылы парламенттик шайлоодон кийин депутаттыктан баш тарттыңыз эле. Азыр болсо кайра “Республика” партиясын түзүп, парламенттик шайлоого аттанганы жатасыз. Эмне үчүн депутаттыкты кайра эңсеп калдыңыз, же Бакиевдерди бийликке алып келүү аракетин көрүп жатат деген маалыматтын чындыгы барбы?

Өмүрбек Бабанов: Азыр өзүңүздөр жакшы билгендей, “Республика” партиясы элге билинип, угулуп, элдин оозуна алынган сайын кара пиарлар көп айтылып атат. “Өзүңдүн жашаган тарыхыңды уккуң келсе, шайлоого талапкер болуп чык” деген жакшы сөз бар экен.

Туура, 2007-жылы мен Социал-демократтар партиясынын штабын жетектеп, алдыңкы тизмеде болуп, шайлоо күнү Курманбек Бакиевдин буйругу менен сот кыргыз жарандыгымды алып таштаган. Мен Жогорку Соттон утуп, далилдеп, анан парламентке келгем. Парламентте мандатымды Роза Исаковнага тапшырып бергем. Экинчиден, ар бир жаран өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө карата элиме кандай жардам берсем деп ойлойт.

“Азаттык”: Демек азыркы партияны түзүп, андан кийин парламенттик шайлоого баруу Кыргызстан үчүн эмгек кылуунун жолубу?

Өмүрбек Бабанов: Сөзсүз. Менин эң негизиги максатым - элге кантип жардам берсем болот деген.

“Азаттык”: Бакиевдерди алып келүү аракети дегенге кандай жооп бересиз?
Биз советтик доордон калган каттоо институтун жоготушубуз керек деп эсептейбиз. Бул мыйзам он миңдеген адамдардын жарандык саясий укугун камсыз кылуу үчүн алынды.


Өмүрбек Бабанов: Бакиевдерди алып келүү аракети дегени – бул биздин партияны бүгүнкү күндө колдоп аткан бир топ адамдар, алардын арасында «Ак жол» партиясында мүчө болуп жүргөндөр. Алар тизмеге кирбейт. Эми «акжолчулар» деп аларга күнөө коюлуп атат. Туура, мен ойлойм бул саясий күнөө болсо керек. Бирок юридикалык жагынан эч кандай күнөө жок.

Биз билебиз, “Ак жол” түзүлгөндө бул партияга ошол убакта бир топ мугалимдер, дарыгерлер кирген. Аларга жетекчилери сен “Ак жол” партиясына мүчө болуп кир деген. Эми бүгүнкү күндө биз “Ак жол” партиясына кирген бир топ адамды биздин жашообуздан чийип салалыбы? Мен ойлойм, бүгүнкү күндө биздин программага туура келсе, кылмыш иши козголбогон адамдар болсо, бизди колдосо анын эч жамандыгы жок.

“Азаттык”:
Өмүрбек мырза, сиз саясий партияларды түзүп жаткан мурдагы бийлик өкүлдөрүн “бөлтүрүк” деп атап, реванш жасоо аракетин көрүп жатат деп билдирдиңиз. Алардын укугу жокпу, же “Ата мекен” партиясы үчүн парламенттик шайлоодогу жарыш өтө катуу болуп калат деп коркуп турасызбы?

Өмүрбек Текебаев: “Ата мекен” партиясы, Убактылуу өкмөт сунуштаган саясий системасынын концепциясын, өзөгүн күчтүү оппозиция түзөт. Эгер күчтүү оппозиция жок болсо, аны жаратыш керек деген жобо сиздин алдыңызда турган Конституцияда көргөзүлгөн. Мунун ичинде “Ак жол” партиясынын мүчөлөрү эле эмес, партия өзү да юридикалык жактан толук катышканга укугу бар.

Жакшы атаандаштыкты биз саясатка алып келсек дейбиз. Дүйнөдө жок антимонополдук чараны биз парламентке киргиздик, бир да партия парламентте өтө көп үстөмдүккө ээ боло албайт, ал 65тен ашык добуш алалбайт. Ошондуктан реваншисттик күчтөр болгону алдыда турган шайлоо жолу менен бийликке келиш керек. Болбосо шайлоону күтпөй, 5-августта бир тобу жыйнала калып, бийликти кетирип, ордуна жаңы президент, жаңы премьерди дайындайбыз деп, ага аталыкты да тандап алышыптыр, Үсөн аканын ордун сиз ээлеңиз дешип. Мындай реваншизмди биз туура эмес деп эсептейбиз.

Партиялардын атаандаштыгы

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, сиз 10-июндагы Оштогу коогалаңдан кийин 12 КАМАЗ менен Ошко гумжардам алып барбадыңыз беле. Ош облустук администрациясынын маңдайында ошол КАМАЗдардын жанына туруп алып маалымат бергенден кийин гумжардам жабыр тарткан адамдарга таратылбай, “Ак жол” партиясынын Ош шаардык кеңешинин депутаттарына берилип, анан ошол жардамдын арты ың-жыңсыз кетти деп айтылып жатат. Кандай деп ойлойсуз, бул гумжардам эмес, добуш жыйноо жардамы болуп калды беле?

Өмүрбек Бабанов: Биринчиден, биз партияны рекламалаган жокпуз, кээ бир партияларга окшоп. Каптарга партиянын атын чаптаган жокпуз. Биз Ош элине жардам деп алып бардык. Эмне себептен мен бардым? Эң негизгиси мен өз көзүм менен ошону көрөйүн дедим.
Мен жөнүндө адамдын үрөйүн учура турган шумдуктуу кептер, ушактар таратылып атат. Мындан дагы чатак сөздөр айтылып жүрөт.


Экинчиси, өз каражатыма алган нерсени жардам берип, ошол жолдон баратып башка жакка кетип калбасын деп ошол жерге жеткирип, шаардын мэрине кирип, шаардык кеңештин төрагасы жетектеген атайын гуманитардык жүктөрдү тарата турган топ бар экен, анысы ким “Ак жолбу”, же башка партиялардын мүчөлөрүбү, аны өздөрү чечиш керек. Мен барып ошолорго тапшырып бердим. Алар кандай таратты, кайда таратты – ага өкмөттө иштеп аткан кишилер жооп бериш керек.

“Азаттык”: Демек партиянын баштапкы уюмдарын түзүүгө кетти, добуш алууга кетти деген маалыматтардын чындыгы жокпу?

Өмүрбек Бабанов: Андайдан кудай сактасын. Себеби ал кезде “Республика” партиясы жөнүндө биз эч сөз кыла элек болчубуз.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, сиз конституциялык реформанын башында туруп атпайсызбы, ошондон улам сиздин дарегиңизге дагы реформаны жарым жартылай жасады деген дооматтар айтылып жатат. Маселен, азыр Кыргызстанда 150гө жакын саясий партиялар каттоодон өтүп турат. Алардын арасында акаевчилер, бакиевчилер, революциялык партиялар, түндүктүк, түштүктүк партиялар деп бөлүнүп жатышат. Түндүккө барган түштүкчүл партиялардын лидерлерин кууп чыккан учурлар да пайда болуп жатат. Азыр ушул партиялардын идеяларынын күрөшү эмес, партиялардын лидерлеринин күрөшүнө жол ачылгандай болуп жатат. Эмне үчүн парламенттик башкаруу системасына өткөндөн кийин Шайлоо кодексине партиялардын блогун түзүү жөнүндөгү жобону киргизүүдөн качып турасыз, же реваншисттик деп сиз атаган партиялардын күчтүү блок түзүп кетишине жол бербейли деп турасыздарбы?

Өмүрбек Текебаев:
Биз сунуштаган саясий система жаңы саясий күрөштүн эрежелерин сунуштап жатат, бул концептуалдык жаңы сунуш, жалгыз баатыр болбойт, команда түз дедик. Ошондуктан азыр партияларга кирип, Кыргызстандын аттуу-баштуу уулдары биригип атат. Бул абдан туура процесс башталды. Жөн гана бирикпестен, бизди түндүктүк, же түштүктүк партия деп айтып коет экен деп, түндүктүк болсо түштүктөн өнөк издеп, түштүктүк болсо түндүктөн өнөк издеп, башка улуттан партиясына алып, интеграциялана турган жаңы жөрөлгөлөр башталды. Бул жаңы салттын, жаңы саясий маданияттын башталышы.

Эмне үчүн блокторго уруксат берилет? Биринчиден, бул мыйзам бизге чейин эле референдум менен кабыл алынган. Блокторго уруксат бербегени партия тобокелге чыгып эл алдында Бабановдой болуппу, же башкадай болупбу, “мына, мен туу көтөрдүм, менин айланама идеямды колдогондор бириккиле” деп жоопкерчилик менен чыгыш керек. Бул конъюнктуралык союз болуп кайра шайлоо тарагандан кийин тарап кетпегенедей болуш керек.

“Азаттык”: Бул 2007-жылкы норма болчу да. Ал “Ак жол” партиясына өзү монополист болуш үчүн киргизилген. Эмне үчүн азыр кайра киргизилбей жатат?

Өмүрбек Текебаев: Бирок азыр монополист болбойт, анткени шайлоо башка түрдө өтүп атат. Партиялар биригип күчтөнүш керек. Бүгүн партиялардын биригүү процесси жүрүп жатат, муну мен оң кубулуш катары белгилеп кетет элем.



“Азаттык”: Бирок идеялардын күрөшү эмес, партия лидерлеринин ортосундагы атаандаштык болуп жатат...

Өмүрбек Текебаев: Туура, азырынча бул идеялардын күрөшүнө айлана элек. Анткени сыйкырдуу таякча болуп бир күндө эле адамдардын аң-сезими, сабаты, маданияты өзгөрбөйт экен. Акырындап отуруп партиялардын эмес, идеялардын күрөшүнө айланат деп ойлойм.

Адашым жаш саясатчы Өмүрбек Бабановго бир кеңеш айткым келет. Александр Македонскийдин армиясында адашы болгон экен Александр деген, коркок экен. Александр Македонский бир күнү чакырып “же коркконуңду токтот, же атыңды өзгөрт, болбосо элдер мени чаташтырып атат” деп айтыптыр. Мен Өмүкеге айтат элем, чоң жолго чыгыптырсың, бекем бол, менден үйрөн, устатыңан керек болсо аш.

Өмүрбек Бабанов: Өмүрбек Чиркешович тарыхый окуялар менен кайрылып кетти. Дагы улуу сөз бар экен, саясатчы бир саясатчыны үйрөткөнчө, элге идеясын алып чыгып, элди үйрөтсүн деген. Мен ойлойм, шайлоодон кийин дагы бир сүйлөшөбүз го деп.

“Азаттык”: Демек алдыда бири-бириңиздерге үйрөтө турган кеңештер, акылдар, тажрыйбалар көп болот турбайбы?
Бизнеске аралашып жүргөндөн кийин Бакиевдин өзүнөн “биринчи премьерликке келип иштеп бербейсиңби” деген сунуш түштү.


Өмүрбек Бабанов: Туура, Өмүрбек Чиркешович тажрыйбасы өтө жогору саясий лидерлердин бири. Тарыхый окуяларды булар өз убагында аткарды. Бакиевди бийликтен кетсин деп кетирди. Ага ар бирибиздин салымыбыз бар. Бул бир күндө болуп кеткен окуя эмес, бул ноябрдан баштап болгон окуя.

Эми Бакиев жок, келбейт, бүттү, эми биз элибизге өнүгө турган жолду айтышыбыз керек да, сындоо эмес. Бири-бирибизди жөн эле каралабай, үйрөтпөй, кандай жол менен, кандай экономика программа менен барабыз – ошол жөнүндө айтышыбыз керек. Биздин партиябыз боюнча, биз бүгүнкү күндө жалгыз бир партиябыз, жаңы партиябыз. Биз чыгып биринчи эле сунуш кылганда биз өзүбүздүн экономикалык программабызды, анан саясий көз карашыбызды алып чыктык.

Турум бирдей эмес, жолдор башка

“Азаттык”: Саясий негизги көз карашыңар кандай?

Өмүрбек Бабанов: Биз Орусия стратегиялык өнөктөшүбүз деп атабыз. Ал жөн сөз эмес, аны биз иш жүзүнө ашырабыз. Себеби биздин миллионго жакын жарандарыбыз жүрөт. Батыш, Америка менен кандай болушубуз керек деп айтып атпайбы. Туура, биз алар менен да сөзсүз мамиле түзүшүбүз керек. Бирок стратегиялык өнөктөштү аныктап алсак, ошондо чыр-чатактардын баары токтойт деп ойлойбуз. Бул негизи принциптердин бири.

“Азаттык”: Көп тармактуу тышкы саясат жүргүзүүнүн зарылдыгы жокпу?

Өмүрбек Бабанов:
Көп тармактуу тышкы саясаттын зарылдыгы бар. Биз чоң мамлекеттердин арасында бир күнү тиги мамлекетти карап, бир күнү экинчи мамлекетти карап, ошон үчүн талаш-тартышка аралашып атабыз. Биздин бүгүнкү саясатка эч ким кепилдик бере албайт. Бардыгыбыз билебиз, кыргыздын бүгүнкү саясатына кайсы мамлекет кандайча аралашып атканын.

“Азаттык”: Мурдагы бийликтегилер деле Орусияны стартегиялык өнөктөш катары санап келген да. Эмне жаңылык киргизе аласыз?

Өмүрбек Бабанов: Айтылган сөз менен жасалган иш эки башка. Ошого карата бир топ окуялар болуп атат.

“Азаттык”: Биздин берүүдө “Элдик кеңеш” кыймылынын мүчөсү Ашырбек Болотов Өмүрбек Бабанов мырзага суроо берди эле.

Ашырбек Болотов: 5-августта Урмат Барктабасов Убактылуу өкмөткө каршы уюштуруп жаткан митингге катышасыңбы, же катыштыгың барбы?

Өмүрбек Бабанов: Референдум өткөндө элдин көпчүлүгү добуш берди. Мен ойлойм, элдин 95 пайызы Конституцияны окуган жок. Бирок добуш бергени тынччылык, мыйзамдуулук болсо экен, легитимдүү бийлик келсе экен деп добуш берди. Эгерде бийликти алам деп шашкан адамдар болсо алар күтсүн, 10-октябрь келатат, митингдерди токтотуп, 10-октябрда эл добуш берсе, мыйзам аркылуу шайланып келиш керек. Мен 5-августта чыккан адамдарга каршымын. Бүгүнкү күндө биз мамлекетти сактап калышыбыз керек.

“Азаттык”: Өмүрбек Чиркешович, алдыдагы парламенттик шайлоо мыйзам бузуулар менен өтө турган болсо жарандык кагылышууга алып барат деп көп саясатчылар айтып жатышат. Ошондон улам коомдо да кооптонуулар көп болуп жатат. Биздин дагы бир көрөрманыбыз Орозбай Саматов деген юрист сизге суроо берди эле.

Орозбай Саматов: Сиздин партиялаштарыңыз облус, район жетекчилигине отургузулду. Маселен Базар-Коргон, Ноокен, Майлуу-Суу акимдери сиздин партиянын мүчөлөрү. Шайлоодо алар жеңишти камсыз кылып берет деген сөздөр эл арасында күч алып кетти. Демек административдик ресурстарды колдонууга даяр болуп калдыңыздарбы?

Кимдин санаалашы кайсы кызматта?

“Азаттык”: Кошумчалай турган дагы бир суроом бар. Мирослав Ниязов “бийлик шайлоону тынч өткөрө албайт. Себеби алар мыйзам менен эмес, түшүнүк менен жашап жатат” деп билдирди. Шайлоону тынч өткөрүүгө сиздер кол койгон этикалык кодекси негиз бере алабы, саясий маданиятты көрсөтүүгө саясий партиялар кудуреттүүбү, анан бири-бирин каралоолор болсо, тасмаларды тартуулар башталыптыр, аларды токтотууга кандай чараларды көрө аласыздар?
Убагында кылмышкер деп Кыргызстанда эле эмес, башка өлкөлөрдө таанылган авторитеттер той бергенде анын тоюна катышып, чепкен жаап, кызматын кылып жүргөн адамдар бүгүн желек көтөрүп, адилеттүүлүк, мыйзамдуулук жөнүндө сөз козгоп жүрөт.


Өмүрбек Текебаев: “Ата мекен” социалисттик партиясы бийлик үчүн эле күрөшпөйбүз. Биз жаңы жашоо образы, жаңы коом, жаңы адам үчүн күрөшөбүз. Өрнөк президент деген түшүнүктөр биз үчүн өтө маанилүү. Ошондуктан шайлоо адилеттүү болсун деп биз өз кызматыбыздан кеттик. Буга окшогон кубулуш мурун болгон эмес.

Туура, Базар-Коргон районунун акими “Ата мекен” саясий партиясынын мүчөсү. Жаңылышпасам Ноокен районунун акими “Республика” партиясынын тизмесине кирет деп жакында маалымат уктум. Ал биздин партиянын мүчөсү эмес. Ошондой эле Майлуу-Сай шаарынын мэри биздин партиянын мүчөсү. Жалал-Абад облусунда бир эле Базар-Коргон районунун акими Кубат Артыков бизге мүчө. Ал былтыр жайында президенттик шайлоонун ичинде бакиевчилерге каршы добуш уурдагандарга каршы күрөшкөндүгү үчүн аны соттоп, кылмыш жообуна тартканга аракет кылышкан. Өзү таза, адилет шайлоо үчүн күрөшүп, камалып жүргөн адам кайра ошого барабы? Менин оюмча ага барбайт. Биздин партия өзгөчө Базар-Коргон районунда андай кызматка муктаж эмес.

Өмүрбек Бабанов: Мен кошуп кетейин, Өмүрбек Чиркешович, туура, Ноокен районунун акими биздин партияга мүчө болуп кирем деп атат. Ал кирсе акимдик ордун бошотуп шайлоого чыгат. Биздин партиянын мүчөлөрү аткаруу бийлигинде бири да катышкан жок. Биз билебиз, административдик ресурс сөзсүз колдонулат, аны каалайбызбы-каалабайбызбы. Себеби ал ички дүйнөсү менен бул партиянын мүчөсү. Ал ушунча жыл партиянын мүчөлүгүндө жүрүп туруп шайлоо процессинде карап туралбайт. Болгонун болгондой айтышыбыз керек.

Баягы эле бюджетниктер калды, баягы эле мугалимдер, баягы эле дарыгерлер бар. Ошондуктан административдик ресурстар колдонулат деп ойлойм. Эгерде бүгүнкү бийликтеги партиялар таза шайлоо өткөрөбүз десе, бийликте отурган адамдар партиядан чыгыш керек, же болбосо өзүнүн ордун бошотуп берсин.

Өмүрбек Текебаев: Биз административдик ресурстан эмес, эки кысымдан коркушубуз керек. Бул криминалдык кысым. Азыр жер-жерлерде криминалдар бирөөнүн менчигин зордоп, өзүнө жаздырып гана албастан, “бул партиядан муну кандидат кылып койдук, мынча добуш бер, бербесең эртең сен менен келип эсептешебиз” деп кысым болуп атат.

“Азаттык”: Кайсы партиялар кысым жасап жатат?

Өмүрбек Текебаев: Мен аны айтпайм. Мен шайлоочуларга кайрылам, жергиликтүү авторитеттер «черный» деп коесуңар, ошолор кайсы партияга үндөө жасап жүргөн болсо, ошол партия кылмыш менен бирге деп билиңиз. Бул криминалдык басым. Биз Кыргызстанды бандиттик республикага айландырганга жол бербейбиз.

Экинчиден, олигархтардын финансы басымы, БШКдан баштап жергиликтүү шайлоо комиссияларына чейин мүчөлөрдү сатып алуу, адамдарга гумжардам, башка нерселерди берип, жолуңду оңдоп берем деп, жардамдарды таратып элди акча менен бузууга болгон аракет. Республиканы сатып алганга акчабыз жетет деп жарыялаган идеологияга биз каршы турушубуз керек. Бул эки кысым бүгүнкү административдик кысымга караганда эң коркунучтуу. Күрөш жолу менен биз мындай адаттардан арылышыбыз керек.

“Азаттык”: Демек “Ата Мекен” партиясынын азыр өкмөттө иштеп аткан, бирок партиянын тизмесинен кеткен мүчөлөрү, өкүлдөрү административдик кысымга барбайт деп толук ишенимдүү айта аласызбы?

Өмүрбек Текебаев: Барбайт. Бирок алардын таасири болбойт деп мен айта албайм. Анткени бирөө бакыйып министр болуп отурса жердештери, достору кубанат. Эми биздин менталитет ошол, ушундан кетишибиз керек.

Өмүрбек Бабанов: Бийликте отурган адамдар эмнеге ресурсун колдонот? Себеп дегенде шайлоодо бийликтеги партия утулуп калса алар бийликтен кетет. Бул негизделген иш.

Экинчиден, криминалдык дегенде биз тарыхты артка айландырып көрсөк, Рысбек аянтка боз үй тиккенде кайсы депутуттар, кайсы партиядан ошол жакка жолукканы барды эле? Ким Рысбекке каршы чыкты эле? Ошону көрүшүбүз керек.

Биздин да партия “криминалды түп тамыры менен кудай кааласа жок кылабыз” деп айтып атат. Биз ага ишенебиз. Бул жерден биздин көз карашыбыз “Ата Мекен” менен толук дал келет. Финансы жагынанан айтканда, шайлоо жарыялангандан кийин жол оңдоо, клубду оңдоо боюнча жардамдар ошондо токтотулуш керек. Ага чейин жасалып атса эч жамандыгы жок, элибизге жардам берилип атат.



Өмүрбек Текебаев: Мен Өмүрбек Бабановду толугу менен колдойм, убагында криминалдык авторитет деп Кыргызстанда эле эмес, башка өлкөлөрдө таанылган авторитеттер той бергенде анын тоюна катышып, чепкен жаап, кызматын кылып жүргөн адамдар бүгүн өзүнчө желек көтөрүп, адилеттүүлүк, мыйзамдуулук жөнүндө сөз козгоп жүрөт.

“Азаттык”: Ошол азаматтар кимдер?

Өмүрбек Текебаев: Ал азаматтарды элдин бардыгы билет, мен атын айтпай эле коеюн. Айттым го, кимге криминалдык авторитеттер жер-жерлерде аракет кылып аткан болсо ошону биз айткан адам деп түшүнгүлө. Эми Өмүке чочуп атат акчасы силердикинен да көп партиялар бар деп. Астрономиялык суммаларды айтып, “бизге келгиле, жеңиш биздики, Убактылуу өкмөттүн да, калганынын да иши бүттү” деген саясий күчтөр Кыргызстанда бир топ.
Бийликте отурган адамдар эмнеге ресурсун колдонот? Себеп дегенде шайлоодо бийликтеги партия утулуп калса алар бийликтен кетет.


“Азаттык”: Өмүрбек Токтогулович, сиз 2006-жылы Бакиевдин конституциялык реформа жасоону талап кылган күчтөрдүн негизги фигурасы болгонсуз. Андан кийин 2007-жылкы шайлоодон кийин Түркияга кетип калып, кийин күтүүсүз жерден эле вице-премьер министрлик орунга келип калгансыз. Ошондо эл арасында мындай сөз бар, Максим менен соодага барып, өз бизнесин сактоо үчүн ошол кызматка келгенсиз дешет. Азыр да “Республика” партиясын түзүп, өзүңүздүн бизнесиңизди сактоо үчүн бийликке аракет кылып жатат деген көз караштар көп болуп жатат. Сизге мамлекеттин кызыкчылыгы артыкпы, же бизнесиңиз артыкпы?

Бийликке карай узак жол

Өмүрбек Бабанов: Биринчиден, бизнесимди коргойм деген бүгүн Кыргызстанда бир топ бай адамдар бар. Алар эч качан бийликке каршы чыкпайт. Бүгүн биздин “Республика” партиясы бийликтеги партияларга оппонент болуп чыгып атат.

“Азаттык”:
Ошон үчүн Максим менен дос болдуңуз беле?

Өмүрбек Бабанов: Эгер мен бизнесимди коргойм десем шайлоого барбай эле 3 партиянын бирөөсүнө мүчө болуп кирип кетмекмин. Экинчиден, мен Жогорку Кеңеште депутат болуп жүргөндө Атамбаев премьер болуп турганда эле вице-премьер-министрликти сунуштаган. Мен ошондо “Жогорку Кеңеште экономикалык мыйзамдарды кабыл алайын, сиз болсо аткаруу бийлигинде иштегенде ошого жардам болсун” деп айткам.

Үчүнчүдөн, ноябрь айында “Реформа үчүн” кыймылы бардыгыбыз бирге чыгып, Бакиевди Конституцияга кол койдурганга мажбур кылганбыз. Ошол эң туура кадам болгон. Ошону кармап кала албай калдык, ага бүгүнкү күндө саясий аренада жүргөн лидерлердин ар бирибиздин тиешебиз, ар бирибиздин күнөөбүз бар. Ошол Конституция кабыл алынгандан кийин бириге албай койдук. Ошондо сактап калсак бүгүнкү күндө кан да төгүлбөйт болчу. Ошондо Бакиевдин үй-бүлөлүк системаны курууга да мүмкүнчүлүгү болбойт эле. Себеби бүгүнкү Конституцияга ал окшош болгон, премьерге бардык бийлик укугу өтүп аткан. Премьер-министр Феликс Кулов ошого туруктуулугун көрсөтө албай койгон.

Мен Түркияга эч качан качкан эмесмин. Бизнеске аралашып жүргөндөн кийин Бакиевдин өзүнөн “биринчи премьерликке келип иштеп бербейсиңби” деген сунуш түштү. Элдин жашоо шартын оңдогонго кандайча жардам берем деп, экономикалык реформа кылуу үчүн биринчи премьерликке ошол аркылуу мен макулдугумду бердим. Бул жерде биз Бакиевдин бийлигине бардың деп айтпашыбыз керек.

“Азаттык”: Эмне үчүн Валерий Хон сабалгандан кийин сизден тиешеси бар деп эч ким шек санай электе эле билдирүү жасап жибердиңиз, же эртелеп актанайын дедиңизби?

Өмүрбек Бабанов: Биринчиден, Валерий Хон боюнча ачык айкын айта турган убакыт келди го дейм. Бул Максим Бакиевдин системасы болгон. Валерий Хондун аркасында Алексей Ширшов турган. Мага тиешелүү компания келишим түзгөндөн кийин Алексей Ширшов аны чакырып алып, 5 млн. 500 миң төлөйм деген, ал Алексей Ширшовго кайра барып, ошого жамынып алып “Бабановду биз бурап коебуз, биз аны сындырып коебуз, сен кел мага” деп аны алдап, ал кара пиарга өтүп алып ошолор менен мамиле түзгөн.

Мен сурак бергенге даярмын. “Республика” партиясынын лидери катары кайрылып атам, ушуну далилдеп туруп жанагы кылмышкерлерди кармагыла деп. УВДнын жетекчиси “кылмышкерлерди билебиз, аларды аныктадык, аз убакыт калды” деп айтты. Мен ойлом, аларды кармаса ошону ким заказ берди, кайсы себептен заказ берди, же Бабановго атайын дагы бир нерсе чаптайын дедиби, анын бардыгы аныкталат.
Элдин 95 пайызы Конституцияны окуган жок. Бирок добуш бергени тынччылык, мыйзамдуулук болсо экен, легитимдүү бийлик келсе экен деп добуш берди.


“Азаттык”: Өмүрбек Чиркешович, “түштүктөгү коогалаң болуп жаткан убакта Убактылуу өкмөттүн беш мүчөсү Кадыржан Батыров менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ошол сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн тасма Кадыровдун өзүндө жана Кыргызстандагы генералдын бирөөндө” деген маалыматтар бар. Ошол сүйлөшүүлөргө сиздин да катышыңыз бар деп айтылып жатат. “Кадыржан Батыровду чек арадан чыгарып жиберүүгө катыш болгон, добуш алуу үчүн парламенттик шайлоодон кийин спикер болсо тартип коргоо органдарынын көп бөлүгүн Батыров менен талапташ адамдар менен толуктайм деп убада берген” деген сөздөр айтылып жатат. Анын чындыгы барбы?

Өмүрбек Текебаев: Айла кеткендеги кара пиар, мен жөнүндө адамдын үрөйүн учура турган шумдуктуу кептер, ушактар таратылып атат. Мындан дагы чатак сөздөр айтылып жүрөт, алардын баары, урматтуу мекендештер, шайлоочулар, жалган. Кадыров менен мен Убактылуу өкмөт мүчөсү болуп турганда жолуккан эмесмин. Туура, аны менен Роза Исаковна, Алмаз Шаршенович жолуккан. Алар өкмөт башчысы болгондон кийин Кыргызстандын жарандарынын бардыгы менен жолугушууга укуктуу. Мен мындан эч кандай криминал көрбөйм.

Кадыржан Батыровду Убактылуу өкмөттүн таасирдүү бир адамы чек арадан алып барып чыгарып жиберди дейт. Бул май айында болуп жаткан окуя. Мен ал жакка бир күнгө, Базар-Коргонго, көптөгөн адамдардын коштоосунда Ошко бир күнгө барып келдим. Ал эми май айында мен болгон жокмун. Май айында өкмөттүн башка таасирдүү адамдары, сиз айткандай жөн адамдар эмес, погончон, түштүк боюнча толук ыйгарымдуу адамдары ошол жакта жүргөн, сиз ошолордон сурасаңыз болот.

“Азаттык”: Өмүрбек Токтогулович, сиз буга чейин ишкерликте кызматташ болгон казакстандык ишкерлер сизге кандайдыр бир нааразылыктары бар, вице-премьер-министр болуп иштеп турган кезде төө бурчакты ортомчусуз өткөрүп берем деп убада берген Таластагы шайлоочуларыңыз да сизге нааразы деген көп сөздөр айтылып жатат. Сиздин партияңыз парламенттик шайлоодо беш пайыздык чекти аттап өтө алабы?

Өмүрбек Бабанов: Казакстандан кайсы бизнесмендер нааразы экенин аныктап айтсаңыз? Казакстандан бир да бизнесмен нааразы эмес. Эгер “Күрмөнтү цемент” жөнүндө маселе болсо, “Күрмөнтү цементтин” АКБ Кыргызстанга карызы бар, ал банк мага карайт, аны Максим Бакиев жардам берип туруп алган кредитти жокко чыгарган. Экинчиден, фасоль маселеси боюнча, мен 2005-жылы шайлоого барганда айткам түп тамыры менен чечип берем деп. Мен аны түп тамыры менен чечтим.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, сиз көп жылдардан бери үй-бүлөлүк, кландык башкарууга каршы күрөшүп келе жаткан адамдардын бирисиз. “Ата Мекен” партиясынын Жалал-Абад облусу боюнча координатору болуп иштеген иниңиз Асылбек Текебаевге Акмат Бакиевдей болуп кезекке турган адамдар көбөйүп кетти деген маалыматтар көп болуп жатат. Себеби “парламенттик шайлоодон кийин сиз спикер болосуз, өкмөттү түзүүгө укуктуу болуп каласыз. Шайлоодон кийин кызмат берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт” деп жатыптыр. Демек Бакиевдин инилерине каршы күрөшүүңүздөн майнап чыкпай калабы, кандай дейсиз?

Өмүрбек Текебаев: Ушак чыккан, Текебаев Жалал-Абаддагы кадрлардын бардыгын иниси аркылуу коюп атат деп. Облустук деңгээлде кызматка коюлгандар боюнча биздин тиешебиз жок. Аны Жалал-Абаддын губернатору Бектур Асанов менен Бекназаровдун сүйлөгөн сөзүнөн уктуңар. Экөөбүз сүйлөшүп анан коебуз, башкалар койбойт, коем дегендерди камайбыз, башкаларды укпа деди. Ошондой адамдар үкамды эмес, мени угабы?

Таза шайлоо – бул кыялбы?

“Азаттык”: Парламенттик шайлоо деги өтөбү, өтсө карама каршылыксыз өтөбү?

Өмүрбек Бабанов: Өмүрбек Чиркешович, сиз айтып атасыз административдик ресурс колдонулбайт деп. Эмне себептен шайлоо кодексине декрет менен өзгөртүүлөр киргизилди? Ал жерде киргизилген өзгөртүүлөрдө айтылып атат, жарандар катталган жеринен добуш бербей жашаган жеринен добуш берет, аларды аныктаган айыл өкмөттөр справка берет деп. Жашаган жеринен добуш берүү бул, биринчиден, карусельге алып келет. Экинчиден, таза эмес, шайлоонун бурмалоо алып келет, административдик ресурс ошол жерден колдонулат.



Өмүрбек Текебаев: Жүз миңдеген адамдар Чүйдө жана Бишкекте жан багып жүрөт. Алар Баткенден, Ат-Башыдан, Чаткалдан, Алайдан келишкен, алардын демек Бишкекте каттоосу болбойт. Жок дегенде беш жылда бир жолу сенин алдыңа чоң саясатчылар, байлар келип добушуңду берчи деп думанадай болуп келсин, ошондо бир күн сен өзүңдүн өлкөңдүн кожоюну экениңди сезесиң, өлкөнүн тагдырын аныктайсың деп ошолордун конституциялык укугун биз камсыз кылышыбыз керек. Ондогон жылдан бери аларга эч ким көңүл бурган жок.
Биз жаңы жашоо образы, жаңы коом, жаңы адам үчүн күрөшөбүз. Өрнөк президент деген түшүнүктөр биз үчүн өтө маанилүү.


Биз советтик доордон калган каттоо институтун жоготушубуз керек деп эсептейбиз. Бул мыйзам он миңдеген адамдардын жарандык саясий укугун камсыз кылуу үчүн алынды. Ал эми карусель, фальсификация, административдик ресурсту пайдалануу бул жок болгон учурда да болгон. Аларды болтурбоо бул БШКнын милдети. Эгер алар муну жасай албаса анда кызматтан кетиши керек. Аларды жасатпоо техникалык деп аталган өкмөттүн милдети. Аларды жасатпоо Убактылуу өткөөл мезгилдин президентине түздөн-түз жүктөлгөн. Ал шайлоолорду адилеттүү өткөрүү үчүн, өлкөдө тартипти, ынтымакты сакташ үчүн киргизилген институт. Бир ай өттү бул мыйзам киргенге чейин. Ушунун жол-жобосун издеп, кантип жасаса болот, кантип алдап кетүүлөрдү, жалган справкаларды берүүнү токтотсо болот деген ишти жасагандын ордуна, бир айдан бери эч кимиси эч нерсе кылган жок. Бизге чет эл он миллиондогон долларларды адилеттүү шайлоо өткөргөнгө беребиз деп атышат. Бир айдын ичинде мунун баарын жасаса болот.

Өмүрбек Бабанов:
Бул ой чала чечилип калып атпайбы. 100 миң шайлоочуга добуш беребиз деп, миллиондогон шайлоочунун добушу аныкталбай калат. Себеби бул жактагы 100 миң шайлоочуга айыл өкмөтү справка берген, алар деле Баткенде, Нарында ж.б. жерде жашап аткан айыл өкмөттүн тизмесинде жүрөт. Ошол жерде анын ордуна бирөө добуш берет, бул жерден да добуш берет. Бул чала чечилген.

Декретке өзгөртүүлөрдү сиз киргизгенсиз, сиз ошонун башында тургансыз. Украинада бар мындай, жарандар катталган жеринде добуш берди, бирок алардын карточкасы бар. Бүгүн биздин 2 млн. 700 миңдин тегерегинде шайлоочуларыбыз бар. Ошого жараша бюллетендерди жана карточкаларды да чыгарса болот. Алар катталган жеринен карточкасын алса болот. Добуш берген жеринен документи менен аныктап туруп, карточкасына печать койсо, ошондо шайлоодо эч чатак чыкпайт. Бурмалоолор болсо, административдик ресурс колдонулса, анда чатак болуп регион-регионго бөлүнүп калабыз.

Өмүрбек Текебаев: Баткенди мисал келтирдиңиз. Бабанов эле эмес, башкалар да айтып атат, баткендикти Бишкекте каттап койсок ал эки жолу добуш берип калат, бул жерде өзү келип добуш берет, Баткенде анын туугандары добуш берет деп. Бул туура эмес логика. Макул, баткендикти бул жерден каттабай койсок, Баткенде анын тууганы добуш бербей коебу? Аны бердиртпей коюу БШКнын, прокуратуранын, соттун, бүт аткаруу бийлигинин милдети. Бул жерден каттабай койсок, ал тиги жактан бере берсин деп моюнга алгандык болуп атат да. Экинчиден, республика бир округ. Баткендиктин паспорту Бишкекте, ал учуп барып добуш бере албайт, аны колу маркировкаланат. Ал жетишпесе, анда сиз айткандай, кошумча жол жоболорун ойлоп таап киргизсе болот.

Өмүрбек Бабанов: Сиз ассамбеля мыйзамында отрубайсызбы, ошону сунуштабайсызбы.

Өмүрбек Текебаев: Ушунун баары жергиликтүү аткаруу бийлигине ыйгарылган. Ошолор жасаш керек бул ишти.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG