Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:13

“Азаттык” үналгысынын «Ыңгайсыз суроолор» берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы Кыргызстандын саясий-экономикалык абалы жана келечегине арналды.

Талкууга катышкандар:



Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Темир Сариев




“Акыйкат” партиясынын төрагасы, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов






“Азаттык”:
Кыргызстанда бийлик алмашып, экономикабыз кыйын абалга кептелет деп коркуп турган адамдардын саны көп болууда. Абал кандай? Биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча, ички дүн продукциянын көлөмү 16 пайызга өстү деген маалымат чыкты. Ошол чынбы?

Темир Сариев: Бул Улуттук статистика комитетинин берген маалыматы. Бул маалымат расмий түрдө берилгенден кийин гана биз ишенебиз. Чын эле бир топ багыттар боюнча өсүштөр бар, өзгөчө капиталдык курулуш жагынан, тейлөө жагынан өсүштөр бар.

“Азаттык”: Темир мырза, апрель айында салыктан жана бажыканадан түшкөн каражаттын көлөмү канча болду?

Темир Сариев: Апрель айында план боюнча 4 млрд. 744 млн. сом чогултушубуз керек болчу. Факт боюнча 5 млрд. 105 млн. сом чогулду, анын ичинде Орусиядан келген 900 млн. кредит бар. Ошон үчүн чоңураак болуп калды. Ошону менен биз дефицитти жаап, каржы жагынан 4,4 млрд. сомдун планы бар болчу, биз 4,2 миллиардды бердик. 97,7 пайызга каржыладык. Ал эми май айына болсо планыбыз 4,8 млрд., чыгаша жагыбыз 4,7 млрд., ортосунда анча-мынча акча калыш керек. Бирок азыр ушул план боюнча иштеп атабыз.

Экономикалык активдүүлүк азыр аз, ачыгын айтыш керек. Мына, бир жарым айдан ашык чек арабыз жабык турат. Бул түздөн-түз өзүнүн терс кесепетин көрсөтүп атат. Анын үстүнө күйүүчү майлардын аз келиши, алардын кымбаттап кетиши - бул да экономикага түздөн-түз тиешеси болот. Ошон үчүн Убактылуу өкмөт тарабынан, Каржы министрлиги жагынан шашылыш чараларды көрүп атабыз. Ошонун негизинде, мен ойлойм, биз бюджетти толук каржылаганга мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Жакында Дүйнөлүк валюта корунун атайын эксперттери келет, алар менен сүйлөшөбүз, алар 10 күндүк мөөнөт менен жүрүшөт. Ошондо атайын чечим кабыл алып, 8-июлда Бишкекте бардык донорлордун форуму өтөт. Ошондо Кыргызстанга шашылыш жардам көрсөтүү боюнча маселелер чечилет.

“Азаттык”: Аликбек мырза, 17-майда Кыргызстандын жалпы улуттук ынтымак программасын кабыл алууну жана анын негизги принциби жалпы улуттук плюрализм болуш керек деген билдирүү тараттыңыз. Муну менен сиз эмне айткыңыз келди?
Убактылуу өкмөт бүгүнкү күндө, тилекке каршы, аябай шашып атат. Декреттер аркылуу бүгүн мамлекетти башкарып атышат.


Аликбек Жекшенкулов: Өзүңөр билесиңер, азыр Убактылуу өкмөттүн ичинде үч партия бар. Бүгүнкү күндө жер-жерлерде министрлик, ведостволордо ошол үч партиянын бийлик талашуусу болуп атат, муну ачык айтып коюш керек. Мына, акими кайсы партиядан, орун басары кайсы партиядан деген сөздөр абдан көп. Андан тышкары мектептерде, чарбаларда “кайсы партияга киресиңер, эмен үчүн бул жакка кирбейсиңер” деген кысымдар башталыптыр, ошол эле Сокулук районунда. Бул жерде “биздин партияга кирбесең - сен душмансың” деген көрүнүштөр пайда болуп атат.

Албетте жетекчилер балким республиканын деңгээлинде билбестир, ал эми район, айыл өкмөттөрүнүн деңгээлинде баягы эле Бакиевдин маалындагы ушундай ыкмаларга салуу болуп атат. Мен ойлойм, орто, же ылдый жактагы чиновниктер түшүнгөн жок. Заман өзгөрдү, эл өзгөрдү, мурункудай кысымга алса - ошол эле мугалимдерди, ошол эле дарыгерлерди - кайра тескери жыйынтык берет. Элдин нааразычылыгы күчөйт.

Ошон үчүн саясий плюрализм дегенди өзүңөр билесиңер, саясий партия болобу, же партияга кирбейби, адам өзүнүн пикирин билдирүүгө укутуу. Ошого Убактылуу өкмөт шарт түзүшү керек.

“Азаттык”: Демек бул билдирүүңүз менен азыр бир жарым ай бололек бийликке келген партиялардын ортосунда карама-каршылык бар, же болбосо башкаларга монополист катары басым жасап атат деген ойдосузбу? Акимдерден башка дайындалган адамдардан тышкары эмне менен далилдей аласыз?

Аликбек Жекшенкулов: Ооба. Акимдерден башка жөнөкөй элдер мага келип атышат. Мисалы, биздин партиянын жаш мүчөсү, Кеминде милициялар “биздин партияга өткүлө” деп үгүттөп жүрсө, токтотуп аны кармаганга аракет кылышкан, же болбосо Сокулуктун бир айыл өкмөтүндө мектепте иштеген мугалимди биздин партияга өтөбүз десе, акимдин биринчи орун басары “сен эмнеге ага өтөсүң, биздин гана партияга, «Ак шумкарга», өтөсүңөр, башкаларга кирип көргүлө биз силерге көрсөтөбүз” деген сөздөрдү айткан экен.

“Азаттык”: Темир мырза, Аликбек мырза айткандай окуялар чын эле орун алып жатабы? Мисалы, сиздер Бакиевдин бийлигин кулатканга чейин ушундай үстөмдүккө каршы турабыз деп максат коюп келбедиңиздер беле?

Темир Сариев: Ооба, «Ак шумкар» партиясы 9-апрелде өзүнүн саясий кеңешинде "Сариевден башка «Ак шумкардын» бир да жетекчилери саясий кызматка барбайт” деп атайын чечим кабыл алган. Бүгүнкү күндө Убактылуу өкмөттө, же негизги саясий кызматтарда «Ак шумкар» партиясынын бир да мүчөсү жок. Биз андай талашка катышкан жокпуз.

“Азаттык”: Эмне үчүн талаш болуп жатат деген ойдосуз, Аликбек мырза? Бул парламенттик, президенттик шайлоого байланыштуубу?

Аликбек Жекшенкулов: Мен Темикени күнөөлөгүм келбейт. Мен ойлойм, буларга жагынуу. Анткени булар бүгүн бийликте да. Акимдин орун басары бул саясий кызмат орду эмес, бул - аткаруучу. Ошолор жагынуу катарында балким ушундай аракеттерди жасап атышы мүмкүн.

Акча, акча, акча

“Азаттык”: Эми экономикалык маселеге өтсөк. Темир мырза, Орусиядан алынган 300 млн. доллардын изи табылбадыбы. Ошол каражаттын негизинде өнүктүрүү банкын түзүш керек дедиңиз. А.Атамбаев болсо социалдык тармакка жумшаш керек деп атат. Бул кайсы жакка, кантип жумшалганы жатат?

Темир Сариев: 2009-жылы апрель айында келген. Апрель айынан сентябрь айына чейин бул акча коммерциялык банктарга жана баалуу кагаздарга сыртка салынган, Кыргызстандын ичинде эмес. Андан кийин орус бийлиги бул маселени октябрда аябай кескин түрдө көтөргөндө кайра Кыргызстанга алып келишип, Өнүктүрүү фондусун түзүшүп, ошого берген. 100 миллиону Камбар-Ата-2ге кеткен, 200 миллиону ар түрдүү Кыргызстандын ичиндеги банктарга салынган. Азыр биз бул акчаны Өнүктүрүү фондусун жоюуп, аны бюджетке жумшайбызбы, же Өнүктүрүү банкын түзүп экономикага жумшайбызбы деген кичине өйдө-ылдый талаш болуп атат. Бул мыйзам ченемдүү талаш. Анткени ар кимдин өзүнүн көз карашы бар. Ушунун үстүндө иштеп атабыз.

“Азаттык”: Демек азыр чечиле элек турбайбы?

Темир Сариев: Азыр чечиле элек. Анткени ошол иш жаңы жүрүп атат. Атайын комиссия түзүлгөн. Ошол комиссия кайсы жагына жумшоо керек деп санап атат. Эгерде акча кошумча келип калса, аларды биз берип бюджеттеги дефицитти жабабыз. Майда региондогу шаарларды өнүктүрүү боюнча биздин жакшы программабыз бар. Ушул 100 миллионду эгерде 20 шаарга бөлсөк 5 миллиондон, ар бир 5 миллион доллар 500 миңге жакын жумушчу орунду түзөт.

“Азаттык”: Бул Убактылуу өкмөттүн планыбы, же «Ак шумкар» партиясынын сунушубу?

Темир Сариев: Партиянын да сунушу. Биз министр болуп иштеп, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп жүргөндөн кийин ушуну сунуштап көрөбүз. Эгерде өкмөттүн мүчөлөрү кабыл алса, бул - өкмөттүн программасы болуп калат. Кабыл албаса анда партиянын программасы болуп кала берет.
Убактылуу өкмөттүн төрайымына “мамлекеттин тапшырмаларына менден жардам керек болсо коомдук ишмер катарында даярмын” деп ачык эле айткам.


Мен А.Жекшенкулович айтып кеткен маселеге кичине кайрылып кетейин. Албетте азыр ар түрдүү сөздөр чыгып атат. Бирок биз кыска мөөнөттүн ичинде таза, ачык иштөөнүн жолун тандап алдык. Айтып атабыз, каржы министри атынан ар бир кеткен акчаны жума сайын берип турабыз, казначейство аркылуу кайдан түшүп атат, кайсы жакка кетип атат. Албетте туура эмес иштер да болуп атат. Аны мойнубузга алабыз, аны элдер көрүп турат, эмне үчүн, кимден, кандай болуп атат деп. Бирок ошону менен эле бир учурда абдан тири укмуш сөздөр да кетип атат.

Канчалык кыйынчылык болбосо да биз Камбар-Ата ГЭСине 200 млн. сом бөлдүк, азыр 1,3 млрд. сом бөлүп атабыз, августтун аягына чейин жеткирели деп. Экинчиси, жолдорду оңдогонго 200 млн. сом бөлүп бердик. Ош шаарынын инфраструктурасына 20 млн. сом бөлдүк, Бишкек шаарына 80 млн.сом бөлүп бердик. Мунун баарын биз таап атабыз. Бул да кыска мөөнөттүн ичинде жасалган иш.



“Азаттык”: Аликбек мырза, Орусия менен Казакстан Кыргызстан менен кызматташуу боюнча өз өкүлдөрүн дайындашты. Сиз тышкы маселелер боюнча кесипкөй адам катары айтсаңыз, айрым эксперттер муну башка мамлекеттин ички ишине кийлигишүү деп баалап жатышат. Исхак Масалиевдин, Нариман Түлөевдин колу менен Убактылуу өкмөттү алсыздандыруу максаты ишке ашпай калгандан кийин, эми ички душмандарды да муунтуу үчүн дайындалды деген да ойлор айтылып жатат. Сиз буга кошула аласызбы?

Аликбек Жекшенкулов: Жок, мен мындай ойго кошулалбайм. Анткени өзүңөр билесиңер, башында баштаганга Убактылуу өкмөт чоң ката кетирген, легитимдүү маселеси чечилбей калган. Мен айтып коеюн, кыргыз эли угуп атат, Кыргызстандын тагдырын кыргыз эли чечиш керек, чындыкты түз айтыш керек, Убактылуу өкмөткө шылтоолоп прокуратура, ИИМдин кызматкерлери орто, чакан бизнести аябай кыйнап атышат. Биз текшергени келдик деп, бир нерсе өндүрүп алып атышат.

“Даярдангыла! Текшерүүчүлөр келатат”

“Азаттык”: Негизсиз текшерүүгө мораторий жарыяланбады беле?

Аликбек Жекшенкулов: Аны аткарбай атышат. Өзгөчө бажы система баягы эле караңгы салык деп коебузбу, өзүнүн чогултмайы бар. Мен азыр саясий, экономикалык жагынан абдан активдүү иштеп атам, менде толук маалымат бар. Тилекке каршы, ушул маселелерге бүгүн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өзгөчө жетекчилерине туура эмес маалыматтарды берип атат.

“Азаттык”: Сиздерге маалыматтар жетпей атабы?
Бакиев убагында мени киши өлтүргүч кылган, министр кезимде казнага кол салды деген күнөөлөрдү койгон. Алар жуккан эмес.


Темир Сариев: Маалымат жетип атат. Биз булар боюнча шашылыш чараларды көрүп атабыз. Ошон үчүн 13-майда муну токтотуу боюнча дагы бир декрет чыгардык. Каржы полициясынын жетекчисинин буйругу менен текшерүүлөрдүн баарын токтоткон. Албетте жанагыдай жат көрүнүштөр болот. Аны менен биз күрөшүп атабыз. Таптакыр таза болуп калдык деп айткандан мен алысмын. Анткени биринчи жолу Кыргызстанга корпоративдик башкаруу кирип атат.

“Азаттык”: Темир мырза, сиз Рушайло менен Ашыркулов, Акаевдер аркылуу мурдатан тааныш деген маалыматтар бар. Сиз Рушайло менен жолукпадыңызбы, ошондо кандай маселелерди талкууладыныз жана Кыргызстандагы саясий кырдаалды ал кантип жөнгө салат экен? Сиз апрель ыңкылабынын астында Орусияга барбадыңыз беле, ошондо кимдер менен жолугушуп, эмнелер жөнүндө сүйлөшүп келдиңер эле?

Темир Сариев: Рушайло менен мурун тааныштыгым жок болчу. Азыр президенттин ыйгарым өкүлү болуп келгенде расмий түрдө таанышып, жолуктук, абдан кенен сүйлөштүк. Мен айтып коюшум керек, орус мамлекетинен ыйгарым укук алып келген адам кандайдыр бир башка план менен келген жок. Ал ачык эле “мен чемоданда эч кимди алып келген жокмун, мен кандайдыр бир башка максат менен келген жокмун, эң негизги максатыбыз - бул бүгүнкү Кыргызстандын саясий-социалдык абалын жеринен көрүп, анан Орусия тарабынан кандай жардам бере турганыбызды билүү” деп айтты. Казакстан да биздин боордош бир тууган эл. Ал жакта эч кандай туура эмес саясат жок.

“Азаттык”: Аликбек мырза, сиз эмне үчүн 7-8-апрель күндөрү Максимге таандык «Мегаком» компаниясын кайтарууга алдыңыз? Ага сизде кандай кызыкчылык бар эле? Орусиялыктар «Мегакомду» кайтарууга көзөмөлдөөнү суранышты деп айтпадыңызбы. Сизге ким, эмне үчүн суранды?

Аликбек Жекшенкулов: Ошол эле Орусиянын эки фирмасы болгон, «Мегакомду» бири-бири менен талашкан. Бир фирмасы Максим менен жакындашып алып, акцияларын Максимге берип, чогуу иштешкен. Мен ачык айтканда, 7-апрелде биздин дагы миңге жакын балдар чыккан. Мен атын айта албайм, анткени өзүңөр билесиңер бул сырдуу маселелер.

“Азаттык”: Коммерциялык сырбы?

Аликбек Жекшенкулов: Коммерциялык эмес. Жөн гана эркекчилик. Эгерде ошол жерден пайда көрсөң коммерциялык сыр болот да. Бул жерде эч пайда жок. Анан ошону кайтарып турдук, анан СНБнын, Финполициянын өкүлдөрү кеткенден кийин ал жерден балдар кетип калган. Эч бир коммерциялык сөз да жок.

Билесиз, Бакиев убагында мени киши өлтүргүч кылган, министр кезимде казнага кол салды деген күнөөлөрдү койгон. Алар жуккан эмес. Азыр эле саясий технологдор, “пиарщиктер” ошол аркетти көрдү да, менин артыман маскаралаганга аракет кылган.

“Азаттык”: Апрель ыңкылабынан кийин дагыбы?

Аликбек Жекшенкулов: Ооба, анткени алар, мына Темике айтып атпайбы, ошол эле прокуратурада, ошол эле ИИМде, ошол эле «Мегакомдо» отурушат. «Мегакомдо» кечээ эле Максимге акча ташып жүргөндөр отурбайбы.

“Азаттык”: Кыргызстандын прокуратурасынын кызматкерлеринин кандай кызыкчылыгы бар?

Аликбек Жекшенкулов: Эми алар кечээ эле Бакиевге кызмат кылып жүрбөдү беле. Аларды, кечирип койгула, оңой эле сатып алып, мындай сүйлө десе сүйлөп коет. Кечээ эле киши өлтүргүч кылып жүргөндөр арасында жүрбөйбү. Аны унутуп калдыңарбы?

“Азаттык”: Ким? Ачык айта аласызбы?

Аликбек Жекшенкулов: Ачык айтам. Ошол эле Силич деген бүгүн отурат. Алар менден коркконунан, мындан ары да киришет деп ойлогонунан ошондой кылып жиберишкен. Ойлоп көрсөңөр, эки жуманын ичинде эле 49 пайызын мамлекетке бере коет. Андай болбойт да. Мен ойлойм, биздин күчтөн коркконунан бизге берип ийди.

Бул жерде жөн эле каралаганга ММКлар жол бербеш керек, бул бир. Экинчиден, мен ойлойм, Убактылуу өкмөттө да кызыкдар кишилер болгон. Мени маскаралап, ошого аралаштырганга. Бизде съемкалар бар. Эгер ошондой чоң нерсе болсо, биз далилдеп беребиз.

Айдар, Максим жокто ким бар?

“Азаттык”: Темир мырза, азыркы учурда Бакиевдердин үй-бүлөсүнө жана ага жакын адамдарга тиешелүү кандай ишканалар мамлекеттин карамагына өттү? Алар чын эле мамлекетке кайтарылып жатабы, же 2005-жылдагыдай болуп башка бирөөнүн ээлигине өтүп кетип жатабы? Эмне үчүн ушул процесстер ММКларга ачык чыкпай жатат, ачык көрүнбөй жатат?
Заман өзгөрдү, эл өзгөрдү, мурункудай кысымга алса - ошол эле мугалимдерди, ошол эле дарыгерлерди - кайра тескери жыйынтык берет.


Темир Сариев: Башкы прокуратура жагынан бир топ кылмыш иштери козголгон. Алардын юридикалык фирмалардын тизмеси чоң. Алардын ар бири боюнча текшерүү жүрүп атат. Ал эми негизги компаниялар боюнча убактылуу тышкы башкарууну киргизүү боюнча Убактылуу өкмөттүн атайын чечими бар. Ошонун ичинде “Нарын курулуш” компаниясы, бул Камбар-Ата-2, ошонун ичинде «Мегаком» компаниясы, мындан башка дагы 3-4 энергокомпаниялар бар, курулуш жагында иштеп жүргөн чоң акчалар менен айлантып жүргөн. Кийин БНК деген мунай компаниясы. Ушуга окшогон бир топ компанияларды киргиздик, алардын баары ММКларга чыгып атат. Бирок чынын айтыш керек, бир топ нааразычылыктар, эл тарабынан суроолор бар. Тергөө иши жүрүп атат. Биз ал жакка кийлигише албайбыз. Тергөөнүн сыры да болот экен.

“Азаттык”: Ал эми азыр коммерциялык банктар кандай иштеп атат?

Темир Сариев: “Азия универсал банк” менен “Кыргызкредит” түздөн-түз Надель менен Максимге тиешелүү банк, экөөнө тең Улуттук банк жагынан тышкы башкаруу бар. Андан башка “Манас” банкында тышкы башкаруу болгон. Бирок алар изилдеп бүтүп, жакын арада Улуттук банктын түз башкаруусуна өткөрөбүз деп атат. Калган банктарды эркиндикке кое берди.



“Азаттык”: Азыр чек ара иштебей турат, банктар иштебей жатат деп кээ бир ишкерлер да нааразы болуп жатышат. Анан Максим Бакиев турган кезде ага тиешелүү жана анын жакындарына тиешелүү банктар үстөк пайызын өтө жогорку насыяларды берип, азыр үй жайынан ажырап калган адамдар бар экен. Биздин көрөрманыбыз сизге суроо берди эле, ошону көрүп алып анан сиздин жообуңузду уксак?

- Кыргызстан эли, Кыргызстан аялдары жалаң элүү пайыз деген кредиттер бар экен, ошолорду алып, үйлөрүн алдырып ыйлап жүргөн адамдар көп болуп атат. Коммерциялык банктардын үстүнөн да көзөмөлгө алып, элди алдабаганга жардам беришиңизди суранат элек.

Темир Сариев: Бул боюнча Улуттук банкта коммерциялык банкттардын башчылары менен бир-эки жолу сүйлөшүүлөрдү өткөргөнбүз. Булар жеке банк болгондон кийин ушуларды басып чеч деген да рычаг жок. Бирок Улуттук банк аркылуу аларды суранып 7-8-апрелдеги окуядан кийин жапа чегип калган адамдарга жеңилдетүүлөрдү бергиле деп айтканбыз. Азыр болсо пайыздарды түшүрүү боюнча биз бир топ чараларды көрдүк. РСК банкы 12-16 пайыз менен кредит бере баштады. “Айыл банкы” азыр эгер валюталык болсо 9 пайыздан 18 пайызга чейин берет.

Аликбек Жекшенкулов: Убактылуу өкмөткө менин каалом бар. Эмнегедир Темике интернет, гезиттер аркылуу сиздерге кайрылгам, жанагы рейдерство деп атышпайбы, же болбосо тергөөлөр жүрүп атпайбы. Ошону бир коомдук коммиссия түзүп, билесиңер, прокуратура, ИИМдин кызматкерлери, тилекке каршы, коррупцияга аябай малынган, аларга ишениш кыйын, эл деле ишенбейт. Ошолорго коомдук ишмерлерди аралаштырып, Убактылуу өкмөткө ишенимди күчөтүш үчүн комиссия түрүндө тергөөгө аралаштырыш керек. Анан өздөрүнчө токтотуш керек. Мага кечээ эле балдар келип кетти.

“Азаттык”: Демек коомдук көзөмөлдү күчөтүш керек деген ойдосузбу?
«Ак шумкар» партиясы 9-апрелде өзүнүн саясий кеңешинде "Сариевден башка «Ак шумкардын» бир да жетекчилери саясий кызматка барбайт” деп атайын чечим кабыл алган.


Аликбек Жекшенкулов: Ооба, күчөтүш керек. Анткени эптеп эле Убактылуу өкмөттү жаман көргөзүп атат, өздөрү да акчаны сапырып атат. Кадр маселесине келгенде өтө таза кишилерди койбосоңор болбойт.

Темир Сариев: Муну эске алалы, жүйөлүү сунуш деп айтсак болот. Анткени биз чогуу эле жүрүп, билебиз да мындай коомдук көзөмөл болсо мүмкүн. Бирок ички ишине кирише албайт. Анткени атайын жаза кодекси бар, алар боюнча башкалар кирише албайт.

Аликбек Жекшенкулов: Байкоочу болуп жүрсө болот да. Менимче, Убактылуу өкмөт токтотуш керек деп атайын декрет алыш керек эле.

Темир Сариев: Ооба, кыйынчылык бар. Жанагы сиз айтып аткан ылдыйкы жактагылар туура эмес колдонуп, бизди да, элди да жаман атты кылып элге да жек көрүнтүп атат. Алардын кээ бирөөнү саботаж сыяктуу кабыл алсак болот. Бирок биз иштешибиз керек, мен ага кошулам, тартипти да, талапты да катуу коюшубуз керек.

Мезгил таразалачу турган көп маселе бар

“Азаттык”: Аликбек мырза, сиз түрмөгө түшкөндө Бакиевдерге оппозицияга такыр кошулбайм деп тил кат берип чыккан деген эл арасында сөз жүрүп жатат. Ошондон уламбы азыркы апрель революциясынан кийинки багытыңыз коомдо карама-каршы пикирлерди жаратып жатат. Ошондой пикирлерин билдирген биздин көрүүчүлөрүбүздүн суроолорун көрүп, анан жооп берсеңиз?

- Сизди чыныгы патриот, дипломат, мыкты коомдук саясий ишмер катары тааныйбыз. Убагында өз позицияңызга бекем туруп, эл үчүн кыймылдарды түзүп, өзүңүз айткандай кара дүйнөнү да көрүп келдиңиз. Бирок эмнегедир Убактылуу өкмөткө мүчө болуп, кыргыз элинин жалпы дипломатиялык иштерин колго алып, Убактылуу өкмөттүн колуна-кол, бутуна-бут болуп бере турган сизге окшогон чыныгы лидерлер керек эле. Ушул жагы бизге табышмак бойдон. Ушуну түшүндүрүп берип койсоңуз?

Аликбек Жекшенкулов: Тилекке каршы, мен көп нерсени ачык айта албайм. Аткени мезгил келе элек.

“Азаттык”: Убактылуу өкмөт менен эмне үчүн иштеше албай жатасыз? Же Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн бирөө менен мамилеңиз салкынбы?
Каржы полициясынын жетекчисинин буйругу менен текшерүүлөрдүн баарын токтоткон. Таптакыр таза болуп калдык деп айткандан мен алысмын.


Аликбек Жекшенкулов: Жок, кеп мамиледе эмес. Менин көз карашым кээ бир мүчөлөр менен башка. Мен аны ачык эле айтып чыккам, бул бир. Экинчиден, ушул Убактылуу өкмөттө болуп аткан башаламандык мага жакпайт. Убактылуу өкмөттүн төрайымына “мамлекеттин тапшырмаларына менден жардам керек болсо коомдук ишмер катарында даярмын” деп ачык эле айткам. Эч нерсе айткан жок, ошон үчүн мен унчуккан жокмун.

Сиз айткандай кат түрүндө - бул ушак, далилдеп берсин мага. Кыргыз элине айтаар элем, ушул ушакка ишенбей, фактыларга ишенсеңер. Анткени бүгүн саясий күрөш башталганда ар кандай сөздөр таратылып, өзгөчө мен Убактылуу өкмөткө кирбей койгондон кийин менин “жакшы санаалаштарым” ар кандай сөздөрдү таратып атат. Мен ойлом убакыт бардыгын ордуна коет.

“Азаттык”: Темир мырза, 7-8 апрель күндөрү, андан кийин Атамбаев экөөңүздөр эмне үчүн Улуттук банктын, бажыкананын жетекчилерин дайындоодо улам-улам алмаштырдыңыздар? Мына ушундай көрүнүштөр кадрдык маселе боюнча көп карама-каршы пикирлерди пайда кылып жатат?

Темир Сариев: Биринчиден, айтып коеюн “Ак шумкар” партиясынан эч ким коюлган жок. Ал эми жанагындай кээ бир түшүнбөстүктөр бар, биз Убактылуу өкмөттө ар бир өкмөттүн башчынын орун басарлары тармактарды алганбыз, ошол тармак боюнча биз сунуш берип, башчылар бекиш керек болчу. Тилекке каршы, эрежелер көп убакытта бузулуп жатат. Бул ачыктан ачык эле көрүнүп турат. Бул боюнча биз да Убактылуу өкмөттүн ичинде катуу талаш тартыштарга, катуу сөздөргө чейин барганбыз. Көч бара-бара түзөлөт дейт, мен ойлойм, азыр өкмөт мүчөлөрү да эрежени сактаганга четинен көнүп баратышат. Бул эрежени сактабагандан улам келип чыгып атат.

Каржалган калкты ким ойлойт?

“Азаттык”: Азыр Кыргызстандын көп аймактарында жазгы айдап себүү иштери бүтпөй калды. Буга майдын жоктугу башкы себеп болду деп тынчсызданган адамдар бар. Эмне себептен май менен камсыз кыла албай калдыңыздар? Эмне себептен азыркыга чейин чек араны ачтыра албай жатасыздар?

Темир Сариев: Өтө оор маселелердин бири - чек ара маселеси. Кечээ мен Казакстандын ыйгарым өкүлү менен сүйлөштүм. Кудай буйруса үмүт бар жакын арада ачылат, булар мындай этап-этап менен карайлы деп атышат. Азыр ачыгын айтышыбыз керек мөөнөтүн айткандан чоочулап турабыз. Бирок алардын да, биздин да бул маселе боюнча терең түшүнүгүбүз каалообузда бар ачыш керек, эл аралык саясат кылдат мамиле кылышыбыз керек, эч качан бири-бирине шек келтирген сөздөрдү айтпашыбыз керек.

Экинчиден, күйүүчү май боюнча билесиңер, Орусия феврал айында атайын чечим кабыл алган, апрелдин башында Кыргызстанга эксперттик пошлина киргизилген, 193 миң доллар, аны менен алып келсек баа 30 пайызга көтөрүлүп кетет эле. Ал эми Казакстанда өзүнө жетишпей жатат, бирок ошого карабай мына “Газпром Нефть Азия” алып келүүдө. Андан башка биз гуманитардык жардамды алдык, бир айда бардыгын толук камсыз кылуу үчүн биз элүү миң тоннага чейин киргизишибиз керек. Азыр 35-40 киргизип атабыз, ортосунда чоң дефицит бар. Эми ушунун үстүндө иштеп атабыз.

“Азаттык”: Экөөңүздөрдө жалпы суроо: эгер 27-июнда референдумда жалпы эл колдобой койсо кандай кырдаал түзүлөт жана андай кырдаалдан чыгуунун кандай жолу бар?

Темир Сариев: Чынын айтышыш керек, эгерде ошондой болуп калса өтө оор кырдаал түзүлөт, эми идеалдуу, баарына жаккан Конституция болбойт.

Аликбек Жекшенкулов: Убактылуу өкмөт бүгүнкү күндө, тилекке каршы, аябай шашып атат. Декреттер аркылуу бүгүн мамлекетти башкарып атышат, ошону менен улантып, мен ойлойм, ошол эле Конституциянын өзүнө эмес, кайсы системага өтөбүз бизге жакпай калды негизинен мен да колдобойм. Парламенттик мамлекет болобузбу же президенттик парламенттик болобузбу деген эки суроону референдумга койсо туура болмок. Андан кийин ошол эле декрет менен шайлоону өткөрүп, анан ошол шайлоодон кийин жаңы парламентти аныктаса болмок. Баягы эле Акаев менен Бакиевдин убагында шашкалактап Конституция алган, кийин кайра бир маселелер коопсуздук жаратышы мүмкүн.

Темир Сариев: Опурталдуу болбош үчүн биринчи эрежени тактап алыш керек, биз башкалардан айырмаланып биринчи эрежелерди алып чыктык. Ушул эрежеге макул болсоңор ушул эреже менен жашайбыз деп. Убакытты узарткан болбойт. Эгерде парламенттик же президенттик деп коюп койсок андан чыккандан кийн баары бир ушул текстти жазыш керек. Ал текстти ким жазат, кандай жазат, анын ыйгарым укуктары кандай бөлүнөт - таптакыр башкача маселе болуп калат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG