Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:41

“Азаттык” үналгысынын “Ыңгайсыз суроолор” сыналгысынын кезектеги чыгарылышы Кыргызстандын тышкы саясатына жана келечегине арналды.


Талкууга катышкандар:




Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи Ишенбай Абдуразаков







Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи Эсенгул Өмүралиев








“Азаттык”:
Ишенбай мырза, Кыргызстан жаңы Конституция кабыл алып, парламенттик башкаруу системасына өттү. Парламенттик системага өтүүнү КМШдагы бир топ мамлекеттер жактырган жок, мисалы, Орусия. Андан кийин түштүктөгү кандуу окуядан кийин да аз улуттагы элдерди басмырлайт экен деген бүшүркөө эл аралык коомчулукта пайда болду. Ошон үчүн Кыргызстандын эл аралык тышкы саясатын дыкат ыраатка салуу маселеси зарыл болуп турат. Кандай деп ойлойсуз, жаңы Конституцияда тышкы саясатты ким аныктары жана ага ким жоопкерчиликтүү болору так жазылган жана андан кийин ырааттуу саясат жүргүзүүгө жол ачат деген ойдосузбу?

Ишенбай Абдуразаков: Эми өтө эле ыңгайсыз суроону берип атасың, Бүбүкан. Ошентсе да айтып көрөйүн. Мына, көп адамдар мындан ары эмне болот деп өздөрүнчө кооптонуп тургандыгынын себептери да бар. Буга чейин ички жана тышкы саясаттын негизги багыттарын аныктоо президенттин укугу болчу. Ошон үчүн ага көп талаш тартыш болчу эмес.

Азыр эми парламенттик системага өткөндөн кийин процедура дагы өзгөрүп атат. Ошондуктан эмне болуп кетет деген сөздөрдүн болгону табигый нерсе. Азыркы учурда биздин парламенттик системага өткөнүбүздү жактырбай аткан өлкөлөр да бар. Алар биринчи кезекте КМШ өлкөлөрү деп койсо болот. Себеби алардын бардыгында президенттик-парламенттик система.

Өнүккөн өлкөлөрдүн көбү көп жылдан бери ушул жолго түшүп кеткендиктен демократиянын негизги багыты парламенттик система деп ойлошот. Ошон үчүн алар аны жактырып атышат. Бирок алардын бардыгы ойлорун ачык айтып, дароо эле куттуктабай жаткандыгынын бир себеби бар. Ал негизинен укуктук маданият, укуктук процедура боюнча, чынын айтыш керек, толугу менен классикалык шекилде болбой калгандыгы.
Тарыхтан сабак албайт экенбиз. “Жан дилим менен иштеп берем, элим үчүн” дейт да антты бергенден кийин унутуп калып атпайбы.


Эң негизгиси, менин оюмча, элдин, коомдун саясий маданияты. Экинчиден, бийликке келген президент болобу, парламентке келген элдердин да өздөрүнүн билими, ички тажырыйбасы ички жана тышкы саясаттын негизги стратегиялык багытын биле берген кишилер барбы же жокпу? Мына ошого байланыштуу. Эгер ошондой жакшы кишилер келип калса анда көп деле шектенип, кооптонбой, буйруса болуп калаар деп үмүт кылып жүргөнүбүз жакшы. Эгер келбей калса анда көп маселе чыгышы мүмкүн.

“Азаттык”: Эсенгул мырза, азыр эл аралык мамиледе эң негизги ролду мамлекеттер ортосундагы катнаш гана эмес, трансулуттук корпорациялар, бейөкмөт уюмдар, керек болсо эл аралык кылмыштуу синдикаттар да ойной баштабадыбы. Бул жагдайдан алып караганда Кыргызстан экономикалык дипломатияны жогорку деңгээлде алып бара алат жана ага адистер жетиштүү болот деген ойдосузбу?

Эсенгул Өмүралиев: Албетте бул маселени ошентип ойлош керек, башка жол жок. Себеби биз Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөйбүз, Кыргызстанды дүйнөлүк мамлекеттердин ымаласына тартабыз десек анда Кыргызстандын кызыкчылыгын камсыз кыла турган саясат жүргүзүшүбүз керек. Ал тышкы саясаттын негизи, менимче, эки маселеде болот. Биринчи – биздин мамлекеттин бүтүндүгүн камсыз кылуу, экинчиси – экономикалык кызыкчылыктарына жол ачып берүү. Бул багытта өкмөт өзүнүн тышкы саясатын иштеп чыгып атканда конкреттүү доктрина кабыл алыш керек.

“Азаттык”: Ишенбай мырза, ЕККУ Кыргызстанга азыркы учурда атайын полиция күчтөрүн киргизиш керек деди. Кээ бир саясий талдоочулар эгер киргизиле турган болсо Кыргызстанды экиге бөлүп кетүүгө мүмкүн деп кооптонуп жатышат. Сиз кандай ойлойсуз, киргизүү зарылбы?

Элден чогултулган курал-жарактардын айрымдары.
Ишенбай Абдуразаков:
Өткөндө түштүктө болгон окуялар чынында бардыгыбызды бир топ коркутуп койду десек деле болот. Себеби ошол кезде кокустан кан төгүлүү басылбай көпкө чейин узап кеткен болсо ошондо тышкы күчтөрдүн бизге таяныч болуп арачалап дейбизби, тынчтыкка келтирип кала турган зарылчылык бар болчу. Азыр шүгүрчүлүк дейли, азырынча ошол курчуп турган абал кичине жеңилдеди. Бирок анын да ачыгын айтыш керек, элдин ичинде калган ыза, бири-бирине болгон ишенбөөчүлүк деген атмосфера азыр да бар. Азыркыдай акыбал болуп турса сырткы күчтөрдүн бизге кереги жок. Биздин өзүбүздүн ички күчтөр менен чечип, элдин тынчтыгын кармап турсак болот.

“Азаттык”: Эмне себептен экиге бөлүп кетүүгө шарт түзөт деп айтып жатышат?
Бакиевдин колуна суу куюп, ошонун кылычын чаап жүргөндөр деп айткан туура эмес. Коомдук пикир ушуга натуура баа берип атат.


Ишенбай Абдуразаков: Себеби булар көптөн бери ушундай прогноз айтып жүрүшөт. Биздин өлкөдөгү акыбал ушундай болуп кеткенин политологдор жакшы билет. Анын ичинде кыргыз өзү улут болуп калыптанбай уруу, урууларга бөлүнүп алып, жер-жерге, түндүк-түштүк деген маселелер чыгып кетип атпайбы. Ошого кошул ташыл болуп өткөндөгү бузукулардын авантюрасы аркылуу эки эл кагышып калды. Ошонун негизинде айтылып аткан прогноз дагы эле азыркыга чейин бар. Муну эске алышыбыз керек. Бул коркунуч дагы эле бар. Бирок муну мамлекеттин, бийликтин анан коомчулуктун эң негизги жана ыйык милдети деп айтып коелу, ошого жол бербеш керек.

Бажы биримдиги: ким утуп, ким утулат?

“Азаттык”: Эсенгул мырза, Казакстанда ЕврАзЭШ саммити болбодубу. Ошондо президент Роза Отунбаева Казакстан, Орусия, Белорус мүчө Бажы биримдигине кирүүгө Кыргызстан даяр деп билдирди. Мурдагы бийлик учурунда Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө кызыкдар эмес деп билдирген болчу. Эгер ошол Бажы биримдигине кире турган болсо Кыргызстан эмнени утат жана эмнени уттурат?

Эсенгул Өмүралиев: Бул Бажы союзу кандай мааниде, кандай максатта түзүлүп атат, мунун келечеги эмне болот деген да суроо бар. Себеби биз көрүп турбайбызбы, үч мамлекет Бүткүл дүйнөлүк соода уюму менен сүйлөшүү жүргүзүп атат. Бирок сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы чыга элек. Булар Орусия гана эмес Бажы союзу болуп киребиз деп айтып атат. Ошонун тартиби менен анда кабыл алынган тарифтер, чектөөлөр менен кабыл алсаңар киребиз деп атышат.

“Азаттык”: Кыргызстан мурдатан эле Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө да?

Эсенгул Өмүралиев: Биз мүчөбүз, булар да ультиматум коюп атат. Бирок биз Бажы союзуна киргенге кызыктарыбыз. Биздин 70 пайыз соодабыз ушул Орусия, Казакстан Белорус менен.
Ар бир мамлекетте өзүбүздүн кызыкчылыгыбыз бар. Пайдалуу нерселер бар, ошого биз жол ачып беришибиз керек.


Экинчиден, биздин коммуникациялардын бардыгы ушул өлкөлөр аркылуу өтөт, темир жол, автожол жана башкасынын баары. Үчүнчүдөн, мигранттардын көпчүлүгү ушул үч мамлекетте жүрөт, ошолор алака түзүп атат.

Төртүнчүдөн, Кыргызстан 10-15 жылдан бери транзиттик өлкө катары реэкспорттун негизинде ички экономиканы активдештирип келатканбыз. Мына ошол процесс токтоп калат. Ошонун баары болбош үчүн биз ошол жакка киришибиз керек. Бирок жөн эле кире бербей алардан биринчи сурашыбыз керек. “Эгерде силер бул Бажы союзун Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун нугунда түзөбүз деп атсаңар анда киребиз. Жок, аны түзүп алып тигил жактан изоляция болобуз деп атсаңар анда кирбейбиз” деш керек.



Багыт көп, максат бир

“Азаттык”: Ишенбай мырза, Бакиев тышкы саясатын так аныктай албай жүрүп дөө-шаа мамлекеттердин ортосунда калбадыбы. “Азаттык” үналгысынын интернет сайтында “Кыргызстан тышкы саясатта кандай багытты карманыш керек?” деген сурамжылоо жүргүзүлдү. Ошол сурамжылоого добуш бергендердин 55,2 пайызы “көп багыттуулукту карманыш керек” деп добуш бериптир. Сиз кандай деп ойлойсуз? Кайсы мамлекеттерге артыкчылык берүүсү зарыл?

Ишенбай Абдуразаков: Логика боюнча алганда биз, албетте, эгемендүү өлкө катарында көп багыттуу тышкы саясатты алып барышыбыз керек. Себеби биздин кызыкчылыгыбыз эки-үч өлкө менен эле чектелбейт. Бизде чыгыш бар, батыш бар, түндүк-түштүк бар.

Ошолордогу биздин Кыргызстандын кызыкчылыгына ылайык келе турган нерсе болсо ошонун бардыгын биз колдонушубуз керек. Ошону менен бирге биз тарыхый жактан көп жылдардан бери карым-катнашыбыз өнүгүп калган Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай менен абдан ынтымак-ырашкерлүү мамиледе болушубуз керек.
Кыргыз өзү улут болуп калыптанбай уруу, урууларга бөлүнүп алып, түндүк-түштүк деген маселелер чыгып кетип атпайбы. Ошого кошул ташыл болуп өткөндөгү бузукулардын авантюрасы аркылуу эки эл кагышып калды.


Албетте биз көптөн бери, жарым кылым бою аралашып калган Орусия менен кол үзбөй, жакшынакай мамиледе жүргөнүбүз өзүбүздүн кызыкчылыгыбызга туура келет. Бирок айрым саясатчы политологдор кээде “Кыргызстан үчүн көп багыттуу саясаттын кереги жок, силер бир эле жакты карагыла” дегендей айтып атпайбы. Ал эмнени айтып атканын биз деле түшүнүп турабыз, бирок ал туура эмес. Бир өлкө менен жакшы болгондо андан ары да жакшы бололу. Бирок башкалар менен душман бол же болбосо алардан башка жакты карап кал деген сөз эмес. Биз кичинекей өлкөбүз, 5 миллион болгон калкыбыз бар. Ошонун ичинде бизде мүмкүн болушунча душман деген болбош керек. Мүмкүн болушунча биз менен кызматташ, тилектеш өлкөлөрдүн көп болгону жана мүмкүнчүлүк болсо бардыгы менен жакшы болгонубуз жакшы. Анан кээде саясий чайкоочулук кылып аткандар бар. Ири державалардын арасында сфера бөлүштүрүү деген эски нерсе бар. Бирок ошол майда өлкөлөргө келгенде кичине артка жылып кеткендер болуп атат.

“Азаттык”: Кош стандарт болуппу?

Ишенбай Абдуразаков: Ооба, кош стандарт. Ошондуктан биз аларга жакшы түшүндүрүшүбүз керек. Биздин тышкы саясатты жүргүзүп аткан адамдардан, оболу президент, өкмөт жана мамлекеттик структуралардын кызматкерлеринен көп нерсе көз каранды болот.
Орусиянын президенти Дмитрий Медведев


“Азаттык”: Сиз жакынкы коңшулар менен да мамилени чыңдаш керек деп айтып атасыз. Мисалы, Кытай менен атаандашуу Кыргызстан эле эмес дүйнөдөгү көп мамлекеттердин эл аралык мамилесинде күн тартибинде турган маселе болуп жатпайбы. Кандай деп ойлойсуз, Кыргызстан өзүнүн улуттук экономикалык маданиятын өнүктүрө алабы жана аны өнүктүрүш үчүн эмне кылыш керек?

Ишенбай Абдуразаков: Ал деле биздин өзүбүздүн жүрүшүбүзгө байланыштуу. Кытай деген гигант. Биз анын жанында турган кичинекей өлкөбүз. Эгерде мүмкүнчүлүгүбүздү, экономикалык потенциялыбызды, коопсуздук, тамак-аш коопсуздугу, экологиялык коопсуздукту эске алып, өзүнүн ченеми менен Кытай менен алака түзсөк анда биз утабыз. Мына ушунун баарын эсепке алыш керек, эсепке алып, ыгы менен мамиле түзүп, алар менен араздашпасак алар деле көнөт. Кытайлар деле бул жагынан абдан тажрыйбалуу эл. Мамлекеттик кызматкерлер да, ачыгын айтканда, өзүнүн кызыкчылыгына карап, көп жактан өлкөнүн кызыкчылыгына көңүл бөлбөй аткан жактары бар. Мына ошондон алыс болушубуз керек. Ошондой болсо эле бизде коркунуч жок.

“Убада берилди, сөзүбүзгө туралы”

“Азаттык”: Эсенгул мырза, түштүктөгү кандуу окуялардан кийин Орусияда Кыргызстанда дагы бир аскерий база ачуу керек деген пикирлер айтылды. Ачуу зарылбы?

Эсенгул Өмүралиев: Ишенбай Абдуразакович айтпадыбы, саясатта ар кандай кызыкчылыктар бар. Ошонун ичинде, мисалы, Орто Азияда бир “болевая точканы” көздөгөн күчтөр, ошондой ойлор, мамлекеттер бар. Алар саясатчылардын арасында да айтылып жүрөт. Эгерде түштүктөгү окуялар мындай тезирээк ыгына келип тынчып калбаганда балким ошол ойлор аткарылып кетмек. Мисалы, дүйнөдө ошондой точкаларды түзүп алып, ошолор аркылуу тегеректеги элдердин саясатына кийлигишкен мисалдар көп. Ошонун ичинде биздин чөйрөдөгү мамлекеттер да бар.

“Азаттык”: Ишенбай мырза Орусияга көбүрөөк ыкташ керек деп айтты. Кандай деп ойлойсуз, кандуу окуялар болгондо ыктаганга жөлөк боло тургандай жагдайлар болбой турганын көрсөткөндөй болду го?

Эсенгул Өмүралиев: Ар бир мамлекетте өзүбүздүн кызыкчылыгыбыз бар: Орусияда, Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда, Кытайда. Пайдалуу нерселер бар, ошого биз жол ачып беришибиз керек, биздин ички экономикада койгон максаттардын аткарылышына шарт түзүп бериш керек. Эгерде биз ошол мамлекеттер менен мамилеге туруктуу болсок жана убаданы туруктуу аткарсак анда алар деле ошондой мамиле кылат. Тилекке каршы, кемчилигибиз ушунда болуп атпайбы. Бирди айтабыз да башканы жасайбыз. Бүгүн макул деп коюп эртең жок деп коюп атпайбызбы.

Максим Бакиев
“Азаттык”:
Кийинки кезде дипломаттар мамлекеттер ортосундагы мамилени жөнгө салууда мекенчилдикти көрсөтпөй өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын биринчи орунга коюп жатат. Ошон үчүн кийинки кезде Кыргызстан жөнүндө арам акчаларды адалдоочу оффшордук аймак катары же өздөрүнүн кызыкчылыктарын ишке ашыруучу аймак катары имидж пайда болуп калды. Эл аралык абройду кайра калыбына келтирүү үчүн эмне кылыш керек?

Эсенгул Өмүралиев: Муну дипломаттар кылган жок, муну экономикалык саясаттын багытын аныктап тескеген жана аткарган кишилер кылды.

“Азаттык”: Демек бийликтин жогорку бутагында тургандарбы?

Эсенгул Өмүралиев: Ооба, алар өзүнүн кызыкчылыгы үчүн кээ бир мамлекеттик кызыкчылыктын деңгээлиндеги нерселерге көз жумуп коет. Мисалы, өзүнүн кызыкчылыгы менен пайда келе турган иштерди алып кеткен үчүн бөлөк мамлекеттерде тескери ой пикирлер пайда болуп калды.

Мына анын ачык далилин акыркы түзүлгөн ЦАРИИ деген уюм өзүнүн кызыкчылыгы үчүн кандай иштесе болот, мамлекеттин кызыкчылыгын кантип четке чыгарып койсо болот дегенди көрсөтпөдүбү.

Сокур, көр саясаттын жыйынтыгы – 7-апрель

“Азаттык”: Сиз Кыргызстандын экономикасын же башка тармактарын өнүктүрүүгө чоң салым кошкон адамсыз. Мисалы, Кыргызстандын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирүүсүнө көп эмгек кылгансыз. Бирок эмне үчүн Бакиевдин убагында өзүңүз айткандай Максим Ысык-Көлдөгү пансионаттарды берип жатканда, стратегиялык маанилүү жайларды өзүнүн колуна алганда ушул туура эмес деп айта алган жоксуз? Эмне себептен сырттан байкоочу катары карап калдыңыз же корко турган жериңиз барбы?

Эсенгул Өмүралиев: Мен байкоочу катары караган жокмун, тескерисинче туура эмес, мындай кылган болбойт, бул жерлерди бербейм деп атып экөөбүз ажырашып кетип калдык.

“Азаттык”: Ачык айтып бере аласызбы, кандай жерлерди бербейм дедиңиз?
Тилекке каршы, бирди айтабыз да башканы жасайбыз. Бүгүн макул деп коюп эртең жок деп коюп атпайбызбы.


Эсенгул Өмүралиев: Мамлекеттик резиденция турган “Аврора” деген комплекс бар, ошол жерде 51 гектар жер бар. Мына ошону алабыз деген аракет болду. Андан башка дагы бөлөк пансионаттардын тегерегиндеги эркин жерлерди алабыз деген аракет болду. Ошондо “бул маселелердин өзүнүн мыйзамдуу чеги бар. Чече турган өзүнүн вазыйпасы бар, ошонун негизинде чечели, жалгыз эле бир киши ээлик кылбасын, атаандаштык болсун” деген маселелерди айтсак болгон жок. Анда өзүңөр чече турган кишини таап алгыла, биз андай маселени чечкенге барбайбыз дедик.

“Азаттык”: Элге чакырык салып, үндөп ачык айтып чыккан жоксуз го дейм?

Эсенгул Өмүралиев: Элге чакырык салып айттык, “Ысык-Көл” корунун чогулушун мына Чолпон-Атада өткөрдүк, буга Ишенбай Абдуразакович күбө. Ысык-Көлдүн элитасы чогулуп “мына ушундай иштер болуп атат, муну токтотуш керек” деп айттык. Эртеси күнү ал нерсе жетти, андан кийин мамиле бузулду. Жанагындай конкреттүү сөз болуп айтты, иштечү кишини таап алгыла дедик. Таап алды, эртеси күнү бардыгы чечилди.



“Азаттык”:
Ишенбай мырза, айрым саясатчылар жана гезиттер “Роза Отунбаева батышчыл багыттагы лидер, мындан ары ал Батыштын көрсөтмөсү менен саясат жүргүзүшү мүмкүн” деп айтып жатышат. Конституция да Батыштын кеңеши менен жазылып калды деп айтышууда. Батыш мамлекеттери менен мамилени чыңдоо Кыргызстан үчүн кооптубу?

Ишенбай Абдуразаков: Эгерде биздин өлкөнүн кызыкчылыгына туура келе турган болсо бир эле өлкөнүн этегин кармап, ошонун көз карандысында калбастан, мүмкүн болушунча тең салмактуулукту кармап туруш керек. Мисалы, Роза Исаковна деле тажырыйбалуу киши. Кээ бирлердин Батышты карап калат дегени, менимче, чекилик айтылып атат болуш керек, мен ага ишенбейм.

Шартты көрүп туруп, бир жактуу болуп, Батышты карап калсак анда биздин тарткан зыяныбыз көбүрөөк болуп калат. Ошондуктан эки жагын тең ала жүрүшүбүз керек. Кеп биздин өзүбүздүн ички дараметибизде. Ички элитабыз кандай, саясий элита өзүн кандай алып барат, мыйзамдын үстөмдүгү болобу, экономикабыз жакшы өнүгүп кетеби, маданият деген кандай болот. Эгерде ошол жагы жайма-жай болуп турса анда бул системадан коркуштун кереги жок. Бирок, тилекке каршы, бул жагынан бизде өксүк жактарыбыз көбүрөк.

Тарых сабактары

“Азаттык”: Ишенбай мырза, сиз СССР мезгилинен бери эл аралык мамиледе кызмат кылып келе жаткан кесипкөй дипломат, өтө тажырыйбалуу адам эмессизби. Коомчулукта сиздин өзүңүздүн беделиңиз өтө жогору. Бирок эмне үчүн Бакиевдин бийлиги учурунда ички, тышкы саясат туура эмес болуп жатат деп ачык айта алган жоксуз? Акыркы эле быйыл Бакиев өткөргөн Ынтымак курултайына эмне үчүн делегат болуп барып, ошол саясатты колдодуңуз? Ага кандай кызыкчылык болду?

Ишенбай Абдуразаков: Ошол делегат болуп баргандан баштайын. Себеби менин өзүмдүн принцибим бар. “Азыр өлкөбүздө жакшынакай, жакшы бир жышаан болуп кетсе экен, мүмкүн болушунча кол кабыш жасасам экем” дедим. Курултайга мен өзүм барайын деп аракет кылган жокмун. Өздөрү чакырып, курултайга катышып бериңиз дешти, бардым. Баргандан кийин ошол жерден төрт-беш киши талашып атып мени президиумга шайлап коюшту.
Биз кичинекей өлкөбүз, 5 миллион болгон калкыбыз бар. Ошонун ичинде бизде мүмкүн болушунча душман деген болбош керек.


Мына, Эсекем бул жерде отурат, ошонун ичинде баары эле Бакиевдин колуна суу куюп, ошонун кылычын чаап жүргөндөр деп айткан туура эмес. Коомдук пикир ушуга натуура баа берип атат. Ошонун ичинде жарымы болбосо да жок дегенде үчтөн экиси ошол кезде болуп аткан ички, тышкы саясатты анча-мынча сын көз менен караган кишилер. Ошолордун көпчүлүгү кайра эле келип азыркы өкмөткө кирип атат. Демек барып коюптур деп мага кине койгон да абдан туура эмес. Сын көз менен караганда балким мурдагы кызматта жүргөн адамдардын ичинен өзүңөрдүн электрондук массалык маалымат каражатында болобу, радио, сыналгыда, силердин эле “Азаттыкта”, журнал, гезиттерде мен какшап эле жазып жүрдүм. Эми барып “мына мунун жасап атканы туура эмес” деп көзүн чукуган эмес, маанисин айтып жүрдүм, бул туура болбой атат, башкача кылыш керек эле деп.

“Азаттык”: Аны бийлик эске алган жок?

Апрель ыңкылабында набыт болгондордун сүрөттөрү
Ишенбай Абдуразаков:
Аны эске алдыбы, алган жокпу билбейм. Бакиевдин пресс- катчысы “мен сиздин жазганыңыздын баарын берип жүрөм” деп айтат. Мен “берип жүрсөң жакшы, анан аны окуйт бекен?” десем, “окуп эле атса керек” дейт. “Эми окуса кана? Жыйынтык жок болуп атпайбы” дедим. Анан мен барып эле көрүнгөн жерде андай-мындай деп сындай берсем адепсиздик болуп калат да, туурабы? Айткан сөздү түшүнүш керек, андан кийин жыйынтык чыгар, эгер чыгара албайсыңбы анда менде күнөө жок.

Эсенгул Өмүралиев: Курултайга барганыбызда кээ бирлерибиздин бир максаты ошондой болчу. Мисалы, Ишенбай Абдуразакович айткандай канча жолу сунуш, ой-пикирлерди айттык. Эч кимисине, Ишенбай Абдуразакович айткандай, көңүл да бөлгөн жок, уккан да жок, кайрылган да жок. Ошондо биз ойлодук курултайда чыгып айталы, көзүнө айталы, момундай кемчилик кетип атат деп. Ошол курултайда ошонун баары айтылды. Бирок дагы эле жыйынтык чыккан жок, аягында 7-апрель болбодубу.

“Азаттык”: Эл арасында, журналисттер арасында деле ушундай пикир бар, кыргыздар айткандай баш тоголоткон акылмандар, даанышмандар эмнегедир бийликке таасир көсөтө алган жок. Эмне себептен көрсөтө алган жок, же ишеним болгон жокпу?

Эсенгул Өмүралиев: Себеби ал бийликте турган киши ошол даанышмандын ким экенин билген жок. Сөздүн баркы, сунуштун баркы кандай экенин билген жок. Ал киши бир эле нерсеге ишенди: муштумга жана акчага.

Ишенбай Абдуразаков: Тарыхтан сабак албайт экенбиз. Элдин көзүнчө айтып коеюн, мына үчүнчү президент келди, өкмөттүн мүчөлөрү бар, парламенттен келген депутаттар баары ант берет. “Жан дилим менен иштеп берем, элим үчүн” дейт да антты бергенден кийин унутуп калып атпайбы.


Мына бийлик, демократия деген элдин бийлиги деп эсептелинет. Элдин айткан пикирине, маанайына кулак салып, анан ошондон жыйынтык жасап туруш керек. Биздики болсо ачыгын айтайын, өкмөттүн мүчөлөрү же калгандары да жаман көрбөсүн, элдин алдына айтып коюш керек, элге кызмат кылалы деген ниети жок, жумушка келип орунду ээлеп гана ошонун пайдасын көрөйүн дегендер күчтүү болуп кетип атат.

Мына жаңы президентибиз да антын берди, абдан эмоционалдуу түрдө берди окшойт, менин оюмча. Эгерде ошол антына туруп, эл "ант ургур" деп каргабагандай кылып жан дили менен иштеп берип, калыстык кылыш азыркылардын милдети ошондо турат. Эми ошону көрөлү кандай аткарат экен. Азырынча менин толук ишенимим жок, бирок үмүтүм бар.

“Азаттык”: Ишенбай мырза, Азимбек Бекназаров Казакстандын карамагына пайдаланууга өтүп кеткен Ысык-Көлдөгү пансионаттарды кайтарып алуу аракетин көрө баштады. Мындан натыйжа чыгат деген ойдосузбу? Бул Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилеге терс таасирин тийгизбейби?
Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөйбүз, Кыргызстанды дүйнөлүк мамлекеттердин ымаласына тартабыз десек анда Кыргызстандын кызыкчылыгын камсыз кыла турган саясат жүргүзүшүбүз керек.


Ишенбай Абдуразаков: Менин билишимче бул пансионаттар жеке менчикке берилген эмес. Кыргызстандын мыйзамы боюнча чет элдиктерге жер сатылбайт. Муну мага айтышты жер пайдаланууга берилген. Арендага берилген жерге имарат куруп, аны пайдаланса менимче зыян жок. Алар ошол жерди көчүрүп кетип атты беле? Эгерде мыйзамды бузуп, өзүм билемдик кылып, алар менен араздашып кетсек анда сөзсүз эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге зыян келиши мүмкүн. Ушул жагынан сак болуш керек.

“Азаттык”: Эсенгул мырза, Кыргызстан буга чейин донор мамлекеттер менен донор кардар алакасында келди. Азыр донор өнөктөш болчу мезгил жетти го дейм ал үчүн эмне кылыш керек?

Эсенгул Өмүралиев: Ал үчүн Кыргызстанга инвесторлор түз келип, бизге ишениш үчүн Кыргызстандын өзүнүн бир дүйнөлүк деңгээлде аброюн көрсөткөн чоң-чоң компаниялар болуш керек. Дүйнөлүк лизингге чыккан, дүйнөлүк котировкада баасы бар компаниялар болуш керек.

Мына биз айтып, сунуш кылып жүрөбүз, алтындын баарын бириктирип туруп Кумтөр, Жерүй, Талды-Булактын баарын кошуп туруп, бир мамлекеттик холдинг түзүп койсо ал холдингди биржага лизингге койсок ошого ишенип келет. Экинчиден, энергетиканы бөлүп алып ар кайсы жерде жатабыз. Ошонун баарын, анан сууну кошуп бир чоң компания түзсөк бул да тарта турган килейген компания болот.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG