Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:46

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы парламенттеги болочок коалиция жана президенттик башкарууга кайтуу керек деген саясатчылардын билдирүүсүнө арналды.

Талкууга катышкандар:




“Ата Мекен” партиясынын лидерлеринин бири Өмүрбек Абдрахманов







“Ар-намыс” партиясынын мүчөсү Турсунбай Бакир уулу










“Азаттык”: Өмүрбек мырза, КСДП партиясы менен “Республика” партиясы биригүү чечимине келип, “Ата Мекенге” да ошондой эле сунуш берилгенин айтты. Бирок сиздер азыркыга чейин жооп бере элексиздер. Биригүүгө эмне тоскоол болууда, же ич ара кызмат бөлүштүрүүдө силерге жакпаган нерселер барбы?

Өмүрбек Абдрахманов: Жок, эч кандай тоскоолдук жок. Өзүбүздүн идеология жана мурунку режимге каршы иштеген жагынан биздин стратегиялык өнөктөшүбүз деп Социал-демократиялык партияны эсептейбиз. Биз ар дайым даярбыз алар менен биригип чогуу иштешкенге. Анткени биздин идеологиялык фундаментибиз бир.

“Азаттык”: Эмне үчүн анда жообуңуздар кечеңдеп атат?
Ата-бабалардын каада-салтына кайтып, мамлекетти бир адам башкарыш керек.


Өмүрбек Абдрахманов: Эч кандай кечеңдеген жок. Кечээ гана жыйынтык чыкты. Эми фракциялар түзүлө баштады. Фракциялар түзүлгөндөн кийин ар нерсе ордуна келе баштайт болуш керек, биз ар дайым даярбыз.

“Азаттык”: Ошол эле убакта Кремль Өмүрбек Текебаевди жактырбайт. Ошондуктан ал КСДП менен “Республикага” Текебаев спикер болбош керек деген буйрук берген. Ал эми “Ата Мекен” Текебаевге төрагалык кызматты сурап атат деген маалыматтар бар. Буга кандай дейсиз?

Өмүрбек Абдрахманов: Биз эч кандай кызматты сураган жокпуз. Биз өзүбүзгө туура келген бардык партиялар менен биригүүгө даярбыз. Бирок биз башынан эле ачык айтып койгонбуз, идеологиялык оппоненттерибиз бар, ал - “Ата Журт”. Анткени алар өткөн, эгер кылмыштуу бийлик деп эсептесек, ошолордун жан жоокерлери болуп, алар менен чогуу жүргөн адамдар. Алар реваншисттик саясат жүргүзүп жатат. Биз ошолор менен гана кошулалбайбыз. Калган бардык партиялар менен кошулганга жөндөмдүүбүз деп айтып келатабыз.

Баш ооруткан коалиция

“Азаттык”: Турсунбай мырза, КСДП менен “Республика” биригүү чечимине келди, демек “Ата Мекен” да буларга кошулса бир коалиция болуп өкмөттү кураса, сиздерге бийлик жетпей калып, дагы бир шылтоо таап кыйкырып чыкпайсыздарбы?

Турсунбай Бакир уулу: “Ар-намыс” партиясы андай кадамдардан алыс. Биринчиден, сиз эки партия жөнүндө айтып атасыз. Өмүрбек мырза да туура айтып кетти, сүйлөшүүлөр токтой элек. Мандат тийсе 15 күн ичинде өкмөт түзүү үчүн коалиция түзүлүш керек. Убакыт али бар. Биз да эки партия менен сүйлөштүк, “Ата Мекен” да сүйлөштү, сүйлөшүүлөр бар. Бирок үч партия биригиши кыйын болуп атат. Кеп ушунда болуп атат.

“Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов жана биз сүйлөшкөнүбүздө “бүгүнкү күндө элдин ишениминдеги өкмөттү түзүү керек” деп бир пикирге келдик. Бир эле ушул беш партиянын ичинде эмес, 2 пайыздан көп добуш алгандар менен сүйлөшүү керек, аларды өкмөткө тартыш керек деп. Мисалы, “Ак шумкар”, “Замандаш”, “Бүтүн Кыргызстан” партиялары. Алар да Кыргызстандын чыгаан инсандары. Ошон үчүн биз кенен өкмөт түзөлү деген оюбуз бар.

“Азаттык”: Азыр эле Өмүрбек мырза айтпадыбы, айрым партиялардын курамында Бакиевдин убагындагы адамдар, кылмышкерлер бар деп. Мисалы, “Ата Журтту” деле алалы. Бул боюнча силердин позицияңар кандай?

"Мекен шейиттери" кыймылынын нааразылык акциясы.
Турсунбай Бакир уулу:
Биз эмне десек да эл добушун берип койду. Бүгүнкү күндө митингдерди карап турсак, “Ата Журт” өтпөсүн деген сөздөр менен чыгып атышат. Бул сөздөрдү шайлоо мезгилинде региондорду кыдырып айтыш керек эле. Себеби шайлоо боюнча мыйзамда жазылып турат, үгүттөш да керек, каршы үгүттөш да керек деп. Ошол ыкманы колдонуш керек эле.

Өмүрбек Абдрахманов: Кээ бир партияларды сындаганыбыз чын. Аларды биз гана сындаган жокпуз, көп адамдар сындап атат. Анткени кээ бир партиялар тегерек үстөлдө Кыргызстанда отурбай, бир жактарды көздөй чапкылап, ошолордун буйругун күткөнүн сындап атышат. Жакында эле бир орус саясат таануучусу интервью берип “кыргыздарды биз томояк деп эле жүрсөк, таптакыр эле деңгээли жок окшойт, баары Кремлге чуркап келип, бири-бирин жамандап, тытышып атышат, ушулардан кантип жакшы демократия чыксын” деп айтты. Ошондуктан биз ушул жерде туруп, бири-бирибизди сыйлап, Кыргызстандын ичинен өзүбүздүн тагдырыбызды чечсек деп ойлойм.

“Азаттык”: Турсунбай мырза, силерди орус бийлигинин чоруна бийлеген партия десек болобу?

Турсунбай Бакир уулу: Жок, себеби биз да стратегиялык өнөктөштөр менен сүйлөшүп атабыз. Биздин оюбузча, ушуга чейин Кыргызстан өнүгүп келгенде бүт өлкөлөр менен алака түзүлгөн. Бирок кээ бир өлкөлөр жардам беребиз деп Кыргызстанды карызга батырып салды, ички, тышкы саясатка киришип.
Парламенттик системанын эң негизги мааниси оппозицияда турат. Анткени оппозиция болбосо баары бир жакка кетип калышы мүмкүн.


Кыргызстанга биринчи кайсы мамлекет керек? Бүгүнкү күнү ички мигранттарды алып көрсөк, сыркы мигранттардан да азырак, көбүнчө кыргыздар Орусия менен Казакстанга кетип калышкан. Ошондуктан ушул мамлекет жетекчилери менен сүйлөшүп атабыз.

“Азаттык”: Бирок ошол эле Орусия Бакиев келер убагында кредит берип, акчаны аябай берип, анан кайра артында Бакиевдин өзүн кетирүүдө Орусиянын түздөн-түз тиешеси бар деп атышпайбы?

Турсунбай Бакир уулу: Албетте, ошон үчүн бул жакта биз этият болушубуз керек. Биз азыр биринчи кезекте сырткы мигранттар эмес, Кыргызстандын ички маселесине кириштирбегенге аракет кылабыз. Бирок эң негизгиси, бүгүнкү экономикалык жардамды ким берет? Көп эле партиялар шайлоо учурунда айтып атышты, Кыргызстан өз күчүнө таянып кризистен чыгып кетиш керек деп. Билбейм, азыр кайсы күчкө таянабыз.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, Турсунбай мырза азыр биздин ички мүмкүнчүлүктөр аз, ошондуктан Орусияга барып иштешип атабыз деп айтпадыбы. Сиздер Орусияга барган жоксуңар. Орусиядан жардам албай туруп мамлекеттин экономикасын көтөрүүдө кандай программаңар бар?

Өмүрбек Абдрахманов: Биз Орусия болобу, башка мамлекет болобу бардыгы менен ынтымактуу, достук мамиледе болобуз деп эсептейбиз. Бирок бир эле мамлекеттин көзүн карап, ошолордун айтканын кылалы деген ойдо эмеспиз. Кайсы мамлекет Кыргызстанга жүрөгүнөн жардам берип, же жүрөгүнөн каалоолорун айтып иш кыла турган болсо, биз ошол мамлекеттер менен алаканы түзө беребиз.

Орусиянын биздин партияны жаман көрүп калганынын себеби бар. Анткени биздин партия парламенттик системаны киргизүүнүн негизги демилгечилеринен болгон. Биздин партия парламенттик негизде демократия болсун деп катуу айтып атат. Бул нерсе Орусияга жана көп авторитардык мамлекеттерге жакпайт. Анткени мындай процесстер аларда да жүрүп кетиши мүмкүн.

Орусия барган партияларга “силер системаңарды өзгөрткүлө, силер президенттик кылгыла” деп талап койгону ошондон болуп атат. Турсунбай бул партияга кийин эле кирди, менин оюмча, бул киши Уставын окубаса керек. Биз парламенттик мамлекетти түзөбүз, ошон үчүн иштейбиз деп “Ар-намыс” партиясынын Уставында 10 жылдан бери жазылып турат. Тиги жактагылар ошондой команда бергенден кийин кээ бир жетекчилери келип алып, “жок, биз президенттик башкарууга өтөбүз” деп атышат.

Тарых тастыктайт

“Азаттык”: Азыр ушул боюнча Турсунбай мырзадан сурайлычы, “Ар-намыска” өтүп атканда анын программасын окудуңузбу?

Турсунбай Бакир уулу: Окугам, ал жерде Өмүрбек мырза айткандай жазылып турат. Бирок шайлоонун алдында программа иштелип чыккан. Программада “президенттик-парламенттик республика курабыз” деп жазылган. Ошондуктан биз Орусияга чейин эле, мисалы, өзүм да “Ар-намыска” кошулуп атканда парламенттик республиканы “Ата Мекен” партиясынын лидери түзүп атканда, идеясын Конституцияга жазып атканда, элчи болсом да, элчи катары интервью бериш мүмкүн эмес эле, бирок интервьюмда “Кыргызстанга парламенттик республика эрте, азырынча болбойт” деп айткам. Кыргыздарда “сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” деген жакшы макал бар. Ошол сымал болуп атат.
Менимче, булар бир жакка отчет беришет окшойт, "аракет кылып атабыз президенттикке киргенге, бирок элибиз макул болбой атат" деп.


“Азаттык”: Буга чейин деле Орусиянын президенти Дмитрий Медведев деле сындап атпайбы, парламентаризм Кыргызстанды катастрофага алып келет деп. Тескерисинче, биздин буга чейинки эки президент өлкөнү кризиске кептегени сабак болбодубу. Сиз буга кандай дейсиз?

Турсунбай Бакир уулу: Президенттерди шайлаганда, мисалы, Акаев үч жыл 91-жылдан 93-жылга чейин жакшы президент болгон. 94-жылдан баштап ал дагы айный баштаган. Бакиевди башынан эле алып келгенде, мен өзүм анда атаандаш элем, көргөм да кайсы жол менен аны бийликке алып келишкенин. Бакиевди ошол эле Бекназаров, ошол эле бүгүнкү президентибиз Отунбаева ж.б. алып келишкен. Анда шайлоо кандай болгонун мен билем. Экинчи орунду алып калып келген. Ошон үчүн мыйзамдуу таза шайлоо болсо президент алып кетиши мүмкүн. Андай мисалдар тарыхта көп. Булардын туура эмес жол менен келишинен улам албетте мамлекетти туура эмес жакка алып барышкан алар.



“Азаттык”: Өмүрбек мырза, айтсаңыз, чын эле бизде парламенттик башкаруу болсо өлкөнү кризистен алып чыгып кетебиз деген программа барбы?

Өмүрбек Абдрахманов: Турсунбай Бакир уулу өзү Бакиевдин учурунда бир аз кармашып, кайра ошол кишинин буйругу менен Малайзияга кетип калды эле. Ошол мамлекет дагы мусулман мамлекети. Алар дагы парламенттик системага өткөндөн кийин өнүгө башташкан. Ошон үчүн биз өнүгүп алып анан өтөбүз деген бул абдан туура эмес көз караш.

Парламенттик системага өткөн мамлекеттер гана жакшы өнүгүп кетишкен. Мисалы, ошол эле Сингапур, Жапония, Европанын бардык мамлекеттери, Прибалтика. Биз да ошол жолго түшсөк өнүгүп кетебиз. Революциядан кийин күчтүү президент пайда болуп калса, анда “Ар-намыс” азыр бийликке келмек эмес. “Ата Журт” да өтмөк эмес. Ошон үчүн азыр парламенттик система жемишин бере баштады. Жалпысынан алганда шайлоо таза өттү. Көз караштары ар башка оппоненттердин баары бийликке келип отурат. Ошон үчүн бул парламенттик система эмки экономикалык өнүгүүгө да жол ачып берет.

“Азаттык”:
Турсунбай мырза, Малайзиядагы элчилигиңиз боюнча сөз болуп кетпедиби. Менин билишим боюнча, сиз буга чеийн Бакиевге каршы чыктым деп атпайсызбы, айрым жерлерде Таласта, Ошто митингдерди өткөргөнсүз. Дароо Малайзияга элчиликти бергенде, сиз ал жакка кетип калдыңыз. Ошондо сиз кызмат үчүн эле күрөшүп жүрдүңүз беле?

Турсунбай Бакир уулу: Туугандарымды кысып коюшту бул жактан, муну ачык эле айтыш керек. Мисалы, иним жүрөгү оорукчан, төрт жолу анын жүрөгүн тиктирген элем, аны кайра камайбыз деп, агамдын, карындашымдын үстүнөн кылмыш иштерин ачып, мен болсо беш жыл мурдагы президенттик шайлоодо апамды жоготком. Саясатчыларга шайлоого катышуу оңой эле экен, туугандарга кыйын болот экен. Ошондуктан мени мажбур такап койгондо, мейли мусулман өлкө экен, шайлоого катышпайм деп Малайзияга барып иштеп келдим.

“Азаттык”: Азыркы бийлик деле сиздин туугандарыңызды эгер кыскан болсо, анда сиз өзүңүздүн позицияңызды өзгөртүп, өзүңүзгө жакпаган ишке макул болосузбу?
Биз эч кандай кызматты сураган жокпуз. Биз өзүбүзгө туура келген бардык партиялар менен биригүүгө даярбыз.


Турсунбай Бакир уулу: Мен позициямды өзгөрткөн жокмун. Позициям ошол бойдон эле. Кеп башкада болуп атат. Өзүм жөнүндө маселеде болуп атат. Президенттик шайлоого катышуу менин өзүмдүн эрким эле. Бирок кысып койгондон кийин мен мейли, анда катышпайм деп туруп кеткем. Позициям ошол бойдон эле калган. Эч ким айта албайт, позицияңды өзгөрттүң деп. Бирөөгө да кошоматчылык жасаган жокмун.

“Азаттык”: Азыр эле ушул программаны тартаардан мурун саясатчы Нурлан Мотуев жана “ЭрК” партиясынын Оштогу координатору Юрислан Исламов менен сүйлөштүм. Алар да сизге аябай нааразы, убагында бизди да сатып кеткен дешет. Ошол эле убакта “ЭрК” партиясы эч убакта “Ар-намыска” өткөн жокпуз, колдогон жокпуз, нааразыбыз деп атат?

Турсунбай Бакир уулу: Нурлан Мотуев эч качан “ЭрК” партиясынын мүчөсү болгон жок. Юрислан Исламов болсо “Ар-намыстын” тизмесине кирген эле, бирок орунга нааразы болду. Алдыңкы 20 кишинин тизмесине киришим керек эле деп туура эмес талапты койгон. Себеби “ЭрК” партиясына эмес, “Ар-намыс” партясына кошулгандан кийин берилген орунга макул болуш керек эле. Бул жерде мен эмес, ал бизди сатып кетти. Шайлоодо көрдүм кимге иштеп атканын. Ошол эле Өмүрбек мырза сындап аткан “Ата Журтка” иштеди. Ал жалгыз гана эмес, андай адамдар көп болду, ар бир партияда ушундай экен. Ар бир адамдын өзүнүн каалоосу экен.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, сиз “Республикага” биригүүгө даярбыз дебедиңизби. Мисалы, “Республика” шайлоо алдында 7 пайыздык кредит, 9 пайыздык ипотека, өздүк баасы менен электр энергия беребиз деп убада берген. Муну кантип аткарасыңар, силер да жоопкерчиликти аласыңарбы?

Өмүрбек Абдрахманов: Биз анын жоопкерчилигин алалбайбыз. Анткени ар бир фракция өзүнүн берген убадалары бар, ошону аткарат. Бирок коалиция болуп калсак ошол убадаларды берген адамды убадаңды аткар деп ага жумуш бергенге даярбыз.

Люстрация менен чок кармап...

“Азаттык”: Люстрация боюнча мыйзамды көтөрүп жүрбөйсүзбү, кабыл алыш керек, ошону аткарыш керек деп. Ага ким тоскоолдук кылып атат?

Өмүрбек Абдрахманов: Люстрацияны революция болгондон кийин алыш керек болчу. Анткени 90дой адамды бийлик атып таштаган. Бийлик деп кимди эсептейбиз? Бийлик деп жалгыз эле Бакиев эмес, бийлик деп президенттик аппаратты, парламентти, анан өкмөттү эсептейбиз. Ошол өкмөт, парламент мүчөлөрү бирөө да ошого каршы турган жок. Каршы турмак турсун бирөө да отставкага кетип калган жок. Ошон үчүн алар да моралдык күнөөнү тартыш керек болчу, Люстрация менен алар 10-15 жылга мамлекеттик кызматка кирбеш керек болчу.

“Азаттык”: Бул мыйзамды кабыл алсак, балким бул өзүңүздүн оппоненттериңизди жок кылуунун жолу эмеспи?

Өмүрбек Абдрахманов: Жок, анын жолу эмес. Муну мен ойлоп тапкан жокмун. Муну 90-жылдарда бүт Чыгыш Европанын мамлекеттери, Прибалтика кабыл алган. Анткени эгер биз чыныгы демократия болобуз десек, бул адамдар абдан тоскоолдук кылат. Анткени бул адамдар мурун бийликте болуп көптөгөн акчаларды топтоп алган. Анын үстүнө булар элди шайлатуу боюнча, башкалар боюнча абдан тажырыйбалуу болуп эсептелет. Ошондуктан буларды анча-мынча эс алдырып койсо, андан биздин Кыргыз мамлекети жана демократия утушка гана ээ болмок.
Бакиевди ошол эле Бекназаров, ошол эле бүгүнкү президентибиз Отунбаева ж.б. алып келишкен. Анда шайлоо кандай болгонун мен билем.


“Азаттык”: Эгер бул мыйзам кабыл алынып калса, ошол эле Атамбаев, Бабановду алалы, “Ата Мекен” партиясын кошпогондо, бир топ адамдар, мисалы, Куловду алалы, алар да киреби?

Өмүрбек Абдрахманов: Жок, алардын тиешеси жок. Биз айтып атабыз, 7-апрелде балдарды атып атканда ким бийликте болду, ким ошол балдарды коргоп калыш керек эле, мына ошолор жөнүндө гана кеп болуш керек. Тургуналиевдин логикасы менен кете турган болсок, анын түбү 16-17 жыл, андан аркысына чейин өтүп кетишибиз мүмкүн. Ошон үчүн бул Люстрация мыйзамы 7-апрелде атылган гана балдарга тиешелүү.

“Азаттык”: Бул тизмеге Камчыбек Ташиев да кириши мүмкүнбү?

Өмүрбек Абдрахманов: Кириши мүмкүн эмес. Анткени ал убакта ал кызматта болгон эмес.

“Азаттык”: Турсунбай мырза, сиздер 27-октябрда “Ар-намыс” партиясы эски аянтта БШК жыйынтыгын батырак чыгарсын, митинг өткөрөбүз, атчандарыбыз бар деп аябай бийликке ык көрсөтүү кылгандай болдуңуздар. Күчүңүздөрдү көрсөтөйүн дедиңерби?

Турсунбай Бакир уулу: Жок, бул тынчтыкты көздөгөн митинг болот эле. Биз болгону БШКны шаштырып аттык эле. Башында беш партия өттү деп айтышты. Анан кийин кызык оюндар башталып кетти, убакытты созуп калышты. Ошондо биз айттык, элдер күтүп атат, дагы бир тополоң чыгып кетпесин, эл нааразы болбосун деп БШКны шаштырдык. Президент Роза Отунбаева менен Феликс Кулов сүйлөшкөндөн кийин, БШКнын төрагасы Акылбек Сариев убадасын бергенден кийин тез арада жыйынтыгын чыгарабыз деп, биз митингди жокко чыгардык. Митинг катуу даярдалып аткан эле, бир эле Бишкек эмес, түштүктөн, түндүктөн делегаттар бул жерге келиш керек эле. Бул жакта башка талашкан маселе жок.

“Азаттык”:
“Мекен шейиттеринин” митингинде деле сиз, Равшан Жээнбеков чыгып сүйлөп, аларды колдойбуз дебедиңиздер беле. Анда чын эле “Ата Журт” партиясынын келишине каршы “Мекен шейиттерин” сиздер колдоп жатасыздарбы?

Өмүрбек Абдрахманов: Биз “Мекен шейиттерин” ар дайым колдойбуз, азыр да, мындан кийин да. “Ата Журт” келбесин деген позициясын да колдогонбуз. Бирок азыр жыйынтык чыккандан кийин биз “Ата Журт” партиясы менен иштешкенге мажбурбуз. Бирок биз коалицияга азыр барбайбыз. Эгер биздин өлкөнүн башына чоң мүшкүл иштер түшүп калса, сырттан коркунуч келип калса, анда биз “Ата Журт” партиясы менен чогуу иштегенге даярбыз. Анткени алар да биздин жарандар, алардын да өздөрүнүн электораты бар, алар да шайланышты. Ошон үчүн биз “Ата Журт” оппонент болобуз. Ошол эле маалда сый мамиледе болобуз.

“Азаттык”: Шайлоого чейин “Ата Журттун” кеңсеси өрттөлбөдүбү, ага да сиздердин тиешеңиздер барбы?

Өмүрбек Абдрахманов: Жок, биздин эч кандай тиешебиз жок. Анда биз өзүбүздүн шайлообуз менен алек болуп жүргөнбүз. Аны биз кийин гана сыналгыдан көрүп калдык.

“Азаттык”: Бирок ошол “Мекен шейиттеринин” өрттөгөнүн колдойсуздарбы?

Өмүрбек Абдрахманов: Өрттөгөнүн эч качан колдобойбуз. Биз андай экстремисттик кадамдарга барбашыбыз керек. Биз азыр жаңы саясий маданиятты түптөшүбүз керек. Кийинки кездерде митингди тыябыз деген кептер чыгып атат, митингге эч кандай тыюу болбош керек, ар ким чыгыш керек. Мына “Ар-намыстын” да митингин өткөрүш керек болчу. Буларды биз көрсөк жакшы болот эле, канча атчандары, кимдер бардыгын. Анткени булар президенттик өлкөнү жасайбыз деп айтып атышат. Элдин 90 пайызы референдумда парламенттикке добушун берди эле. Биз ойлодук эле бул партия ошону сыйлайт го деп.

Партиялардын бедели

“Азаттык”: Чын эле сиздер элдин көпчүлүк 90 пайыз добуш менен кабыл алынган референдумда парламенттик башкарууну жактаган эл менен эсептешип, элдин пикирин сыйлайсыздарбы?

Турсунбай Бакир уулу: Сиз мага референдумга 90 пайыз эл катышканын далилдеп бере аласызбы?

“Азаттык”: Бул расмий жыйынтык.
“Ата Журт” келбесин деген позициясын да колдогонбуз. Бирок азыр жыйынтык чыккандан кийин биз “Ата Журт” партиясы менен иштешкенге мажбурбуз.


Турсунбай Бакир уулу: 60 пайыз чыкты. Себеби шайлоо учурунда көрбөдүкпү, референдумга чыкпагандар көп экенин. Экинчиден, ошондо акчасыз, партияга катышпаган эл 90 пайыз катышты дейсиңер референдумга. Эмне үчүн миллиондогон долларды ар бир партия кетирди? 29 партия болгону 56 пайыз элди шайлоого алып чыгалды.

“Азаттык”: Демек сиздер ошол шайлоону бурмалаптырсыздар да?

Өмүрбек Абдрахманов: Эгерде референдум бурмаланган болсо, аны “Ар-намыс” тааныбаш керек болчу жана шайлоого барбаш керек болчу. Шайлоого барып, жакшы добуш алып шайланып алып, анан кийин ошол калп болчу дегени логикага сыйбай атат.

Турсунбай Бакир уулу: Туура, Өмүрбек мырза. Себеби эгерде акчасыз 90 пайыз эл референдумга жөн эле чыгып берсе, эмне үчүн бардык партиялар акча берип атканда шайлоого чыккан жок? Экинчиден, логикасы жок деп атасыз Өмүрбек мырза, биз каршы болсок да референдум өттү деп бийлик чечим чыгарып койбодубу. Биз кантип каршы чыгабыз?

“Азаттык”: Азыр “Ар-намыс” партиясы менен силер биригүүгө каршысыздар да. Эки партия эмнеси менен бири-бириңерге жакпайт?

Өмүрбек Абдрахманов: Эч качан биз каршы эмеспиз. “Ар-намыс” партиясы менен мурунку убактарга бийликке каршы чогуу жүрчүбүз. Кийин Бакиевдин учурунда булар тандем болуп кетишти, андан кийин мандем болушту. Андан кийин бийликти колдоп ошол жакка өтүп кеткени болбосо, биз “Ар-намыс” менен дайыма бирге болчубуз. Эч кандай саясий чоң карама-каршылык жок. Менин оюмча булар парламенттик бийликти колдойт болуш керек. Анткени парламенттик система болгон үчүн бийликке келип жакшы орундарда болуп атышат.



Турсунбай Бакир уулу: Кулов менен Бакиев тандем болуп кетти деген сөз болуп кетти. Эми Куловдун өз сөзү, менин сөзүм эмес, эгерде мен кошулбасам түндүк-түштүк согушу чыгып кетиши мүмкүн эле дейт. Өзүңүз билесиз анда түндүктөн президент кетти, эми түштүктөн президент болсун деп сөз чыгып аткан. Айрымдары түштүктөн президент чыгарбайбыз деп аткан эле. Ошондо эки лидер биригип түндүк менен түштүктү бириктирди.

“Азаттык”: Парламенттик шайлоодо, азыр коалиция башкача болуп, эгер президенттик башкарууга кайтып келебиз дегенди элдик референдумга алып чыкса, Куловдун айтымы боюнча, ушундай аракеттер болсо эмне кыласыздар?

Өмүрбек Абдрахманов: Биз парламенттик системаны сактап калууга бардык аракеттерибизди жумшайбыз. Эл менен акылдашабыз. Менин оюмча элдин көбү колдойт. Менимче, булар бир жакка отчет беришет окшойт, "аракет кылып атабыз президенттикке киргенге, бирок элибиз макул болбой атат" деп, булар да парламенттикти жактап чыгат болуш керек.

“Азаттык”: Сиздер кайда отчет берип атасыздар?

Турсунбай Бакир уулу: Биз эч жакка отчет бербейбиз. Кыргыздардын данышман, акылман макал-лакаптары, биздин ата-бабаларыбыз бизге караганда акылдуурак болгон, ошолор “койчу көп болсо кой арам өлөт” деп айткан. Ошондуктан биз ойлоп атабыз, бизге парламенттик республика таптакыр туура эмес келет, бизге жалгыз президенттик деген жокпуз, бизге абзел түрдө президенттик-парламенттик аралашма система керек деп атабыз.
Саясатчыларга шайлоого катышуу оңой эле экен, туугандарга кыйын болот экен. Ошондуктан шайлоого катышпайм деп Малайзияга барып иштеп келдим.


“Азаттык”: Бизде азыр президенттикке татыктуу бирөө жарым барбы, өлкөнү ушундай кырдаалдан алып чыгып кете турган? Же балким сиз Куловду президент катары көрүп атасызбы?

Турсунбай Бакир уулу: Толтура. Мен айтсам, бир адам көрсөтө албайт президенттикти. Менимче, “Ата Мекен” партиясынын лидери Текебаевди сөзсүз президенттикке даяр экенин дайыма билдирип жүрөт. Ошол эле Кулов, ошол эле Мадумаров. Андайлар көп.

Өмүрбек Абдрахманов: Мен айтып коюшум керек, “Ар-намыс” партиясынын кеңири коалиция дегени таптакыр логикага сыйбаган нерсе. Анткени өтпөгөн партиялардан эгер кошуп алгысы келсе, “Ар-намыстын” эгерде өзүнүн квотасы болсо өкмөт түзө турган, маселен коалция болуп үч партия бөлүп алат мынча министрлик меники деп. Ошонун ичинен бере берсин каалаган кишисин. Бирок ошолорду жалпы коалицияга кошуп алам деген бул эч кандай мыйзамга да, логикага да туура келбейт.

Түбөлүк оппозиция

“Азаттык”: Азыр, мисалы, силер “Республика” менен СДПга бириксеңер, болочок оппозициядан эмне күтүп атасыңар, булар кандай оппозиция болот?

Өмүрбек Абдрахманов:
Болочок оппозициядан биз жакшы нерселерди күтүп атабыз. Анткени “Ата Мекен” демилгечи болуп кабыл алынган Конституцияда оппозиция үчүн чоң жумуштар бар. Булар биринчи спикердин орун басары болушат, эки комитетти жетектейт, андан кийин Эсеп палатасынын үчтөн бир бөлүгүн, сотторду тандоо комиссиясынын үчтөн бирин түзүшөт. Андан тышкары БШКнын үчтөн бирин түзүшөт. Ошондуктан буларга да көп чоң жумуш болот, булар тышта калбайт. Тескерисинче, булар активдүү болуп, коалиция болуп өкмөттү башкарган партияларды жакшы көзөмолдөп, аларды шапалак менен шыйракка чапкылап туруш керек.

“Азаттык”: Сиздер айтып аткан кеңири коалиция түзүлө турган болсо, анда оппозиция ким болот?

Турсунбай Бакир уулу: Биздин оюбуз боюнча, 60 добуштан ашып өтүш эмес. Мисалы, өткөн 5 партия бир коалиция түзүп алса болот.

Өмүрбек Абдрахманов: Оппозиция ким болот?

Турсунбай Бакир уулу: Оппозиция мүмкүн кереги жоктур. Элдин кызыкчылыгы үчүн беш партия бириксе болот да. Бүгүн менин маалыматым боюнча төрт партия биригип атат. Бир партия оппозиция болуп калышы мүмкүн.

“Азаттык”: Юридикалык жактан кандай болот, Эсептөө палатасына, башка кызматтарга оппозициядан коюлат деп атпайбы?

Турсунбай Бакир уулу: Ал чечилет, чечиле турган нерселер.
Биз “Ата Журт” партиясы менен чогуу иштегенге даярбыз. Анткени алар да биздин жарандар, алардын да өздөрүнүн электораты бар.


Өмүрбек Абдрахманов: Парламенттик системанын эң негизги мааниси оппозицияда турат. Анткени оппозиция болбосо баары бир жакка кетип калышы мүмкүн. Ошон үчүн булар аларды кармап, аларды сындап, күнүгө коррупциянын бетин ачып, санитар болуп отурган оппозиция болот. Мүмкүн биз болорбуз, биз да даярбыз оппозция болгонго.

Турсунбай Бакир уулу: Ушуну айткым келип атты эле. Жанатан бери буларды оппозиция болсун деп көрсөтүп атабыз.

Өмүрбек Абдрахманов: Биз ага да даярбыз.

Турсунбай Бакир уулу: Менин угушум боюнча, кечээ-мурдагы күнү Текебаев менен Кулов сүйлөшүптүр. Бул да жакшы нерсе. Партиялардын сүйлөшүүлөрү бүткөн жок али, ким оппозиция болушун айтыш кыйын.

“Азаттык”: Сиз эмне үчүн угушум боюнча деп сүйлөп атасыз? Сиз өзүңүз лидердердин бирисиз да, үчүнчү орунда турасыз...

Турсунбай Бакир уулу: Сүйлөшүүлөргө лидерлер катышат. Эгерде формат үчтөн, же бештен болсо, анда биз катышат элек. Бул жакта жалгыздан сүйлөшүп атпайбы.

“Азаттык”: Коалиция түзүлгөндөн кийин, эгерде Ө.Текебаевге премьер-министрлик кызматы сунушталып калса, бирок көпчүлүк гезиттер Текебаевди сындап жатышат го, бул башкаруучулук кызматты аркалай албайт, болгону мыйзам чыгарат деп?

Өмүрбек Абдрахманов: Биз дүйнөлүк практиканы кабыл алсак, ар дайым министрлер, премьер-министрлер булар экономист эмес, чарбачыл эмес, бул ар дайым саясатчылар болот.

Кремль үн катканда...

“Азаттык”: Феликс Кулов премьер-министрликтен башка кайсы кызматты аркалай алат? Чакан гезиттерде кызматта туруп эч нерсени жарыткан жок деп сындалат. Жалаң эле премьер-министрликти көздөп турабы азыр?

Турсунбай Бакир уулу:
Кыргызстандын өнүгүшүнө эң пайдалуу бүгүнкү күнү жетекчилердин бири Ф.Кулов болуп атат. Ошондуктан канча сындашпаса да, Казакстан, Орусия түшүнүп, дал Ф.Кулов менен сүйлөшүп атпайбы, башка лидер менен эмес. Мамлекеттүлүктү көздөп, Орусия чакырганда барды. Орусия чакырса барбай койсо, анда кыргыз-орус мамилесине заян келбейби. Биз Орусияда кыргыздандыктардын укугун коргоп беребиз, силер болсо орусиялыктарды Кыргызстанда коргоп бергиле деп атышат. Бул абдан жакшы сүйлөшүүлөр болду.

“Азаттык”: Орусиядан андан башка да талаптар коюлдубу?

Турсунбай Бакир уулу: Жок, ушул эле болду.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, сиз кандай деп ойлойсуз, ошол эле маселелер болдубу?

Өмүрбек Абдрахманов: Мен андай деп эсептебейм. Анткени Медведев ачык айткан, Кыргызстанга парламенттикти жасатпайбыз деп. Медведевден келгенден кийин эле Кулов өзүнүн программасынын баарын чийип таштап, биз президенттикке өтүшүбүз керек деп калды. Демек ошол жактан ушундай заказ болсо керек. Мунун баарын биз айткан жокпуз, аны Орусиянын сайттары, гезиттери жазып атат.
Эгерде референдум бурмаланган болсо, аны “Ар-намыс” тааныбаш керек болчу жана шайлоого барбаш керек болчу.


Турсунбай Бакир уулу: Жок, президенттик-парламенттик республикага өтөбүз деп шайлоого чейин айтылган. Ошон үчүн биз кошулганбыз. Бобосо “Ар-намыска” «ЭрК» партиясы кошулбайт эле. Алты партия кошулдук. Биз бир идеядабыз деп кошулдук. Медведевге, Путинге, Грызловго кийин шайлоонун орто мезгилинде барбадыбы. Орусия баарыбызга керек. 100 кишиден Орусиябы, же Америка керекпи деп сурасаңыз, 98 киши Орусия керек деп айтат. Ошол эле мезгилде “Ата Мекен” партиясын сындаса болот, алар Америкага, Европага жакын. Венеция комиссиясы Конституцияны жактап беришти, болбосо Конституция өтпөйт эле. Америка колдоп атат “Ата Мекенди”. Муну жашырыштын кереги жок.

“Азаттык”: Демек сиздер бүт эле Американын планы боюнча кетип атасыңар да?

Өмүрбек Абдрахманов: Мен Америкада бир жыл жашадым. Бирок эч кандай байланыш деле болбойт экен тилин билбесең, же чоң саясатчы болбосоң. Бизди Америкага жабыштыргандын бир эле себеби бар – биз демократияны колдойбуз. Ошон үчүн Орусия кайсы мамлекетте демократия болсо эле ошону шак Америкага жабыштырып коет. Бул алардын эски оорусу.

“Азаттык”: Сиз ушуга ишенесизби, “Ата Мекен” болгону демократияны колдойт, ушул гана нерсе Америкага жакындаштырып турат деп?

Турсунбай Бакир уулу: Мен саясатчы катары айта кетейин. Бизге “парламенттик республика түзгүлө, Конституцияны мындай жазгыла” деп ким келип атты? Ошол эле Европа, Америкадан келип атты да. Орусиядан бирөө да келген жок ушундай Конституция жаз деп. Орусия президенттик республика деп атканы менен деле, биз аны ага чейин эле айтып чыкканбыз. Мисалы, мага эч ким айтпаса да мен башынан парламенттик республикага каршымын.

“Азаттык”: Элдик референдум менен сиздер өзгөртүүгө киришпейсиңерби? Мисалы, 2020-жылга чейин өзгөртө албайт деп Конституцияда жазылып турат да?

Турсунбай Бакир уулу: Албетте биз аны өзгөртө албайбыз. Өзгөртүүдөн да алыспыз. Ушул жерде туура пикир туулуш керек, “Ар-намыс” келип алып эле президенттик республика орнотуп коет дегенден. Жок, биз парламентте мыйзамдуу жол менен ушуну сунуш кылабыз. Бир эле депутаттар ушул маселени көтөрүп чыгат деген сөздөн биз алыспыз. Өмүрбек мырза туура айтып кетти, азыр ар бир маселени элге коюш керек. Биз эл менен сүйлөшүп туруп, 300 миң адамдын колун топтоп туруп анан референдумга алып чыгабыз.

“Азаттык”: Бирок алып чыгасыздар да?
Бизге парламенттик республика таптакыр туура келбейт, бизге абзел түрдө президенттик-парламенттик аралашма система керек.


Турсунбай Бакир уулу: 300 миң адамдын колун топтосок.

Өмүрбек Абдрахманов: Бул киши да азыр парламенттик системаны колдоп атат эл менен сүйлөшүш керек деп. Президенттик болгондо билесиздер, Бакиев эч ким менен сүйлөшпөй туруп эле Конституциянын баарын башка кылып бардык укуктарды өзүнө жазып алган. Ошон үчүн эгер “Ар-намыстан” президент болуп калса, башка жактан президент келип калса, “Ар-намыс” партия катары жок болуп кетиши мүмкүн, 2007-жылдагыдай болуп. Ошон үчүн парламенттик система буларга да жагат болуш керек. “Ата Журтка” да жагып атат.

“Азаттык”: Жактырбай атпайбы булар?

Өмүрбек Абдрахманов: Убада бар да, ошон үчүн жактарбай атат.

Турсунбай Бакир уулу: Кеп убадада эмес. Эч ким убада берген эмес. Бул жерден парламенттик сситеманы биз ойлоп чыктык дегенден алыс болуш керек. Парламенттик система СССР мезгилинде деле болгон, ошол эле Жогорку Кеңеш болгон. Азыр кеп башкада болуп атат. Айтып атпаймбы, ата-бабалардын каада-салтына кайтып, мамлекетти бир адам башкарыш керек.

“Азаттык”: Эртең парламент ишке кирет дейли. Ишке киргенден кийин да өлкөнү азыркы кризистен алып чыгып кетүүнүн жолдору боюнча иш болобу, же эртең парламентке баргандан кийин да президенттик-парламенттик болуш керек деп кайра талаш-тартыш башталабы?

Өмүрбек Абдрахманов: Иш нормалдуу болот. Коалиция түзүлсө, ошолор өкмөттүн чарба иши менен алек болот. Булар болсо, же биз болсо оппозицияда калганыбыз аларды көзөмөл кылуу менен алек болобуз. Ошентип нормалдуу парламенттик система иштей баштайт.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG