Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:21

“Азаттыктын” «Ыңгайсыз суроолор» сыналгы берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы 27-июнга белгиленген референдумга даярдык маселесине арналды.

Талкууга катышкандар:



БШКнын төрагасы Акылбек Сариев







“Жарандык коом коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун юристи Абдыкерим Ашыров






“Азаттык”: 27-июнда боло турган референдумга даярдыктар анча жакшы болбой жатат. Себеби шайлоочулардын тизмеси тактала элек деген да пикирлер айтылып жатат. Ошондон улам референдум болбой калуу коркунучу алдыда турат дегендер да бар. Деги даярдык кандай?

Акылбек Сариев: Даярдыктар БШКнын өзүнүн бекиткен календардык планы боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп атабыз. Сиздер айтып кеткен шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча кептин чыккан себебин мен түшүндүрүп кетишим керек. Убактылуу өкмөт биздин тышкы жана ички мигранттар жөнүндө тизмелерин тактоо жөнүндө декрет кабыл алган, ошол жөнүндө айтып атышса керек. Ал тизме так боло элек деген кеп эмес, референдумга катышуучулардын шайлоочулардын тизмеси бизде даяр. Ошону биз тактап, сырткы жана тышкы мигранттарды өзүнчө чыгаруу боюнча кеп болушу мүмкүн.

“Азаттык”: Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү мурдагы бийлик “өлүү жандар” деп коебузбу, же өлкөнүн сыртына таптакыр чыгып кеткен адамдарды, каза болуп калган адамдарды киргизген учурлар болгон деп айтты. Ошол да такталып атабы, алар тизмеден чыгарылдыбы?

Акылбек Сариев: Бул жерден сиздин айткан кебиңизде негиз бар. Анткени 2009-жылкы президенттик шайлоодо шайлоочулардын тизмесин карасак ал 3 миллионго чейин жетип кеткен. Сиз айткан “өлүк жан” деп коебуз, ошолор да болушу мүмкүн. Бүгүнкү күндө 2 млн. 700дүн тегерегинде болуп атат, бир эле жылда 300 миң шайлоочунун жоготконунун өзү эле күмөндүү деп элдин бары эле айтып аткан.

“Азаттык”: Абдыкерим мырза, сиз иштеген «Жарандык коом коррупцияга каршы» укук коргоо борбору Бакиевдин, Акаевдин убагындагы шайлоолордун бардыгын сындап келчү эле. Мына ошол убактагы абалга салыштырып караганда азыркы бийлик учурундагы референдумга даярдык кандай жүрүп жатат жана мурдагы бийлик кезиндегидей бурмалоолор, административдик ресурстарды колдонуу болбойбу? Ошого ишеним барбы?
Биринчи референдумдун жыйынтыгын чыгарып алалы, андан кийин шартка жараша иш кылалы.


Абдыкерим Ашыров: Салыштырып келгенде, шайлоого эл өзүнчө даярданып атат, бирок биздин укук коргоо борбору да даярданып атабыз. Бизден байкоочулар катышат. Бурмалоо көп эле нерсе административдик органдардан болот да, эгерде айтылбаган жасай бергиле деген түрткү кете турган болсо ал сөзсүз болот. Бирок БШК, Убактылуу өкмөт туура багыт берсе тазалык көп эле болот. Бирок кемчиликтер, бузуулар болот.

“Азаттык”: Демек жүз пайыз ачык, калыс добуш берүү болот деген ишеним жокпу?

Абдыкерим Ашыров: Мен 100 пайыз ачык, калыс болот деп айта албайм. Анткени ар бир шайлоочу өзү чечет. Жыйынтыгын санап келгенде анын жыйынтыгы ачык жайда болот, ал байкоочулардан да болот. Эл аракет кылып өз добушун бергенге аракет кылат, бирок кемчиликтер болот. Кемчиликтер кайдан болушу мүмкүн? Бюллетендерди туура санабагандардан, бюллетендерди туура салбагандардан, бир маалда бир киши 5-6 бюллетен салгандар, биз “айлантма карусель” деп койчу элек, мен ошолорду айтып атам. Эгерде Убактылуу өкмөт, БШК туура багыт берип, талапты коюп көзөмөл кылса бурмалоолор аз деңгээлде болушу мүмкүн.

“Кимдин кимдин заманы...”

“Азаттык”: Акылбек мырза, буга чейинки шайлоолордун жыйынтыгын чындыгын айтканда БШК эмес, Ак үй чыгарып келген. Сиз жетектеген азыркы убактылуу Борбордук шайлоо комиссиясы ачыктык, көз карандысыздык жана жоопкерчилик деген принциптерди колдонуп иштей алабы? Ошондой болуп реформа жасап жаныландыбы жана БШКнын мүчөлөрү бир да партияга тартпай, таза, калыстык менен иштеп берет деген ишеним барбы?

Акылбек Сариев: Бүгүнкү күнгө чейин эч ким бизге кийлигишкен жок. Биз өзүбүздүн абийрибиз менен иш-аракетибизди алып баруудабыз. Эгер ушул маанайда болсо биз референдумду да өзүбүздүн чечимибиз менен так, кандай маалымат келсе ошондой маалыматтарды бекитебиз, чечим чыгарабыз деп үмүттөнүп турабыз. Анткени баары эле ойлойт БШК бурмалайт деп. Чынын айтканда, бул көрсөткүчтөрдүн баары ылдый жактан өйдө келет. Аймактык референдум комиссиясынан баштап эсептелип келаткан көрсөткүч, анан райондук, анан облустук, анан келип БШКга түшөт. Эгер ага чейинки көрсөткүчтөр эсептелип келсе, бул жерден БШК эсепти эч кандай башкача жүргүзө албайт.

“Азаттык”: Акылбек мырза, жергиликтүү шайлоо комиссиясы кандай негизде түзүлдү? Азыр бийликте турган 3 партиядан тышкары башка партиялардын өкүлдөрү да киргизилдиби? Мына сиздин түздөн түз милдетиңизге уюштуруу маселеси кирет эмеспи?
Убактылуу өкмөттүн бардык мүчөлөрү менен таанышмын. Ошон үчүн эч кимисине тартканга да моралдык укугум жок.


Акылбек Сариев: Мисалы, биринчи биздин иш-аракет аймактык референдум комиссияларын түзүү болгон, райондук жана шаардык комиссияларды түзгөнбүз. Ошондо аларды түзүү Бишкек жана Ош шаардык комиссиясына тиешелүү болчу. Бирок ошого карабай арыздар көп түшкөн үчүн облустук комиссиялардын курамдары мурдагыдай эле иштеп атат деген үчүн биз өзүбүздүн чечимибиз менен алып келип аймактык комиссияларды да биз БШК түздүк. Аны түзгөндүн принцибин чучукулак менен колдондук. Бул жерде эч ким кийлигишкен жок. 18 партиянын өкүлү катышты. Анткени ошол 18 партиянын өкүлдөрүнүн тарапкерлигин көрсөткөн экен. Ошолордун баары тең күбө катары протоколдорго кол койду, тандоо кандай жүргөнүн, эч кандай арыз болгон жок.

Ошол эле катыша албай калган жарандардын жыйынынын тарапкерлерин да чучукулак менен, алар өздөрү келе албагандыктан бул жерде партиянын өкүлдөрү катышып, көрүп турду кайсы принцип менен талапкерлерди тандап алганыбызды. Эгер эртеңки күнү бирөө жарым келсе, партиянын өкүлдөрү биз ачыктап беребиз, кандай тартипте курам түзүлдү дегенди. Бул биринчи биздин кыймыл аракет болчу. Себеби кийин эле аймактык комиссия референдумдарды участкалык комиссиядан түзүп атышат. Адам баласы кандай таза, жеңил келсе, өзүлөрүнө милдетин алып аткан иш-аракетти аймактык референдум комиссияларын түзүүдө ошолорду колдонобуз деген үмүт менен жасаганбыз.

Адам баласы ар кандай болот экен, баарын бир тартипке кийре албайбыз, аны туура түшүнгүлө, эгерде ошолор туура колдонсо анда ошол тартипте түзүп берет деген үмүтүбүз бар.

“Азаттык”: Абдыкерим мырза, «Азаттык» үналгысынын интернеттеги барагына баш баккан окурмандар өз пикирлерин, ойлорун билдирип турушат. “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук коргоо борборуна да өзүнүн ич күптүсүн билдирген окурмандарыбыз бар. Алардын бири Акмат деген окурман “бийлик алмашкандан кийин укук коргоочулар деле өз активдүүлүгүн көрсөтпөй жатышат. Укук коргоочулардын ишмердиги чет өлкөдөн келген гранттар менен гана байланыштуубу? Эмне үчүн каза болгон, жараат алгандардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн укугун коргобой жатышат? Улам бир бийлик менен жакшы иштешип кете береби” деп суроо берди. Сиздин жообуңуз кандай?

Абдыкерим Ашыров: Акматтын пикири туура эмес. Балким анда толук маалымат жоктур. Азыр укук коргоо уюмдары активдүү иштеп атышат. Алар Убактылуу өкмөттүн жетекчилери менен жолуга баштады. Эки уюм түзүлдү, жарандык көзөмөл деген уюм, алардын ичинде укук коргоо уюмдары кирет. Алардын милдети – Убактылуу өкмөттүн иши ачык айкын болсун деп, аларга жардам берип, өз пикирлерин айтып турушат.

Экинчиден, коомдук экспертиза деген уюм түзүлдү. Убактылуу өкмөттүн пикирлери боюнча коомдук көзөмөл уюму. Ал жерде жарандык уюмдардын өкүлдөрү аябай көп. Алар өз пикирлерин айтып турат. Башкача айтканда, жарандык уюмдар Убактылуу өкмөт менен объективдүү, приниципиалдуу өз пикирин айтып, активдүү эле иштеп атат.



30 пайыздан улам чыккан сөз

“Азаттык”: Акылбек мырза, эмне үчүн бул референдумда шайлоочулардын 30 пайызы келсе референдум мыйзамдуу деп табылат деп айтылып жатат? Андай өзгөртүү Шайлоо кодексине киргизилдиби? Эгер киргизилбесе кийин укуктук жактан чатакты чыгарбайбы? Ушул маселе боюнча БШКнын мурдагы мүчөсү Жылдыз Жолдошева сизге суроо узаткан эле.

Жылдыз Жолдошева: Шайлоо кодексинде “50 пайыз шайлоочулар келгенде гана референдум өттү, БШК кабыл алыш керек” деп жазылып турат. Ал эми “30 пайыз добушун берсе референдум өттү” деп Текебаев айтып атат. Ушул туурабы, мыйзамдуубу?

Акылбек Сариев: Кээ бир адамдардын өз оюн эфир алдында айтып койгондон келип чыккан маселе, аны мен тактадым. Мында эч кандай декрет жок, бүгүнкү күндө 30 пайыз деген эч кандай ченем жок. Ал эми саясий иретте, же жөн эле айтылып калса керек. Андай бүгүнкү күндө жок.

“Азаттык”: Анда шайлоочулардын канча пайызы келип добуш бериш керек?
Референдумдун таза өтүшүнө ишеним жок. Себеби бул бир адамдын гана кыймыл аракети эмес да.


Акылбек Сариев: Референдум өткөрүү үчүн негизги биздин укук ченемдик актылары болуп Убактылуу өкмөттүн бекиткен биринчи негизги убактылуу тартип, референдумду өткөрүү боюнча деген биринчи документи бар. Ошол эле жерде референдумду өткөрүүдөгү референдум жөнүндө мыйзамыбыз бар, Шайлоо кодекси бар, БШК жөнүндө мыйзамдар бар. Декреттин ченемдик актыларына карама-каршы келбеген жактарын колдонуу жолу менен өткөрүлсүн деген өзүнчө жобо бар. Бул эгер укук ченемдик актылар бири-бири менен карама каршы келген жоболору болсо, демек Убактылуу өкмөттүн акыркы кабыл алынган декретинин ченемдик актысы иштейт деген сөз.

“Азаттык”: Ошондо так айтып берсеңиз, референдумга шайлоочулардын канча пайызы келсе мыйзамдуу деп табылат?

Акылбек Сариев: Убактылуу тартип боюнча ал жерде эч кандай көрсөтүлгөн эмес, ченем деген жок. Мындай караганда андай ченем мыйзамда да жок. Бул 2007-жылы кабыл алынган, кол коюлган мыйзам мен билгенген. Бул «Ак жолдун» мыйзамы эмес, бул мурунку таратылган Жогорку Кеңештин мыйзамы, мен билгенден. Бирок 2007-жылы референдумдан кийин кол коюлган. Бул ошондо күчүнө кирип калган. Бирок ошолордун жобосунда да эч кандай ченем жок. Бул атайын жасалган, же ошол убакта унутулуп калганын мыйзамчылар өздөрү билбесе мен жооп бералбайм. Бүгүнкү күндө ал жерде эч кандай ченем жок.

“Азаттык”: Референдумдун жыйынтыгы эмне менен чыгарылат?
Эмне үчүн шайлоонун жыйынтыгынан шайлоочулардын ишеним кетип калган? Себеби акыркы ишеним 2007-жылы болгон.


Акылбек Сариев: Референдумдун жыйынтыгы боюнча биз азыр Убактылуу өкмөткө жазып атабыз. Ал жерде карама-каршылыктар деле жок. Бирок азыр иштеп турган Конституцияда карама-каршылыктар бар. Ошонун акыркы бөлүгүндө жаңы Конституцияны кабыл алып атканда кандай ченем бар дегенде 5 плюс бир деген бар. Аны танбайбыз. Бирок Конституциянын ошол жобосу иштейби, же декрет иштейби, аны биз Убактылуу өкмөткө түшүндүрмө бергиле деп кат жазып даярдап жибердим. Ошого жараша биз мамиле кылабыз.

“Азаттык”: Кийин демек укуктук жактан чатак чыгып калышына негиз болушу мүмкүн экен да?

Акылбек Сариев: Негиз болбошу үчүн алдын ала биз бүгүнкү күндө декрет менен жашап аткандан кийин Убактылуу өкмөт чечим кабыл алыш керек. Биз БШК эч кандай түшүндүрмө бергенге укугубуз жок. Өзгөртүү алганга да укугубуз жок.

Акчасы адал, бирок укугу чектелген мигранттар

“Азаттык”: Абдыкерим мырза, референдумда добуш берүү үчүн Орусиянын үч жеринде, Казакстандын бир жеринде шайлоо бекеттери уюштурулду. 29 мамлекетте Кыргызстандын 16 миң жараны жашайт деген маалымат айтылды. Эмне үчүн миңдеп башка жакта жүргөн кыргыздардын санын бул жерде так болбой жатат? Мындай алганда бул шайлоочулардын, кыргыз жарандарынын шайлоо укугун бузууга жол бербейби? Деги ушундай маалыматтардын артында шайлоочулардын кандайдыр бир керектүү бөлүгү гана добуш берсин деген максат турган жокпу?

Абдыкерим Ашыров: Менин оюмча шайлоочулардын бир бөлүктөрү гана добуш берсин деген максат жок. Бирок бардык жерде шайлоо бекеттери түзүлбөгөнү бул чоң маселе. Бир жагынан уюштуруу маселеси оор. Экинчиден, каражат маселеси. Анткени бул маселе жалаң эле биздин өлкөгө тиешелүү эмес. Анткени биз эгерде Орусияда шайлоо бекеттерин түзсөк, орус өлкөлөрүнүн тиешелүү органдары бизге көмөк көрсөтүш керек.

“Азаттык”: Чет өлкөдө жүргөн шайлоочулардын укугун бузуу болбойбу?

Абдыкерим Ашыров: Бирок бул шайлоочулардын укугун бузуу. Себеби ар бир жаран шайлоодо болобу, референдумда болобу, ал өз добушун бергенге укуктуу. Бул бекет жок жерлерде шайлоого жетпей калган кээ бир кыргызстандыктардын укугун бузуу.

“Азаттык”: Акылбек мырза, бул каражатка байланыштуу гана чечим болдубу, же башка дагы максат барбы?

Акылбек Сариев: Каражат жагынан эч кандай маселе жок. Азыр эле айтып кеткендей, ар бир жарандын укугу дегендей, эгер ар бир жаран өз укугун ишке ашыргысы келсе, ал адам мыйзамдын чегинде мыйзамдын шарттарын аткарууга милдеттүү.

“Азаттык”: Демек Кыргызстанга келип добуш берип кетиш керек?
Эгерде Убактылуу өкмөт, БШК туура багыт берип, талапты коюп көзөмөл кылса бурмалоолор аз деңгээлде болушу мүмкүн.


Акылбек Сариев: Жок, ошол эле чет мамлекетте жүрсө өзү барып катталганга милдеттүү. Бирок маселенин экинчи жагы бар, диаспоралардын өкүлдөрү менен сүйлөштүм. Мигранттардын баары диаспоралар менен чогуу иш алып барышат. Ошол жарандар жөнүндө бооруңар оруйбу, чогуу иштейсиңерби, ошолордун бизге так маалыматын берсеңер биз бекет ачып беребиз деп атабыз.

“Азаттык”: Бирок буга чейин эле Орусияда 500 миңден көбүрөк кыргыз жарандарды, Казакстанда 300 миңден ашык деп айтылып келген. Мындай маалыматтар Миграция жана эмгек менен камсыз кылуу министрлигинде болсо керек?

Акылбек Сариев: 500 миң деп айтыш оңой, бирок 5 миң кишини чогултуш кыйын, билесиздер. Ошол эле диаспораларга келгенде эч кимиси аткарбай атат.

“Азаттык”: Диаспораларды ошондой милдеттендирүүгө болобу? Алар коомдук уюм да.

Акылбек Сариев: Биз милдеттендирген жокпуз. Ошолор укук коргоочу болуп, же таламын талашып атабыз деп жатышпайбы. Анда ошого жараша мамиле кылыш керек.

“Азаттык”: Диаспоралардын өкүлдөрү ошондой тизмени алып келе турган болсо, Орусиянын башка шаарларында да шайлоо бекеттерин уюштурууга үлгүрөсүңөрбү?

Акылбек Сариев: Биз даяр турабыз. Орусия тарап бизге жардам берген атат. Кайсы шаарды көрсөтсөк ошол жерде эмеректеринен бери коюп берип, бардык жерде шайлоо өтөт. Ар бир жерде урна, кабина бар. Тартип коргоо жагынан да карап, бекер эле мүмкүнчүлүктү түзүп беребиз деп атышат. Башка маселе – биз жок кишиге бекет түзө албайбыз. 500 миң киши деп койсо биз бекет түзгөнгө акыбыз жок.

Кысым кимден башталат?

“Азаттык”: Абдыкерим мырза, бул референдумда административдик ресурс колдонулбайт деген сизде ишеним барбы? Аны болтурбоо үчүн азыр бийликте турган партия жетекчилери референдумга чейин, же референдумдан кийин кызматтарын таштап кетүүгө милдеттүүбү?
500 миң деп айтыш оңой, бирок 5 миң кишини чогултуш кыйын.


Абдыкерим Ашыров: Акыйкат жактан карап көргөндө, өздөрүн кое турган адамдар болсо, алар сөзсүз кызматын таштап кетиши керек. Референдумдун таза өтүшүнө ишеним жок. Себеби бул бир адамдын гана кыймыл аракети эмес да. Бир гана мамлекеттик органдын кыймыл аракети эмес. Бул – шайлоо, референдум процессине катышкан жарандардын кыймыл аракети. Бирок көз көрүнө эле референдум жыйынтыгын бурмалоо менен жыйытык чыгаруубу, же мурункудай административдик ресурс менен эле күчкө салып эле башкача кылып элдин добушуна карап чыгарып коебу – сөз ошондо болуп атпайбы.

“Азаттык”: Мына ушундай административдик ресурстарды колдонуудан, добуш берүүлөрдү бурмалоодон келип, Кыргызстанда эки жолу ыңкылап болуп атпайбы. Эми ошого жол бербеш керек. Кыргызстан өзүнүн тарыхын мындан ары ак барактан кайра башташ керек деген маселе коюлуп жатат. Ушул жагынан алганда административдик ресурстардын болбошу үчүн, бийликте турган партиялардын башкаларга кысым көрсөтпөшү үчүн кандай аракеттерди көрүш керек? Мисалы, сиз укук коргоочу катары кандай аракеттерди көрөсүз?



Абдыкерим Ашыров: Туура айтасыз, эмне үчүн шайлоонун жыйынтыгынан шайлоочулардын ишеним кетип калган? Себеби акыркы ишеним 2007-жылы болгон. Партиялык тизме менен шайлоо болгондо шайлоочуларда партияларга аябай чоң ишеним болгон, Кыргызстанда таза шайлоо өтөт деп ишенген. Ошондон кийин шайлоочулардын ишеними кетип калган. Ошондон бери беш жыл өттү, азыркы укук коргоо уюмдарынын маселеси ушундан чыгат: шайлоочулардын активдүүлүгүн жогорулатуу жана алардын ишенимин арттыруу.

“Азаттык”: Ошол ишенимди кантип арттырыш керек?

Абдыкерим Ашыров: Менин оюмча Убактылуу өкмөт жактан эрк бар. БШК тарабынан да таза өтсүн деген эрк бар. Менин оюмча, бул эрк да облустук, райондук шайлоо комиссияларына тагылгандыр. Ушул жумушту күчөтүш керек.

“Азаттык”: Кантип күчөтүш керек?

Абдыкерим Ашыров: Биринчиден, буларга көрсөтмө, кеңеш берүү, элге балким чакыруу болот, өзүңөрдүн укугуңардан пайдаланып, качпастан барып добуш бергиле, силердин укугуңардан референдум шайлоонун жыйынтыгы, таасири аябай чоң деп. Ушундай комплекстүү жумуш болуш керек.

“Азаттык”: Коом өзү даярбы?

Абдыкерим Ашыров: Коом даяр. Эл ачык, айкын шайлоону сагынып калды.

“Азаттык”: Акылбек мырза, сиз мурдагы бийлик учурунда да БШКнын мүчөсү болгонсуз. Ушундан уламбы, коом арасында азыр БШКнын башына келгенде көз карандысыздык, калыстык принциби кандай болду экен деп кызыккандар бар экен. 2007-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин «Мен ишенбейм» деген кыймыл түзүлгөн. Ошол кыймылдын жетекчиси Гүлшайыр Абдрасулова сизге суроо узатты.

Гүлшайыр Абдрасулова: Акылбек мырза, сиз мурун БШКда иштеп кеткенсиз, азыр болсо БШКнын төрагасы болуп Убактылуу өкмөт жактан шайландыңыз. Сиздин оюңузча, сиздин позицияңыз бүгүнкү күндө туруктуубу? Кыргызстан үчүн таза шайлоону өткөрүп бере аласызбы?
Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн, кыргыз элинин тынччылыгы үчүн алар мындай жүктү мойнуна алып, кызматты аткарып атышат.


Акылбек Сариев: 2005-жылы туруштук бергенден кийин азыркы заманда туруштук берет болушум керек. Бир жагынан мен чиновник эмесмин. Бул жерге иштейм деп өзүм аракет кылып келген эмесмин. Биринчи Төлөйкан Исмаилова шайланган. Мен комиссияга келейин деп өзүм аракет кылган эмесмин. Мени сындырайын деген күчтөр жок болуш керек. Анткени Убактылуу өкмөттүн бардык мүчөлөрү менен таанышмын. Ошон үчүн эч кимисине тартканга да моралдык укугум жок. Баарына бирдей мамиле кылам. Келечекте биздин боло турган иш-аракет таза, так болот деген үмүтүбүз бар.

“Азаттык”: Акылбек мырза, 2007-жылкы парламенттик шайлоо мыйзам бузуулар менен өттү деп Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму баштаган бир топ эл аралык уюмдар, АКШ билдирүү жасаган. Бирок ал билдирүү менен мурунку бийлик өкүлдөрү макул болгон эмес. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы да расмий түрдө жарыяланган эмес. Эмне үчүн ошондо жана андан кийин 2008-жылы БШКнын ошол кездеги төрайымы Клара Кабилова видео билдирүү жасаганда, сиз өзүңүз да ага кошулуп билдирүү жасап чыгалган жоксуз?

Акылбек Сариев: Мен билдирип чыкмак турсун, жыйын болуп атканда элге отуруп айтып чыкпадым беле. “Азаттыкта” 2007-жылы эртеси күнү түз эфирге чыгып, ошол жерде мыйзам бузуулар болду деп мен жана Акматов экөөбүз айтканбыз. Ошол жыйынтыкты карап атканда парламенттик шайлоонун жыйынында мен чыгып кеткем.

Таза шайлоо тууралуу кыялдар

“Азаттык”: Азыр эми референдум болот, октябрда парламенттик шайлоо болгону жатат. БШКнын көз карандысыз төрагасы катары позицияны бекем кармана аласызбы? Мисалы, бийликте турган партия өкүлдөрү сизге кысым жасап, же кандайдыр бир көрсөтмөлөрдү бере турган болсо ачык билдирүү жасайсызбы, же болбосо кызматыңыздан баш тартасызбы?

Акылбек Сариев: Менин максатым азыр референдум өткөрүү. Референдумду абийир менен өткөрүп алып, андан кийинки шайлоо жөнүндө ойлонолу. Анткени мен деле билем, азыркы күндө мен төрага болуп отурганым баарына жакпайт.

“Азаттык”: Эмне үчүн?

Акылбек Сариев: Өзүңүз билесиз, саясий кырдаал ар кандай, ар кимдин ою ар башка болуш керек. Мен иш-аракеттер жүрүп атканын да билем, аны жашырбай эле коеюн. Бирок ага карабай, биринчи референдумдун жыйынтыгын чыгарып алалы, андан кийин шартка жараша иш кылалы. Алдын-ала мен парламенттик шайлоону өткөрөм деп айткандан алысмын.

“Азаттык”: Абдыкерим мырза, Отунбаева өткөөл мезгилдин президенти деп аталбадыбы. Бирок муну менен ал шайлануу укугунан ажырады деп коомдо каршы пикир айткан адамдар да болуп атат. Ошондой суроосун сизге юрист катары көз карандысыз адвокат Автандил Сакыбаев берди эле.

Автандил Сакыбаев: Роза Отунбаева бүгүнкү күнү саясий кырдаалга байланыштуу президент болуп бекитилди. Ажыратып айтыш керек: бекитилген адам бул шайланган адам эмес. Сиз Отунбаеванын чектелип калган укугун коргогонго дараметиңиз жетеби?

Абдыкерим Ашыров: Биринчиден, Роза Исаковна Отунбаеванын укугун жакташ үчүн бир негиз болуш керек. Ал киши өзү менин укугум бузулуп атат, революцияда бирге жүргөн жолдошторум мени ушундай жолго салып атат деген сөз болуш керек да. Андай чыккан жок. Бирок Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн, кыргыз элинин тынччылыгы үчүн алар мындай жүктү мойнуна алып, кызматты аткарып атышат. Роза Исаковна ушул жолду тандап алгандан кийин мунун тегерегинде чыр-чатакты көтөргөндүн кереги жок.

“Азаттык”: Мурунку бийлик акыркы парламенттик жана президенттик шайлоолор бурмаланды деп эл аралык уюмдар коңгуроо какканы менен аны менен эсептешкен эмес. Бул жолу ошондой жыйынтыктар болуп калса укук коргоочулар кандай аракетке барат?

Абдыкерим Ашыров: Укук коргоочулар мурунку эле кылган аракеттери менен иштеп келет, бекеттерге байкоочуларды коймой, мониторинг жасамай, кийин шайлоонун жыйынтыгы боюнча анализ жасап, коомго угузуп, ушул эле аракеттерди жасап бийликке билдирет.

“Азаттык”: Азыр жарандык коом добуш берүүлөрдүн бурмаланбасы үчүн кандай аракеттерди көрүп жатат? Канча байкоочуларды даярдап жатат?

Абдыкерим Ашыров: Азыр санын айта албайм. Анткени жумуш башталып атат. Бардык облус, бекеттерге байкоочуларды жөнөткөнгө аракет кылышат.

“Азаттык”: Эмнегедир эл арасында БШКга мүчө болгон адам кайра-кайра эле мүчө болгусу келе берет. Себеби ал жерде маяна бере турган эки эсеп бар деп айтышат. Ошонун чындыгы барбы?

Акылбек Сариев: Эки эсеп деген түшүнүктү мен түшүнбөйт экем. Ал кандай? Бирок шайлоо убагында маяна алышат. Мындай күндөрү БШКда жыргатып деле акча алган нерсе жок. Мына мен алты жыл жүрдүм, стипендия деп каралган. Аны туура түшүнүш керек. Ошон үчүн бул жерден акча жагына кызыгып келген адамдар десек туура эмес болот. Анткени башка деле артыкчылыгын көрө элекмин. Келген мүчөлөр өзүлөрүн кандай алып жүрөт, ишти кандай алып барат – бул өздөрүнүн абийиринде.

“Азаттык”: Бул референдумдан кийин эгер жарандык коом өкүлдөрүнүн БШКга, жергиликтүү шайлоо комиссияларына ишеним болбой калса, кандай аракеттерди көрөт?

Абдыкерим Ашыров: Мыйзам боюнча эгерде негиз болсо алар бекеттерде добуштарды кайра санатып, шайлоого катышкандардын укугу бузулса, алар сотко чейин кайрылганга укугу бар. Укукту пайдаланып, алар туура тапса, булар кайра санаш керек.

“Азаттык”: Эгер референдумга шайлоочулардын көбү келбей калса эмне болот?

Акылбек Сариев: Эч нерсе деле болбойт. Бул баарыбыздын жарандык позициябыз деп түшүнөбүз. Аны баарыбыз билебиз, саясий иш-аракеттерге көп катышпайт, биз эле эмес бардык дүйнө жүзүндө саясатка аралашкан жарандар негизи аз болот. Келечекте балким, мисалы көп мамлекеттерде биздикидей шайлоочулардын тизмесин тизип албай, шайлоо, же референдум болгон күнү келип катталган жарандардын саны эсептелет. Бул саясий көз карашы бар адамдар келип катталып, активдүү катышып, негизги мамлекеттин саясий кырдаалын ошолор түзөт. Балким биз да бир убакта ошого барып калышыбыз мүмкүн. Ошондо коррупция, кысым болбойт.

Мамлекеттик кызматтарда иштегендер деле жырганынан жанагыдай иш-аракетке барган жок, көрсөткүчтөрдү көтөрөбүз деп. Алар деле айла жоктун оокаты, кызматтан эртең түшүп калсам эмне болот деп чапкылап жүргөнүнүн себеби ошол. Эгер тыюулар, же көрсөткүчтөрдү алып таштасак, алар деле тынч жатат эле да, баштары да оорубайт, коррупцияга да, бурмалоого да жол берилбейт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG