Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:42

“Азаттык” үналгысынын «Ыңгайсыз суроолор» берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы 27-июнга белгиленген референдум жана Конституциянын тагдырына арналды.

Талкууга катышкандар:



Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, юрист Мукар Чолпонбаев






Конституциялык кеңешменин төрагасы, Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Өмүрбек Текебаев






“Азаттык”:
Өмүрбек мырза, эл арасында “27-июнда боло турган референдумга даярдык жок, анын зарылдыгы жок болчу, анан 114 беренеден турган Конституцияны эл түшүнгөн жок, аны колдобойт болуш керек” деп көп айтылып жатат. Чынында эле шашылган жокпузбу?

Өмүрбек Текебаев: Биринчиден, конституциялык референдумдар боюнча маселе акыркы беш жылда тынымсыз талкууланып келди. Ал талкуулар көчөдө митинг түрүндө, залдарда конференция, семинар түрүндө, Жогорку Кеңештин жыйналышы түрүндө өтүп келген.

Оппозиция да өзүнүн ар кандай жыйналыштарында, курултайларында бул маселени талкуулап келген. Ары тартсаң өгүз өлөт, бери тартсаң араба сынат деген тар жолдо Кыргызстан турат.

Бул кырдаалдан чыгып кетүүнүн жолун сунуштадык, бул – тез аранын ичинде адилет шайлоолорду өткөрүп, эл тандаган адамдарга жаңы бийликти өткөрүп берүү. Ал үчүн конституциялык реформа жана парламенттик таза шайлоолор керек.

Конституциялык реформа бүгүн татаал кырдаалдан чыгып кетүүнүн жолу, чиеленишкен кырдаалды чечүүнүн жападан жалгыз жолу катары сунушталып жатат. Эгер муну мен айтсам Убактылуу өкмөт өзүн өзү колдоп атат деп айтышыңыз мүмкүн, муну БУУнун өкүлдөрү, адистери, ЕККУнун өкүлдөрү айтып отурат, бул – жападан жалгыз жол.
Революция жасалган жерде Конституция болбойт. Конституция болбогондон кийин декрет ишке кирет.


Сиз туура баамдадыңыз, референдумду өткөрүү өтө оор, өзгөчө кырдаалда жүргүзүлүп жатат. Биздин бир гана ишенимибиз бар: бул карапайым эл кырдаалдын тарыхый экенин таанып, өз жоопкерчилигин сезип, жапырт референдумга келип, тигил же бул жоопту берет деп ишенебиз.

“Азаттык”: Демек 114 беренеден турган Конституцияны бардыгы түшүндү, толук колдоого даяр болуп калды деген ишенимдесизби?

Өмүрбек Текебаев: Конституция мыйзамдын долбоору катары эмес, биринчи кезекте концепция катары элге сунушталып отурат. Ал эми концепция кандай иштейт, өз ара бөлүктөрү кандай мамилелешет – бул юристтердин иши, муну Мукар Шалтакович жакшы билет.

“Азаттык”: Мукар мырза, сиз эмне себептен жаңы бийликтин конституциялык реформа жүргүзүү аракетине жана референдумга каршы болуп жатасыз?

Мукар Чолпонбаев: Биринчиден, бардык нерсени туура түшүнүшүбүз керек. Албетте бизге конституциялык реформа керек. Бирок бүгүнкү шартта эмес. Бизде Бакиевдин бийлиги кеткенден кийин, кулагандан кийин тез аранын ичинде шайлоолорду өткөрүп, тез аныкташыбыз керек эле. Бирок Убактылуу өкмөт адегенде конституциялык реформа, референдум өткөрөбүз, анан кийин шайлоону өткөрүбүз деп сегиз айга мөөнөт алып алды.

8 айдын ичинде Убактылуу өкмөт да, мамлекет да асылган абалда туруп калды, же тиякта, же биякта жок болуп. Убактылуу өкмөттү коңшу мамлекеттер да, дүйнөнүн башка мамлекеттери да тааныбайт. Мына ушундай абалдын ичинде тез аранын ичинде бийликти легитимдештирүү маселеси турган эле. Бийликти легитимдештирип алгандан кийин мыйзамдуу шайланып келген бийлик өкүлдөрү конституциялык реформа жүргүзсө болмок.

Ал эми бүгүнкү күндө өткөрүлүп аткан референдумда сунуш кылынып аткан Конституциянын долбоору мыйзамдуу түрдө референдумга чыгып атабы? Маселе ушунда турат.

Эгерде бул референдум өзү мыйзамсыз өткөрүлүп аткан болсо, демек референдумдун жыйынтыгы да мыйзамсыз болуп калат. Эртең эле бизден башка оппозиция ушунун баарын айтып чыгат. Биз ошон үчүн эң оңой жолун сунуш кылганбыз, 12-апрель күнү Кыргызстандын 5 жараны Конституциялык Сотко арыз өткөргөн. 1993-жылкы Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндөгү президенттин указдарын мыйзамсыз, Конституция каршы деп таап берүү жөнүндө.

13-апрель күнү Убактылуу өкмөт Конституциялык Сотту жоюп таштады. Демек ал кароого жол берген жок. Эгерде ошондой болгондо 1993-жылкы легитимдүү Конституция калыбына келмек да, ошонун негизинде шайлоо жарыяланып калса бүгүн биз эч кандай окуяларсыз, кыйынчылыксыз эле шайлоого кирип калмакпыз, азыр шайлоо жүрүп калмак.

“Азаттык”: Демек сиздин оюңузча азыр референдум болсо да бийлик мыйзамдуу жолго түшө албайбы?

Мукар Чолпонбаев: Түшө албай турат да, кептин баары ушунда турат.

“Азаттык”: Мыйзамдуу жолго түшүү үчүн эмне болуш керек эле?

Мукар Чолпонбаев: Бул үчүн биз адегенде мамлекетибизде мыйзамдуулукту калыбына келтиришибиз керек. Мыйзамдуулукту калыбына келтириш үчүн мыйзам кайсы жерден бузулду, ошол жерден оңдош керек.

Мыйзам кайсы жерден бузулду? Конституциябыз 1993-жылы легитимдүү шайланган, легитимдүү парламент кабыл алган Конституция. Анда экөөбүз тең депутат болчубуз. 1994-жылы Аскар Акаев өзүнүн бийлигин Англиянын ханышасыныкындай эле болуп калыптыр, ошону улам кеңейтели деп мыйзамсыз референдум өткөрүү жолу менен конституциялык өзгөртүүлөрдү киргизген. Мына ошондон баштап мыйзам бузуулар бүгүнкү күнгө чейин уланып келатат.

Ката качан жана кимден кеткен?

“Азаттык”: Сиз ошол парламентте депутат болгонсуз, кийин спикер да болгонсуз, Адилет министри да болгосуз. Эмне үчүн Акаевдин убагында өзгөртүүлөргө каршы тура алган жоксуз?

Мукар Чолпонбаев: Өзгөртүүлөргө каршы турганда айтышты, биз Конституциялык кеңешме түзүп атабыз, сиз мурунку Конституциянын авторунун бири катары мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы катары катыш деди. Мына ошондо катышпай, мен 1994-жылдан бери каршылыгымды билдирип келатам.

“Азаттык”: Андан кийин кантип бийликте жүрдүңүз?

Мукар Чолпонбаев: Элдер мыйзам чыгаруу жыйынында округдан шайлады, мен депутат болуп келдим. 1996-жылы кетүүгө аргасыз болдум. Ошондон бери Конституция бузулду деп биз айтып эле келатабыз.
Бакиевдин бийлигин кетирип, революциялык өзгөртүүлөрдү жүргүзүү боюнча Мукар Чолпонбаев план түзгөн. Ошол планды айтып атат.


Экинчиден, Өмүрбек Чиркешович “бул референдумга биздин Конституциянын концепциясы гана кетти” деп атат. Жок, концепция эмес, сиз добуш берүүгө Конституциянын толук долбоорун берип атасыз. Демек концепция үчүн эмес, Конституциянын жалпы тексти үчүн кыргыз эли добуш берет, мына ушуну эч качан унутпашыбыз керек.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, 1993-жылкы Конституцияга кайтып барыш керек деп мурдагы бийлик убагында да, Акаевдин бийлиги убагында да эл арасында талаш-тартыш маселе болуп келатат. Азыр жаңы бийлик келгенде ошол маселеге кайрылса болот беле?

Өмүрбек Текебаев: Ошол кездеги президент Акаевдин суверендүү мамлекетти башкаруу, эл аралык мамилелерди жүргүзүүдө тажрыйбасы болгон эмес. Туурабы?

Мукар Чолпонбаев: Туура.

Өмүрбек Текебаев: Биз китептен окуп ушундай болуш керек деп жазганбыз. Мына азыр 20 жыл өттү. Бүгүн 20 жылдык тарыхыбыз менен Кыргызстанда кимдин ким экенин билебиз. Баткенде кайсы саясатчы, кайсы кландар эртең 1993-жылкы Конституция боюнча шайлоо болсо ким келет, анын кандай, кайсы жерде жээни, тууганы иштейт, кандай бизнес кызыкчылыгы бар, Ат-Башыдан, Көлдөн келгени эмнени сурайт, кайсы жерди басат дегенге чейин биз билип калдык. Мукем да билет, мен да билем.

Биз ушул тажырыйбаны, Кыргызстандын баарын билип бүгүнкү долбоорду сунуштап жатабыз. Конституциялык реформа керек экендигине эч ким каршы эмес. Болгону аны өткөрүү жолун ар ким ар кандай тандап жатат. Бирок бүгүнкү кырдаалда анын экөө тең: Мукар Шалтакович сунуштаган жол да, биз сунуштаган жол да юридикалык жактан бирдей эле деңгээлде кынтыксыз. Анткени 1993-жылкыга кайра келгенде деле шайлоону дайындай турган Жогорку Кеңеш жок, президент жок.
Эгерде алар бийликке келе турган болсо бизди минтип сылап сыйпап отурбайт, өткөн бийликти өрттөп, үйүнөн ыргытып, муунтуп, атып өлтүргөн болсо так ошондой кылат.


Тез аранын ичинде легитимдештирүү жагына сиз менен 200 пайыз макулмун. Өзүм 1995-жылы аракет кылып, эл нааразы болгонуна, жаман көргөнүнө карабастан жасагам. Бирок бүгүн, тилекке каршы, аны жасаганга мүмкүн эмес. Эмне үчүн? Мына кээ бирлер айтып атат парламентти чакыралы, алар эсен-соо жүрүшөт, келип батасын берип, силер айткан адамды президент кылып дайындап берсин дейт. 2007-жылы элдин эркин бурмалап төңкөрүшкө алып келген «Ак жол» партиясын чакырып, ошол парламенттен бийлик алабыз десек, бул бийлик юридикалык кагаз жүзүндө гана болуп, моралдык жактан таптакыр жок болмок. Биз ал жолго баралганыбыз жок.

Өтө тез өткөрүш дегенге мен макулмун. Бирок бүгүн биз шайлоолорду жарыялап, шайланып алып, апрель окуясынын революциясынын кызуусу менен Убактылуу өкмөттүн авторитети кете электе, күндөн күнгө түшөт экен да, бул табигый нерсе, түшө электе тыпыйып бийликке отуруп алып, анан кийин конституциялык реформа жүргүзсөк да болмок, сиз айткандай. Бирок биз өзүбүзгө өзүбүз ишенгенибиз жок. Бийликке келгенден кийин өзгөрткүң келбей калат экен. Ушинтип 1-2 жыл кое туралы деп Бакиевдей болуп айнып кетпейли деп корктук, ошон үчүн берген убадаларыбызды шайлоого чейин аткарып, элдин алдына жүзүбүз жарык болуп баралы дедик.

Мына сиз менен мен канча митингдерге чыгып, канча талаптарды койдук. Ошол талаптар сиздин эсиңизде бар. Эгер ошону карасаңыз, ошонун 90 пайызын бүгүн биз аткардык. Эгер Конституция кабыл алынса биз берген убадалардын дээрлик бардыгын шайлоого бара электе, бийликке келе электе аткарган болобуз. Эгер бийликке келип беш жылга бекем отурсак балким ал убадаларыбызды унутуп калышыбыз да мүмкүн эле.

Мыйзам бардыгы үчүн бирдей

“Азаттык”: Убактылуу өкмөттүн референдум өткөрүү боюнча акыркы декретине ылайык шайлоочулар каалаган жеринде, кайсы жерде болсо ошол жерде добуш бере берет экен. Бул референдум өттү деген жыйынтык чыгарып коюш үчүн атайын кабыл алынган чечимби? Экинчи суроом, референдумда добуш бербей калган атуулдар кийин Конституцияны тааныбай коюшу мүмкүнбү, ошого жол ачып жаткан жокпу?

Өмүрбек Текебаев: Кыргызстандын калкы миграция процессине аралашып, анын таасиринде турган калк. Миллионго жакын атуул сырткы жана ички миграциянын шары менен өз шайлоо участогунда болбостон жылып жүрөт. Ошого карабастан 10 жылдан бери референдумдар өттү, президенттик жана парламенттик шайлоолор өттү.

Акыркы трагедиялык окуялардан улам жүз миңдеген адамдар аргасыздан орун которушту. Коопсуздуктан улам балдарын, аялдарын, үй-бүлө мүчөлөрүн айылдарга жөнөтүштү, ары-бери жылышты, дагы жүз миңдеген адамдар бар. Ушундай татаал кырдаалда биз аргасыздан орун которгон мигранттарга референдум өткөрүп жатабыз.

Кыргызстандын ичиндеги эмгек мигранттарына шарт түзүү үчүн Убактылуу өкмөт атайын декрет кабыл алды. Ал декрет боюнча паспорту бар атуул өзү кайсы жерде болсо, ошол жердеги жакынкы участогуна барып, паспортун көрсөтсө, ал кошумча тизме аркылуу добуш бергенге укугу бар. Бул ал чуркап барып Баткенге, же коңшу участокко барып добуш берет дегенден алыс болот. Анткени биз жарандын баш бармагын маркировкалап, экинчи добуш бергенге мүмкүнчүлүк бербейбиз. Бул эмгек миграциясына, коопсуздуктан улам аргасыз миграция процессина аралашкан адамдарга биз шарт түзүп берип атабыз.

“Азаттык”: БШК 2 млн. 700 млн. шайлоочу добуш берет деп тизмесин түзүп атат. Алардын канча пайызы келсе мыйзамдуу деп табылат?

Өмүрбек Текебаев: Бизде шайлоо тизмелери жаңыланбайт.

“Азаттык”: Борбордук шайлоо комиссиясы 2 млн. 7 миң шайлоочу добуш берет деп тизмесин түзүп атат. Алардын канча пайызы келсе мыйзамдуу деп табылат?

Өмүрбек Текебаев: Бизде шайлоо тизмеси жаңыланбайт. Ушул эскисин улам илип кое берет. Референдум төрт айда өтүш керек эле биз эки айга кыскарттык. Кырдаал татаал, мына ушул кырдаалда референдумга даярдык жүрүп жатат.

Биз атайын декрет менен жергиликтүү бийлик органдарына ар бир короого, үй-бүлөгө кирип ким бар деп сурап үй-бүлөнүн расмий кагазын алып Орусияда, Казакстанда, Бишкекте жүрөт деп райондо участокто жок адамдардын тизмесин тактап, аларга өзгөчө белги коюп, жалпы тизмеден эсептен аларды чыгарабыз.

Динамика боюнча караганда биз үлгүрбөй атабыз, 15 күндө үлгүрүш кыйын экен. Динамикага караганда Кыргызстанда 2 миллионго жетип жетпеген адам бар.

“Азаттык”: Эми ошолордун канчасы келсе референдум мыйзамдуу деп табылат?

Өмүрбек Текебаев: Биз референдумду убактылуу жобо менен өткөрүп жатабыз, ал жободо босого коюлган эмес. Сурамжылоолор көргөзүп атат, калктын жарымынан көбү, миллиондон ашык жаран келип добуш берет деген ишеничтебиз.

“Азаттык”: Пайыздык катыш бул жерде катталбайбы?

Өмүрбек Текебаев: Пайыздык катыш саясий мааниге ээ, канчалык аз болсо өттү деген менен моралдык жактан аксап калат. Ошондуктан мен жарандарга кайрылат элем: бүгүн шайлоочулар абдан аз, баарыбыз келип, мен колдогула деп айта албайм, баарыбыз жапырт келип бул жарандык милдетибиз тигиндей же мындай добуш беришиңиздерди мен суранат элем.



"Конституция өзбек тилине которулган эмес"

“Азаттык”: Ош, Жалал-Абаддагы кандуу окуяга Конституция долбоорун өзбек тилине которуп жарыялоо кандайдыр бир негизде түрткү берди деген көз караштар көп болуп жатат. Эмне үчүн өзбек тилинде жарыялоого уруксат бердиңиз? Ага кандай зарылдык бар эле же башка улуттагы биздин атуулдар расмий тилди түшүнүшпөйт бекен?

Өмүрбек Текебаев: Сыналгы аркылуу ушак түрүндө да жаңжалдын келип чыгышынын негизги себептеринин бири Конституция долбоорунун өзбекче басылып чыгышы, ага уруксат берген Текебаев күнөөлүү деп айтылып жүрөт.
Тез аранын ичинде легитимдештирүү жагына сиз менен 200 пайыз макулмун. Өзүм 1995-жылы аракет кылып, эл нааразы болгонуна, жаман көргөнүнө карабастан жасагам.


Акаевдин да, Бакиевдин убагында да биздин Конституция өзбек, тажик, англис тилдерине которулуп, басылып жүргөн. Өзбек тилинде расмий эмес котормо, автордук котормодо коомдук уюмдар өздөрү басып чыгарды. Мамлекеттин атынан, Борбордук шайлоо комиссиясынын атынан мамлекеттик жана расмий тилде гана Конституциянын долбоорлору басылып чыкты. Ошондуктан муну негизсиз ушак, окуянын тереңин иликтебестен, жөн эле күнөөнү бирөөгө жүктөй салганга аракет деп эсептейм. Бул эч убакта араздашууга, карама-каршы турууга негиз да боло албайт.

“Азаттык”: Мукар мырза, Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Кыргызстан парламенттик башкаруу системасын тандап алып, өтө коркунучтуу жолго түштү деп айтты. Сиздин оюңузча ал кандай коркунуч болушу мүмкүн?

Мукар Чолпонбаев: Парламенттик башкарууну тандап алды деп Убактылуу өкмөт айтып атат, ошого байланыштуу Орусиянын президенти да парламенттик башкарууну тандап алды деп атат. Бирок бизге референдумга коюлуп аткан Конституциянын долбоору бул парламенттик башкаруу долбоору эмес бул парламенттик-президенттик аралашма башкаруунун долбоору, муну баарыбыз моюнга алышыбыз керек. Мунун 1993-жылкы Конституциядан анчалык деле чоң айырмасы жок, кептин баары ошол парламенттин шайлануу мүмкүнчүлүгүндө жатат.

Азыр эле Өмүрбек Чиркешович "эгер 1993-жылкы Конституцияны алып келе турган болсок кайсы региондон, ким шайланып келе турганын алдына ала билебиз" дейт. Ал эми партиялык тизме менен бара турган болсо андай болбойт деп койду. Мен тескери айтар элем, бул туура эмес түшүнүк. Эгерде ошол эле округдардан элди, жерди жеп келген адамдар, элдин душмандары шайлана тургандарын биле турган болсок бардык эле мамлекеттер биздин акыбалга келген кезде люстрация, башкача айтканда тазалануу жөнүндө мыйзамды кабыл алып, андан кийин шайлоого кигизип аткан. Ал мыйзамда кимдер шайлоого барууга 5 же 10 жылга укугу жок деп жазылат. Ошондойлорду жасап койсо адамдар, андан сырткары өзгөчө кылмышты уюштурган, жанында жүргөн адамдар бул шайлоого катышу укугунан ажырап калат. Эң негизгиси депутат болуп келбейт болчу.

Экинчиден, Өмүрбек Чиркешович “партиялык шайлоо менен келгенден кийин баары таза гана адамдар келет” деп айтып атат. Мен Кыргызстандын шартында буга такыр ишенбейм.

Эң негизги маселеси турат. Өмүрбек Чиркешович бүгүн Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары отурат, бийлик бизде турат, кандай болсо да биз өзүбүздүн партиябызды өткөрүп кетебиз го деген ишенимде турушат, муну жаңылбай эле айтсак болот.

Эгерде ошол партиялар келгенде эл кимге добуш берет? Партиянын лидерине добуш берет, калган мүчөлөрү ким экендиги таанылбаган бойдон калат. Ошондуктан партиянын лидерлерине калган депутаттык орундарды сатып жиберүү мүмкүнчүлүгү болот, муну ачык эле “Ак жол” көрсөткөн. Мына биз азыр ошол жолго баратабыз. Бизге ким кепилдик берет, ошол партия шайланып алгандан кийин ал депутат, партиянын мүчөсү, шайлоочуларга барып отчет бербесе, аны кайра чакырып ала албаса, 73-беренеде жазылып турат, ал императивдүү мандатка ээ, эч ким чакырып алалбайт деп.

Бирок ошол эле беренеде жазылып турат: эгерде партиялык фракциядан чыгып кете турган болсо депутаттык мандатын токтотот дейт. Фракциядан чыгаруу чечимин ким кабыл алат? Партиянын жетекчиси, анын саясий бюросу кабыл алат. Демек саясий бюрого каршы чыккан партиянын мүчөсү боло албай калат экен. Биздин парламентти эки же үч партиянын диктатурасы башкарып калат деген сөз, мына биз ушуга келе атабыз. Эң каршы болуп аткан дагы себебибиз: эгерде “Хизб-ут Тахрир” келип калса эмне болот? Халифатка айланып кетишибиз мүмкүн да, Өмүрбек Чиркешович.

Өмүрбек Текебаев: Биринчиден, мен парламентке алтын, таза адамдар келип калат деп эч качан айткан эмесмин. Эл кимди шайласа, партиялык съезд кимди тизмесине киргизсе ошолор келет. Парламенттин жакшы иштешинин кепилдиги – таза же асыл адамдын келишинде эмес, атаандаштыкты уюштуруп, бири-бирине ит жыгылыш принцибин түзүү деп айтып атабыз.

Эркин партия “Ак жолдой” болуп депутаттык мандатын алып кое албайт. Бир гана учур бар – эгер өз ыктыяры менен таштап, башка жакка өтүп кетсе мандатын жоготот дедик. Эмне үчүн бул жерде биз Украинанын тажырыйбасын эске алдык? Украинада депутаттар өзүнүн добушун сатып, бир фракциядан экинчи фракцияга күнү-түнү менен өтүп жүрөт. Аларды эл шайлап, эл бир командасыңар деп жөнөткөндөн кийин алар беш жыл бирге иштеш керек. Добушун сатып жиберип, же таарынып башка жакка өтүп кете турган болсо парламентте туруксуздук пайда болот.

Ал жерде коррупциянын элементи жок болот деп айта албайм, коомго жараша болот, көбөйөт. Ошондон улам биз өз ыктыяры менен фракциядан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берген жокпуз.

“Азаттык”: 2007-жылдагы Конституциянын экинчи беренесинде бийликти кандайдыр бир топ ээлеп алганга болбойт деп жазылган. 8-беренесинде мамлекеттик жана партиялык институттарды бириктирүүгө мамлекет иштерин партиялык программалар менен чечимдерге жол берилбейт деп жазылган болчу. Эмне үчүн бул жоболор жаңы Конституциянын долбоорунда киргизилген жок. Бара-бара бир эле партиянын СССР мезгилиндегидей монополист болуусуна жол ачып жатпайбы?

Өмүрбек Текебаев: Мукар Шалтакович экөөбүз Конституция жазып атканда таптакыр башка эле. Ал кезде карыган адамдар башкарат деп, “кокуй, карыган келип калбасын” деп жашы 65тен жогору болгон адам президент боло албайт деп тыюу салганбыз. Бүгүн аны алып 70ке чейин көтөрдүк.

Ал кезде КПСС уктасак да түшүбүзгө кирип, булар башкарат деп партиялык программга ушундай тыюу салганбыз. Бүгүн биз башка системага келип отурабыз. Эмне үчүн алып койдук? Анткени партиянын шайлоо алдындагы программасы партия утуп келсе эртең өкмөттүн программасы болуп калышы мүмкүн, Жогорку Кеңештен чечим кабыл алып.
Тарыхый кырдаал аныктаган саясий лидерлер Убактылуу өкмөт түзүп, аны иш жүзүндө бүткүл дүйнө таанып, элдин көпчүлүгү бүгүн таанып турат.


Мына ошондой талаш-тартыш болбосун, кечээ эле партиянын программасы эле, бүгүн мыйзам кабыл алынып, өкмөттүн программасына айланды деп чыр-чатак болбосун деген мааниде. Анын үстүнө Коммунисттик партия да болуп партия аралашып кете турган замандан бир аз алыстагандан кийин мына биз ушуну алып салдык. Бирок үй-бүлөлүк менен партиялык башкаруунун жалпы окшоштугу бар: эл шайлаган, эл дайындаган конституциялык адамдар эмес, капталынан чыга калган адамдар башкарат, партиянын лидери же тага, жээн, урук-туугандар башкарат. Биз ошону жоготолук деп атабыз. Ал үчүн биз Жогорку Кеңештин деңгээлинде эмес, айыл жерине чейин оппозицияны бекемдейли деп атабыз. Аларга материалдык, саясий жагдайды түзүп, накта элдик көзөмөлгө айландырганга аракет кылып жатабыз.

Карга да баласын аппагым дейт...

“Азаттык”: Мукар мырза, Өмүрбек мырза “1993-жылкы Конституцияга кайтып барууга таптакыр саясий негиздер жок болчу” деп айтты. Сиздер айтып жүрбөйсүздөрбү, 1973-жылкы Конституциясына Пакистан кайтып барбадыбы беле, мына ошондой болуп эле кайтып барыш керек деп айтты. Сиздин оюңузча кандай саясий, экономикалык негиздер бар?



Мукар Чолпонбаев: Референдум өтсө, элдер добуш берсе, Өмүрбек Чиркешович сунуш кылган Конституциянын долбоору өтө турган болсо, анда “1993-жылкы Конституция жокко чыгарылат, аны киргизүү жөнүндөгү мыйзам да жокко чыгарылат” деп ачык жазылып турат. Демек бизди бүгүнкү күнгө чейин ушул абалга алып келген Бакиев, ага чейинки Акаев жоопкерчиликтен толук кутулат деген сөз.

Бул жерде мен кандай негизде Өмүрбек Чиркешович ушуга баратканын түшүнбөйм. Оппозицияда чогуу жүргөнбүз. Кыргызстан эмне үчүн ушундай жаман акыбалга келди? Себеби бир да бийлик башына келген адамда жоопкерчилик жок. Жоопкерчилик болбогон жерде өзүм билемдик боло берет. Акаев да “мени жоопко тартпайт” деп ишенди. Бакиев да Өмүрбек Чиркешович жоопко тартпайт деп ишенди. Менимче, Өмүрбек Чиркешович деле “менден кийинки келген киши мени жоопко тартпайт” деп ойлоп турса керек. Акаевдин акыркы Конституциясында, Бакиевде Конституцияда жазылып турат: алар жооп бербейт.

Экинчиден, кыргыз элинин жүрөгүнө батып, жанын кейитип турган нерсе - Каркыра, Үзөңгү-кууш, стратегиялык обьектилер, өзгөчө “Кумтөр”. Эгерде биз жаңыны кабыл ала турган болсок, эртең биз Кытайга да “Үзөңгү-куушту кайра карып бергиле” деп айта албайбыз. Балким жүз жылдан кийин болобу, элүү жылдан кийин заман өзгөрүп, андай маселе коюлушу мүмкүн, ал эми өзүбүз Конституциябыз менен мына ушул жолду кесип атабыз.

Балким Казакстанда Назарбаев аксакалды казак элинин лидери деп мына жаңы мыйзам кабыл алышты. Эртең кыргыздар бир боорум экен, мен ушу Каркыраны кайтарып берейин десе кайрылып алганга биздин жолубуз бекип атат. Мына ушул экономикалык жактан муну айтып атам.
Пайыздык катыш саясий мааниге ээ, канчалык аз болсо өттү деген менен моралдык жактан аксап калат.


Андан сырткары башка стратегиялык обьектилер боюнча көп маселелер бар. Дагы жакшы учурунда “Түндүк электрону”, “Кыргызтелекомду” жана ошол сыяктууларды кайтарып калышты. Бирок жаңы Конституцияны кабыл алуу менен бирге эртең эл аралык сотко ошолор эле берсе биз кайра эле уттуруп жиберебиз. Анткен себеби Убактылуу өкмөттүн декрети мыйзамдан эч качан күчтүү боло албайт. Алар “легитимдүү шайланган силердин парламентиңердин ратификациясы менен биз сатып алган элек, бизге кайтарып бергиле, кыргыздар” деп айтат. Биз “Жогорку Кеңеш мыйзамсыз шайланган болчу, Конституция туура эмес болчу” десек, “силер кийинки референдумуңар менен анын баарын мындан ары күчүн жоготту деп койбодуңар беле” деп айтат. Биз ушундан коркушубуз керек. Мындай нерсе болот, Өмүрбек Чиркешович.

“Азаттык”: Мисалы, 2008-жылы Түпкө барып, жумуртка менен таяк жеген окуя болгон. Аксы окуясы болсо Үзөңгү-кууштун кетишинен пайда болгон. Ошондон улам оппозиция кен байлыктары, жер деп талашып жүрдү эле. Андан кийин Конституциянын 8-беренесинде Кыргызстандын чек арасы азыркы чек ара менен эсептелет деп жазылып турбайбы. Мына, ошону менен келишимдердин бүт бардыгы күчүндө калат дегенди билдирет деп жатышат. Кандай дейсиз?

Өмүрбек Текебаев: Мукар Шалтакович жөн эле айтып атат.

“Азаттык”: Негизи жокпу?

Өмүрбек Текебаев: Негизи жок. Бакиевдин өзүнө, анын урук-туугандарына, жан-жоокерлерине кылмыш иши козголуп, алардын башына издеп таап келсең 100 миң долларга чейин беребиз деп мамлекет өзүнүн сыйлыгын да жарыялап койду. Алар колго түшүп, жоопко тартыларын билип, өлкөнү дестабилдештирип, жаңжал чыгарып, Убактылуу өкмөттү кетирип, өзүнүн бөлтүрүктөрүн, экинчи эшалонун бийликке алып келип, ошолордун бийлиги убагында күнөөлөрү алынса Кыргызстанга келебиз деп аракет кылып атат.

Бул чатактын артында бакиевчилер бар экенин биз эле эмес, коңшу жана эл аралык абройлуу уюмдар айтып отурат. Эгер Бакиевдер келсе, Мукар Шалтакович, биз жоопсуз калабыз дебейбиз, биз алардын артынан түшөбүз, алар жооп берет.

Эгерде алар бийликке келе турган болсо бизди минтип сылап сыйпап отурбайт, өткөн бийликти өрттөп, үйүнөн ыргытып, муунтуп, атып өлтүргөн болсо так ошондой кылат. “Сизиң-бизиң, өтүң-отуруң” деген саясат менен эмес, келишкис саясат жүргүзүп жатабыз. Биз кылмыш иши козголгон адамдарды таап, эртеби-кечпи түрмөгө отургузабыз деп аракет кылып жатабыз. Ошондуктан сиздин “бакиевчилер менен бүгүнкү бийлик сүйлөшүп алат” деген сөзүңүз туура болбойт. Конституция алмашабы-алмашпайбы, бирок Кылмыш кодекси калды.

Мукар Шалтакович туура айтты, биз 1990-жылкы Конституциянын моделине кайтып келдик. Ал кезде да парламент күчтүү болгон, биз “бардык бийлик – кеңештерге” деген кеңештер системасын калыбына келтирип атабыз. Болгону гана талашыбыз, бул жерде шайлоо системасында мыйзамдар, жоопкерчилик күчүндө калат. Мурун кылмыш жасагандардын баары мыйзам алдында толук түрүндө күчүндө калат.

“Азаттык”: Чек ара, кен байлыктар маселеси кандай болот?

Өмүрбек Текебаев: 2007-жылы Бакиев “бийликти узурпациялоо – кылмыш” деген жобону алып салды эле, биз аны кайтардык. Бакиев жер алдындагы кендер жана башка табигый ресурстар жеке менчикке өтүшү мүмкүн деп жеке менчикке жол ачты эле, мамлекеттин гана менчиги болот деп кайрадан жазып отурабыз. Биз “Кен байлыктар – мамлекетке, жер – элге” деген ураанды кайра жандандырып атабыз.

“Азаттык”: Үзөңгү-кууш, Каркыра маселеси кайра кайталанбайбы? Кайра көтөрүлбөйбү?

Өмүрбек Текебаев: Саясий кырдаалга жараша биз аны көтөрүп, кайтарып алганга ар дайым аракет кылышыбыз керек. Муну биз гана эмес, биздин балдарыбыз, неберелерибиз, чөбөрөлөрүбүз тынымсыз аракет кылышы керек.
Алар колго түшүп, жоопко тартыларын билип, өлкөнү дестабилдештирип, жаңжал чыгарып, Убактылуу өкмөттү кетирип, өзүнүн бөлтүрүктөрүн, экинчи эшалонун бийликке алып келип, ошолордун бийлиги убагында күнөөлөрү алынса Кыргызстанга келебиз деп аракет кылып атат.


Мукар Чолпонбаев: Туура, кылмыш иш козголду. Бирок кандай жыйынтык болот? Мына Максим Бакиевди кармады, Англия берген жок. Курманбек Бакиев Белорусияда жүрөт, берген жок. Себеби Бакиевдин өзүнүн Конституциясында Бакиев президент болуп иштеп турган кезде кандай кылмыш кылса да ал жоопко тартылбайт деп ачык жазылып турат. Лукашенко “бул – президент болчу, ал жооп бербейт” деп ошону айтып атат.

Эгерде биз референдумда жаңы Конституцияны кабыл алсак, анда өткөөл мезгил деп турат, Өмүрбек Чиркешович “1993-жылкы Конституция күчүн жоготот” деп өзү жазып коюптур. Ал күчүн жоготкондон кийин 2010-жылга чейинки Конституциялардын бардыгы күчүн гана жоготот, алар жокко чыгарылбайт. Күчүн жоготкондон кийин алар боюнча биз жоопко тарта албай калабыз.

Өмүрбек Текебаев: Ошол убакта болгон мамилелердин баары ошол кездеги Конституциялар менен баа берилет. Бүгүн биз президенттин абсолюттук иммунитетин алып салдык, президентти да, депутатты да жоопко тартса болот.

Экинчиден, биз иммунитетке чечмелөө берели деп атабыз. Иммунитет Бакиевдин, Акаевдин кызматта турган кездеги кылмыштарына гана таратылат. Бакиевдин кызматка келгенге чейин, 2005-жылы 14-августка чейин, жасаган иштери эле жетишет. Азырынча биз аларга колубуз жетпей турат. Аларды да көтөрүп чыгып, иммунитети таралбаган башка кылык-жоруктары да бар. Алар боюнча да биз Беларус өкмөтүнөн алганга аракет кылабыз.

Мукар Чолпонбаев: Өмүрбек Чиркешович, Бакиевдин президент болуп келгенге чейинки кылган кылмыш ишин, президенттиктен кеткенден бүгүнкү күнгө чейин кылган кылмышы үчүн жооп берүүсүнө каршы эмесмин. Ал президент болуп турган кезиндеги кылган кылмыштары үчүн жооп бериш керек.

Акты ак деп айтуу дайыма эле оңой эмес...

“Азаттык”: Конституциянын тагдырына кызыккан адамдар арбын болуп жатат. Алар “Азаттыкка” келип суроолорун беришүүдө. Ошондой адамдардын бири сизге суроо узатты.

- Биз азыр 2007-жылкы Конституция менен жашап жатабыз. Ошол Конституциянын 52-беренесинде Убактылуу бийлик президент жок болуп калганда Конституцияга өзгөртүү киргизгенге, Конституция кабыл алганга жана референдум кылганга укугу жок деп турат. Анан да Конституция менен жашап атканда декрет менен эч кандай чечим кабыл алганга болбойт. Өзүң жазган Конституцияны өзүң бийликте турганда тебеленип атат, эмки Конституциянын тагдыры кандай болот?

Өмүрбек Текебаев: Сиз абдан туура айттыңыз, Убактылуу бийликтин эч кандай мыйзамдык негиздери жок. Бирок берүүнүн башында айткандай, биз тарыхый кырдаалга келдик, тарыхый процесс өзү Конституциянын рамкасынан чыкты, президентибиз өз элине кыянаттык кылып, аларды атып качып кетти. Аны менен кошо анын “Ак жол” партиясынан турган парламент да, өкмөт да жок болду. Мындай кырдаалда эмне иш кылыш керек?

Тарыхый кырдаал аныктаган саясий лидерлер Убактылуу өкмөт түзүп, аны иш жүзүндө бүткүл дүйнө таанып, элдин көпчүлүгү бүгүн таанып турат, мына ушундан чыгып кетүүнүн айла-амалын издеп жатабыз. Чыгып кетүү өтө тез болуш керек. Ошондуктан биз өзүбүздү убактылуу деп атадык. Биздин турганыбыз убактылуу.

Таза шайлоолор менен сиздер жакынкы күндөрү жаңы өкмөттү, жаңы парламентти шайлап алышыңыздар керек. Мындай окуя Конституцияны бузуу болбосо экен дейбиз, ошондуктан биз Конституцияда мүмкүн болгон биздин тажырыйбабыз жеткен механизмдерди коюп, мындан кийин бийлик шайлоо аркылуу тынчтык жолу менен алмашса экен деген тилектерибизди ар кандай нормалар аркылуу киргиздик.

Мукар Чолпонбаев: Өмүрбек Чиркешович, азыр силер сунуш кылып аткан Конституциянын кайра баралы деген долбоору бул Кыргызстанда хроникалык оорунун синдромун пайда кылды. Акаев келди, өзүнө ылайыктап жазып атат. Бакиев келип өзүнө ылайыктап жазып атат. Азыркы Убактылуу өкмөт өзүнө ылайыктап жазып атат. Эми бул оору мындан ары улана берет деген ойдо турабыз.

Эми силерден кийин келгени да “бул үчөө жазды, эмне үчүн мен жазбайм” деп чыгат. Ошон үчүн биз Убактылуу өкмөткө сунуш кылган элек, бул ооруну жое турган силерсиңер, силердин колуңарда турат, 1993-жылкы Конституцияны калыбына келтирип, эки президентти жоопко тартсак бирөө да мындайга батынбайт эле.
Биз референдумду убактылуу жобо менен өткөрүп жатабыз, ал жободо босого коюлган эмес. Сурамжылоолор көргөзүп атат, калктын жарымынан көбү, миллиондон ашык жаран келип добуш берет деген ишеничтебиз.


Өмүрбек Текебаев: Биз убактылуубуз. Эгер бийликте шайлоодон кийин калып калсак тиешелүү адамдарды жоопко тартканга даярбыз, тартканга биздин укуктук негиздерибиз бар. Бул биринчиден.

Экинчиден, биз бийлик эмеспиз, биз убактылуу бийликпиз. Эртең бийликте болобузбу, болбойбузбу биз билбейбиз, аны эл билет. Конституцияны өзүбүзгө ылайыктап жазганыбыз жок. Эгер сиз айткандай шайлоону өткөрүп, өзүбүз отуруп алып жазсак, ошондо биз өзүбүз үчүн жазган болот элек.

Үчүнчүдөн, биз бийликти басып алуу өнөкөт болбосо экен, шайлоо, тынчтык жолу менен алмашса экен деп атабыз. Акыркы беш жылда бийлик эки жолу, күч колдонуу жолу менен, чынын айтыш керек, Конституциялык эмес жол менен алынды. Айыл өкмөтүнөн баштап министрликке чейин талаш тартыш болду. Чынын айтыш керек, бул боюнча эч ким жазаланган жок.

“Азаттык”: Албетте коогалаңдуу кандуу окуялардан кийин ар бир кыргыз жараны Кыргызстанда тынчтык орносо экен деп турат. Бирок ошентсе да мыйзамдуулукту, акыйкаттыкты, адилеттикти калыбына келтириш үчүн Убактылуу өкмөткө оппозиция болуп жаткан адамдар кандай аракетке барат деген суроолор бар. Мукар мырза, сизге көрөрман суроо берди эле.

- Буйруса, Убактылуу өкмөттүн референдуму өтөт. Алардын жеңиши менен бүтөт деп ойлойм. Бизде бийликте эч качан жеңилип калган учур болгон эмес. Референдум өткөндөн кийин сиздер күрөштү токтотосуңарбы, же ошол бойдон эле кала бересиздерби?

Мукар Чолпонбаев: Бул жерде бир нерсени туура айтып атат: Кыргызстандын шартында административдик ресурс деген аябай күчтүү нерсе.

“Азаттык”: Азыр референдумга эрте эле добуш берүү башталды, демек бурмалоого жол берилет деп ойлойсузбу?

Мукар Чолпонбаев: Ооба, бурмалоого жол берилет. Мен телекөрүүчүнүн айтканына толук кошулам, анткени референдум кааласак да, каалабасак да өтөт. Өтпөсө да өттү кылат бийлик.

Мен бул жерде айтаар элем, кайсы шартта болбосун, өзгөчө кан төгүлүп турган кезде күч колдонуу жолу менен бийлик талашуунун өзү туура эмес. Референдумдун өтүшүн мен да каалайм, урматтуу шайлоочулар. Бирок ошону менен күрөш токтоп калат экен деп ойлобосун. Биз шайлоого барабыз, мыйзамдуу, легитимдүү шартта бийлик үчүн күрөшөбүз. Эгерде биз референдумга такыр барбай коюп, бойкот кыла турган болсок бул жакшы болбойт.

Биз референдумга барышыбыз керек, барып Убактылуу өкмөткө боло турган өз мамилебизди так түшүндүрүшүбүз керек. Биз Өмүрбек Чиркешович сунуш кылып аткан долбоорду колдойбузбу, же колдобойбузбу. Бакиевдин Конституциясы калат экен, ошону менен Бакиев келет экен деген бул туура эмес сөз. Бакиевдин Конституциясы калган күндө да шайлоо болот. Бирок Бакиев аны менен келе албайт. Эгер ишеним көрсөтпөй турган болсок, анда Убактылуу өкмөт ошол күнү биздин мындан ары иштегенге моралдык укугубуз жок деп кетиши керек.

“Азаттык”: Азыр референдум өткөндөн кийин эл арасында карама-каршылыктар аябай күчөйт деген да сөздөр болуп жатат. Сиз ага негиз бар деп ойлойсузбу? Сиз менен үзөңгүлөш жүргөн Анвар Артыков “Эл сөзү” деген гезитке интервью берип, “Жалал-Абадда атамекенчилердин колунан 6 киши каза тапты, Текебаев ал үчүн жооп бериш керек деп айтты, андан тышкары канга малынып калдык деп Убактылуу өкмөт мүчөлөрү кызматын таштап кетиш керек” деди. Сиздин бере турган жообуңуз кандай?

Өмүрбек Текебаев: Анвар Артыков өтө оор күнөө коюп отурат. Бүгүнкү мыйзам боюнча А.Артыков кылмыш жообуна тартылып жооп бериш керек. Бирок Убактылуу өкмөт сунуштаган Конституцияда Кыргызстанда мындан ары эч ким жалган айткан, жалаа жапкан үчүн кылмыш жообуна тартылбашы керек. Ушинтип Анвар Артыковдой болуп жалган айтып, жалаа жапкан адамды биз Конституция кабыл алынып калса жоопко тарта албайбыз. Эмне үчүн андай кылдык? Анткени сөз эркиндигин кысуу үчүн бийликтегилер ар кандай шылтоо таап, адамдарды түрмөгө отургузам деп коркута берет.

Биздин таянычыбыз – сөз эркиндиги. Сөз эркиндиги гана айкындуулукту, элдик көзөмөлдү, коррупцияга болгон күрөштү камсыз кылат. А.Артыков гана эмес, башкалар да ушак таратып отурат: түштүктө болгон кыяматка Текебаев күнөөкөр, ал өзбектерге да, кыргыздарга да автомат таратыптыр, анан чатакташтырып коюп өзү Бишкекте отурат деген сөздөр жүрүп атат.

Биз мамлекеттик комиссия түзүп, анын курамына көз каранды эмес юристтерден, эгер кааласа Мукар Шалтакович да кирсе болот, укук коргоочу органдардан, журналисттерден киргизип, объективдүү иликтөөгө, бул трагедиянын келип чыгуу себептерин, ага баа берип, күнөөкөрлөрдү аныктаганга комиссия түзөбүз.

Андан башка Убактылуу өкмөт эл аралык иликтөөчүлөрдү чакыралы деп турабыз. Анткени азыр эле Жамбул “жесе да, жебесе да карышкырдын тиши кан дегендей, бары бир бийликке ишеним жок” дейт. Биз иликтеп жыйынтык чыгарганда да “бийлик өзүнө тууралап атат” деп көбү ишенбей коюшу мүмкүн. Ошондуктан биз чет элден көз каранды эмес эксперттерди чакырып, аларга кырдаалды иликтегенге шарт түзөлү деп атабыз. Ошондо ким чагымчыл болуп көптөгөн адамдардын убалына калгандыгы сөзсүз түрдө далилденет.

“Азаттык”: Мукар мырза, Конституциялык кеңешме деген орган Конституцияда жана башка мыйзамдарда жок. Ага Конституция жазуу укугу берилген эмес деп көп сындар айтылып жатат. Ага макулсузбу?

Мукар Чолпонбаев: Мен мындай сынга макулмун. Конституциялык кеңешме деген бир да мыйзамда, бир да Конституцияда жок. Ошондуктан Конституциялык кеңешменин атынан референдумга Конституцияны чыгарганга эч кимдин укугу жок. Ошондуктан бул референдумга Конституция Убактылуу өкмөттүн атынан чыгып жатат.

“Азаттык”: Кийин укуктук талаш жаратпайбы?

Мукар Чолпонбаев: Укуктук талаш жаратат. Талаш Конституциялык кеңешме жазды дегенден чыкпайт, Убактылуу өкмөт референдум жарыялаганга укугу жок болчу. Экинчиси, Конституцияга толуктоо, өзгөртүү киргизүү укугу жок. Үчүнчүсү, шайлоо комиссияны түзүүгө укугу жок. Төртүнчүсү, 52-беренеде көрсөтүлгөн, ошого жараша.

Мен ачык эле айтат элем, 2005-жылда да мен сунуш кылгам, буларга да айттык, эгерде 2005-жылы 7-апрелде Кыргыз Республикасында революция болгон болсо, революция бул төңкөрүш, төңкөрүш Конституцияда каралган эмес. Ошондуктан Конституциянын ишин токтотуш керек болчу. Токтоткондон кийин ошондо декретке өтүшү керек.

Өмүрбек Текебаев: Мен азыр Мукар Шалтаковичтин абдан коркунучтуу сырын ачам, өзү түрткү берип отурат. Бакиевдин бийлигин кетирип, революциялык өзгөртүүлөрдү жүргүзүү боюнча Мукем план түзгөн. Ошол планда айтып атат, Конституцияны токтотуп революциялык комитет, Убактылуу өкмөт келип өзүнүн декреттери менен иш алып барыш керек деген. Мен ал кезде макул болгон эмесмин, бүгүн аргасыздан биз ушул жол менен кетип атабыз. Өкмөт, президент, парламент жок болсо, туура айтат, мыйзам боюнча биздин эч кандай укугубуз жок. Биз Конституцияны калтырдык. Анткени бир эреже болуш керек. 14 адам отуруп өзүнүн билгенин жасай берсе, ансыз деле өз билгенибизди жасап атабыз, анда тартип болбойт. Жок дегенде эрежелер калсын деп бир гана жерин буздук, президент, өкмөт, Жогорку Кеңеш жок, ошонун баарынын бийлигин 14 адам өзүнө алды деп гана жарыяладык. Калган жактарын Конституциянын нормаларын убактылуу норма катары сактаганга аракет кылып атабыз. Эгер баарын жоготсок анда өлкөдө башаламандык болмок. Бирок Убактылуу өкмөт, сиз айткандай, декрет менен жашоо – бул сиздин чийген төңкөрүштүн планы. Убагында колдобосок да тарых ушуну аныктап койгондон кийин биз айласыздан ошол жол менен кетип атабыз, Муке. Муну сиз эл алдында азыр мойнуңузга алышыңыз керек.

“Азаттык”: Чындыгы барбы?

Мукар Чолпонбаев: Революция жасалган жерде Конституция болбойт. Конституция болбогондон кийин декрет ишке кирет. Мына ошону биз кеңешип, мен сунуш кылгам. Булар да кабыл алсак кабыл алабыз, кабыл албасак революция жасап көрөлү деп жүрүшкөн. Туура, мунун баарын чогуу кеңешип, иштеп жүргөнбүз. Бул жеке менин планым эмес.

“Азаттык”: Референдумдан кийин албетте парламенттик шайлоо болот деп жатышат. 2007-жылкы шайлоодо “Ата мекен” партиясынын катарына тизмесине Акаевдин бийлиги учурунда кызмат кылган, чөнтөктүү адамдар көп кирген эле. Ошондо эл арасында көп нааразылыктарды пайда кылган. Алдыдагы шайлоодо “Ак жолдун” чөнтөктүү адамдары “Ата мекендин” катарына, тизмесине кирип жатат деген маалыматтар пайда болду. Ошол чынбы? Деги кандай адамдарды тандап аласыңар?

Өмүрбек Текебаев: Жок, 2007-жылы биз эки партиянын адамдарынан турган тизме түзгөнбүз: “Ак шумкар” жана “Ата мекен” партиялары. Азыр партиялык тизме түзүү боюнча кеңештери жүрүп жатат. Негизги принцибибиз – Бакиев жана Акаев менен иштешкен адамдар дээрлик болбойт. Таптакыр эле иштешкен адамдар болбойт деп айта албайбыз. Мисалы, Мукар Шалтакович да убагында министр, Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ошондуктан "бөрк ал десе баш алып", ошолордун камчысын чаап иштеген адамдар биздин партиялык тизмеде болбойт. Аны бир айдын ичинде биздин шайлоочулар өздөрү көрүп, баа берет деп ойлойм.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG