Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:25

“Ыңгайсыз суроолор” сыналгы берүүсүнүн кезектеги чыгарылышында алдыдагы парламенттик шайлоо жана ага катыша турган саясий партиялардын салмагы талкууга алынды.

Талкууга катышкандар:



“Ата журт” партиясынын төрагасы, экс-депутат Садыр Жапаров







“Айкөл эл” партиясынын төрагасы Эдил Байсалов







“Азаттык”:
Садыр мырза, «Ата журт» партиясына жалаң Акаевдин, Бакиевдин тушунда иштеген мамлекеттик кызматкерлер топтолуп жатасыздар. Ошондуктан эл оозунда бул партия мурдагы бийликтегилердин партиясы деген сөз бар. Максатыңар эмне? Бакиевдин режимин кайра алып келүүбү?

Садыр Жапаров: Биринчиден, мен сизге ачык айтып коюшум керек, Акаевдин, Бакиевдин адамдары топтолуп атат деген сөздөн алыс болушубуз керек. Эгерде биздин партияда Акаевдин, Бакиевдин адамдары топтолуп атат десе, анда бүгүнкү президент Роза Отунбаева эжебизди кимдин адамы деп айтышыбыз керек? Акаевдин убагында министр болуп, дипломаттык иштерде элчи болуп да иштеген, кийин Бакиевдин убагында да элчи, министр болуп иштеди. Ошол эле Роза Отунбаева эжебиз бүгүнкү күндө формировать эткен техникалык өкмөттү анда кимдики дейбиз, Акаевдики дейбизби, же Бакиевдики дейбизби?
Булар кийинки кездеги Бакиевдин режимине катуу каршылык көрсөтүп жүрүп, ошол системаны кулатуу үчүн келген адамдар. Сиздер болсо ал бийликке каршы күрөшкөн эмессиздер, менин билишимче.

Садыр Жапаров: 2005-жылы элдин бардыгы Бакиевге ишенген. Ошол эле азыркы жаңы өкмөт да. Роза Отунбаева, Текебаев, Атамбаев, бардыгыбыз биригип ишенгенбиз, бүтүндөй жалпы кыргыз эли ишенген. Анан ишеничти актабай кетти. Бул экинчи маселе болуп калды. Эмне үчүн ишенгенбиз дегендин себеби 2-3 жыл убакыт берели дегенбиз.

“Азаттык”: Демек сиз да бийликте туруп беш жыл бою ишендиңиз?

“Азаттык”:

Түштүктөгү коогалаңдуу маселеде кан төгүү аркылуу мен бийликке келбей эле коет элем. Кудай мунун бетин ары кылсын.


Садыр Жапаров: Бийликте туруп акыркы 2 жылда ишенбөөчүлүк пайда болду. Эмне үчүн ага чейин ишенип жүрдүм дегеним, мисалы, мурда Акаевдин учурунда биздин республиканын бюджети 20 млрд. сом болгон болсо, 2009-жылы 60 миллиардга жетти. Мен ошол учурларда ишенип жүрдүм, “экономикабыз жылдан жылга көтөрүлүп келатат, эми жакшы жолго түшөбүз го” дедик эле, бирок, тилекке каршы, колун канга малып кетти, буга кыргыз эли жалпы күбө. Буга жеке мен жалгыз ишенген жокмун, азыркы өкмөт да, азыркы оппозициялык партиялар жана бүтүндөй кыргыз эли ишенген.

“Азаттык”:
Эдил мырза, сиз чет өлкөдөн келип Убактылуу өкмөттө иштөөгө билек түрүнүп эле жакшы кириштиңиз эле. Эмне үчүн кайра кетип калдыңыз, же ал жердеги ички кагылышуу, тирешүүлөргө чыдай албай койдуңузбу?

Эдил Байсалов:
Биринчиден, 7-апрелде биздин 86 баатыр каарманыбыз өз өмүрүн берип, ушул аянттан кетпейм, мен Максимге кул болгуча, ушул жерде өлөм деп жалпы элди кулдуктан куткарды. Ошондуктан менин жигиттик милдетим ошол жерде мамлекеттүүлүктү сактап калыш болчу. Ошондуктан эки ай бою мен ошол жерде кызматымды өтөдүм.

Бирок албетте 2005-жылдагыдай эле абдан үмүттө болуп, “коррупция жоюлат, демократия орнойт, экономикабыз өнүгөт, элибизге жаңы заман келди” деп ойлогом.

“Азаттык”: Демек 2005-жылдагы көрүнүш кайра кайталанчудай болуп калдыбы?

Эдил Байсалов: Ошондой болгондон кийин, менин да көзүм жетип, “жок, толугу менен эски партияларды, эски элиталарды, мурунку адамдардын бардыгын бийликке жолотпош керек, жаңы муунду алып келиш керек” деген ой менен мен жаңы партияны түзөйүн дедим.

“Азаттык”: Ошон үчүн СДПК партиясынын катарынан чыгып, “Айкөл эл” партиясын түздүңүзбү? Максатыңыз эмне?
Биздин республикабызда жалпысынан тажырыйбалуу, билими жогорку деңгээлдеги кадрлардан саналуу гана адамдар бар.


Эдил Байсалов: Максатыбыз келе жаткан шайлоолорго катышабыз. Биздин талапкерлердин тизмесинде бир да мурунку Жогорку Кеңештин депутаты, бир да мурунку өкмөт мүчөсү болбойт. Толугу менен жаңы муун болот. Бул жаштар гана эмес, орто жаш курактагылар, кары-картаңдар да, эжекелер, байкелерибиз да болот. Бирок мурун өлкөбүздү талкалап, тоноого катышпастан, жаңы дем менен, жаңы күч менен өлкөнү башкарабыз.

Саясат – оюнчук эмес

“Азаттык”: Садыр мырза, эмне үчүн “Ата журт” партиясынын лидерлигине келген Өмүрбек Субаналиев Оштогу ишин таштап, кайра партиянын иши менен иштейм деп келди эле, анан кийин кайра чыгып кетип калды, же төрагалыкты бербей койдуңуздарбы?

Садыр Жапаров: Биздин партияда 13 кишиден турган саясий кеңеш бар, ал жерде бизде демократия. Келем десе, таза иштеген, акылдуу кадр болсо, иштеген тажырыйбасы көп болсо биздин эшик дайыма ачык. Төрагалыкты биз ага бергенбиз, бүгүнкү күндө ал өзүнүн арызын жазып, мен чыгып кеттим деп бизге айта элек, ушундай сөз жүрүп атат.

“Азаттык”: Тил табышалбай калганыңардын негизги себеби эмне?
Өмүрбек Субаналиев


Садыр Жапаров: Негизги себебин айтыш кыйын. Ал киши менен эч кимдин эч кандай таарынычы деле болгон жок, же болбосо биз төрагалыкты бербей коебуз деген да жокпуз, Оштон келгенден кийин бир аз сөз болгон. Балким кандайдыр бир таарынычы болсо болгондур, бирок аны эч кимибизге ачык айткан жок.

“Азаттык”: Сиз кийинки жылдары коррупцияга каршы күрөшүү комиссары болуп жүрдүңүз эле. Эмне үчүн Бакиевдин ачкөздөнгөн, коррупциялашкан саясатына каршы туралган жоксуз, эмне үчүн бир да жолу баш көтөрүп айткан жоксуз?

Садыр Жапаров: Бакиевдин убагында да мен комиссар болуп иштедим. Бирок мен ишим менен көрсөттүм деп эсептейм.

“Азаттык”: Кантип? Олуттуу иштериңизди санап берсеңиз?

Садыр Жапаров: Мына 2003-жылдан баштап 2008-жылга чейин коррупциянын деңгээли боюнча дүйнө жүзү боюнча биздин мамлекет 118чи орундан 166га түшкөн.

“Азаттык”: Бул кагаз жүзүндө, ал эми иш жүзүндөчү?

Садыр Жапаров: Быйыл бир жарым жылдын ичинде 2009-жылы 162ге көтөрүлдүк, 4 мамлекетке болсо да. Мен “муну кыйратып ийдик, коррупцияны жоюп ийдик” деп айткандан алысмын. Бирок биз иш кылдык. Ошол эле мезгилде тарыхта болгон эмес, мисалы, бир милиция, же прокуратура кызматкерлери бир жарым жыл ичинде 8 сотту кетире алган эмес.

“Азаттык”: Анда 7-апрелде эмне үчүн эл коррупциялашкан бийликке каршы көтөрүлүп чыкты?
24-мартта элдин бардыгы эле айтпадыбы “бул коррупционер экен, элдин түбүнө түшүптүр” деп. Ошондо кимдики чын болуп чыкты? Биздики чын болуп чыкты.


Садыр Жапаров: Коррупция болгон жок деп айткандан алысмын, болду, Бакиевдер тарабынан өтө жогорку деңгээлде болду. Айтып аттык, мен, мисалы, 20дан ашык кат жүзүндө жибергем, эгерде ал азыр Ак үйдө сакталган болсо, көрсөңүздөр болот. Төрт катымдын негизинде 8 сот, 12 милиция, 6 прокурор жумуштан кетти. Милициянын бири жана бир прокурор камалып кетти. Мындай жыйынтыкты мен акыркы он жылда бир да мекемеден көргөн эмесмин.

“Азаттык”: Демек кат жазып, билдирип коюу менен чектелип, андан дагы элдин бүйүрүн кызыта турган маалыматтарды эмне үчүн чыгара алган жоксуз?

Садыр Жапаров: Сиз жаңылышасыз. Эгерде билген болсоңуз, “Биздин комиссар эскертет” деген берүү кеткен, айына эки жолу жарым сааттан берчүбүз. 13 берүү чыгардык, ошондо бийликтин да кемчиликтерин айтып турдук. Мисалы, эсиңизде болсо, Балыкчыда ууланган түтүкчөлөрдү Ак-Түздөн алып барып элге суу чыгарып беребиз деген жерин биз көрсөттүк. Ошондо раматылык Садыркулов мени Бакиевге жамандап, бул бийликке асылып атат деп, мен президент менен “разборкага” барган күнүм да болду.

“Азаттык”: Антип баш көтөргөн адамдардын баары кызматынан кетчү эле, сиз кызматтан кеткен жоксуз, ага эмне себеп?

Максим Бакиев
Садыр Жапаров:
Мен эгерде ичип-жеген комиссар болсом, же бирөөдөн пара алган болсом, анда мен өзүмдүн артыман корккон үчүн да аны чыгаралмак эмесмин. Менин тазалыгым үчүн кетире алган жок болуш керек деп ойлойм.

“Азаттык”: Же Максим менен жакшы ымалада белеңиз?

Садыр Жапаров: Максим менен жакшы ымалада деле эмес болчумун, болгону эки жолу гана көрүшкөм. Мен калп айтканды жаман көрөм. Парламентте депутат болуп отурганда бир, кийин комиссар болуп иштеп турганда Ак үйдөн ЦАРИИге бекиткенде бир көрүштүм.

Бакиевдин катасы, саясатчылардын чатагы

“Азаттык”: Эдил мырза, сиз “Айкөл эл” партиясы менен парламенттик шайлоого катышабыз деп жатасыз, кимге таянып жатасыз, ишенгениңиз барбы?
Эгерде биздин партияда Акаевдин, Бакиевдин адамдары топтолуп атат десе, анда бүгүнкү президент Роза Отунбаева эжебизди кимдин адамы деп айтышыбыз керек?


Эдил Байсалов: Ишенгенибиз эл, таянганыбыз калайык калк. Бул жаңы партия болгондон кийин биздин азыркы негизги максат албетте биз мүчөлөрдү тартып, өзүбүзгө активисттин базасын түзүшүбүз керек. Ошондуктан бизде мурунку коррупцияга малынбагандар болгондон кийин бизде башка бай партиялар менен таймаша турган деле каражатыбыз жок.

Бирок ар бир районду кыдырып, ар бир көчө, квартира, короого чейин кирип, дарбаза тыкылдатканга чейин өзүбүздүн активисттерибиздин деми менен, өзүбүздүн патриот жаштардын күчү менен жетебиз, барабыз, түшүндүрөбүз. Анткени акыркы 20 жылдан бери, мурун оппозиция болду беле, бийлик болду беле, көбүнүн колунан келген жок, бардыгыбыз билебиз, элдин деле көзү жетип турат. Азыр да үчүнчү бийлик, үчүнчү президенттин эртең келе турган жаңы өкмөттүн да курамына кирип, ошол эле бийликке мурун ичип-жеген, тоногон акчанын күчү менен кайра кирип бараткандарды элибиз токтотуш керек. Биз жаңы күчкө добуш берет деп элибизге ишенебиз.



“Азаттык”: Сиз “мурдагы Акаев, Бакиевдин бийлиги учурунда саясий партияга топтолуп жаткан мамлекеттик кызматкерлер ошол режимди кайтарууга далалаттанып жатат” деп айтып атасыз. Ага далилдей турган кандай аргуметтериңиз бар жана ага каршы тура аласыздарбы?

Эдил Байсалов: Элибиз көтөрүлүп, мурун 24-мартта кандай болсо 7-апрелде канча деген жаштарыбыз өмүрүн берген. Эми элди куткарды деп айтсак болбойт, анткени эл баягыдай эле. Азыркы учурда мурун Максимге, Айдарга, Берметке кызмат кылгандар куткарылды. Анткени булардын кожоюну жок. Булар эми мурун Курманбектен, Жаныштан, Максимден коркуп жүргөн кишилер куткарылып, азыр кутулуп, акчанын күчүнө таянып, акча менен элибизди алып коебуз деп жүргөн кишилерге элибиз жок деп туруп, 10-октябрда таза, жаңы муунга добуш бериш керек.

“Азаттык”: Демек сиздерди таза партия катары эл колдойт деген ишеним күчтүү?
Калың журтка таңкалыштуу болуш керек, Эдил кайдан келе калып эле Р.Отунбаеванын аппарат жетекчиси болуп калды деп. Анткени биз бардыгын билип, даярдап, шартын түзүп берген адамдарданбыз.


Эдил Байсалов: Элге, албетте, ишенебиз. Элибиз ак менен каранын айырмасын дайыма билип келген. Мына Бакиев башка коңшу мамлекеттердей эле “мен деле эмнеге диктатор болбойм, эмне үчүн биз бул жакта авторитардык режимди орното албайбыз” деген. Элитабыз “болду, ушул үй-бүлөгө кызмат кылабыз” деп турганда элибиз, жаштар көтөрүлүп чыгып, аларды өлкөдөн айдап чыкты. Ошол элге, жаштарга таянабыз, ишенебиз.

“Азаттык”: Эдил мырза, сиз 2007-жылы чет өлкөгө качып кеткенсиз. Ошол Бакиевдин режими менен алыстан туруп күрөштүм дедиңиз. Ошону биздин көрүүчүлөргө так айтып берсеңиз, кантип, кандай формада күрөштүңүз? Анан азыркы бийликтен да сизге ыдык көрсөтүү болсо качып кетпейсизби?

Эдил Байсалов: Качып кетүү бул мурун эле саясатта болуп келген. Билесиздер саясий миграция деген бар. Бирок мен өзүмдү ал кишилер менен салыштыруудан алысмын. Бирок саясий миграция бул саясий күрөштүн дагы бир ыкмасы, бир жолу. Бул качып кетти деген болбойт.

Шайлоо учурунда элди алаксытыш үчүн, шайлоону бурмалап аткан Жаныш менен Максим, менин үстүмө канча жылдан бери кылмыш ишин козгой албай жүргөн адамдар, мен сынап жаткан бюллетенди жокко чыгарышып, күнөөнүн бардыгын менин мойнума жүктөп коюшкан да, мени түрмөгө отургузуп, ошол жактан жок кылышмак. Ошондуктан, албетте, мен четте жүрүп жөн гана Кыргызстанды унутуп калган жерим жок.

Акыркы эле 3-4 айды алып көрсөк маалымат чөйрөсүндө, өзгөчө орусиялык ММКлар менен интернет аркылуу маалыматты так, убагында жеткирип турдум. Европа, АКШ, Орусия, Казакстан бийлиги менен түздөн-түз байланышты жүргүзүп аткан оппозициянын атынан мен болгом. Роза Исаковна Отунбаева менен күнүгө байланышта болуп тургам. Калың журтка таңкалыштуу болуш керек, Эдил кайдан келе калып эле Р.Отунбаеванын аппарат жетекчиси болуп калды деп. Анткени биз бардыгын билип, даярдап, шартын түзүп берген адамдарданбыз.

“Ишенген кожом сен болсоң...”

“Азаттык”: Садыр мырза, “Ата журт” партиясынын лидерлери мурдагы бийлик учурунда Бакиевдин саясатына ыраазы болуп эле абдан жакшы, мактаган сөздөрдү айтып жүрүштү эле. Эми азыркы учурда Бакиевдин бийлигине кандайдыр бир нааразы болгон маалыматтарды таратып жатасыздар. Эмне үчүн? Же мурда Бакиевдин коррупциялашкан, ачкөз саясатын байкаган жок белеңиздер?

Курманбек Бакиев
Садыр Жапаров:
Мен жана да айтып кеттим, экономиканын көтөрүлгөнүн өзүңүздөр билесиздер, ошондуктан буга бүтүндөй Кыргызстандын саясий элитасы, эли ишенген. Ишеничин актабай канга боеп кеткен адамды ким жакшы көрөт. Анысы аз келгенсип качып да кетти. Акаев качып кеткен убакта Бакиев айткан “мен эч убакта качып кетпейм, атышып болсо да, же элимдин алдында өлөм” деген. Сөзүнө турган жок. Бул кыргыз элин уят кылып кетти, саясий элитанын саясатчыларынын бетине көө жаап кетти десем болот.

“Азаттык”: Демек ошон үчүн нааразы болуп атасыңарбы?
2005-жылы элдин бардыгы Бакиевге ишенген. Ошол эле азыркы жаңы өкмөт да. Роза Отунбаева, Текебаев, Атамбаев, бардыгыбыз биригип ишенгенбиз.


Садыр Жапаров: Нааразычылык көп, жеке эле андан эмес. Эдил мырза “мени түрмөгө камап, өлтүрүп кое жаздаганда чыгып кеттим” деп айтып атпайбы. “Эр жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлсүн” деген сөз бар. Эгерде качпай ушул жерде өлүп берсе, ошондо балким бүтүндөй Бакиевдердин үй-бүлөсүн кыргыз эли кечирет беле сөзүнө турду деп. Ошол сыңарындай кыргызда дагы бир жакшы сөз бар “душмандын сыртында болгуча ичинде бол” дейт. Мисалы, мен азыр оппозиция болуп, эгерде мени бирөө кыйнап, же түрмөгө камап өлтүрөбүз десе мен эч жакка качып кетпейм. Душман менен дайыма ичинде күрөшкөнгө аракет кылам.

Эдил Байсалов: Бул сөзгө мен дагы кошумча айтып коеюнчу. Кайсы киши болбосун, Бакиевге да мен өлүм каалабайм. Экинчиден, Бакиевдер мен аркылуу оппозицияга каршы СДПКга болобу, укук коргоочуларга болобу соодалашмак, “муну кое беребиз, чыгарабыз, чыгарбайбыз” демек. Мага да ушундай сунуш болгон, “Эдил, сен түрмөгө отурасың, болбосо сен бизди мактайсың, мактабасаң да жактайсың” деген. Мен ошол жерден камалгыча чыгып кетүүнү туура көрдүм. Сыртта жүрүп бул режим менен күрөштүм жана 7-апрелди алып келүүгө да салымым бар.

“Азаттык”: Биздин көрөрмандардын бири, “Ак шумкар кут” жаштар кыймылынын мүчөсү Мавлян Аскарбеков сизге суроо берди эле.

Мавлян Аскарбеков: 20 жылдан бери биз билебиз эски эле кадрлардын картасы, колодасы кайра-кайра эле алмашып келе жатат. 7-апрелде биздин көптөгөн жаш жигиттер, андан кийин Ошто канча миңдеген кыргыздар каза болду. Ушунун баарын көрүп-билип туруп мамлекетти ушул деңгээлге жеткирген биздин эски чиновниктер, “Ата журт” партиясын да билебиз, көптөгөн эски чиновниктердин лидерлери бар, кайра эле бийликке келип талашуу аракетин кылганга моралдык укугу барбы?

Садыр Жапаров: Мен да сиз менен макулмун, жаңы кадрларды алып келип иштетсе болот эле. Бирок биздин республикабызда жалпысынан тажырыйбалуу, билими жогорку деңгээлдеги кадрлардан саналуу гана адамдар бар. Эмне үчүн Роза Отунбаева эжебиз Акаевдин да, Бакиевдин да кадрларын коюп ишти тартып кетсе экен деп атат. Бул кадрдын жетишпестигинен. Мына, Жаштар министрлиги деп ачты. Бул бүгүнкү күндө иштеп кете турган министр эмес. Ачып коюп, бирок азыркыга чейин печаты жок. Роза эжебиз айтпадыбы, коюп коелу десек тажырыйбасы жок, чет мамлекеттер менен байланыш керек, ишти алып кетиш керек деп. Бул оюнчук оокат эмес.

Таза коом кыял бойдон калабы?

“Азаттык”: Демек “Ата журт” партиясынын мүчөлөрүн азыркы бийликке келип мурункудай болбой таза, коррупциялашпай иштеп бергиле десе даярсыздарбы?

Садыр Жапаров: Эмне үчүн даяр эмеспиз? Даярбыз. Саясий кеңешке жалаң таза адамдарды киргизип, таза эмес адамдардын тизгинин тартып туралы деп атабыз. Эгерде тажырыйбасы күчтүү болсо, бийлик адамды бузат, бийликке барып бузулуп баратса, тизгиндеп туралы деп атайын таза адамдардан тургандарды түзүп атабыз.

“Азаттык”: Сизде мурда бийликте жүргөн пара алыш, өң-тааныштык менен кызматка орноштуруу, өзү да өң-тааныштык менен кызматка барууга көнүп калган мамлекеттик кызматкерлер таптаза иштеп бере алат деген ишеним барбы?

Садыр Жапаров: Аны биз тизгиндесек таптаза иштеп бере алат. Эгерде ошондой адамдар бар болсо биздин арабызда.

“Азаттык”: Сиз өзүңүз кандайсыз?

Садыр Жапаров: Кыргыз эли бизди көрүп отурат болуш керек, эгерде Кыргызстан боюнча “С.Жапаров менден ушунча пара алган, же болбосо коррупцияга аралашкан” десе, мен эртең “Ата журт” партиясынын төрагалыгынан жана саясаттан кетип калууга даярмын.

“Азаттык”: Эдил мырза, сиздин ишмердигиңиз боюнча Айбек Бусурманкулов деген жигит суроо узатты эле.
Элитабыз “болду, ушул үй-бүлөгө кызмат кылабыз” деп турганда элибиз, жаштар көтөрүлүп чыгып, аларды өлкөдөн айдап чыкты. Ошол элге, жаштарга таянабыз, ишенебиз.


Айбек Бусурманкулов: Сиз көп жылдан бери Батыш каржылаган демократияны коргоо уюмун жетектеп жүрдүңүз. Сиз жетектеп жүргөн, Батыштан каржылаганган бейөкмөт уюмдардын баары коомду бөлүп-жарууга алып келбейби? Батыштын баалуулуктары кыргыздын баалуулуктарына туура келеби деген суроону бергим келип турат.

“Азаттык”: Кошумчалап койчу дагы бир суроом бар, сиз “Азаттыкка” берген маегиңизде, азыр Орусияда дагы бир аскерий базаны түзүү зарылдыгы бар деп айттыңыз. Окурмандарыбыз “мурда АКШны карап жүргөн Э.Байсалов эмне үчүн Орусияны карап калды, же Орусиядан парламенттик шайлоодо колдоо тапканы жатабы” деп кызыгып жатышат.



Эдил Байсалов: Биздин бардыгыбызды ушундай стереотип кылып койгон, “Эдил Байсалов Батышка кызмат кылат” деп А.Акаев менен К.Бакиевдин “кара жашиги” жана өкмөттүк гезиттер ушунчалык каралап чыккан. “Булар Батышка кызмат кылат, каражат алышат, ЦРУ, бизди сындап атат” дешет. Эми азыр эмне болду? Убагында эч ким айта албаган, сындай албаган сөздөрдү биз Аскар Акаевге айтканбыз.

Учурунда, 24-мартта элдин бардыгы эле айтпадыбы “бул коррупционер экен, элдин түбүнө түшүптүр” деп. Ошондо кимдики чын болуп чыкты? Биздики чын болуп чыкты. К.Бакиевге да “сиз коррупцияга малынып баратасыз, уулуңуз Максим Айдардан да жүз эсе болуп кетти” деп биз биринчи болуп айтканбыз. Ошондо да бизди чыккынчы катары көрсөткөнгө аракеттенген, чоң күч пайдаланган. Бирок азыр ким чыккынчы болуп чыкты кыргызга? Кыргыздын түбүнө түшкөн Акаев менен Бакиевби, же Байсаловбу? Ошондуктан биз дайыма кыргыздын улуттук кызыкчылыгын жактап келгенбиз.

Элибиз өнүксө, бул жерибизде Айдар менен эле Максим майрамдап, жыргабастан жалпы карапайым журт мүмкүнчүлүк алсак, өнүксөк, биз да кандайдыр бир мамлекеттик башкарууга катышсак деген идеяны, мүдөөнү орнотконго мен күчүмдү жумшап келатам. Бул Батыш эмес, бул кыргыздын руху, духу, улуттук кызыкчылыгы.

Жардамбы, же упай топтоо амалыбы?

“Азаттык”: Садыр мырза, “Ата журт” партиясы түштүктөгү кандуу окуяларды өзүнө упай топтоо үчүн пайдаланып койду деген көз караштар эл арасында көп болуп жатат. Андан тышкары шайлоо расмий түрдө жарыялана электе эле үгүт иштерин баштап жиберип, көчөлөрдүн бардыгына билборддорду коюп, видео роликтерди да көрсөтүп жатат деп айтып жатышат. Анан дагы билборддордо адамдын сезимине тие турган сөздөр менен ойноп жатышат деген сөздөр болуп жатат. Мындай сындар жөндүүбү?

Ош. Ширин Айтматованын сүрөтү
Садыр Жапаров:
Биринчиден, түштүктөгү коогалаңдуу маселеде кан төгүү аркылуу мен бийликке келбей эле коет элем. Кудай мунун бетин ары кылсын. Бул кудайдын берген кырсыгы деп эсептейм. Сиз упай топтоо деп айтып атканыңызды мен андай деп эсептебейм. Себеби түштүктө коогалаң башталгандан эки күндөн кийин Ташиев экөбүз барып басканга аракет кылып, 2-3 күн ошол жерде жүрдүк. Ташиев бүгүн да ошол жерде жүрөт. Өзбек туугандар да, кыргыз туугандар да Ташиевге ыраазычылыгын билдирип айтып атышат, Жалал-Абадга Ташиев келбегенде мындан да көп кыргын болмок, ушул токтотуп калды деген сөздөр бар.

“Азаттык”: Кантип токтотту?

Садыр Жапаров: Сузакка кыргыздар баратканда, Сузактан өзбектер бери чыкканда эки ортодо туруп алып, “мени атып, менин өлүгүмдү тебелеп өтсөңөр мен макулмун, болбосо ары жакка барбагыла” деген. Ошондо “Ташиевди угалы, болду” деп кыргыздар тарап кеткен. Бүгүнкү күнү өзбектер да, кыргыз туугандар да ыразычылыгын айтып атат.

“Азаттык”: “Ата журт” партиясы башка партиялар менен биригеби? Себеби блок түзүп шайлоого барууга Шайлоо кодекси жол бербейт да.

Садыр Жапаров: Мындай сунуштар түшүп атат ар кайсы партиялардан. Бирок бизде саясий кеңеш деп айтпадымбы, бизде демократиялуу өтөт, эгерде көпчүлүк добуш берип биригебиз десе, анда биригебиз. Эгерде көпчүлүк добушка ээ болбой калса анда биз жылма гана каршы болобуз.

“Азаттык”: Эдил мырза, чоң саясатка аралашканы жатасыз, албетте ал үчүн көп акча керек. Ушул суроо көрөрамандарды да кызыктырып жатат. Мавлян Аскарбеков сизге ушул боюнча суроо берди эле.

Мавлян Аскарбеков: Азыркы шайлоого баруу үчүн ар бир партия жок дегенде эле 2-3 млн. доллар акча каражатты талап кылат дейт. Сиз ал акчаны кайдан алып жатасыз жана ошону берип жаткан киши, же уюмдардын кызыкчылыгы эмнеде жана анын арты кандай болот?
Кыргыздын түбүнө түшкөн Акаев менен Бакиевби, же Байсаловбу? Ошондуктан биз дайыма кыргыздын улуттук кызыкчылыгын жактап келгенбиз.


Эдил Байсалов: 2-3 млн. доллардын кереги жок. Ошол акчага таяна турган мурунку коррупционерлер, мурун добушту сатып алып Кыргызстанды талкалаган адамдар ошол акчага таянсын. Биз болсо элге таянабыз. Кыргыздын азыркы учурда чыгаан бизнесмендери бар, өзүбүздүн катарыбызда да жетишкен адамдарыбыз бар, өз күчүбүз менен, өз чөнтөгүбүздөн элибиз үчүн кызмат кылганга даярбыз.

“Азаттык”: Ал эми “Ата журт” партиясынын шайлоо кору канча? Сиздерди акчалуу партия деп айтат, ал акчанын булагы кайдан келген?

Садыр Жапаров: Биз мызамды сыйлаган партиябыз. Негизи мыйзам боюнча 50 миллиондон ашпаш керек деп турат. Бирок биз бүгүнкү күндө фонд да түзө элекпиз, акча да топтой элекпиз. Муну шайлоо жарыяланган күндөн баштап банктан эсеп ачып анан топтой баштайбыз.

“Азаттык”: Эмне үчүн “Ата журт” партиясы шайлоочулардын добушун сатып алууга даяр деген каңшаар кеп жүрүп жатат?

Садыр Жапаров: Мындан 10 жыл мурда шайлоочуларды сатып алса болот эле, азыр шайлоочуларды эч ким сатып алалбайт. Шайлоочулар акчасын алат да өзүнүн жүрөгүндөгү партияга берип кое берет. Муну азыр жеке эле саясатчылар эмес, айылдагы карапайым калктан өйдө баары билет. Бул бизге каршы уюштурулган кара пиар деп эсептейм.

Программа – партиянын пайдубалы

“Азаттык”: Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов азыр бүлгүнгө учураган Ош жана Жалал-Абад шаарларын кайра калыбына келтирүү үчүн саясий партиялардын каражатын колдонуу керек деп билдирди. Эгерде сиздер шайлоодон ийгиликке жетпей калсаңыздар ошондой пландарды ишке ашырууга даярсыздарбы? Маселен “Ак шумкар” партиясынын 20 чакан шаарларда өнүктүрүү программасы бар экен. Сиздерде ошондой программалар барбы?
Мелис Мырзакматов


Садыр Жапаров: Бизде программалар бар. Программаны жазып коюп эле убада берип коюш оңой, бирок аны аткарыш кыйын. Аткара билген нерсени жазыш керек. Себеби 5 жыл көз ачып жумганча өтөт. Беш жыл келгенден кийин элден сурак болот. Ошол долбоорду аткара билиш керек. Ошондо анан долбоор деп элге сунуштап көрсөтүш керек. Биз колубуздан келе турган, аткарала турган нерсени программабызга да, платформабызга да жазып даярдап атабыз. Жакында элге сунуштайбыз.

“Азаттык”: Азыр сөзсүз түрдө саясий партиялардын саны Кыргызстанда 150гө жакындап бараткандан кийин саясий партиялардын базары боло турган болуп жатат. Кандай деп ойлойсуздар, саясий партиялардын биригиши мүмкүнбү, саясий партия лидерлеринин ортосунда катуу күрөшкө айланып кетпейби? 2006-жылы түзүлгөн “Содружество” деген партия 2007-жылы “Ак жолго” кирип, өзүн-өзү жойду деп кулактандырган эле. Бирок азыр кайра калыбына келтирип, парламенттик шайлоого катышканы жатыптыр. Ушуга байланыштуу биздин көрөрманыбыз Орозбай Саматов суроо берди.

Орозбай Саматов: “Содружество” партиясы Орусиянын жеке кызыкчылыгын көздөгөн партия экени элге маалым. Эгер ушул партия сиздерге кайрылса, сиздер өз катарыңыздарга алат белеңиздер? Алсаңыздар бул партия жеке Орусиянын тымызын саясатын жүргүзсө сиздер аны колдойсуздарбы?

Эдил Байсалов: Сөздүн ачыгын айтышыбыз керек, “Содружество” патиясы гана эле эмес, дагы бир канча партиялар жумасына бир жолу Москвага каттап калышты, дагы бир канчалары Алматыда жана башка жерлерде жүрөт. Ошолор башка өкмөткө, башка мамлекетке кызмат кылабы, же өзүбүздүн элибизге кызмат кылабы деген чоң суроо. Чет өлкөнүн акчасын көздөп жүргөнү баарыбызга маалым. Бул опурталдуу, коркунучтуу, биздин мамлекетүүлүгүбүзгө шек келтирет.

“Азаттык”: Кайсы партиялар экенин так айта аласызбы?

Эдил Байсалов: Айта алам, “Ар намыс” партиясынын жетекчилиги Москвада маалымат жыйынын уюштуруп жүрөт. Эмне үчүн кыргыз элин кыдырбайт, эмне үчүн орус элине калкалайт? Башка дагы бир партия жакында Алматыга барып келди. Алар да Казакстан элине кайрылат. Эмне үчүн Кыргызстан элинин колдоосун күтпөйт?

Садыр Жапаров: “Содружество” партиясын 2007-жылы “Ак жол” менен биригип кеткен деп шайлоого барбасын деген чек койсок анда алардын укугун тебелеген болуп калабыз.

Экинчиден, кандайдыр бир партиянын лидерлери патриот болуп, “мен Кыргызстанды оңдойм, бүтүндүгүн сактап калам” деп бир партияга бириксе буга таң калбаш керек, тескерисинче, сүйүнүшүбүз керек. Бардык партия биригип эле, бир эле партия келип Кыргызстанды көтөрүп, келечегин кең кылып, чыгып кетип аткан кадрларыбыздын баарын сактап калып, чет мамлекетте жүргөн адамдарбыздын баарын Кыргызстанга алып келип топтоп, жакшынакай мамлекет курса эмне үчүн ага каршы чыгышыбыз керек?

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG