Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:04

А.Ибраимов: Жетекчи кызматтагылардан да мамлекеттик тилди билүүсү талап кылынат


Азыркы мезгилде мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө даярдык көрүлүүдө. Бул маселененин тегерегиндеги “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасынын орунбасары Азимжан Ибраимов жооп берди.

- Азыркы мезгилде мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн максаты жана мазмуну эмнеде?

- Бүгүнкү күндө мамлекеттик тил жөнүндөгү биздин мыйзамыбыз чала мыйзам болуп атат. Анткени буга учурунда саясий коньектура аралашып кеткен. 2004-жылы биз өзгөртүү, толуктоолорду киргизгенде мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамга биздин ошол кездеги парламентибиз, өкмөтүбүз аябай чабалдык кылып, ушундай позицияда туруп калышкан. Ошонун артынан мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамыбыз тилдер жөнүндө мыйзамга айланып калган маңызы боюнча. Бүгүнкү күндө мыйзамыбыз “же” деген байламтанын артынан, мамлекеттик тилде иш жүргүзсө болот, болбосо же расмий тилде иш жүргүзсө болот деген нерседен кайталбай атабыз. Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын иштешин, аткарылышын талап кылсак, мыйзамда жазылып турат мамлекеттик тилде, же расмий тилде иш жүргүзсө болот деп. Биз расмий тилди тандап алдык деп коет, болду ошону менен иш токтотду.

- Бизде мыйзамда жогорку деңгээлдеги мамлекеттик жыйындарды мамлекеттик тилде өткөрүү талабы да коюлабы ушул жаңы өзгөртүүлөрдө?

- Биз ошондой мүчүлүштүктөргө карабастан бүгүнкү күндө талап кылып келатабыз, жогорку бийликке да, мамлекеттик кызматкерлерден да талап кылабыз, баардык жерде ушул маселени коюп келатабыз, Кыргыз Республикасы унитардык мамлекет, өзүбүздүн Улуттук символикаларыбыз бар. Герб, гимн, туу жана мамлекеттик тилибиз. Мына ошондуктан Кыргызстандын мамлекеттик тили кыргыз тили деп, иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн дагы, кызматкерлердин мамлекеттик тилде иш жүргүзүшүн да талап кылып атабыз.

Биз мамлекеттик тил мыйзамына өзгөртүү, толуктоолорду киргизгенде дагы мен өзүм даярдап бергем Жогорку Кеңешке, бүгүнкү күндө каралганы турат. Бир беренеде президенттин мамлекеттик тилди билүүсүн, Жогорку Соттун, Жогорку Кеңештин төрагалары, Конституциялык Соттун төрагасы баары тең мамлекеттик тилди билүүсүн талап кылганбыз да буга чейин. Эми министрлердин, мамлекеттик жетекчилердин баарысы мамлекеттик тилди билүүсүн талап кылган толуктоо бердик.

- Мамлекеттик тилдин тегиз колдонулушуна көз сала турган орган катары мамлекеттик тил комиссиясынын ыйгарым укуктары да күчөтүлдүбү?

- Бүгүнкү күндө мамлекеттик тил комиссиясынын ыйгарым укуктары жетишсиз чындыгында. Биз эч кандай администрациялык чара көрүүдөн ары көздөй кеталбайбыз. Ошол мыйзамда дагы ыйгарым укуктуу органдын болушун, мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышын, ыйгарым укуктуу органга тапшыруу жөнүндөгү пункту биздин депутаттарыбыз ыраа көргөн эмес. Анткени бүгүнкү күндө мыйзам боюнча өкмөткө тапшырылган. Ал эми биздин өкмөтүбүздө андай эч кандай түзүм жок. Компьютердик техникаларды, дегеле иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүн ишке ашыруучу - өкмөт болуп саналат. Ал эми өкмөтүбүздө андай түзүм, эч кандай компетенттүү орган жок болсо кантип ишке ашырат. Мына ошонун баарысы тең бүгүнкү күндө чала бойдон калып жатат. Мамлекеттик тил комиссиясы баардык жерде өзүнүн ыйгарым укугуна жараша талаптарды коюп атат. Бирок бул жетишсиз. Анткени анын баары мыйзамда көрсөтүлүш керек. Анан ыйгарым укуктуу органдын, башкача айтканда мамлекеттик тил комиссиясынын функциялары, укуктары аныкталыш керек.

- Маегиңизге рахмат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG