Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:12

Учурда конституциялык күчкө ээ жаңы мыйзамдардын долбоорлору сунушталууда. Ага ылайык, жарандардын паспортунда улуту көрсөтүлбөстөн “кыргызстандык” деп жазылууга тийиш.

Буга улай этностук азчылыктардын укугу чектелип, автономия суроого акысы жок. Ошол эле учурда тупкү улуттардын өкүлдөрүнө айрым артыкчылыктар ыроолонуусу абзел. Бул туурасында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, президенттин саясий кеңешчиси Топчубек Тургуналиев улуттук идеология маселесине арналган Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анткен менен бир катар укук коргоочулар мындай мыйзамдар жарандардын укугун чектейт деген пикирде.

Маалымат жыйынында Топчубек Тургуналиев өлкөдө мамлекеттик идеология жоктугун баса белгилеп, Убактылуу өкмөткө жана президентке бир катар конституциялык күчкө ээ мыйзамдардын жаңы долбоорлорун сунуштап жаткандыгын билдирди. Анын оюнча, өлкө жарандарынын паспортунда улуту көрсөтүлбөстөн “кыргызстандык” деп жазылууга тийиш. Мындай жагдай мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калууда жана этностор аралык ынтымакты арттырууда чоң роль ойномокчу.

- Бара-бара улуттардын бардыгы биригип, кыргыздар, орустар, өзбектер жана башка этностор жуурулушуп бир элге айланышыбыз кажет. Мына ушинтип кандуу окуяларга кириптер кылган себептерден арылганыбыз жөндүү.

Президенттин саясий маселелер боюнча кеңешчиси Топчубек Тургуналиев
Тургуналиев ушуга улай даярдалып жаткан “Улуттук азчылыктар жөнүндө” мыйзам долбооруна ылайык аз этностордун укугу чектелиши зарыл деп эсептейт:

- Бизде көп улут жашайт дешет. Кыргызстанда бир гана улут бар. Ал - кыргыздар. Ал эми калгандары ага жармакташкан улуттук топтор. Өлкөдө мындан ары алардын бири да автономия маселесин козгобойт. Көтөргөн күндө да андайга жол берилбейт. Анткени биз федеративдүү эмес, унитардык мамлекетпиз.

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, президенттин саясий кеңешчиси Тургуналиевдин айтымында, ошол эле учурда атайын мыйзамдын негизинде түпкү улуттардын өкүлдөрүнө айрым артыкчылыктар ыйгарылышы абзел:

- Менин жеке пикиримде президент, министр, спикер, баш прокурор, ички иштер министри жана улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси кыргыз улутунан болууга тийиш.

“Баш ал десе бөрк алып...”

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдрасулова жарандыкты аныктаган башкы документте улуту көрсөтүлбөй жазылышын кубаттайт:

- “Кыргызстандык” дебестен, “Кыргызстан жараны” деп жазылууга тийиш. Биз мындай тартипке убактылуу болсо да өткөнүбүз оң. Андан кийин гана биз башка улуттарды кучагыбызга тартып, тилибизди жана дилибизди сиңирип, ошентип уучубузду узартканыбыз туура.

Укук коргоочу ошол эле мезгилде “Улуттук азчылыктар жөнүндө” мыйзам долбоору кокусунан Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн арасында колдоо тапса, аз этностордун тыңчыкмаларынын укугун абдан чектейт деп тынчсызданып жаткандыгын кошумчалады:

- Эгерде ушундай мыйзам кабыл алынып калса, анда Кыргызстан эл аралык алкакта дагы уят болобуз. Мында жөн эле укукту гана чектебестен, мамлекетибизге зыян да кылышыбыз толук ыктымал. Маселен, кыргыздан башка улуттардын мүмкүнчүлүгү кеңири жана деңгээли жогору өкүлдөрү жооптуу кызматтарга жолотулбайт.

Таптырбаган идеология

Ал эми мурдагы мамлекеттик катчы, “Болочоктун хартиясы” улуттук программасынын автору Осмонакун Ибраимов президенттин кеңешчиси Топчубек Тургуналиевди кур чечен катары сыпаттап, Убактылуу өкмөттүн, анын ичинде Тургуналиевдин мыйзам жазып сунуштоого акысы жоктугун ачыктады:

- Идеология деген ырааттуу иштелген улуттук асылдыктардын жана дөөлөттөрдүн системасы болуп саналат. Тургуналиев ушул идеологиянын балээсин түшүнөбү? Ал дале баягыл коммунисттик доордун бардык улуттарды топтоп “Совет эли” дегендей бирдемесин дөөрүп атат. Биз мына улуу “Манас” эпосун ошол идеологиянын базиси катары карап, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын, байыркы Ош шаарынын 3000 жылдыгын, андан тышкары тоо жылы деген иш-чараларды өткөрбөдүкпү. Булар эмне улуттук идеология эмес бекен? Же ошол Тургуналиевчесинен коммунисттерге окшоп “Оң жакка бас! Солго жүрбө!” деп ар бир жаранга Кодекс жазып береликпи?

Осмонакун Ибраимов сөз арасында азыркы бийлик ашкере саясатташып кеткендигин, андан көрө элдин камын жеп, социалдык-экономикалык багыттарга көңүл буруусу зарылдыгын белгиледи.

Буга чейин өлкөдө “Манас” эпосу, андан кийин “Биригүү аркылуу - өнүгүү” идеясы мамлекеттик идеология катары таңууланып, бирок бири да эл арасында кеңири колдоо тапкан эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG