Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:44

Эгемендиктин 19 жылдыгы белгиленүүдө


Эгемендик салтанаты 7-апрелде курман болгондорду эскерүү менен башталды.
Эгемендик салтанаты 7-апрелде курман болгондорду эскерүү менен башталды.

Кыргызстандын эгемендик күнүнө арналган салтанат быйыл жылдагыдай "Ала-Тоо" аянтында эмес, өкмөт үйүнүн алдында өттү. Салтанат 7-апрелдеги ыңкылапта окко учкандарды эскерүү менен башталды. Президент Роза Отунбаева өлкө учурда оңой эмес кырдаалда экенин, алдыда чоң саясий өнөктүктөр турганын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 19 жылдыгына арналган расмий салтанат президент Роза Отунбаева баш болгон мамлекеттик кызматкер, коомдук ишмерлердин катышуусунда өттү. Салтанатка шаар тургундары, аймактардан келгендер жана чет элдик коноктор күбө болушту. Расмий иш-чара учурунда коопсуздук сактоо үчүн шаардагы дээрлик бардык ички иштер кызматкерлери тартылды.

Расмий салтанат президент Роза Отунбаева жана өкмөт мүчөлөрүнүн 7-апрелде курман болгондордун урматына тургузулган эстеликке гүлчамбар коюу менен башталды. Андан соң өкмөт үйүнүн алдындагы тосмого коюлган, апрель окуяларында курман болгондордун тизмеси жазылган мемориалдык тактанын ачылышы болду. Маркумдарга арналып куран окулду.

Салтанатта сөз сүйлөгөн президент Роза Отунбаева, кыргызстандыктарды майрам менен куттуктап, өлкөнүн учурдагы абалына мындайча токтолду:

- Эң оболу бүткүл кыргызстандыктарды эгемендиктин 19 жылдык мааракеси менен куттуктайм. Элибизге ынтымак, биримдик жана тынчтык каалайм. Мекенибиздин кубанычтуу эркиндигинин он тогузунчу көз ирмемин ары татаал, ары эн маанилүү, өлкөбүздүн мындан аркы тагдыры чечээр мезгилинде жашап жатабыз. Эгемендүүлүк салтанатын жалпы мусулмандардын ыйык айы болгон Разаман айында өткөрүп жатабыз.

Роза Отунбаева өз сөзүндө Кыргызстан учурда оңой эмес кырдаалда турганын, алдыда чоң саясий өнөктүктөр бар экенин белгиледи.

Эгемендик күнгө карата уюштурулган расмий салтанат Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун сөзү менен аяктады.

Маданий жана спорттук иш-чаралар болсо Бишкектеги эски аянтта уланууда.


Эгемендик күнү: Бишкектеги салтанат
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:42 0:00

XS
SM
MD
LG