Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:20

Т. Исмаилова: Петровка жаңжалы - бийликтин жана мыйзамдын өксүгү


Петровкадагы окуялар

Петровкадагы окуялар

Петровкада чыккан улут аралык жаңжал боюнча бир топ комиссиялар түзүлүп иштеп жатканын билдиргенбиз. “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук борборунун башчысы Төлөйкан Исмаиловага “Азаттыкка” укук коргоочулар түзгөн комиссия чыгарган тыянакты айтып берди.

- Укук коргоочулар кандай тыянак чыгарышты, кандай себептерди аныкташты Петровка жаңжалы боюнча?

- Эң негизгиси, Кыргызстанда мыйзам жана бийлик институттары кээ бир жерлерде такыр иштебей калган. Кээ бир жерлерде начар иштегендиктен социалдык маселелер көбөйүп, жумуш жоктугунан көп адамдар баңгилик, кылмыш ишине ж.б. жаман иштерге барып жатканы бизге гана эмес, бийликке дагы белгилүү.

Жалпы айтканда Кыргызстанда коом айыл жергесинде аябай маргинализация болуп кеткен. Анткени келечекте жакшы үмүт менен Кыргызстанда туруктуу иш таба алам деген адамдар аябай аз.

Экинчиден, жергиликтүү бийлик Искрада жана Петровкада конституциянын форматында, же мыйзам форматында эч бир иштей алган жок. Бул баягы эле аксакалдарга кайрылуу болду.

Экинчиден, күнүмдүк адамдардын тагдырын жакшы изилдебей, Сталин режимине кирип кетишти. Коркутуп-үркүтүп 50 үй-бүлөнү Кыргызстандан көчүп кеткиле деп мырза Сыйданов баштаган.

Мен ойлойм бул аябай чоң сигнал бийликке. Анткени мыйзам иштебегендиктен, майда улуттар менен алакалар жөнгө салынган эмес. Эч бир ишенич жок болуп атат.

- 26-апрелдеги окуяны ар кандай божомолдоп жатышат. Мисалы, кээ бирөөлөр атайын уюштурулган, кимдир бирөөлөр кызыкдар болушу мүмкүн деп айтып жатышат. Булар кимдер болушу мүмкүн - оппозициябы, бийликпи, же башка күчтөр барбы?

- Бул түшүнүктүү да. Эгер мыйзам иштебесе, жергиликтүү бийлик жакшы иштей албаса, ошол эле укук коргоо институттары, милиция кылмышкерлер менен чогуу иштеп атса, кандай турмуш болот.

Экинчиден, революция келгенден бери, Искра ж.б. көп жерлерде, мисалы Бишкектин тегерегинде маршруттарга отуруп алып, атайын, билбейм кайы күчтөр экенин, бирок негизи күрт улутундагы ассоциациянын жетекчиси айтпадыбы, жергиликтүү адамдар тезелерге таш ыргытып, же коркутуп-үркүткөнгө катышкан жок, бул атайын маршруткалар менен келген адамдар болду деп.

Мырза Бакиев айткандан кийин жергиликтүү бийлик иштеп, аларды табыш керек да. Анан жөн эле башка улут экен деп эле, Сталиндей коркутуп-үркүтсө бул аябай чоң конфликтке алып келет. Бүгүнкү күндө милиция, прокуратура мыйзамдын деңгээлинде баарын чечиш керек.

- Жакында Өзбекстандын түрмөсүндө кыйноодон кыргыз жараны мерт болуп калгандыгы кабарланбадыбы, бул тууралуу сиздин маалыматыңыз бар. Азыр Кыргызстандык укук коргоочулар ушул өңүттө кандайдыр бир иликтөөлөрдү, байкоолорду жүргүзүп атабы?

- Бул аябай жакшы суроо. Анткени жабык институттар, түрмөлөр бул чоң проблема. Өзбекстанда мамлекет деңгээлинде мурунку совет мезгилиндегидей маалымат берилбейт. Каримов бул улуттук сыр деп айткан. Ошон үчүн түрмөдө гана эмес, Өзбекстан өзү чоң түрмө.

Экинчи жагынан, Кыргызстанда да ошондой пайда болду. Мисалы, турмөдө өмүр бою отургандардын акыбалын сураганыбызда, ГУИНдин башчысыл айтат - бул улуттук сыр, айталбайбыз деп. Ошон үчүн бул чоң таш болуп калып атат.

Ар бир адамдын өмүрү бул ыйык, аны Кудай берген, өкмөт берген эмес. Ошон үчүн туугандарына, журналисттерге, укук коргоочуларга бул маалымат аябай ачык болуш керек.

Бул эл аралык талапта да ошондой. Конституциянын ченеминде бул чечилбей атат. Биз билип калдык Өзбекстан түрмөсүндө кыргыз жараны өлгөнүн. Билбегенибиз канча.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG