Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:47

“Намыс” уюмунун лидери, укук коргоочу Уран Рыскулов Петровка айылындагы болгон окуяга күнөөлүү деп айыпталып үч күн камакта отуруп чыкты. Милиция аны негизсиз камаганы аз келгенсип, күнөөсүн териштирбей туруп, “ууру мышыктай” кылып, тымызын чыгарып жиберген. Уран Рыскулов “Азаттык” менен байланышып, ал жактагы соңку кырдаалды баяндап берди.

- Бүгүнкү күнү Петровка айылындагы абал кандай?

- Азыр Петровкадагы абал кичине жеңилдеп келип атат, бирок элдин талабы ошол бойдон эле калып атат, эл улам-уламдан күчөп жатат. Азыр биз угуп атабыз, Кара-Балтада Ново-Николаевка деген айыл бар, ал жерде түрктөр жашайт. Аларга дагы жергиликтүү элдин ачуулары келип, бийликтин бул жактагы элге болгон мамилесине, милициянын кызматкерлеринин болгон мамилесине жиндери келип, тигилерди дагы көчүрөбүз дегендей маалымат келип атат.

- Петровкадагы эле күрттөрдүн 110 үй-бүлөсү бүт ошол айылдан көчүп кетсин деген талапты коюп, 10-майга чейин мөөнөт берди окшойт?

- Ооба.

- Эгер алар ошол убакта көчүп кетпесе кандай чараларды көрөсүздөр?

- Мен мындай-тигиндей чара деп толук айта албайм, ал жергиликтүү элдин талабы. Мен укук коргоочу катары андай талап коюуга эч кандай укугум жок. Менин талабым - ал жерде бей күнөө азыр камалып жаткан Аргынбаев Сапар, Бөлөкбаев Эркиндин эч кандай тиешеси жок ал жерге, алар жалган жалаа менен отурат, биринчиден болуп ошолорду бошотуш керек.

- Сиз өзүңүз дагы Петровкадагы дүрбөлөңдү уюштургандардын бири деген айып менен камакка алынып, үч күн камакта отуруп чыктыңыз. Айтсаңыз, ошол сизди кармап кеткен учурда, андан кийин милиция тарабынан кандайдыр бир күч колдонуулар, же бир мыйзамсыз аракеттер болгон жокпу?

- Мага карата күч колдонуу болгон жок. Милиция кызматкерлери Бишкектеги убактылуу кармоо жайына алып барышты, бизден 87 кишини алып барды эки автобус менен.

Эң таң калыштуусу чатакта кыргыз, орус улутундагы элдер биригип, күрт улутундагы элге каршы чыгып атпайбы. Күрт улутундагы элдер мылтык менен атып жүрөт, колдорунда бычагы бар. Анан эмнегедир кыргыз, орустарды камап, күрттар камалбай атпайбы. Эмне үчүн бул бир тараптуу?

Эмне үчүн күрттардын таламын талашат? Эмне үчүн 6-апрелде болгон окуяда 20 күн күрттар камалбайт дагы, анан кыргыздар келип чыркырап чындыкты айтса, кайра эле күрттарды камабайт деп элдин нааразылыгы ошондон болду.

- Сизди мурда күнү түнкү саат тогузда сотко жеткирбей эле, убактылуу жайдан эле бошотушту. Мунун себебин эмнеден деп түшүндүрүштү?

- Эки сутка мөөнөт бүтүп бараткандан кийин мага эки адвокат менен келип тергөөчүнүн кабинетинен айтышты, азыр сотко алып барат, ошол соттон чечим чыгарат, кое бериш керекпи, же убактылуу камаш керекпи деп.

Эмнегедир үч саатка чейин чыгарбай турду, анан түнкү саат ондордо тергөөчү комиссиянын башчысы Абазов чакырып алып айтты, биз сизди кое берели деп чечтик, азыркы президентибиз Бакиевдин саясаты эң туура, элдин турумушу оңолуп келатат деп.

Мен түшүнбөй калдым, Бакиевдин ал жердеги саясаты, анан Петровкадагы элдин чогулушунун ортосунда кандай байланыш бар, ошону менен ууру мышыктай кылып арткы эшиктен чыгарып жиберишти сотко алып барбай.

Сотто мени талапкерлерим, адвокаттарым күтүп турган.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG