Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:32

Бакиевдердин дарегин бергендерге - жүз миң доллар


Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиевге 15-апрелден тарта расмий издөө жарыяланган.
Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиевге 15-апрелден тарта расмий издөө жарыяланган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы экс-президент К.Бакиев менен жакын адамдарына кылмыш иш козгоп, издөө жарыялаган. Алардын кайсы жерде жүргөнүн кабарлагандарга 100 миң доллардан 20 миң долларга чейин сыйлык пул жарыяланган.

Акчасы турат, изделип жатат

Ички иштер министрлигинин Кылмыштарды иликтөө башкы башкармалыгынын Издөө тармагын жетектеген полковник Самат Бакеевдин айтуусунда, ички иштер кызматкерлерине көмөк көрсөткөндөргө айтылган акы толугу менен төлөнүп берилет. Ал акчадан салык да алынбайт. Азырынча качып жүргөндөрдүн дарек-дайнын айтып, күч кызматкерлерине жардам көрсөткөндөр чыга элек шекилдүү. Антпей тизмедегилердин бирди-жарымы кармалып калса сөзсүз жарыя кылынмак. С.Бакеев тергөөчүлөргө өз эрки менен мурдагы Маммүлк министри Турсун Турдумамбетов гана келгенин, андан мурдараак мурдагы Коргоо министри камакка алынганын айтты.

- Сиз айтып атпайсызбы, эмне үчүн кармалган жок, деп. Бакиев Жаныбек Салиевичке 15-апрелден баштап расмий издөө жарыяланган. Эң негизги издөө иш-чараларынын баары жүрүп жатат. Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын аймагында 36 кишиге издөө жарыяланган. Экс-президент К.Бакиевдин үй-бүлөсү жана анын тегерегиндеги кишилерге.

Курманбек Бакиев менен анын жанындагылардын дарегин билдиргендерге 100 миң доллар, мурдагы Коопсуздук кызмат жетекчиси М.Суталиновду таап бергендерге 50 миң, калгандарына 20 миңден доллар убада кылынган.

Апрель окуяларынан кийин жалаң эле бийлик ээлери изделбестен, элдин колуна түшүп калган курал-жарактарды кайтаруу маселеси да курч бойдон калууда. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Рахматулла Ахмедов эл тарабынан биртоп курал-жарак, ок-дары тапшырылганын, бул иш дагы улантылып жатканын белгиледи.

- Ички иштер органдарына 464 даана ок атуучу куралдар тапшырылган. Ошону менен бирге 37 миңден ашуун ок-дарылар тапшырылган. 55 даана жардыргыч заттар жана жардыруучу шаймандар тапшырылган.

Кармаганга каруу жетпей жатабы?

Күч кызмат өкүлдөрүнүн ырасташынча, издөө жарыялангандарды таап, кылмыш жообуна тартуу боюнча зарыл иштердин баары жасалууда. Күнкорсуз мамлекеттер шериктештиги, Интерпол аркылуу издөө жүргүзүлүүдө. Бирок да азырынча андай иштерден натыйжа көрүнө элек. Айрым серепчилердин баамында, анын жыйынтыгы жакын арада чыгып калышы деле күмөн. Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү бул иштин кашаң жылышынын себеби катары күч кызматтарда мурунку бийликке жан тарткандардын көпчүлүгү дагы эле жооптуу орундарды ээлеп отурушканын көрсөтүшөт. Аны экс-президенттин жакындарын кармап келүүгө Жалал-Абадга барган атайын отряддын жетекчиси А.Медетбековдун мисалында ырасташууда.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, экс-президенттин жакындарын кармап келүүгө тийиштүү кызмат өкүлдөрүнүн күчү жетпей жатат, деп айтыш кыйын.

- Акыл жетпейт деп айтсак болот. Профессионализм жетпей жатат. Ал акчаны сыйлык деп жарыялап койгону жетишсиз.

О.Молдалиев 2001-жылы АКШ өкмөтү Усама бин Ладенди кармап берүүгө оңор эмес акча убада кылышканын мисалга тартып, бирок ал эмдигиче колго түшпөй келатканын белгиледи. Анын үстүнө кылмышка шектүү делген мурунку бийлик ээлерин кармай турган күч кызматтарынын учурдагы абалын мыкты деп айтыш кыйын.

- Көпчүлүгү жаракат алган Талас окуясында, башка окуяларда. Көпчүлүгү эмгиче ооруканадан чыга элек. А буларды ким барып кармайт, деген маселе болбойбу? Анан булардын укугу белгисиз болуп атпайбы. Токмок жеп атса, ордуна эч кимди албай жатса. Бул маселени тез чечиш керек да. Сыйлык жарыялап койгондо кылмышкер өзү келип бербейт,- дейт Орозбек Молдалиев.

2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин да мурунку президенттин жакын адамдарына, жанында жүргөндөрдүн биртобуна кылмыш иштери ачылып, аягы мурункулардын байлыгын кийинкилердин бөлүп алышы менен жыйынтыкталган. Бул ирет коррупциялык схеманын андай ырааты бузулуп, мурдагы бийлик ээлеринен калган мүлктөр чыныгы ээлерине, андайлары болбосо мамлекет ээлигине кайтарылууда.

Курал-жарактар кайра тапшырылып жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:51 0:00

XS
SM
MD
LG