Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:35

Р.Отунбаева: «Биз ушундай күчкө муктаж болуп калдык»


Ош, 14-июнь 2010-жыл
Ош, 14-июнь 2010-жыл

14-июнда Москвада ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн Кыргызстандагы окуялар боюнча кеңеш жыйыны башталды. Анын алдында Убактылуу өкмөт башчысы Р.Отунбаева Орусия президентине Кыргызстандын түштүгүндөгү абалды жөнгө салууга аскерий көмөк көрсөтүү өтүнүчүн жолдогонун кабарлаган.

Жаңжалды сырт күчтүн жардамы менен басуу чакырыгын айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да билдиришүүдө.

Сырттан жардам керекпи?

Роза Отунбаева Орусия президентине аскерий көмөк көрсөтүү өтүнүчүн жолдогонго чейин эле Кыргызстандагы өзбек диаспорасынын жетекчиси Жалалиддин Салахутдинов кырдаал кыйынга кетип, аны сырттан келген көмөксүз жайгаруу мүмкүн эместигин билдирген.

- Азыр тезинен аскер алып кирип адамдарды жай-жайына койбосо болбойт. Орусия аскерин киргизбесе болбойт.

12-июнда Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева журналисттер алдында жагдайды жайына келтирүүгө буяма келбей калганын белгилеп, ошол эле Орусиядан атайын жарак-жабдык, аскерий жардам сурап кайрылганын ырастаган.

- Чечтик, Россияга кайрылдык президент Медведевдин атына. Бизге ушундай жардам берсеңиздер деп. Биз ушундай күчкө муктаж болуп калдык. Күч-аракеттерге.

Бирок да Орусия президенти жаңжалды жайгаруу Кыргызстандын өзүнүн ички ишине кирерин белгилеп, азырынча аскерий жардам көрсөтүү жөнүндө сөз кыла элек. Ал арада Орусиянын Канттагы аскер базасына аскер-десант куралдуу күчтөрүнүн 31-өзүнчө десанттык-камалоочу бригадасынын 300 жоокери орусиялык аскер кызматкерлеринин үй-бүлө, жакындарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн келишкени маалым болду.

Айрым маалымдоо каражаттарында орусиялык атайын аскер күчтөрүн тосуп алууга Ош абамайданында даярдык иштери жүрүп жатканы кабарланган. Бирок да андай маалымат чындыкка коошпостугун Убактылуу өкмөттүн түштүк аймактары боюнча атайын өкүлү И.Исаков ырастады. Ушундай эле пикирди Убактылуу өкмөт кызматкери Ниязбек Куланбаев да билдирди.

- Ошко телефон чалсак мындай маалыматты биз ырастай албайбыз, келишкен жок деп койду.

“Жарандар коррупцияга каршы”, “Кылым шамы” бейөкмөт уюмдары Улуттар уюмунун тынчтык күчтөрүн Кыргызстанга киргизүү сунушун алдыга жайышууда.

Кыйла түйшүк, кыйын жумуш

Жамааттык коопсуздук келишими уюму деле кайсы бир мүчө өлкөнүн аймагына ыкчам аракеттенчү күчтөрүн киргизүүнүн ошол эле Улуттар уюмунун макулдугу аркылуу жүргүзөт. Анткен менен сырттан аскер киргизүү Кыргызстандын өз алдынчалыгына доо кетирип, эларалык аброюн түшүргөндөн башкага жарабастыгын билдирген атуулдар деле биртоп. Маселен, ишкер Разак Сайдилканов ошондой пикирде.

-Бул биздин өзүбүздүн ички маселебиз. Бизди башка жактан душман каптап келген жок. Мына биздин ички чагымчылардын айынан башыбызга келип отурган чоң мүшкүл. Бирок бул мүшкүлдү сырттан жардам сурабастан, өзүбүздүн күчүбүз менен чечишибиз керек. Бул улуттук, мамлекеттик аброй, абийир деген кайда калат? Эгер биз ички маселебизди өз күчүбүз менен чече албасак, анда мамлекет болуп жашаш керекпи?

Орусиялык атайын аскерлердин Кыргызстанга келер-келбесин Канттагы аскер база, ошондой эле Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги аркылуу тактоо аракетибизден натыйжа чыккан жок.

XS
SM
MD
LG