Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:03

20-майда Убактылуу өкмөт Талас, Бишкек, Маевка, Жалал-Абаддагы калайманды иликтөөчү мамлекеттик комиссия түздү. Бир айдын ичинде комиссия кандуу окуялардын чыгыш себептерин, жүрүшүн, оор натыйжаларын талдап, саясий баа бериши керек. Буга чейин биртоп бейөкмөт уюмдар көз карандысыз комиссия түзүп, 6-7-апрелдеги окуялардын чыгышына коопсуздук кызматы кызыкдар болгонун ырастап чыгышкан.

Ким комиссияга?

Көпчүлүк катышкан көчө жыйындарында эл өз бийлигин калыбына келтирүүгө укуктуу экени 7-апрелге чейин байма-бай айтылып келген. Бирок да тынч көчө жыйындарына ок атылып, өлкөдөгү бийликти бир үй-бүлөнүн өзүнө энчилеп алышына нааразы калк көжөлүп, окко карабай мүдөөсүнө жетерине 7-апрелү күнү эртең менен башкалаанын Горький менен Алматы көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Форум” ишканасынын алдына келген жөнжай адамдардын капарына кирбесе деле керек. А бирок имараттын жака-белин милиция кызматкерлери тосуп, келгендерди ичкери өткөрбөй коюшканына карабастан чакан жыйын көчө боюнда башталган.

Бир күн илгери Таласта, андан Бишкекте улантылган кандуу кагылыштын деми эмдигиче басылбай, ушу азыр да Кыргызстан тынчый албай турат. Убактылуу өкмөттүн жыйынында калаймандын кантип чыгып, ага кандай шарт-жагдайлар себеп болгону кылдат иликтенип чыгылары айтылды. Комиссия жетекчиси Абдыганы Эркебаев жооптуу ишке окумуштуулар, бейөкмөт уюм өкүлдөрү тартылганын маалымдады.

- Айкын болсун, ачык болсун. Бир жакка тартпайлы деп атам. Калыс болсун. Кийин элге чыгарабыз. Эл талкууласын. Туурабы, ушундай деп.

Келгени аз

Анткен менен мамлекеттик комиссия курамына ичи чыкпаганын Убактылуу өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Роза Отунбаева жашырган жок.

- Ошо өтөле канаатанган жокмун. Чынын айтайын сизге. Мисалы, бизде аксакал кеңеш деген бар. Ошондон бир адамды алсаңыз болот эле. Алар абдан активдүү катышты эле да. Кимиси болсо да ошол жерден. Мисалы да. Анан чындан эле катышкан, көргөн болсо туура эле болот го деп ойлойм.

Комиссия ишине катышып, 6-апрелден башталган калайманды иликтөөгө кызыкдар кишилер убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн арасынан абыдан эле аз болгонун жаңы бийликтин аппарат жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Эмил Каптагаев да ырастады.

- Мен өзүм айткан болчумун. Кимди ушу комиссияга көрсөтөсүңөр, ошону бир суткада бергиле деп. Бир сутка эмес андан бери он күн өттү. Бир кишиден бир сунуш түшкөн жок.

Өкмөттүк жыйында комиссия ишине катышууга жалгыз Т.Тургуналиевден гана өтүнүч түшкөнү маалым болду. А бирок Т.Тургуналиевдин өзү мурдагы бийликтин камчысын чаап жүргөн кээ бирөөлөрдүн комиссияга кирип калышы туура эмес болуп калганын ачык эле айтты.

- Түшүнүп атам, түшүнүп атам. Бул жерде баа берүү жөнүндө сөз болуп атат. Тарыхый баа берүү жөнүндө сөз болуп атат. А булар кантип тарыхый баа беришет? Өздөрү өмүрүндө катышпаса. Оппозициянын жыйынына жок дегенде бир жолу келип катышып койбосо. Анан тиешеси жок адамдар кантип баа бериши мүмкүн?

Убактылуу өкмөт башчы орунбасарынын милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаровдун айтуусунда, комиссия Жалал-Абаддагы кандуу окуялардын себеп-жөнүн да сөзсүз иликтеши керек.

- Эки жолу болду. Эки жолу тең кан төгүлдү. Мына бүгүн азыр да ипподромдо да ызы-чуу болуп атат. Ушу комиссия Жалал-Абадда болуп аткан окуяларга саясий баа берүүдө себептерин аныктап чыкса жакшы болот эле да коомчулукка.

Мамлекеттик комиссия саясий-этникалык өң-түс алып кеткен кийинки кандуу окуяларга кандай бааларын убакыт көрсөтөт. Жалал-Абаддагы нааразылык жалаң эле бакиевчилердин айынан болбогонун өкмөттүк жыйында Р.Отунбаева атайын белгиледи.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG